Prev1 of 32Next

Автордон:
Кадырман калкым! Менин чыгармамды сүйүп окуп келген сүйүктүү замандашым, мен өзүмдү кандай кырдаалда турбайын эч качан бактысыз деп сезбей келем.
Анткени мен тирүүмүн, тирүүлүктүн өзү бакыт эмеспи. Тагдырым талбас эмгегим, жараткан берген сыноом деп сезем. Анткени бул өмүр ар бир тирүү пенде үчүн сыноо! Ошол сыноого сынбай, тирүүлүктүн кымбатын сезип, өмүрдүн кыскалыгына баа берип, ошол бир берилген жашоо сынагынан мүдүрүлбөй, сынбай адам деген ат менен жашап өтсөк… Ооба, мен итке минген кедеймин, бирок менин чыгармамды сүйгөн эли журтум, баа жеткис байлыгы бар мекеним, алла берген кудуреттүү чыгармачылыгым менин байлыгым деп эсептейм! Сиздерге сунулган ар бир чыгармамдын сыры дал айланамда болуп жаткан көйгөй, кээде бири-бирине окшошкон тагдырлар туш келип калат. Мен аны айтып берген замандашымдын сунушунан баш тарта албайм. Мисалы эмки чыгармам дагы баккан кыз жөнүндө болмокчу, себеби ал жаш кыздын тагдыры төрөгөн апасына окшоп өзүнөн улуу адамга байланып калганы кызык да, өкүнүчтүү да.
Ошондуктан: «Кайталанган тагдыр», — деп атадым. Эмесе сиздерди урматтоо менен баарыңарга ийгилик каалайм!


Эрендер үчүн эки ооз сөз
Кыргызымдын кылымдарды карытканын.
Уулдары чыгаан баатыр болушканын.
Таңгалдырып Манас деген ураан менен,
Урпактары эскерип туу тутканын.
Билбеген дүйнө эли жокко эсе.
Пейилине гүл өнгөн кыргыз калкым.

Prev1 of 32Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Сыноо

13.01.2020