Prev1 of 6Next

Тойчу азыр үйбүлөлүү. Ал балдарынын торсоңдоп ар күнү алдынан чыгып аталаганын көргөндө эбегейи эзиле кичүүсүн колуна көтөрө калып, улуусун жетелеп үйгө кирсе аялы жаркылдай күтүп алат. Ушул жашоого жеткенге кандай гана күндү көрбөдү. Ал ата-энесин таптакыр билбейт. Үйүндө өзүн тигиле карап күлүмсүрөй жанаша түшкөн сүрөттөн башка эч нерсе жок. Эсинде да калбаган. Эки уулу ар жагынан жармашып:
— Ата, акча берчи, шоколад алам, — деп бири айтса,
— Ата, мен шарик алам, — дешип үйгө келгенде чарчаганын да сезбей калат.
— Атаң чарчап келди, жөн отургула, — деп Келинчеги Нурмира балдарын тынчтандырмак болду.
— Мейли, мен ушуларды көргөндө чарчамак тургай эс алып калам, — деген Тойчу экөөнү чөжүрөтө ээрчитип чыгып, комоктон айткандарын алып берет да үйүн көздөй жөнөйт.
— Ата, сен кө-өп акча апкелгенсиң, ээ?




— Ык-ы, атамдын акчасы кө-өп да, — дейт кичүүсү.
«Тобо-о, азыркы балдар көзүн ачканда эле акча деп төрөлөт, мындай кезде акча эмне экенин билчү эмес элем» деп ойлуу өткөн күндөрүн эстөөгө аргасыз болду…

Prev1 of 6Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *