Аралаш

Ендi 257 икая бар..
Бүгүн 25.06.2019 Бу жерге жазылгандын баары - Жанызактын менчиги.
Макул десең
бас ушуну - жаза бер..
.

Аралаш темаларды шуякка! Арман, жеке сүйүү, сезимдер...
Кыска, кызыктуу аңгемелерди да
шуякка жаза бергиле.

Секс икаяСуроо-жооп
ТаанышууСПОНСОР_бет

Страницы:  1 ... 21  22  23  24  25  ... 26
периштеси... (18.10.2018 : 12:26:52)
    Жалгыз жүрөк.KG ---Адамдын кулкусун келтирген аттар коюлат-ээ, жалгыз журок деп... элдики экиден же бештен журок бекен?

    мектептен бери суйуп кутуп келгенинер жакшы экен, бирок атынарды жазбагандан кийин комускодо комулуп калатго..

    38
 
анекдот (18.10.2018 : 12:37:58)
    Бир аз болсода жылмайып отурунуздар..

    Абышка кемпири экоо коп кабатту уйдогу лифтке келип кирели деп турса , биринчи лифт ачылат да, ошол убакта кемпири кирип абышка эки жакты карап жатып кирбей калат.
    абышка айласы кетип турганда экинчи лифт келип ачылат да ичинен бир чырайлуу кыз чыгат.
    анда абышка кызды кучактап,бетинен ооп, кемпирим сен кутуп тур мен дагы кирип чыгыйын деген экен..

    Уч кемпир болуптур-бири 60 жашта,экинчиси 80 жашта, учунчусу 90 жашта.Бир куну чогуу ушакатшып отурушуп минтип мактанышат дейт:
    60 жаштагы кемпир:
    – 60 жашка чыксам дагы коз айнек тагынбай китеп окуйм,туу-туу коз тийбесин-дейт.
    80 жаштагы кемпир:
    – 80 жашка чыксам дагы чачыма бир тал ак тушо элек,туу-туу коз тийбесин-дейт.
    Анда 90догу кемпир чыдай албай:
    – 90 го кирсем дагы али кыз бойдон журом,туу-туу коз тийбесин деген экен

    Экоо суйлошуп баратышат:Менин бир досум биринчи аялын алганда кундузу таанышып, кечинде уйлонуп, эртен менен ажырашып кеткен болчу.
    -Анын эмнесине тан каласын, адам деген кечиндегиге караганда эртен менен акылдуурак болот.

    Эки жаны кыргыздын аялдары суйлошуп отурушат: -Билесинби мурун кыргыздын аялдары куйоолорун уйлонуу тоюуна чейин корушпочу экен. Анда экинчиси:- Чын эле, а биз тескерисинче уйлонгондон бери куйообузду коро элекбиз

    Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
    -Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
    -Кандай түш?
    -Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
    Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
    Ичинен алтын сепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
    Күйөөсү жылмайып:
    -Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
    Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
    Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
    Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө “ТҮШ ЖОРУУ” деген жазуусу бар

    – Күйө менен баланын айырмасы эмнеде?
    – Чөн деле айырмачылык жок, бирок баланы бала багуучу (няня) менен таштаса болот!



    37
 
жалгыз жүрөк.KG (17.10.2018 : 12:14:45)
    Билем...сен озгочо жансын.мен билген кыздар ичинен сен эн татынасы сенсин.мен сени конул коюп карагандан бери сулуу кызсын , ошондойсун . чынында сени эч журоктон чыгара албадым.бугун тушумдо мен сени гана кордум. сени гана..
    Дал ошол назик жыл маюн м.н сен мага суйлодун.болгондо да жылуу анан да уккулукту.ошол учурда менден бактылу адам жок эле сен мага чалышып туралы деп озундун номеринди бердин мен сага "созсуз турдо чалам" дедим .мен озумду эн бактылуу сездим.окуя нын четинде бир нерсе "бул сенин тушун"деп эскерткенине да конул болбодум.чын...бул менин тушум болчу.коз ачып мен бул нерсеге такыр ишеналбадым неге суйгон жан м.н чын жашоодо туш чалык да бакытка болонгон бир да мунот болбоду деп.
    эсимде...окуучулук кезде мен сага барак барак кат жазган кундор.али да эсимде. Мен ошондо сага оз атымды эч качан жазчу эмесмин.эч качан.сен менин атымды эмес журогумду суйушунду каалар элем ошон учун бирок мендей байкуш болуп журогу ооруп жургон балага сен "жооп" кайтарбадын.мен ошон до жоопсуз суйуго кабылгам.бирок ошого карабастан мен сени журогумдо сактап келем.сени эч унуталбайм.бир ай мурун сени кордум алыстан.болгондо да карангыда.козум карангыны жарык кылалбаса да журок сени корду,сезди,сен учун сокту бир сыйра толкундап да алды.
    Бирок сен бугун менин тушумо кирип,менин тынч жаткан сезимимди астын-устун кылдын. Мен сен учун апапак кар себеле жаап аткан кезде ,бул катты сага арнадым.сен корбосон да,билбей калсан да , баары бир гана сен учун . сен учун менин "жалгыз журогум" .журокту жалгыз кылбачы менин сулуу "периштем" ....))) - (

    36
 
Asyl (17.10.2018 : 16:56:12)
    Сезим.. "Жаштыктагы жанылыштык" -кандай гана сонун саптар... бул ачуу чындык, ар кимибиздин башыбызда болсо керек, ар турлуу сезимдер, окуялар менен коштолуп,... жаш кезинде кандай адамга учураганын бильбейсин, бирок ошол сезимдер туболукко калат, журогундо жашап келет... ал эми эки адамдын ою бир жерден чыгып, бири-бирине тартуулаган аруу-сезимдер чанда эле болсо керек....улуу жазуучубуз айткандай суйушкондор бирге болушпайт, бирге болушса уйдогу бытовой нерселерден улам ал сезим жок болуп кетет.
    Бул жактагыларды окугандан улам жыйынтыкка келесин кимдин башында эмне ойноп атканын, жаш-кары дебей эркек аттуулардын максаты окшош сымал.. негизи аял киши ото ишенчеек болобуз, ишенчеектин азабын коп тартабыз,.. жаштыктагы жанылыштыкты тушунсо болот, карыгандагы жанылыштыктын азабын эч кимге каалабас элем...

    35
 
Карапайым (17.10.2018 : 16:56:45)
    Коштошком, жалынсыз карек менен
    Жаны чыгып,соолуган суйуум менен
    Сезимдеги,изи калган кек менен
    Кош дедим,титиреген илеп менен!!!


    Коштоштум,жузунода карабадым
    Жада калса,унумдуда чыгарбадым
    Кош дедим,ичимден кайталадым
    Жада калса,бир карап кылчайбадым! !!


    Ооба очкон...сага деген сезимим
    Ыйлабайт,сен дегенде карегим
    Жузуно,бир тигилип коштошконду
    Ыраа корбойт,тебеленген кербезим! !!


    Коштосомда, эстей албай койбоймун
    Кээде сени,эскеремин ойлоймун
    Жоопсуз,экенинди ойлогондо
    Кунуно,мин мерттебе коштошконмун! !!

    34
 
.......lovelas (17.10.2018 : 17:05:38)
    Сен билген жоксун....

    Алыстан бир сен үчүн келгенимди,
    Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди,
    Сен билген жоксуң.

    Ичимден сүйөмүн деп айтканымды,
    Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды,
    Сен билген жоксуң.

    Атыңды ак баракка жазганымды,
    Анардай кызыл өңдөн азганымды,
    Сен билген жоксуң.

    Үйүңдү жалжал карап күткөнүмдү,
    Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү,
    Сен билген жоксуң.

    Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү,
    Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү,
    Сен билген жоксуң.

    33
 
Куткум келет (17.10.2018 : 17:11:08)
    Өзүңдү өмүр бою күткүм келет,
    Ыр болуп жан дүйнөмө бүткүм келет.
    Жашоодо жарык күнүм бардыгына,
    Кубанып бул дүйнөдөн өткүм келет.

    Багдырап сен тарапка баргым келет.
    Багынтып жүрөгүңдү алгым келет.
    Айтпаган эч бир жанга сырларымды,
    Ардагым жалгыз сага ачкым келет.

    Бакытка өзүң менен толгум келет,
    Куш болуп гүл багыңа конгум келет
    Ыр болуп, күүгө салып жүрөк кылын,
    Түбөлүк өзүң менен болгум келет.
    Түбөлүк өзүң менен калгым келет.

    32
 
Сезим... (11.10.2018 : 11:41:45)
    "ЖАШТЫКТАГЫ ЖАНЫЛЫШТЫК"
    (уландысы)

    Жылдар бою моюнума асып жургон,
    Арылдым бугун ошол оор жуктон.
    Канчалык ачуу чындык болсо дагы
    Жолдошум сабыр кылып кенеш берген

    Атасынын акылын четке какпай
    Кызым болсо дароо эле шашкалактай
    Почточу интернеттен кат жиберип
    Балама бар чындыкты айтып берген.

    Арадан бир жума отуп отпой
    Балабыз АКШдан учуп келген
    Бир тамчы канымдан жаралганым
    Тушунуп баарыбызды ал кечирген...

    Азыркы коруп турган картинамды
    Суроттоого соз таппай толкуп турам
    Курсактын камын ойлоп олжо издеп
    Таштандыда жургонунду карап турган.

    Бут баарына жалгыз кудай тараза деп
    Чындыгында эн туура айтылган кеп.
    Оз канындан жаралган балан сени
    Кучагына кысып турду атакелеп...

    Коп жыл мурда катылган сыр ачык болуп
    Тапканыда,бакканы да ыйга толуп,
    Жигиттин бир ооз созун кутуп турду
    Унсуз,созсуз айланада жымжырт болуп...

    Бороон улуп,бурганактап аппак кар жаап
    Баскан издер катылгансыйт кар астында.
    Аты жаман илдет сени алып тынды
    Кете бердин кайра келгис сапарына.

    Эми менде энекемден экоо деген
    Баламдын мына ушул бир ооз созу
    Омур бою журогумду жеген дарттын
    Жалгыз гана дабасы болду озу.
    Аягы.

    (бул окуяны 2жыл мурда ооруканада даарыланып жатканда,бир эжекеден уккан элем,болгон окуядан таасирленип,илхом келип, коркомдоп ошол кундору эле чиймелеп койгом.Биринчи жолу жарык корду,тарбиялык мааниси терен деп ойлоп,урматтуу окурманым сиз менен болушкум келди)
    Поэзия дуйносуно кызыккандар учун...


    31
 
Сезим... (10.10.2018 : 15:58:44)
    "ЖАШТЫКТАГЫ ЖАНЫЛЫШТЫК"
    (уландысы)

    Туну бою коз ирмебей мин ойлонуп,
    Кызыма бар чындыкты айтып бердим.
    Сен суйгон жигит сенин оз аган деп
    Колундан келсе мени кечир дедим.

    Эч бир жанга айтпайм деген бул сырымды
    Эми мынтип,кызым да билип турат
    Балким мага капаланып жургон менен,
    Жан дуйномду туюп,билип,сезип турат

    Кызым менен кенешип,макулдашып
    Купуяны журокторго катып алдык.
    Тапкан эмес,баккан эне деп айткандай
    Энесине салып ийип,сыздап калдык

    Баламсын деп,боорума кыса албай,
    Энелик мээримим того албай
    Аруу,таза дунуйосун булгай албай
    Кала бердим,бир суйуп,бир жыттай албай...

    Жазмышымын азабын тартып келем,
    Аргам кетип,тагдырыма башым ийем
    Жараткандан жалынып,бакыт тилеп,
    Айла канча журок оксуп кала берем.

    Кундор айды,айлар жылды жетеледи,
    Мезгил деген учкан куштай ото берди.
    Ал ортодо кызыбыз да булоо кутуп
    Кубандырып,неберемди тороп берди.

    Тай-тайлап басып калган неберемди
    Быйтыйган колдорунан кармап алып
    Мен бугун сейил бакка алып келдим
    Балапаным кубанып ойноп журот,
    Кичинекей топ артынан чуркап алып.

    Неберемдин байкабай тепкен тобу
    Тоголонуп ары карай кетип барат,
    Чопто олтурган селсаякка жетип эле
    Тоголок топ ордунда токтоп калат...

    Тааныш жуздор бир-бирине тигилише
    Сырдуу карап карактер чагылышат,
    Коруп турган коздорумо ишене албайм
    Тайене деп неберем колдон тартат.

    Чечилбес тагдырдын табышмагы
    Кокустан экообузду жоолуктурат.
    Бир кездеги менменсинген "крутой" жигит
    Эми мынтип "бомж" атка конуп турат.

    Атакендин мансабына минип алып,
    Канаты жок кокту карай учкан элен
    Аты очкур 'банги заттын' даамын татып
    Эми мынтип жер кучактап жаткан экен.

    Ата-энендин коргон козу,жалгызы элен
    Дердендеп айткан созум "закон" деген,
    Коздорунду май басып турган кезде
    Мага окшогон канча кызды сыздаттын экен...

    Жараткандын сага деген жазасыдыр
    Же балким кыздардын коз жашыбы,
    Авто кырсык себеп болуп коп жыл мурда
    Ата-эненда келбес жака кеткен экен.

    Озун тандап,озун суйуп алган жарын
    Сени эмес,дунуйонду суйгон экен,
    Эч нерсесиз сызга олтуруп калганында
    Башканын колун кармап кеткен экен.

    Кыныр иш кырк жылда билинет деп
    Кыргызым таамай таап айткан экен.
    Баламды кайра бир корсом деген
    Кокурокто сактап жургон коксоом менен,
    Бар сырымды жолдошума айтып берем.

    (уландысы бар...)

    30
 
Sheker (10.10.2018 : 19:48:40)
    Атамдан очумду алдым

    Ушу азыркы жаш балдарды кантип тарбиялайбыз. Канткенде алар мекенчил ,ыймандуу ,адептуу ,ата энени урматтаган, улуу кичууну ызааттап сыйлаган эч нерседен ,эч кимден (кудайдан башка )коркпогон ,ар намыстуу ,эр журок адамдар болуп жетилет деген ой мени коп туйшолтот . А мен озум коргонду балдарыма корсоткум келбейт . Мен негизи атасы бар туруп атадан тарбия алган эмесмин десем деле болчуудай . Себеби ал мен айтканды укчуу эмес . Ата болуп туруп ,атадай конул буруп ,менин ичимде эмне болуп жатканы менен эч эсептешчуу эмес. Озу эле билгенин мага тануулай берчуу . Ошол да тарбиялап атам деп ойлогон да .

    Анан улап жазайын, силер да кандай ойдосунар баланы кантип тарбия кылабыз болушсонор .

    29
 
Страницы:  1 ... 21  22  23  24  25  ... 26


Powered by WR-Guest © 2.0.2