Prev1 of 9Next

***Рапия балдар үйүндө жүргөндө эле абдан тентек кыз болчу. Аны Анарбай менен Жийде балдар үйүнөн атайы алып келип багып алышкан. Эки эркек баласы бар эле. Рапияны жакшы эле тарбиялап, колунан келишинче багышты. Рапия кичине бой көтөргөндөн эле оюн-зоокко катышып, Жийденин тилин албай далай жолу Анарбайдан токмок жеди. Мектепте да тың окуган жок. Өзү да чоңойгон сайын көздөрү карагаттай болуп, башкача сулуу болуп баратты. Ан сайын жигиттердин көздөрү Анарбайдын үйүнө кадалганын айтпа. Ошентип эптеп он жетиге келгенде Калмурат Рапияны ала качып алган. Бирок ошондо ал анын кыз эмес экенине карабай жакшы көрүп: «Өмүрүм өткөнчө колума көтөрүп жүрүп багам» деп анын сулуулугуна суктанып баскан изин кызганчу. Аңгыча Рапия эркек уулдарды катарынан төрөп койду. Калмурат ого бетер бактылуу болуп, сулуу аялдын кучагында уулдарын эркелетип жашап жатышканда капысынан заман өзгөрүлүп, СССР кулап, эл чаң-тополоң боло баштады. Калмурат да иштеп жаткан ишинен кыскартылып үйдө болуп калган. Балдары бул кезде бири төрттө бири эки жашта эле. Рапия бир күнү Калмурат менен жөндөн жөн эле уруша кетти.
— Сен үйдө олтурсаң, балдар болсо чоңоюп калды, буларды багыш керек же толгон малыбыз болбосо эптеп жумуш издеп иштебесең бул эмне деген жашоо?!.
— Койчу эми Рая, мен сени баары бир иштетпей багам, ыйлабачы, эми эки балам менен сени кантип эле кор кылып койойун.
— Ооба сага, кор кылбайм деп койот, ушинтип отурсак кор болмок турсун көчөдө кайырчы болуп калабыз.
— Койсоңчу, кайдагыны айтпай, кантип ошого жеткирейин. Мен тирүүмүн го.
— Мен атамдардыкына барам да, акча алып Россияга соода кылым келем, ал эми эки баланы ошоякка алып барып койом, сен аларды карай албайсың.
— Барбайсың, — Калмурат жини келе айтты.
— Барам дедим, барам.
— Барбайсың деп жатам!

Prev1 of 9Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Жаза

10.04.2019