Prev1 of 27Next

Жаратылыштын кооздугуна суктанып бүтө албайсың чиркин, кызыгы ал суктануу ден-соолугуң чың, телегейиң тегиз болсо гана, оорунун азабын тартып кең дүйнө тар көрүнүп турган кезде кайдагы кооздук, безеленип сайраган булбулдун үнү жакпай турган кезде өмүрдүн ар бир аткан таңы көңүлүңдү чөгөрүп дагы бир күнгө өмүрдүн кыскарганына өкүнүп улутунуп тим болосуң. Ошол үчүн тирүүлүк тура, ошону үчүн адам-адам болот тура, чынында адам баласы качан гана оору жанды кейитип ажал ар тарабыңдан шыкаалап бүгүн бар болсоң эртең жок болооруңду, түбөлүктүүлүк жок экенин эсиңе салган кезде гана өзүңдүн өлбөөчүдөй кең дүйнөнүн кызыгына батып дүйнөң түгөл болуп турган чакта өлүү дүйнөнү жыйнап, пачкалаган акчаны басып алып демине өзүңдү баатыр сезип эртеңки күндү ойлобогонуң эсиңе түшкөнү өкүнүчтүү. Мен бул чыгармада асман менен жердин ортосунда кудайды да унутуп, алгач аялын, андан соң үй-бүлөөсүн көзүнө илбей жүрүп анан оорунун кылтагына илинип, ошол байлыгы да жардамга келе албасын билгенде гана өзүнүн каталыгы үчүн баарына даяр болгону, тирүүлүктүн шаңы, азап-тозогу жалгыз гана алланын колунда экенине көзү жеткен бечара пенде жөнүндө болмокчу…

Prev1 of 27Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *