Prev1 of 34Next

Жайлоонун түркүн гүлдөрү адамдын көңүлүн сергиткен салкын абасына кошулуп жыпар жыты аңкып, тоолору заңкайып көңүл кушун көтөргөн маал, Алима секелек кыз, ата-энесинин сүйкүмдүү эрке кызы. Жапар менен Шекеркүл эки кызын көкүлүнөн сылап, көңүлүнө карап өстүрдү, улуусу Салима турмушка чыккан, жыл айланбай эгиз төрөп алган, күйөөсү Данияр экөө бакытка балкып турган чагы, сүйүүдөн тамган эки тамчы алардын өмүрүндөгү эң чоң кубаныч эле. Салима мугалим болуп иштейт, Шекергүлдүн сиңдиси Анаркүл дагы шаардагы мектептердин биринде мугалим, жалгыз баласы бар, күйөөсү жөнөкөй айдоочу, Салимага барып уулдарына каралашып турат. Убакыт өткөн сайын балдар көзгө көрүнүп балпайып ата-энени кубантып турган кези, Шекеркүл Алиманы ээрчитип неберелерине бешик алып келди, бирине коляска алып экөөнүн бажырайган күлкүсүнө эбедейи издилип турду. Алима көтөрүп улам бирин алып эркелетип тунук таза сезиминде эже-жездесине дагы эркелей кетет. Жапардын колунда бар, мал менен тоодо, кышында короого кармайт, бар тапканын эки кызына арнайт, бар өкүнүчү артында туяк калбай, уул көрбөгөнү, бирок эки кызынын барына шүгүр кылып алат. Убакыттар өтүп эгиздер тамтуң басып калганда Салима менен Данияр келип Алиманы алып кетишти, ал сегизинчи класста окуп калган эле. Шаардын аптабынан ал кабат үйдө отура албай балдарды алып паркка көп чыгат, бирин коляскага салып бирин жетелеп алып абдан кыйналып кайра тез эле келди. Данияр анын экөөнө жетише албасын байкап өзүнүн эжесинин кызын алып келди, ал экөө оңуп эле калды, Зейнеп өтө шойкомдуу кыз, арыдан бери жигиттер менен тааныша коюп, Алиманы дагы тааныштыра коет. Нарындын бийик тоолорунда кой кайтарып, салкын абасынан дем алып эркин өскөн кыз шаардан тумчугуп кетти, анын кетем дегенине Салима көнбөдү, ошол арада Шекеркүл келип аларды үйүнө алып кетти. Окуу башталаарда аны шаарга окутабыз дегенине көнбөй чатак чыгарды Алима, ошондо анын жаштык таза сезими бир шойкомдуу сездиби, аттиң ата-энеси аны жибербей койгондо балким баары башкача болмок, бирок…

Алима шаарга келип окуп калды, Асан-Үсөн кадимкидей басып, чулдурап сүйлөп калган, ошол кезде Салима катуу ооруп калды, анан ички органында жарааты бар экенин айтты врачтар, ооруканага жатып дарыланмак болду. Жапар аялына балдар менен Алиманы айылга алып кел деп жөнөттү, кайрадан өз мектебине окуп калды, Шекеркүл тез-тез барып кызын көрүп турат, көпкө жатып ооруканадан чыккан Салима ата-энесине келип бир аз күн жүрдү да кайра шаарга алып кетмек болду эле Алима так секирди:

– Улам эле ар жакка окуп жүрө беремби, эми барбайм!

– Алима, мен ооруп калдым, болбосо келбейт элеңер, менин сенден башка таянаарым барбы, эми иштей албайм, өзүм үйдө болом.

– Эже, мектептен которула бергенде окуум кантет, мен дагы окушум керек го, бир жерден бүткөнүм жакшы эмеспи.

– Кызым, — Шекеркүл Салиманы карады, — Асан менен Үсөндү деле бизге коюп кой, Алима биерде бүтсүн, сен өзүңдү жакшылап кара кызым.

– Апа, балдарымдан алыс кантип жашайм? – Салиманын көздөрүнө жаш айлана түштү, — Оорум оңой эмес, кокус…

– Ок антпе садага, буйруса сакайып кетесиң, жаман ойдон алыс болчу кагылайын, — Эне кызына үйрүлө карады.

– Көк бооруң, жоон ичегинин баарын жара басып кетиптир дейт апа, бул оору кайдан пайда болгонун билбейм, өлгөнчө балдарым кашымда болсунчу? – жеп жашын төгүп ий генде Алима эжесин барып кучактап калды:

– Эжекебай, антип айтпачы, мейли окубасам жок барам, — Өпкүлөп ийди, — Ооруңдан сакайып кетесиң эже.

– Билбейм, азыр тамакты ылгап ичип дарыланууну улантып жатам.

– Үмүтүңдү өчүрбө кызым, адам ооруну жеңем деп өзүнө ишенүүсү керек, сен ооругуча мен ооруюн, ушул экөөңөрдүн жамандыгыңарды көрбөсөк экен, — деп эмшиңдеп калды Шекеркүл.

Prev1 of 34Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *