Prev1 of 12Next

Шакирдин мектепте окуп жүргөндө абдан шайыр, көп жигиттерден айырмаланган сымбаттуу жигит эле. Канчалаган кыздар ага жагууга далбас уруп, шынаарлап турса да, ал бир гана Мунараны сүйчү. Ал жакын эле коңшусу, экөөнүн ортосу эки жаш. Онунчу класста окуган Шакирдин Мунара менен эч корунбай эле жолугушуп, коңшу катары жүрө бергени менен ортолорунда чоң сүйүү бар. Жыл аягында экөө тең экзамен тапшырып, Шакирдин мектепти бүтүрдү, Мунара тогузунчу класска көчтү.
Бүгүн адаттагыдай кол бошой калганда жолго чыгышып, экөө көпкө сүйлөшүп турушту.
— Шакир, сен окууга барасыңбы? — деди Мунара жылаажындай назик үнү менен, үнүндө назиктик, уяңдык бар эле.
— Жок, окууга барбайм го, балким аскерге кетээрмин.
— Аскерде эки жыл болосуңбу?
— Эки жыл, балким үч жылга туш келээрмин, а сен мектепти бүткөндөн кийин окуйсуңбу? — деди жигит кыздын колунан кармай.
— Ооба, окууга тапшырам.
— Окуп калсаң мен аскерде болом, кат жазып тур, ээ?
— Жазам, өзүң унутуп калбасаң болду, — деди Мунара наздана.
— Кантип, мен сени унутканым өзүмдү унутканым.
— Чынбы, мени унутпайсыңбы? — Кыздын көздөрү жайнап, үнүндө чоң кубаныч байкалат.
— Эч качан, сен башканы таап алып, таштап кетпе мени.
— Эми эле аскерге кетип жаткандай айтасың да?
— Күздө кетем да, — деди Шакирдин. Бул кезде экөө тең келечеги кудайдын маңдайга жазганындай болоорун сезүүгө жаштык кылды, ата-эненин камкордугунда эч нерседен капарсыз чоңойгон балдар эмнени оюна алмак эле.

Prev1 of 12Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *