Prev1 of 171Next

1 – бөлүм

Анын кулагына аянычтуу кыйкырыктар угулду. Кыйкырык кечки шаардын бардык тарабынан келип аткандай болду: терезе артындагы шуулдаган машинелерден, алыс жактан чыңырган сигналдан, андан анча алыс эмес жердеги мечиттен азандын үнүнөн угулгансыды. Так ушундай убакта, кээде күн чыгаарга аз калганда ал аңчылыкка чыкчу. Ал ашканадагы кир полду басып, жыттарды жытта-чу, аларды үч түргө ажыратчу: тамактын жыты, коркунучтун жыты жана жегенге болбой турган нерсенин жыты. Боз тамекинин куйкум жыты. Тампондогу кандын кыйгыл жыты. Пивонун бөтөлкөлөрүндөнү ачуу жыт. Бут кийим-дер. Ал бут кийимдерди жыттагылап, аны жеш шкафтагы териден жасалган пиджакты же-генге караганда кыйын болоорун түшүндү. Эми чычкандын мээсин ал-дыда турган кыйынчылык ээледи. Дубалдын түбүндөгү кичинекей тешикти жаап, соройгон адам жатыптыр, аны эптеп өтүп, тешиктен кириш үчүн куйругун ары-бери булгалап, килейген денесин чайпады. Ду-балдын артында анын көздөрү азырынча ачыла элек сегиз баласы бар. Алар тамак сурап, чыйпылдап атышат. Чычкан кишинин жүрөгүнүн алсыз кагышын укту, а ал болсо, чычкандын балда-рынын чыйпылдаганын да укпай, уктап атат.
Чычкан коркту, бирок, башка жол жок болчу. Ачка балдарын тойгузууга келгенде эч кандай коркунуч, инстинкт, кыйынчылык да маанилүү эмес. Ал токтоп, кан-дай жол табаарын ойлонуштургансыды.

Prev1 of 171Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *