Prev1 of 13Next

Акжаркын сырттан кыңылдай көңүлдүү кирип кийимин алмаштырды да диванга отуруп телевизор көрүп отуруп калды. Сыртта мээ кайнаткан ысык, үлп эткен жел жок. Акжаркын өзүн абдан бактылуу сезет, бир уул, бир кызы бар, улуусу он беш, кызы он жашта, күйөөсү Турдумамбет бухгалтер болуп бир мекемеде иштейт, үйлөнгөндөрүнө он сегиз жыл болсо да үй жумушу менен алектенип эч жерде иштеген эмес. Ал диванда кыңкайып жатып телевизор карап жатканда телефон чыр этти.
— Ало-о, угуп жатам деди, — деди Акжаркын трубканы ала коюп, ары жактан шаңкылдап курбусу Назымдын үнү угулду.
— Кандайсың ай, зерикпей эле отура бересиңби? — Каткырганы угулуп Акжаркын дагы күлүп калды.
— Зериккенде эмне кылам?
— Мага келбейсиңби?
— Турдумамбет келип калат, балдар дагы үйдө жок, эртең барайын макулбу?
— Макул, бирок азыр келсең жакшы болмок да.
— Бүгүн бара албайм, эртең баары үйдө жокто барам.
— Макул анда, — деп трубканы коюп койду Назым. Акжаркын туруп ашканасына кирип тамак жасап жатканда Айбийке менен Адис келди, аларды кубана окууларын сурап үстөл даярдап тамактанышты. Ошол убакта ички бөлмөдөгү телефону шыңгырап калды, Акжаркын туруп барып трубканы алып селдейе туруп калды, колунан трубка түшүп да кетти. Артынан кирип келген Адис:
— Апа, сизге эмне болду? — деди ага.
— Эчтеке, — Акжаркын үнсүз томсоруп отурду, эчтеке кулагына кирбей, көз жашына муунуп бирок балдарына билгизгиси келбей отурганда Айбийке келип кучактап калды.
— Апа атам чалдыбы?
— Жо-ок кызым.
— Анан ким?
— Бир тааныш.
— Эмне деди?

Prev1 of 13Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *