Prev1 of 20Next

Бул окуя кечээ эле болуп өткөн, анткени менин алты-жети жашымда болуп өткөн экен. Анда мен ойноо, эчтекени түшүнө элек баламын, эч нерсе эсиимде да жок, кийин чоң энемдин колунда чоңоюп ал карыган кезде айткан сөздөрү эсимде калды, — деп Бекмурат сөзүн баштады…

Гүлүйпа беш бир туугандын ортончусу, ага кудай өң-түстү аябаптыр, бир гана айыбы сүйлөй алчу эмес экен, чачы бою менен тең бою узун, керилген кызды көргөндө кандай эркек болсо дагы бир селт этип жүрөгү зырп этип алчу экен. Анан аны ААалыбай бир көрүп сүйүп калыптыр, адегенде кыз андан жашынып, качып такыр көрүнбөйт. Аны күндө акмалаган ААалыбай дагы ошол үйдү айланчыктап жүрсө Кутман деген отуздардагы киши көрүп калып:

— Ээй Аалыбай, биякта эмне кылып жүрөсүң? — дейт аны тааныгандыктан.

— Аа-а байке жөн эле өтүп бараткамын, — деп чыга калат.

— Билдим-билдим, жашырбай эле кой, Сырдыбайдын тантык кызына ашык болуп калгансың го? — деди каткырып.

— Эмне дейсиз, ким тантык? — Аалыбай Кутманды элейе карап калды.

— Аны көргөндүн баары эстен танат көргөндө, сүйлөгөнүн көргөндө боктон качкандай качат.

— Чын элеби? — Ишенбей карап калды Аалыбай.

— Калп айтып эмне кылам, сүйлөшүп көр, — деп коюп атын темине бастырып кетти, ал күнү, анын эртеси да кыз көрүнбөдү. Аалыбай кызды бир көрүп сүйлөшкөнгө ынтызар болуп убакыт өтө берди, түн уйкусунан кетип, күнү тынчын алган сулуу кыз түшүнө дагы кирчү болду. Сырдыбай колунда жок, үрүп чыгаар ити жок адам, эки уул, бир кызы үйлөнүп жайланып калган, кичүүлөрү дагы турмушта, бир гана Гүлүйпа үйүндө. Ага деле жуучулар келчү, аялы өлгөндөр, же балалуу боло албай жүргөн жашы өткөндөр болоор эле. Ага атасы берчү эмес, анткени кызын кор кылып коет деп аячу тура. Акыры Аалыбай аны аңдып жүрүп бир күнү кармап алды.

— Чоң кыз, менден эмнеге качасың? — десе кыз ийинин куушура жооп бербеди, көздөрү капкара болуп жүзүнүн актыгы ак куунун канатындай үлпүлдөгөн кызды көрүп ого бетер жүрөгү лакылдап чыккан Аалыбай аны сүйлөткөнгө аракет кылды, — Чоң кыз, жок дегенде атыңды айтып койчу, — десе башын чайкайт. Ошол кезде апасынын үнүн угуп кызды кое берип качып кетет. Акыры Аалыбай сүйүүсүнө жетүү үчүн ата-энесине айтпай ала качып келет. Ата-энеси аны урушуп, тилдешет, ага болбой жашап калат, Гүлүйпанын апасы келип:

— Балам, кызымдын кемчилигин айтып кемсинтким келбейт, бирок түбөлүк жашап кете аласыңбы, элдин тили жаман болчу эле, кызымдын келечеги атасы экөөбүздү кабатыр кылат, — деди муңая Селки.

— Апа, мен Гүлүйпаны өмүрүм өткөнчө жер каратпайм, капа кылбайм, айткан эл айта берсин, — деди Аалыбай.

— Балам, — деди өзүнүн апасы Шааркан, — Бу киши туура айтат, адамдын душманы адам, анча-мынчага чыдасаң биз дагы каршы эмеспиз.

Prev1 of 20Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *