Prev1 of 18Next

Умсунай жашынан эле шаарда өсүп, шаар турмушуна көнгөн. Тагасынын колунда чоңойду. Өз ата-энеси болбогондон кийин эркелегенди билбей тартынчаак, корунчаак болуп бойго жетти. Анын багына Союз да тарап, эл баш аламан болуп, алды-алдынан өз киндигин өзү кескен мезгилде Умсунай он алтыга чыгып калган эле. Таажеңеси Үрпиян аны окуудан чыгарып, өзүнөн он жаш улуу Калыбекке берип койду. Калыбек эки жолу түрмөгө отуруп чыккан, жалгыз кемпирдин баласы. Колунда жок, пенсиясы менен күн көргөн бечарага уул-келинин багуу оңойго турбады. Калыбек эч жерге иштеген эмес. Килдеп ун, кант бере баштаганда да, элден аз алышат. Жаш келинин аяган Үпөл, төркүндөрүнөн барып буудай, эт-сүт сурамжылап алып келип турчу. Абдан кыйналышты, какаганга муштаган болуп, Умсунай кош кат болуп калды. Калыбек болсо эчтеке менен иши жок, күндө бекерчи достору менен ичип мас болуп келет.
— Уулум, эми токтолсоң боло, аялыңдын боюнда бар, эптеп иштеп бакпасаң жашооңор кандай болот, менин өсөөрүм эмес өлөөрүм калды, — деп бир күнү эртең мененки чайда отурганда Үпөл уулуна кайрылды.
— Ээ, апа, мен эмес диплому барлар ишинен кыскарып жатканда мага каяктагы жумуш? — деп ороңдоп койду Калыбек.
— Эки агаңдын катар өлүп калганына кейийм, алардын балдары андан бетер кыйналышта жашап жатат, иштеп ошолорго деле жардам берсең болбойт беле. Малды сата берип аягына чыгып алмак болдук, пенсиям үчөөбүзгө жетпейт, жыл эт-аш көрбөй отуруп, келинди өлтүрүп албагай элек.
— Өлбөйт, эт жебегенде эмне… — Калыбек үңкүйө жер карап күңкүлдөдү. — Эчтеке болбойт, эт жегиси келсе, тагасына эркелесин!
— Ай, балам, аа-ай, кийинкиң кандай болоор экен, үйбүлөнү сыйлай албасаң, бакпасаң анан кантип адам болосуң деги? — деп Үпөл кейип-кепчип отуруп калды. Умсунай бир күнү коңшусунан карызга ун сурап келип, пирожки жасап, базарга алып чыгып, бат эле сатып келди. Кайра камыр жууруп, автобекетке барып кечке сатты. Бир аз акчасына ун, май картошка алды да, кайрадан эртеси пирожки сатып, бир аз кеңеле түштү. Келининин тыңдыгына ыраазы болгон эне ага от жагып берип, каралашып кечке жанында. Карызга алган унунан кутулуп, өзүнчө чыга баштады. Калыбек болсо, эчтеке менен иши жок, күндө тоюп келип жатып калат. Ал бир күнү Умсунай от жагып, пирожки бышырып жатса жанына келип:
— Сен эмне элди, эркектерди көргүң келип, аялдамага барып жүрөсүңбү? — деди.
— Эмнеге, пирожки сатып жатам.
— Ой, эн-неңди, пирожки сатам деген шылтооңду мен билбейт дейсиңби, эркектерге көрүнүү үчүн чыгып жатасың, экинчи чыкканыңды көрөйүн өлтүрүп салам! — деп басып кетти. Умсунай ыйлап отуруп калды, аны көргөн Үпөл жанына келип:
— Ошо курусун, акылдуу балдарым өлүп, акылсызы калды, муну мен эми акылына миң айткан менен келтире албайм, кагылайын, кызганып жатканы го, базарга мен алып чыгайын, сен даярдап эле бер, — деди келинин сооротуп. Эки келини өз-өзүнчө турчу, эки-үчтөн баласы бар, кичүү келини шаарга иштеп, күндө барып келет. Ага кошуп койойун дейт, уулунан коркот. Ошентип үч-төрт күн Үпөл өзү сатып жүрдү. Карыганда кайгыга батып турганы аз келгенсип, баласынын жашоону ойлобогону эненин зээнин кейитти. Кечкисин эптеп картошка кууруса неберелери келип жабылып жеп кетип калышат, ооздоруна тийбей унчукпай кала берет, аз оокаттын берекеси да болбойт эмеспи. Бир күнү Калыбек түн бир оокумда келди, эшикти ачып кирип эле аялын ойготту.
— Эмне болду? — деди Умсунай уйкулуу көзүн ушалай.
— Бери кел, — деп босогодон аттабай аны чакырды да, кайра чыгып кетти. Умсунай чыга келип, килейген мүшөктөгү этти көрүп таңгалды.

Prev1 of 18Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Жесир

05.01.2020