Prev1 of 24Next

Зарылбек менен Анипа кайып каскагынан насиптери биригип үйлөнүп калышкан. Ата-энеси уул-келинине жакшы карап көтөрмөлөп эле жүрдү, бирок Анипа жеринен бош, илээнди болгондуктан Зарылбек бара-бара андан тажай баштады, анан калса кыял жоругу дагы оор эле. Жыл айланбай балканактай уул төрөп алды, ошондо бир аз имерилип, уулуна айланчыктап жашап калды, бирок көп өтпөй уулу Даниел эки жашка чыгып чыга электе ажырашып кетишти. Ошол кезде өлкөдө чакчелекей болуп заман өзгөрүлүп турган, Анипа уулун алып шаарды көздөй кетип Зарылбек бой жүрүп калды, ошол убакта Сайра ага капысынан жолугуп, экөөнүн ортосунда жалындаган сүйүү пайда болуп үйүнөн эрте кетип, кеч келип калганынан атасы Нуралы уулуна:

— Балам, төрөп түшкөн аялыңды кетирип ийип минтип жүргөнүң болбойт, андан көрө неберем менен келинимди алып кел, — деди кыйгай карап.

— Ооба балам, атаң туура айтат, балалуу аялды кетиргениң болбойт, алып кел, — деп апасы Канымжан дагы бир жагынан коштоду.

— Ата, апа силер билбейсиңер да, Анипа өтө эле балит экен, өзүн да жөндөй албайт, эми аны унуткула башка аял алам, — Зарылбек ата-энесин тике карай албай жер карап күңкүлдөдү.

— Кой балам, Анипа жаш, бара-бара өзү эле оңолуп кетет, турмуш баарын үйрөтөт, дагы бирди төрөсө эле зыңгыраган аял болуп чыга келет, — Канымжан токтоо, жай сүйлөп баласын көндүрмөк болду.

— Болбойт, кеткен немени кайра алып келбейм, мен башка кызды жактырып калдым, — деп Зарылбек болбой сыртка чыгып кетти. Нуралы менен Канымжан бири-бирин караган бойдон кала беришти, Зарылбек үйдөн чыгып эле дароо Сайранын үйүн көздөй жөнөдү, ал апасынын колунда эрке өскөн кыз эле, тагасы Авазбек Сайраны эки жакка чыгарчу эмес, кокус эле бирөө менен туруп калганына көрүп калса катуу тилдеп койчу.

Зарылбек короодон окчун туруп алып ышкырып көпкө турду, эки жакты элеңдей карап короонун эшигинен көзүн албай турганда Сайра көрүндү, Зарылбек аны көздөй жүткүнө:

Prev1 of 24Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Достук

13.01.2020