Prev1 of 11Next

Жазгы ала шалбырт. Күн суук тартып, кечээ жааган кардын эригендери баскан сайын бут алдында кычырайт. Бульвар менен кетип баратам. Бул бульварда экөөбүздүн тунук сүйүүбүз, унутулгус мүнөттөрүбүз калган. Ошондогу сенин жоодураган бактылуу балбылдаган көздөрүң, тоо булагындай шыңгыр күлкүң кулагыма тээ алыстан угулгансыйт. Алды жагымда колтукташып бири-бирине кыналыша эки жаш кетип баратат. Мен аларды экөөбүз деп элестетип, алда кайда менден алыстап бараткан караандарды суктана карап кете бердим. Неге, неге сен ошондо болоор-болбоско таарынып кетип калдың?
Муздак отургучка отурдум, дал ушул орундукта экөөбүз далай жолу келечегибизди элестетип кыялданып отурбадык беле? Качан үйлөнөрүбүздү, канча балалуу болоорубуздан бери сүйлөшүп, мен үч уул, бир кыздуу болобуз десем сен эки уул, эки кыздуу болобуз деп талашчусуң. Анан бир заматта таарынып калдың, таарынычыңды жазалбай канча жалдырадым. Кетип бараткан жериңден көтөрүп келип, ордуңа отургузуп алып, чолоо жериңди койбой өөп жаттым, бутуңа чөгөлөп кечирим сурап жаттым. А сен таптакыр жазылбай, тултуйган бойдон коштоштуң. Көрсө, сен жөн эле шылтоо таппай жүргөн экенсиң да, мен аныңды — атайын менин көңүлүмдү калтыра албай эле жолугушууга келип жүргөнүңдү кийин билдим. Мен сага чын дилим менен ишенип, жүрөгүм менен сүйүп, сени келечектеги жубайым, үйүмдүн куту, балдарымдын апасы болот деп кыялданып жүрсө…
Эртеси сенин таарынычыңды жазмак болуп, кыпкызыл роза гүлүн көтөрүп алып, жатаканаңдын алдына келдим. Чогуу жашаган Айзада деген кыз мени терезеден көрүп, чыгып келди.
— Кандай Айзада, окуулар жакшыбы? — дедим аны көрө сала.
— Жакшы, баары ойдогудай, — деп ал мени бир азга карап, туруп калды.
— Мен Алинага келдим эле, ал уктап атса керек? — дедим мен анын уйкучу экенин өзүнөн укканымдан улам.
— Алина жок, бүгүн эртең менен айылга шашылыш жөнөп кетти. Эмне, сен эчтеке билбейсиңби? — Айзада таң калгандай сурады менден.

Prev1 of 11Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *