Prev1 of 25Next

Кундуздун апасы абдан кадыр-барктуу адам, апасы акыл-эстүү аял, бир кезде союздун кой үстүндө торгой жумурткалаган заманында башкарма болуп күпүлдөп турган. Төрт бала чоңойтуп билимдүү болуп, өз-өзүнчө үй-бүлөө күтүп калышкан, кенжеси шаарда турат. Кундуз үчүнчү бала, мектептен эле өз билгенин жасап, менменсинип теңтуштарынан өзүн өйдө көтөрүп текебер болуп өзүн-өзү билген кыз болуп өстү…

Бет алдын көздөй көл-шал болуп аккан көз жашына ээ боло албай кетип жатты, анткени Кундуз ата-энесинен бей чеки иш кылганы үчүн балалыктан кечтим деген сөз угуп шаарга карай катуу таарынып баса бергенине үч жылдын жүзү болгон, дал ошондо боюнда бар экенин да билген эмес эле, анан капысынан Демирге жолукту, ал жалгыз бала экен, атасы жок, апасы бар, базарда соода кылат. Жетелеген баласы эки жашар, тили жаңыдан чыгып келе жаткан, эмесе бул окуяны башынан баяндап берейин…

Сагынбек союздун учурунда башкарма болуп жүргөн, аялы Селки да түшүнүктүү, ар намысту бек туткан аял, Кундуз мектепти бүтөөр жылы классташтары менен оюн-зоокко көп барып, отуруштарда болуп түнкүсүн билгизбей терезеден чыгып кетчү. Экзамен аяктап аны ата-эне окууга жөнөткөнү жатканда ал так секирип туруп алды, ошондо Селки таңгала карап:

— Кызым, сага окшогон жаштар окууга барууну көксөп ак эткенде так этип жатса сенин мунуң эмнең? — деди жылмая.

— Апа, менин окугум келбейт.

— Мейли барбаса, — деди ойлуу Сагынбек, — Өзү каалабаса кантип окумак эле, андан көрө үйдө сага жардам берет, Жамал үйлөнгүчө.

— Ооба ата, — деп Кундуз кубана, атасын кучактап эки бетинен өөп-өөп алды, — Жамал үйлөнгөнчө үйдө эле болом.

— Ма-акул — ма-акул, — деп Селки мээримдүү жылмайып алды, — Бой жеткениңе карабай эркелей бересиң да кызым.

— Эркелесе бир кыз эркелейт да, кызым окубаса күйөөгө берем, — деди Сагынбек жылмая, Кундуз атасын кабак бүркөй карады.

— Ата-а, — Эркелей мурчуйду, — Күйөөгө тийбейм.

— Аны көрөбүз, — деп койду Сагынбек, Кундуз сыртка чыгып кетти, анын учурда сүйлөшүп жүргөн жигити бар болчу, кечти күтүп чыдамы кетип жатты, күүгүм кире тааныш дабыш чыгаары менен бак ичин көздөй атылып жөнөдү. Күтүп турган жигитке жетип бой таштады:

Prev1 of 25Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *