Prev1 of 29Next

Ызак ата-энесинен калган байлыктын арты менен бардар жашайт, аялы күйөөсүнүн байлыгына карап гана жашап калган эле. Анткени ал Зуура менен ата-энесинин айтуусу менен үйлөнүп калган, карапайым жигит ал кезде сүйүү эмне экенин сезген эмес, жашоо деген ушул тура, үйлөнүп, тукум улоо, байлык көбөйтүү, өмүрдө эч нерседен кемибей өтүү деп ойлогон эле….

Зуура төрөбөдү, ата-энеси жалгыз уулунун баласын көрүп, небере жытын жыттайбыз деп жүрүп көздөрү өтүп кетти. Айыл жеринде мал менен жашагандыктан Зууранын ата-энеси жок жетим жээни алардын үйүндө жайы-кышы малын багып жүрчү. Бир күнү Зуура:

— Ызак, Байтурду үйлөнтүп койсок кантет, мен бар үчүн ушул жерде жүрөт, эч кимим жок, аял алса менин да, сенин да колуң узарат, — деди күйөөсүнө.

— Жактырган кызы бар бекен?

— Сурап көрөйүн, балким бар чыгаар.

— Үйлөнөм десе үйлөнсүн.

— Макул мен ага айтайын, — деп Зуура жээнинен сураса ал капалуу минтти:

— Таеже, өзүм жетим бала болсом, мага ким тийет, сүйлөшкөнгө менде убакыт барбы?

— Анда биз таап алып берелиби?

— Алып берсеңер каршы эмесмин, ансыз дагы инимдин азабын тартып келем, быйыл төрткө чыкты, анын кабарын ала албай жүрөм.

— Алып келбейсиңби?

— Өзүм зорго батып жүрсөм аны кантип алып келем, экөөбүз эки жакта жүрөбүз, жетимдиктин азабынан.

— Алып кел, биз сени үйлөнтөбүз, наркы үйгө жашай бересиңер.

Prev1 of 29Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *