Prev1 of 21Next

Менин кайнатамдын чоң энеси ушундай болгон экен, тагдыр аны капысынан өзгөртүп сүйгөн адамынан кош бойлуу кезинде ажыратып токол кылып алыптыр да, — деди Гүланда ойлуу, — Суктанаалы Жибек үч айлыгында өлүп калган, чынында ал өтө эле жаш эле…

Султанаалы өрттөй жигит эле, отузга чыгып-чыга элек кезинде менин курбум Айкызды көрүп сүйүп калат, өз билгенинен кайра тартпаган ал атасы Орузбайга келип:

— Ата мен үйлөнсөм болобу? — деди.

— Эмнеге болбойт, үйлөнсөң болот эле, дагы бир-эки жыл күтө турсаң боло балам, — деди Орузбай. Анткени колунда жок, өзү карыган атасына карай албай беш баласын эптеп багып жаткан эле, аялы какылдаганы менен эчтеке колунан келбейт, элдин баары соода жасап байыганы байып, кээси банкрот болуп будуң чаң болуп калган. Баягы союздун кой үстүнө торгой жумурткалаган убагында алма быш, оозума түш деп көнүп калган бечара эл жыргалчылык замандын өзгөрүлүп баратканына көнүгө албай жүргөн кездери. Орузбайдын атасы Темиркул, ал атасы Бурсурманды багып жалгыз тамда, үйлөрүнүн сырты көзгө комсоо көрүнүп урап түшө баштаган, ичи дагы эбак акталып, андан бери кол тийе элек, күндүзү дагы үй ичи күңгүрт тартып, бир башкача жыт берип турат. Көп жылдан бери төшөктө жаткан Бусурмандын жаткан төшөгү андан да өткөн, шейшеби жок, киринен жылтырап майланышкан жууркан ичинде куурайдай болуп жатканы жаткан. Ден-соолугу дурустай эле, тамакты жакшы эле ичет, ага кээ-кээде гана ысык тамак болбосо кара жарма менен сары чай, буудай нан. Менчиктештирүү жайылгандан бери дүкөндөр жабылып үлүштөп алган жерлерине тырмышып буудай, жүрөгү айдап эл өз камын өзү көрүп калган. Көбүнчө унга загыра кошуп жей баштаган кез, Султанаалы ойлонуп калды, иштейин десе иш жок, колоктоп бош жүргөн, ошентип унчукпай башын жерге салып отуруп калды.

Prev1 of 21Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *