Prev1 of 27Next

Гүлайым кетип баратып көз жашы жүзүн жууп бара жатты, баарынан көңүлү калып, бул кең дүйнөнүн бир бурчунда өзү жалгыз калгандай кең аалам ал үчүн тар болуп турду: «Неге, неге мынчалык таш боорсуң тагдыр, бул дүйнөгө келгеним үчүн күнөөлүүмүнбү, андай болсо бул жарыкчылыгыңды көрсөтүп жаратпай койсоң эмне, ата-энемден ажыратып, мээримден куру калгыдай эмнеден жаздым, мейли сүйүү бербе, өмүрүмдү ал, бирок мага ата-энемдин мээримин берчи, канчалык картайсам дагы мага ата-эненин жакшы сөзү, мээрими ичкен суудай керек, мени андан кур калтыра көрбөчү», — деп дилинде ойлонуп жүрөгү жара тилингендей зыркырап сыздап кетип жатты. Ал ушул азыр өзүнүн бала чагын эстеди, таенеси аны өтө эркелетпесе дагы жаман айтпады, балалыгы көпчүлүк эле балдардай бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде бар, бирде жок болуп өттү, эсине кире баштаганда бирге ойногон кыздарды көрүп, алардын өз аталары жөнүндө айткандарын укканда: «Эмнеге менин атам жок, эмнеге мага келип кетпейт, жок дегенде бир эле жолу келип кетсе мен дагы кыздарга атам бар экенин айтмакмын», — деп улутунуп алчу.

Prev1 of 27Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *