Prev1 of 22Next

Гүласыл жалгыз кыз, атасы жашында өлгөндөн кийин Толкун кызын ойлонуп кайра турмушка чыккан жок. Гүласылды каалагандай багып өстүрдү, көздөрү бакырайган татынакай кыз болду, Толкун кызына ар дайым атасына окшош экенин айтат, үйдөгү апасы экөө түшкөн сүрөттү көрүп дагы өзү атасына куюп койгондой окшош экенине ишенген. Бектемир кудайы момун жоош киши эле, Толкун экөө кезинде бири-бирин арзышып баш кошушкан, эгиздин түгөйү. Бектемир, Кантемир, — деп ата-энеси ардактап баккан балдар эле, кийин Бектемирдин жүрөгүндө шум бар экен дешип врачтар карап турушчу. Үйлөнгөндөн жыл өтпөй оорусу күчөп кызы алты айлык кезинде эле көз жумуп кете берген. Кантемир аларга жардам берип турат, Гүласылдын көзүн карап бир тууганынан калган табериктей каалаганын алып берип балдарына кошуп жайлоого алып кетип, кайда барам десе ою менен болот. Ата-энеси Бектемир өлгөндөн беш-алты жылдан кийин эле ооруп оо дүйнө салышкан.
Гүласыл мектепти бүтөөрү менен эле мединститутка окуйм, — дегенде Кантемир өзү дайындап киргизип кеткен, сабакты жакшы окугандыктан ал кыйналбай өтүп кыздардын жатаканасынан орун алды, окууга баш оту менен берилип окуп китепканадан чыкпайт, кыздар бошогондо кино-театрга барышат, ал барбай окуганы окуган, бир күнү жакындан бери таанышып ынак боло баштаган Салиянын бир тууган агасы Жапар келип калды, ал Гүласылга:
— Жүрү агам мени кафеге алып барып, шаар кыдыртам, — деп жатат, сен биз менен барып келчи, — деп калды.
— Уят го, барбай эле коеюнчу.

Prev1 of 22Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Ынтымак

13.01.2020