Prev1 of 61Next

Автордон:

Бул жашоодо ак караны тааныгандан тартып, өмүрдү балкыткан бакыт менен көңүл иренжиткен арман адам баласын коштоп жүрөөрүн сездим. Өкүнгөнүм бардыр, дөөлөтүнө манчыркаган адамдардын кара өзгөй, пейли тар, таш боорлугу, кубанганым ичээрге ашы, кийээрге кийими жок адамдардын кең пейилдиги, адамдык сапатынын жогорулугу!

Адам баласы бул өмүрдөн өтөөрүндө: «кимге жакшылык кылдым, кимге жамандык кылдым, артымда жакшы сөз калабы же жаман сөз калабы?» деп өткөн өмүрүн көз алдына келтирсе керек?

Андыктан мен бул чыгармамды «Көз ирмемде бир өмүр» деп атадым. Анткени бул жашоодо көңүл калуудан өткөн арман жок экенин мен жон терим менен сезип олтурам. Силер мени кечире көргүлө, ата-энем. Силер жөнүндө азыноолак сөз кылганы турам. Ар бир ата-эне балалуу болгондо анын бактысы, келечеги жөнүндө ойлоп кам көрөт эмеспи, силер ошенте алдыңарбы??? Жок, жок, жок!

Силер өз өзүңөрчө шаар болуп кеткенде ортодо бейкүнөө бир кызыңардын мээримден, бакыттан… баарынан куру калып, томсоруп калганын сезбедиңер!!!

Анда сөз башынан болсун.

Prev1 of 61Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *