Prev1 of 35Next

Иман тоолуу жерде чо-оң таштардын арасында жүрөт, узу-ун, жоон жыландар бутуна илээшип, эч жакка кетирбей бир жакты көздөй алып бараткандай болду. Буту менен баспай эле учуп бараткандай. Эки жагын караса башка өлкөдөгүдөй, айрыкча Африканын дарактары көрүнөт. Таңгала кетип баратканда чоң бийик тоонун боорунда ийненин көзүндөй жарык пайда болду. Негедир Иманга канат бүткөнсүп учуп жөнөдү, эки жагында баягы жоон жыландар коштоп алган. Бир кезде аскага келип, баягы жарыкка кептелип жерге түштү. Элеңдей басып баратып, алды жагында жаркыраган отургучта отурган башында жыландын сүрөтү түшүрүлгөн таажысы бар сулуу кызды көрдү. Иман тепкичтин биринчисине токтой калып жүгүнүп:
— Саламатсызбы, урматтуу ханышайым? — деди.
— Саламатчылык, өзүң кандай келдиң, Иман? — дегенде ал чочуп кетти.
— Менин атымды кайдан билесиз, ханышайым?
— Чочубай эле кой, сен төрөлгөндө Азиздер дүйнөсүнүн пири учуп жүрүп, сенин төрөлгөнүңдү кабарлаган. Маңдай чачыңа анын оозунан шилекейи агып кетип, агарып калганын сен билбейсиң, анда сен жаңы гана төрөлгөнсүң, — деди жарыкка бөлөнүп отурган айдай сулуу кыз.
— А сиз кайдан билесиз? — Иман таңгала сурады.
— Мен жүз жылдап жашап, жыландардын ханышасына айланганмын.
— Коюңузчу, жапжашсыз го?
— Ооба, бизде жүз жылдап жашаган дагы картайбайт, анткени адамдар сыяктуу түйшүк тартпайбыз.
— Кызык экен, — деген Иман чачын сыйпалап жатып: «Ырас эле маңдай чачым аппак го, апам аны алтын көкүлүң бар деп, кичинемде эч кимге көрсөтчү эмес. Көрсө, ал жериме жыландардын пиринин шилекейи тамган тура», — деп ойлонуп алды.
— Иман, сен биздин өлкөнү өз көзүң менен көргүң келеби? — деп сурады ханышайым.
— Аа-а… качан?
— Бүгүн. Мени ханышайым дебестен Азиза дей бер, мага жагып калганыңдан сени атайын алдырып алдым, — деп Азиза аппак көйнөгүн жер чийдире өзүн көздөй басып келе жатты. — Жүрү, сейил бакка.
— Мм.., макул-макул, — деген Иман сулуу менен кадимкидей кол кармаша тегерек чекеси жылдызчаларга курчалып, кооз дарактардын ар бир шагында ар түрдүү куштар учуп-конуп «чырп-чырт, чыйрыт-чыйрыт», — деп сайрап жаткан бакты аралап жөнөдү. Келе жатып бир жеринде оргуштап агып жаткан сууну көрүп таңдана карады. Бир кезде байкаса өзүнүн үстүндөгү кийими да жалтырап, кадимки ханзааданын өзүнө окшоп кийинип туруптур. Качан кийингенин да билбейт.
— Менин сени алдырганыма атамдын ачуусу келип жатат. Мен эркелигимден улам сени адамзатынын кейпин кийип тосуп алдым, эгерде мен буйрук бербесем сени эбак жыландар өлтүрүп коюшмак.

Prev1 of 35Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *