Prev1 of 34Next

Автор бул китебинде, алдамчылык менен акча тапкан шылуундардын образын ачып берип, болгон окуянын негизинде жазган. Учурда алданган мигранттар башка улуттун жерине алдамчыларга ишенип барып, эмне деген гана азаптарды көрүп жатышат. Бул китептеги окуя 2011 — жылы болгон. Буга чейин дагы канча мекендештерибиз, таттуу айтылган сөздөргө ишенип, бөтөн жерге кулчулукка сатылып келгени жөнүндө басма сөз беттеринде жазылган, бирок китеп болуп чыккан эмес. Бул китепте баарын таасын белгилеп жазып, автор колунан келишинче алданган мигранттардын жашоо турмушун чагылдырып берген. Окурмандардын кызыгуусун жаратат деген ойдобуз.

Алданган мигранттар же
орус талаасында өткөн кырк күн

2011-жылдын жаз мезгили. Тактап айтканда май айынын аягы. Күн ысык. Аптаптуу жаз мезгилинин күндөрү эмнегедир көзгө илинбей, шар аккан Нарын дарысынын агымындай өтүп, көптөн күткөн 25- май акыркы коңгуроо дагы болуп, мектептин босогосу менен кош айтышып жаткан акыркы класстын балдары жана кыздары, окууну бүткөндөрүнө он жыл, жыйырма жыл болгондордун майрамы ойдогудай өттү. Ооба, бул күндү кадимкидей майрамга айланткан, кадыр эсе көнүмүш ишке айланган. Ушул күнгө даярданыш үчүн канчалаган аял, эркек, улан-кыздар айтылуу «Дордой» базарына барып, сатармандардын кардары болуп кийим, белек жана башка керектүүлөрүн алышты. Бул эми жылда кайталанган ишке айланган.
Бир көзү кыйшык, тактап айтканда чалыр десек да болот, орус тили менен эне тилде эркин сүйлөгөн Самат, ушул эле 25- майдын өтүп кетишин күтүп тургансып, өзүнүн биринчи жолку планга койгон, албетте акча табуу үчүн аракет кылган ишин алдыга жылдыруу үчүн, он төрт баланы өзүнүн жаңы ачкан конторасына чогултту. Буга чейин газета менен теледен жетишерлик эле жарнама берген «Россияга эмгек мигранттары керек, айлык акысы жогору»- деп. Жыйырма жылдын ичинде кооз сөз менен жыргатып келген чиновниктер оозго илине турган иш кылышканда, мекенди таштап ким эле сыртка кеткиси келсин. Иш жок, акча табуу үчүн чет элден иштеген акыркы кездерде улутташтарыбыз үчүн көнүмүш адатка айланбадыбы. Эгер өкмөт тың болгондо, эки жолу өлкөбүздө төңкөрүш болбойт эле го.

Prev1 of 34Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *