Prev1 of 11Next

Адил ойлонуп көпкө отурду, үйлөнүп үч балалуу болсо дагы башынан өткөн азаптуу күндөрү такыр эсинен кетпейт. Басса-турса дагы өгөй атасы Жантайдын заардуу көз карашы, апасын ур тепкиге алып сабап жатканы көз алдына тартылып муштумдары түйүлө жаак тарамыштары кычырап көзүнөн от чачыла түшөт: «Азыр тирүү болсоң, дал мени кыйнагандай кыйнамакмын, неге мени ошончолук жек көрүп өттүң экен», — деп алат оюнда, Жамийла уулун канчалык коргогону менен алы жетчү эмес, бирдеме десе эле заарын чача сөгүнүп уруп согуп, жадагалса экөөнү тең жертөлөгө камаган кездеричи, Жамийла азыр элүүлөрдөн өткөн ак жуумал балпайган аял, жыйырма төрт жашында күйөөсү өлүп жесир калганда атасы анын көңүлүнө карабай туруп ушул Жантайга берип ийген, Адилбек ошол кезде үчкө толуп толо элек наристе болчу…Жантай беш бир туугандын ортончусу, эки аял алып балалуу болбогондон кийин ата-энеси Жамийланын ата-энесине кайра-кайра келип: «Төрөп түшкөн жаш неме бизди дагы неберелүү кылаар, баласын өз балабыздай көрүп бапестеп алабыз», — дешип алышкан. Жантай ошол кезде жакшы эле болчу, иштеген иши, жашаган жашоосу эл катары эле, анын жашоодон күткөн көп жакшы асыл максаттары бар эле, бирок бир эле түн анын жашоосун чагылган түшкөндөй астын үстүн кылып кетти. Жамийла күйөөсүн сүйүп тийген болчу, анын өлгөнүнө ишенип ишенбей көз жашы али токтой электе жылдыгын бергенден кийин эле ата-энеси алып баса берди, оо ошол кездеги Жамийланын абалын айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес эле, үчкө толо элек уулун кучактап алып аргасыз Жантайга тийди. Келгенден жумага жетпей эле өздөрүнүн үйүнө бөлүнүп алышкан, Жамийланын көңүлү ачылбаганын көргөн Жантай:- Жамийла, эмнеге сузсуң, же мага тийгениңе өкүнүп жатасыңбы? — деди.- Жо-ок, андай деле эмес, көнүшүп кетээрбиз, — Жамийла аны карабастан жер карап жооп берди.- Мейли, өзүң билесиң.- Чыдай тур…- Макул, — деп өз ишине алектенип кеткен, арадан он күнчө өтпөдү, Жантай жумушунан келе жатканда анын алдынан беш-алты жигит чыкты:- Эй токто, кайда шашыласың? — деп аны бири көкүрөккө түртүп токтотту.- Силерге эмне керек? — Жантайдын ачуусу келе өзүн түрткөн немени кабак тырыштыра карады, — Жол тигине, менин кайда бара жатканымда эмне ишиңер бар?- Эмне, тили узун го мунун, кыскартып койбойлубу? — деп жанагы неме артындагыларга ырсайды эле алар каткыра күлүп тегеректеп калышты.- Менин тилимди кыскартчу силер эмес, тынч кетип калгыла, — деп Жантай жол менен өтүп кетээрде аны бирөө желкеге бир койду эле көзү караңгылай түштү, ошол бойдон эртеси ооруканада эсине келди, башы көзү жарылган, бүт денеси өзүнүкү эместей, үстүнө оор жүк таштап койгондой кыймылга келбейт.- Мага эмне болду, ким алып келди?- Алдыңа кетейин ай, кандай тилеги куурагырлар экенин билбейм, сени ур тепкиге алып жатканда тиги Аскар деген көрүп калып жетип келсе качып кетишиптир, — Селки ыйлап-сыктап айтып отурду.- Жамийла угуптурбу?- Ал жаш баласынан чыгып келе алган жок.- Мм… — Жантай онтоп жиберди: «Демек ага баласынан артык эчтекенин кереги жок экен да, алигиче күйөөсүн дагы унута элек», — деп ичинен жек көрүп алды, аны Селки кайдан билсин:- Жамийла азыр келип калаар, Камила кетти, Адилди карап турат, — деп айта салды, Жантай унчукпады.- Аны тим кой, келбесе койсун, ургандарды билдиңерби?- Милицияга айтканбыз, териштирип жаткандыр.- Эмнеге мени мынчалык ургулары келди экен, себебин билсем…- Кой балам кекенбе, кекти каапырга берген дешет, сен минтип аман калганыңа шүгүр садага.- Ден-соолугумчу апа? — Жантайдын ачуусу келгенинен көздөрү канталап кетти, ошондон кийин ал ачуулу да заардуу да болуп тагдыры таптакыр башка нукка бурулду. Башынан алган жарааты менен табарсыгына тийген катуу соккунун запкысын көп тартты, ооруканаларга жатып дарыланып жүрүп арадан бир жыл билинбей өтүп кетти. Жамийланын буту оорукана менен үйдүн ортосунда калды, үйүнө келген Жантай акыркы жолку врачтын анализдерин текшерип айткан сөзү эсинен чыкпай түнөргөнү түнөргөн.- Жантай, бир аз өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы? — деди Жамийла бир күнү.- Өлсөм кубанар белең? — Жооп ордуна Жантай заардуу карады.- Ал эмне дегениң, мен сага кантип жамандык кааламак элем? — Көп сүйлөбөй ишиңди кыл! — деп Жантай ага каарын чача карады эле Жамийла унчукпай чыгып кетти: «Ажырашып алышыш керек, эми мага үй-бүлөө күтүп жашоого болбойт, ансыз деле кетет, канчага чыдамак эле, же ачык эле айтсам бекен, жо-ок антип элге күлкү болгум келбейт, андан көрө Жамийланы өмүр бою кетирбей жашай берем, керек болсо кор коркутуп бирөөгө айтпа деп күч менен кармайм», — деп ойлонуп отуруп: «Мен эми эч качан эркек боло албайм, экөөбүз бир төшөктө эки аялдай болуп өмүр кечиребиз деп кантип айтам. Аттиң же ошондо неге өлбөдүм экен, тирүүнүн өлүгү болуп өмүр бою аялга жарабай жашоо улантканымча өлгөнүм артык эмес беле», — деп отурган жеринен тамак-аш ичкен үстөлдү бир муштаганын өзү дагы билбей калды, үстөл үстүндөгү чыны, тарелка менен идиштер ыргып жерге түшүп быркыранып бычак өзүнө келип бетине тийгенде катуу тилип кетти, дагы жакшы көзүнө тийбегени, сырттан анын үнүн угуп кирип келген Жамийла бетин басып калчылдап турганын көрүп чыйпылыктап жиберди:- Эмне болуп кетти Жантай?- Жого-ол көзүмө көрүнбөй! — деп бакырганда Жамийланын артында турган Адил коркконунан бакырып ыйлап ийди, — Жоголгула көзүмө көрүнбөй, силердин келгениңер каргаша болду мага, мен үчүн силер кара жолтой болдуңар!- Болуптур Жантай, жоголсо жоголобуз, баланын жүрөгү түшөт, — деп Жамийла уулун көтөрө калып сыртка чыгып кетмек болгондо Жантай аны карыдан жулка токтотту:- Кайда, кай жакка жоголмоксуң, менин тагдырымды орто жолго салып коюп анан куйругуңду түймөксүңбү?- Менби, Жантай кудайды карасаң боло, мен эмне кылдым? — Уулун колуна көтөргөн Жамийланын көзүнөн жаш мончоктоп куюлуп жатты.- Отур, эч жакка кетпейсиң? — деген Жантай сыртка чыгып кетти, дагы эмне болуп кетет деп корккон Жамийла Адилди ички бөлмөгө жаткырып анан чачылган идиштерди жыйнап шыпырып кирди, ал күнү Жантай кайра үйгө кирбеди, Жамийла уулунун жанына кыңкайып кирпик ирмебей чыкты. Ошентип азаптуу күндөр башталды, бир күнү Жамийла ыйлап-сыктап ата-энесиникине уулун көтөрүп кетип калды. Кирип эле буркурап ийген кызын көргөн Садык:- Кызым эмне болду, деги жайчылыкпы? — деп Адилди колунан ала койду.- Сиз неге мени бул азапка салдыңыз, мен тозокто калдым, баламды ал бир күнү өлтүрөт! — деп боздоп жатты.- Отур кызым, — Айымкан токтоо кызын төшөккө отургузду.- Кантип сенин көз жашың төгүлсүн деп ойлоюн кызым, сени бактылуу гана болсун деген ниетте макул болуп койбодумбу, — Садык күнөөлүүдөй күңк этти.- Жантай мени күнөөлөп кара жолтой деди, эгер биз анын жашоосунда…Ошол учурда Жантай кирип келди,

Prev1 of 11Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *