Prev1 of 112Next

Каныш эне таксиден түшүп этек-жеңин кагынып эки жакты элеңдей карап алды да агылып өткөн элдин арасына кирип жөнөдү. «Кыялдын» алдындагы решетканын түбүндө кыркалай стол коюп алып майда-барат сатып жаткандарды карап кетип жатты. Андан ары кетип атып жарым жартылай жылаңач кыздарды көрүп: «эл өзгөргөн экен, жер, шаар жаңырган экен» деп ойлоду. Маңдай жактагы чоң сүрөттө чет тилиндеги жазууну көрүп: «Капырай, Кыргызстанда кыргызча жазуу жазылбай калганбы, кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп эле жатып» деп ою бүдөмүктөп баратып алдынан чыга калган жети-сегиз жаштардагы кайырчы кыздын үнүнөн ою алда кайда жел учургандай жок болду.
– Энеке жетимге жардам бериңиз, кайыр садака бериңиз? — алдына тура калды.
– Аа-аа садага, берейин, берейин, — Каныш эне жан чөнтөгүнөн бир сом алып кызга берди да, — Ала кой каралдым, ала кой! — деп андан ары жолун улады.
Кайрадан эненин оюн жол боюндагы арбайган-тарбайган сүрөттөр менен жазууну көрүп: «мындан он, он беш жыл илгери шаарга бат-бат каттап турганда Фрунзе, Фрунзе болуп гүлдөп турган чагы эле го, таңдын көрү-үү, эми болбой калган тура. ‘Эркиндик, Теңдик, Баардык өлкөлөрдүн Пролетарлары, бириккиле!’ деп бадырайып жазылып тураар эле…». Пьяный аллейге жете келгенде решетканын ары жагындагы ар кандай мас адамдарды көрүп элейе карап туруп калды. Баса, ушул Ош базарынын айланасында эле алей деген жер бар дешпеди беле?» деп ойлонуп анын өтүп бараткан чоочун жигитти токтотуп:

Prev1 of 112Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *