Prev1 of 43Next

Бахадурдун улуту уйгур, Зухранын атасы өзбек, апасы кыргыз болчу. Алар кокусунан таанышып калып, бири-бирин жактырып баш кошушкан, андан бери он беш жыл өттү. Ошондо Зухра өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу аял сезип, башкалардан өзүн бийик, сулуу, сымбаттуу санап, жашоонун эң кызык кездерин башынан өткөргөн…
Анда союздун гүлдөп жаткан учуру, жашоолору ойдогудай. Бахадур чайкоочулук менен алектенип, үй-бүлөсүн эч нерседен кемитпей бакты. Зухранын кийгени таза атлас, колдорунун салаалары алтын шакек, кулагындагысы да алтын, мойнунда жоон чынжырча, үстүңкү төрт тиши да алтын. Курбусу Гүласыл экөө өзгөн күрүчүнөн аш басып, көк чайды демдеп алышып, өткөн-кеткенден кеп кылып, тал түбүнө орнотулган чарпаяда ар убак жамбаштап жатышаар эле. Эки кыз, эки уулу бар, улуусу Бурхан, андан кийинки уулу Махмуд. Кыздары Нурила менен Гүланда уулдарынан улуу болгондуктан, күйөөгө чыгып, өз-өзүнчө түтүн булатып, бардар жашап жаткан чагы. Бахадурду кээ бирлери апийим менен шугулданат дешчү. Бирок далилдүү дарегин деле эч кимиси билчү эмес. Бир ай үйүндө болсо, эки-үч ай жоголуп, таңгак-таңгак товар алып келчү. Зухра эки уулу чоңоюп калгандан кийин өз кесиби боюнча эмгектенүүгө киришти. Ал Бахадурга турмушка чыга электе Өзбек театрында эмгектенип, бир топ роль жараткан эле. Күйөөсү өз иши менен алек болуп, жарытылуу көңүл бурбаганына жини келип, таарынып жүрдү. Ошого өчөшүп көптөн бери көз тиккен Эргешбай менен мамиле түзүүдөн мурун театрдагы өз ордун бекемдемек болуп, ишине эт-бети менен киришти. Күйөөсү үйдө көп болбогону аз келгенсип, кичүү уулу Махмуд онго чыккандан баштап, кан какшатып туруп, басып кетчү болду. Үйгө келбей да калат. Бурхан үйгө байыр алып, эки жагын карап сабактан кийин үйдө. Токсонунчу жылдар эле, капысынан Бахадурдун өлгөнү тууралуу кат алышты. Ал ошондо Пакистанга кеткен. Ошол жактан ооруп өлгөнүн угушуп, ыйлап-сыктап тим болушту, ага он беш жашар Махмуд болбоду:

Prev1 of 43Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *