Prev1 of 20Next

Бир миң тогуз жүз токсон жетинчи жылы түрмөдөн: «Күкүк» деген кличка менен бошонуп чыкты, шарак этип ачылган түрмөнүн эшигинен олбурлуу, кабак-кашы бийик, бирөөгө эч кандай жакшылык кылбоочудай көрүнгөн кырктардагы адам чыгып, көөнөргөн көйнөгүнүн көкүрөгүн эки жакка ачып койгон, жонунда эскилиги жеткен капчаны көтөрүп алган, эки жагын карана эркиндикке чыгып, таза абадан кере жутуп алып кадамын жай шилтеп жөнөдү. Кайда бараары өзүнө дагы белгисиз, айылга баргысы келбеди, апасы эбак өлгөн, аялы бир баласы менен күйөөгө тийип кеткенин уккан: «Кайран өмүр», – деп оор күрсүнүп алды. Бул бир кезде жалган көрсөтмө менен өзүн-өзү түрмөгө түшүүгө аргасыз болгон Шамбет эле. Тааныштары аны эбак унуткандыр, туш келди басып баратып: «Кой, айылга барып апамдын мүрзөсүнө куран окуп кайтайын», – деп ойлоду да аялдамадан түз кете турган унаага отурду. Айыл демекчи шаардын эле четиндеги өзү туулуп өскөн, балалыгы менен өткүр курагы өткөн жери Күн-Туу айылы. Атасын көргөн жок, төрөлгөндөн алты ай өткөндө ооруп көз жумган экен, Шамбет чет жактагы дүңкүйүп комсоо, кунарсыз үнсүз жаткан тааныш көрүстөндүн тушунан түшүп калды. Андан ары бир топ басуу керек, мээ кайнаткан ысыктан бутундагы батинкасы тердетип жиберди. Тердеп-тепчип эптеп дөңдөгү көрүстөнгө жетти, өзгөрүлүп заңкайган күмбөздөр, баалуу таштан жасалган эстеликтер толуп кетиптир. Апасынын мүрзөсүн кайдан тапмак, апасынын көргөзгөн ташы менен короологон эски мүрзөнү таап келип четине отурду, анан ата-энесинин арбагына багыштап куран окуду. Жанындагы бышкан кыштан салынган күмбөздүн көлөкөсүнө көпкө отуруп өткөн өмүрүн көз алдынан өткөрө баштады…

Prev1 of 20Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кордук

08.04.2019