Prev1 of 27Next

Советбектин айылдан кеткенин туугандары эле эмес, коңшу-колоңдору баары билишкен. Жаңы төрөлгөн баласы менен аялы аны аргасыз узатты. Анткени Советбектин ата-энеси заман жаңыдан өзгөрүлүп, эл жапырт соода деген шарга кирип жаткан кезде биринин артынан бири кете берген. Аталаш агасы Кубатбек өз баласындай асырап өстүрүп ата-энесинен калган заңгыраган үйгө үйлөнтүп киргизип койгон. Мадалбек малдуу-алдуу жашачу, Шайыркүлдүн атасы жок, апасы бар, төрт бир туугандын кичүүсү. Советбек экөө сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн, анан эле кайдан-жайдан шаарга барып иштеп келем деп аялы менен баласын таштап жөнөп кетти. Борборго келгенде жумуш табуу кыйынга турду, ары кетип берип кетип, айласы кеткенде кайра эле айылга кетмек болуп автовокзалга келе жатса айылдашы Каныбек жолугуп калды:

— Ой кайдан жүрөсүң?

— Өзүң кайдан? — Экөө бири-бирине суроо узата күлүп калышты.

— Мен иштейин деп келгемин, жумуш табуу өтө кыйын экен, кайра кетип жатам, — деди Советбек ага сырын төгө, — Аялым жаш бала менен калды эле.

— Ушунча келип кайра кеткениң болбойт, мен сага жумуш таап берем, жүрү үйгө.

— Анда жакшы болот го, иш таппай келдим деп баруудан өзүм дагы уялып жаттым эле, — Советбек жым дей айылдашын ээрчип жөнөдү.

— Мен өзүм стройкада иштейм, экөөбүз чогуу иштейбиз жеңең жакшы киши, — деп Каныбек бакылдап үйүнө ээрчитип келди, — Гүлсүн, үйгө конок келди.

— Жакшы-жакшы, келгиле, — деп Гүлсүн жайдары кабак менен тосуп алды.

— Тамагың даярбы, кардым ачты, кечке тынбай бетон ташыйм да колдор түшүп калды, — деп Каныбек Советбекти төргө өткөрүп, өзү жанына отурду, — Бу жигит менин айылдашым, аты Советбек, иш издеп келиптир, өзүм менен бирге иште деп жатам.

Prev1 of 27Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *