Prev1 of 28Next

Алманбет бул жашоого нааразы да эмес, ыраазы да эмес, анткени ал бул жашоодогу өз ордун өзү тапты… Анткени ушул бирин-бири алдап, тоноп кыйынчылык менен эптеп тапкан бир бечаранын көз жашын төгүп, алсыздын алдуусу канын соруп, кандуу колун бирөөлөрдүн ырыскысына салып, жүзү каралык менен жашап, адамгерчиликти жан дүйнөсүнөн алып салган заманда бүрүшүп кышында ак кар, көк музда коробка төшөнүп өткөн-кеткендин аяк астын карап, боорукерлердин берген тыйынын санап күн көрүп калган убак. Жашы отуз төрттө…

Эмесе Алманбеттин тагдыры сиздердин назарыңыздарда. Кубат совхоздун майда-барат жумушунда иштеп, алдым жуттумдук менен иши жок жай турмуш өткөргөн адам, отуз алтыга чыкса да баланын үнүн уга элек, аялы Гүлсара төрөбөгөнү менен адамгерчиликтүү, ак көңүл, колу ачык шатыра шатман шайыр келин. Бирок ал төрөбөгөнү үчүн ичинен өкүнсө дагы сыртынан билгизбеген бир сырдуу аял. Кубат аялына сен төрөбөдүң деп бир ооз айтпады. Гүлсара бала-чакага үйрүлүп түшө калат, колуна таттуу карматып ар убак эркелете кетет. Жашоо турмушу ойдогудай, мал-кели кудайга шүгүр, казаны кайнап дос-жоролуу. Болгону бир тырмактын заары өтүп жүргөндө алардын үйүнүн маңдайындагы коңшусунукуна жаңы төрөгөн ымыркайды жайдын толуп турган кезинде таштап кетиптир. Эртең менен эрте келген Саадат Гүлсарага:

— Гүлсара, түндө биздин эшиктин алдына уул баланы таштап кетиптир, — деди алаңдай, доктурга алып барсамбы же милициягабы?

— Канча бар экен?

— Киндиги чала байланыптыр, түшө элек экен, эки-үч күндүк го?

— Ким таштады экен?

— Билбейм, — Саадат: «Сен багып албайсыңбы?», — деп айтуудан тартынды.

— Кызык, алыстан келбесе керек.

— Ошондой го.

Prev1 of 28Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *