Prev1 of 16Next

Кумарбү эшикте басып жүрдү. Алтымышка чыгайын деп калса дагы али жаш көрүнөт. Куу турмуштун азабын тартып, саамай чачтары агарып калганы болбосо жүзүндө анда-санда түшкөн бырышы анча байкалбайт. Бала-чакасы чоңоюп, өз-өзүнчө турат, кенже уулу өзүнө күйүмдүү, келини Аселкан кайненесине өз кызындай. Кадимки кыргыздын карапайым кызы, эки небереси чоң апалап жанынан чыкпайт.
— Аттиң, — деп алды Кумарбү, — өмүр чиркин күүгүмдөп баратат ээ, жашоом өтө жакшырып кетпесе да эл катары жашадым, бир гана өкүнүчүм…
— Апа, үйгө кирип, тамак ичиңиз, — деген Аселкандын үнү аны селт эттирди.
— Кирем, балам, иче бергиле, — деди Кумарбү. Ойлору албууттанган дайра сымал алда кайда кетип, негедир бүгүн бала кездеги сүйгөнү көз алдына тартыла улам-улам эсине түшүп туруп алды. «Балдар күтүп калышты го, менсиз тамак ичишпейт», — деп жанатан бери чырмаган ой-санаасынан суурулуп чыга үйгө кирди.
— Чоң апам келди.
— Чоң апа, кайда бардың? — дешип эки небереси сырттан кирип орун алган Кумарбүнүн этегине жармашышты.
— Эч жакка барганым жок, кагылайындар, эшикте эле жүрдүм.
— Апа, сен бүгүн ойлонуп калыптырсың да, башка балдарыңа баргың келип жатабы? — деди уулу Уланбек.
— Барып келсем жакшы болот эле, бул жамандарды ким карайт?
— Бир жумадай кыдырып келиңиз, апа, мен үйдө болом, Улан иштей турсун, үйдөгү көп иштерди жасап алайын, — деди Аселкан жаркылдай.

Prev1 of 16Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *