Prev1 of 22Next

Ош шаарынын бир айылында болуп өткөн бул окуя токсонунчу жылдын май айлары эле. Анда союздун гүлдөп турган маалынын акыркы жылдары, жаңы коомду көпчүлүк кабыл ала албай турган кез. Гүлбахар өзү медсестра болуп иштечү, отпускага чыкмак болуп арыз жазып эми үйүнө кеткени жаткан, чогуу иштеген Назира беш айлык наристени керебетке жаткырып жатканын көрүп:

— Бул кимдин баласы? — деди.

— Сенин балаң, — Нази күлүп койду, анткени Гүлбахар көп жылдан бери төрөбөй жүргөн эле, күйөөсү Карим экөө бала үчүн көп урушчу.

— Кандайча? — Гүлбахар ишенип-ишенбей тамашалап жаткандай карады, бүткөн бою билинээр билинбес калтырак басып курбусун тиктеп калды.

— Чын айтам Гуля, карасаң кандай татынакай бала, жактыбы сага?

— Ооба, уулбу же кызбы? — деди да керебетке эңкейип уктап жаткан наристеге үңүлдү, — Сулуу экен.

— Уул бала экен, — деди да Нази ага болгон ишти айтып берди, — Бул баланы азыр гана алып келишти, поезддин жолуна таштап кеткен экен, азырынча эч кандай негиз жок, бирок баары бир туугандары чыгат болуш керек.

— Ананайын ай десе, карасаң тим эле каштары капкара болуп жүзүнүн аппактыгын, кандайча таштап салышты экен? — Гүлбахар наристени колуна алып жүзүнөн сүйдү, — Денсоолугу кандай экен?

— Текшерип жатышат, анализдерин алды, төрт-беш айлык го, ыраспы?

— Ошондой го? — Гүлбахар баланы ойлуу бооруна кысты, — Бөйтөйгөн садагам десе, ушундай бир наристени кудайым мага дагы берип коеор бекен Нази? — Көздөрүнө жаш кылгыра түштү.

— Кабатыр болбо курбум, кудай деген куруу калбайт дешет эмеспи.

— Туура, кудайым куруу койбос…

— Бала кандай ыйлаган жокпу? — деп башкы врач кирип келип Гүлбахар көтөрүп турганын көрүп, — Оо Гуля, бала жактыбы? — деди күлө карап.

— Жакты агай.

— Эмесе ата-энеси же туугандары табылганча сен карап тур.

Prev1 of 22Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Керээз

13.01.2020