Prev1 of 26Next

Кыргыздын тээ илгертен келе жаткан каада-салты, ырым-жырымы ушул күнгө чейин эл ичинде унутта калбай ар бир адамдын эсинде, жан дүйнөсүндө жашап келе жатканы калп эмес. Бул каада салтты улам картайганы уул-кызына айтып, жазуучунун аздектеп жазган китебинде, кабарчалардын ар бир билдирүүсүндө айтылып келе жатып акыры атеисттик заман өтүп, союздун күчү кайткан кезде жабырап кайрадан чыга келбедиби? Колунда бары дагы, жогу дагы ата-бабанын салтын, ырым-жырымын колдонуп, тойлор тамадасыз өтпөй, бешик той, тушоо той менен сүннөт тойлор башкача деңгээлде өтө баштаган кезде борбор шаарыбыздын четки айылдарынын биринде дүңгүрөгөн келин той болуп жатты. Бир гана адам алардын арасында жүргөнү менен тойго тиешеси жоктой көңүлсүз, жүрөгүндө арман бардай үйлөнүп жаткан эки жашты көзү тойбой карап алып көз чанагы жашка толо түшүп тамак-аш бышырылган бастырмачага карай басып кетти. Анын бул тойдо бары же жогу үй ээси үчүн бир болчу, анткени ал адам алардын кол алдында кызмат кылып малын багып жүргөнүнө көп болгон. Дагы бир адам үй ээсинин аялы, ал зымырайып эч нерсе билмексен болгону менен жүрөгүнүн түпкүрүндө өткөн өмүрүндүнү издери, көңүлүнөн кеткис бир окуя аны ошол адам менен байланыштырып турганын экөө гана билет. Бүгүнкү тойдо ошол адамдын эч ким болбой, өз канынан жаралган наристесине бөтөн адам катары калганында…: «Неге менин тагдырым ушундай болуп калды, өз баламдын тоюнда өзүм жакшы тилек-каалоо айтып, чекесинен өөп өз колум менен турмуштун кызык жашоосунун эшигин ачып бере албадым, уулум бөтөн адамды аталап мени бир «бомж» катары көрөт, аттиң дүйнө, ошондо мындай болоорун билсем», — деп тиштене көзүнөн ачуу жаш куюлуп ат байланган акырдын кырында отурду…

Prev1 of 26Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *