Аралаш

Ендi 312 икая бар..
Бүгүн 21.11.2019 Бу жерге жазылгандын баары - Жанызактын менчиги.
Макул десең
бас ушуну - жаза бер..
.

Аралаш темаларды шуякка! Арман, жеке сүйүү, сезимдер...
Кыска, кызыктуу аңгемелерди да
шуякка жаза бергиле.

Секс икаяСуроо-жооп
ТаанышууСекс маек


Страницы:  1 ... 30  31  32  
Маршл (01.09.2018 : 20:39:12)
    Эң кайгылуу күнүм...

    Ошол күнгө билет алып, алыскы өлкөгө иштегени жөнөмөй болдум. Эмнегедир, колумда билет турса да,мына кечинде уча турган болуп жатсам да, эч кандай толкундоо жок болду, эч жакка кетпечүдөй, кетпей калчудай эле болуп аттым. Ушинтип сезилип жатканын эжеме айттым. Кызык, эмнеге андай болду экен деп таңгалып койдук.
    Андан мурунку күнү, таятамдын карындашы каза болду. Апам өзүнүн энесинен ымыркайында эле айрылып, ошол эжеси чоңойтуптур. Аябай кейиди. Түнү менен ойлонуп чыгыптыр.
    Атам, апам, бир эжем, бөлөм болуп ошол күнү батага, алыска жолго чыкмай болушту. Атайын мени менен коштошуп коюп баралы дешип, Бишкекке келишти. Мен кычап, так ошол күнү базардан майда -чүйдө алам деп түшкө чейин жүрдүм. Алчуларды алып, эжемдикине келсем, апамдар мени күтүп отурушуптур. Өздөрү да жолго чыгабыз деп шашып атышыптыр. «Сөзсүз эле коштошуш керекпи, коштошпой эле кете беришпейби» деп жаман көрдүм. Алтургай, бул оюмду айтып да алдым окшойт. Ошентип, мен келерим менен, шашыла мени менен коштошуп, алар жолго чыгышты.

    Апам менин жаныма келип, колдорумду эки колу менен көкүрөк тушуна кармап туруп айтты: «- Кагылайыным, жакшы бар, жакшы жүр, жакшы иштеп кел, бай жаша, бактылуу бол!». Ушул сөздөрдү айтып, бетибизден өөп, экөөбүз коштоштук. «Бай жаша, бактылуу бол» деп мурда айтчу эмес эле. Дароо көңүл бурдум бул сөздөргө.
    Бирок, өзүм да шашып жаткам, алар да шашып жатышкан. «Мени согушка жөнөтүп аткансыбай, кете беришпейт беле» деп көп жактырган жокмун. Ошол күнгө чейин өзүмчө эле кыжаалаттанып,апама, жакындарыма анча сылык мамиле кылбай, ал тургай оройураак алып жүргөм өзүмдү. Бирок оюмда, ниетимде бар болчу, Дубайга жетер менен апамдан, жакындарымдан өзүмдүн ушундай кылыктарым үчүн кечирим сурап, аларды аябай жакшы көрөрүмдү, буюрса бизде бары жакшы болорун айтам деп ойлоп жүргөм.
    Жамандыкты ойлобойт турбайлыбы. Дагы көрүшөбүз да, кайда кетмек элем деп ойлоптурмун. Эң өкүнгөнүм — апамды кыса кучактап, жылуу сөздөрүмдү айтып калбаптырмын..

    Самолетко олтуруп, астымды карасам журнал бар экен. Барактап көрсөм, бир жеринде «сапарга чыгарда айтылчу дуба» деген бар экен. Дубанын мааниси мындай эле. «Аллахым, ушул сапарымды байсалдуу кыл. Мен кайтып келгиче үйбүлөмдү, жакындарымды Өзүңө тапшырдым. Ар кандай кырсыктан, жамандыктан корго!». Жанымда отурган кыздарга алаксып, алардан тартынып, чала-була окуп бата кылдым.

    Барчу жериме жетип, жуунуп- тазаланып, чай ичип, эми жаталы деп калганда, мени тосуп алган кудачам үрөйү учуп: — Иий кокуй, Кудай! Эмне дейт! Улан, ме окучу,- деп телефонуна келген Смсти көргөздү. Ал Смсте менин өмүрүмдөгү эң суук кабар экен. Баш жагын эле окуп, кайра бердим.

    …Кээде, эч кандай физикалык закон менен, же логика менен түшүндүрө албаган, адам ишенбей турган көрүнүштөр түшкө кирет эмеспи. Дал ошол түштөр сыяктуу эле сезилди, түш көрүп жатамбы деп ойлоп жаттым. Уламдан улам түш эмес экенин туйган сайын, денемди калтырак баса баштады. Кондиционердин абасына чыйрыгып, үшүп, титирей баштадым. Тиштерим шакылдап жатты.
    Дароо эле телефон аркылуу эртең мененки самолетко билет заказ кылып, аны алууга аэропортко жөнөдүк. Кудачам даярданганча эшикке чыктым. Эми өзүмдү кармай албай калдым. Өңгүрөп ыйладым. Кудачам келип кайрат айтып, сооротту. Машинанын арткы орундугуна отуруп алып, көзүмдөн жаш куюлуп, кечээ эле көргөн апамдын ар бир кыймылын элестетип, унчукпай ыйлап бараттым.

    Иллюминатордон сыртка көз чаптырып келе жаттым. Астыбызда коюланган булуттар жука булуттар менен алмашып, жер бетин бирде жаап, бирде ачылып, жер үстү картадай болуп көрүнүп, учуп бараттык.
    Бизге эбегейсиз чон сезилген жер шары бул ааламдын масштабында кичинекей эле сезилди. Бийик деген тоолорубуз жер менен жер болуп, тептегиз эле көрүнүп турат. Дарыялар эгер көрүнсө, чубалган ичке жип сыяктуу эле элес калтырат. Бирок, адамзаттын көлөмүнө салыштыра келсек, жер үстүндөгү адамды бактерияларга окшоп, көзгө илинбеген эле бир тирүү жандык деп ойлоого болот.
    Ушундай кең ааламда, ушундай уч-кыйырсыз жер бетинде апам үчүн орун жокпу, жер үстү ушунча тардык кылдыбы деп ойлодум. Апамдын жаны денесинен бошоп, ошол көрүнбөгөн аралыктан асманга учуп келе жатабы деп ойлодум. Же апамдын руху денесин айланчыктап, бизди — балдарын күтүп жатабы деп ойлодум. Көз жашым толсо агып, түгөнсө токтоп, миң түркүн ойлор келип, апама шашып келе жаттым.
    Үйгө жетүүчү жол өтө узак болду. Алматыдан таксиге олтурдум. Түгөнбөгөн узун жол узаргандан узарды. Мага кошулуп асман дагы ыйлап жатты. Токтобой төгүлгөн жамгырды көз жашка окшоштурдум. Башка түшкөн караан күн дал ушундай болот турбайбы деп ойлодум. Кара булут, ак булуттар, мага чоочун тоолор, талаалар, түнөргөн табигат, томсоргон жер бети ого бетер кайгымды күчөтүп, тээ китептерде чагылдырылган, кыялымда элестеткен, сүрөттөлгөн кайгылуу алаамат күндү өз башымдан өткөрүп жатканымды түшүндүм.
    Жамгыр майдалап жаап жатты. Караңгы кирип калган. Биздин үйдүн тушунда бозүй тигилип туруптур. Жүрөгүм зырп этти. Эки үй бери жактан түштүм, чемоданым колумдан түшүп, калтырай үйгө жакындап бараттым. Дарбаза ачык, бозүйдүн айланасында, ары жакта эшиктин алдында элдер жүрүшөт. Апамдын караанын көзүм менен издедим. Кишилердин арасында жок. Кайдан болмок!? Токтоно албай: -Апам кана???,-деп кыйкырдым. Кулак жарган өкүрүк, чуру-чуу үнүмдү басып коштолуп кетти. Көпкө токтободу. Көзүм жашка толуп, кулагым тунжурап, көзүмдү ачкан сайын жакындарымдын, туугандарымдын көздөрү шишип, таанылбай калган жүздөрү көрүнүп жатты…
    Ааламым аңтарылды. Дүйнөм астын-үстү болду. Жашоом тарс жарылгандай башаламандык орун алды. Кыялдарым, максаттарым, пландарым, баарынын бир тыйындай да баасы жоктой сезилди. Жарык дүйнөдө жашоонун маңызы бир заматта жоголду. Ар бир кылган ишимди, кадамымды, умтулуумду апам үчүн кылчу экем. Апам бактылуу болсо, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын унутуп, бул жашоонун жакшылыктарын көрсө, көңүлү ток өмүр сүрсө, кооз-кооз жерлерди көрүп, көңүлдүү эс алып, жашоонун ырахатын татса деген гана жалгыз тилегим болгонун түшүндүм. Эми, апам жок менин кантип жашаганым баарыбир эмеспи деп ойлодум. Жашаймбы жашабаймбы эч кандай айырмасы жок деген да ой келди.
    Бирок жашап жаттым. Күндөр өтүп жатты. Үйдөн, короодон, бардык жерден апамдын элесин көрүп жаттым, апамды элестетип, апамдын элесин издеп жүрдүм. Өзүмдү кармай албай калганда, жалгыз бир жерге барып алып ыйлап жүрдүм. Апам колдонгон буюмдар, тиккен төшөктөрү, идиш-аяктар, бары апамды эстетип жатты. Азыр кирип келип калабы деп эшикти үмүттүү карап күтүп жүрдүм…

    Алтыным апа! Асылым, Берекем менин! Жалгызым! Бул сөздөрдү көзүңүз барда айтпаган мен акылсыз экенмин..
    Жараткан Алла Таалам сизге мээримин төгүп, жаныңызга тынччылык берсин. Жаннаттан орун берсе экен. Жаткан жериңиз жайлуу болсун..

    3
 
Айгун (31.07.2018 : 05:21:02)
    Саламатсызбы?
    Мен Москвадамын азыр 21неделя бойумда бар
    жолдошум башка келинге уйлонуп кеткен,алдырып сала бер деген
    ата энем дагы каршы торобо деп жатышат
    бирок мен корком чон срокто алдырбайм деп эч кимиси менен суйлошпой жатам,азыр озум иштейм торогондон кийин жардам керек болот го,
    ошого жазгам а то Москвада кобунчосу жаман ойдо болушат

    Жашым 30да.


    2
 
Бала (31.07.2018 : 05:11:34)
    Мен бала багып алсам дедим эле бир кызым бар башка торобойм. Мага жардам берсениз жакшы болот эле уй жайым бар баласын бага албагандар болсо сизге айтып калышса жардам сурап кайрылгандар болсо мага да жакшылык кылсаныз жакшы болмок суранам

    1
 
Страницы:  1 ... 30  31  32  


Powered by WR-Guest © 2.0.2