Prev1 of 19Next

Жаштыкка, махабатка мас боло сүйлөшүп жүргөндө жаштар толгон-токой ой-максаттарды түзүп, келечекке ишенимдүү кароого тырышат эмеспи. Бирок ата-эненин айтканына, тагдырдын маңдайга жазганына баш ийип, ал асыл ой-максаттардын көбү ишке ашпай калат. Бул чыгарманын каармандары Назира менен Шерматтын маңдайына бирге болуу жазылганбы же таптакыр башка нерселерби, келиңиз, чогуу байкап көрөлү.

Шермат демейдегидей эле түш көрүп жаткан. Бир кезде бир тааныш аял келип эле заматта апсайган желмогузга айланып: «Сен мени издеп тап, мени өлтүрүп кетишти, эгер таппасаң тынчтык бербейм», — деп муунтуп жатканда түшүнөн ойгонуп кетти. Кара терге түшкөн Шермат ордунан туруп сырткы бөлмөдөн суу ичип жүрөгүнүн лакылдаганы бир аз басылгандан кийин кайра ордуна жатты… Шермат жыйырмага чыгып-чыга элек жаш жигит, аскерден альтернатива жолу менен калып, ата-энесинин колунда. Эң кичүүсү болгондуктан короо-жайды карап, жайкысын чөп чаап, кышкысын мал багып келет. Сүйлөшкөн кызы бар, ал жылдыздуу кыз, өтө сулуу болбосо дагы мамилеси, назиктиги менен жагат. Акыл-эси да түзүк. Атасы Өмүраалы, апасы Айтолкун аны быйыл үйлөнтмөк болуп жаткан, өздөрү кыз тапса ага Шермат каршы болду. Назирага жолугуп, ата-энесинин сөзүн айтты эле Назира ага:
— Шермат, эгерде мени сүйгөнүң чын болсо, азыркы шартта ата-энемдин алдына келип алып кет, — деди жылмая.
— Болуптур, Нази, мен сени сүйөм, ошондуктан айтканыңды аткарам. — Шермат кызга ыктай бетинен өөп койду.
— Шермат, ушу кантип болсун? — Кыз таарына бетин басты.
— Уялбай эле койчу эми, акыры меники болосуң да, — деп жигит ого бетер ага жакындай колунан тартты, — Мендик болгон соң сенин баардык тулку боюң меники да, туурабы?

Prev1 of 19Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *