Жездем күлдү:
– Эркектин эч кимим жок дегени экөө эле бар дегени.
Тамашасыбы, чыныбы, билбедим, бирок, бир жатып койгонго эле менчиктеп алганмынбы, ичим чындап тызылдай түштү. Буркуйуп ары оодарылдым.
– Кой, эми кызганба. Бүгүнтөн баштап, менде эки сүйүктүү айымым бар, бири сен, экинчиси эжең.
Далымдан өпкүлөп, колун дагы эмчегиме койду.
Мен да «дубана таарынса куржунуна зыян» дедим да, алдап, акчасын да, күчүн да ала берейин деп ойлоп, кайра аны көздөй бурулуп, бек кучактадым.
Эртең менен жездемдин кучагында ойгондум. Көзүмдү ачып шыпты тиктеп жатып, түнкү окуяны эстеп, кыздыгымдан ажыраганыма өкүнүч каптады. Эмне кылып салдым деп ойлоп, алдыдагы күндөрүмдөн коркуп кеттим. Биринчи эле ой “эми кантип эрге тийем?” болду. Кайра жездемдин тиктирип берем деген убадасын ойлоп, көңүлүмдү тынчтандырууга аракет кылдым.
Жездем да ойгонуп, менин ойгоо жатканымды көрүп, кучактап, моюнумдан, бетимден өөп, оозумдан соруп баштады. Денеси денеме тийишкенде алигиси тикчийип туруп алганын сездим. Мен деле каалап турдум, бирок жанжеримдин ооруганы басыла элек эле.
– Жезде, меники ооруп жатат, – дедим, – Бүгүнгө жөн эле коелучу.
Улуу адамдардын ушунусу жакшы да, дароо түшүндү.
– Мейли, кыздыкты алдыргандан кийин үч күндөн кийин гана ооруганы басылат. Бул арада буга, – жанжеримди назик сыйпалады, – тийишпей эле койгон туура.
– Тим эле кыздыгыңызды алдырып жүргөнсүп сүйлөйсүз да, – деп күлдүм.
– Алдырбасам да алгам да, – жездем каткырды.
– Канча жолу? – чып жармаштым.
– Көп… – деп түз жооптон качып койду.
– Эжемдики бир, дагы кимдердики? – мен да такыдым.
– Эжеңдикин мен албагам, – деди жездем.
– Коюңузчу? Кантип эле? Анан кантип жашап жүрөсүз? – таң калганымдан оозум ачылып калды.
Ушул убакка чейин менде “кыздыгы менен күйөөгө тийгенде гана күйөөсү сүйүп, сыйлайт” деген түшүнүк бар болчу. Кыздыгың жок болсо, биринчи түндөн кийин кайра үйүңө жеткирип коет дегендей коркунучтуу нерселерди курбуларым менен сүйлөшчүбүз. Ошондуктан, кыздыктан айрылуу мага өлүм менен тете болуп келген.
– Иши кылса мен эмес, ким алганын эжеңден сураш керек, – деди жездем бул сапар ойлуу, – Кыздыгы болбосо эле жашабай коюш керек бекен? Үйлөнүп алдыңбы, артка жол жок, «ушундай беле бешенем» деген ырдай тиричиликтин көчүн улай бериш керек. А чындаса бир-эки тамчы кан эч нерсени чечпейт.
Мен жооп берген жокмун, таң калып эле жатып калдым.
Жездем туруп, жуунуп, жумушуна кетти. Мен турбадым. Эжем менен жездемдин уктоочу керебетинде жаткан калыбымда кечке уктадым. Эки бөйрөгүм салаңдап ооруп, кыбыроого дарманым жок. Кечке жуук үйдүн телефону шыңгырады. Алсам эжем экен.
– Сабактан келдиңби? – деди аманчылыкты сурашкандан кийин, – Эртең мага келип кетчи, бир кабар албадың го, тообо, – дейт.
– Жездем тамак алып барып жатам деген, – дедим эмне айтаарымды билбей.
– Тамак толтура, жездең да, досторум да алып келип жатышат. Бирок, сен деле келип кой да. Тамак жасабай эле кел, сүйлөшүп отуруп кетесиң.
– Бөйрөгүм ооруп жатат. Бүгүн сабакка барбай жаттым, – дедим ооруга шылтап. Ооруганым деле чын, бирок, кыбырасам да ооруканага барсам барып келмекмин, жөн гана эжемдин көзүн кароодон айбыгып жатам. Эжемдин эле эмес, көчөгө чыксам баары сөөмөйү менен мени көрсөтчүдөй, сыртка чыгуудан качып турам. Сабакка бараарымды элестетип, эми эле коркуп алгам.
– Суук тийгизип алгандырсың да, жылуу жүрбөйт белең, – деп койду эжем кайдыгер, анан дароо күйөөсүнө камкордук көрүүгө өттү, – Жездеңе тамак жасап, кийимдерин жууп- үтүктөп атасыңбы? Кечээ келгенинде карасам көйнөгүнүн жакасы кир болуп жүрөт, ушул кантип болсун?
Тим эле муну кара күйөөсүнүн кийимин жууп, үтүктөп жүргөндөн бетер. Ушул үйдүн босогосун аттап киргенимден тартып Талгат деген мырзанын бүтүндөй түйшүгү менин моюнума илингенин унутуп койгон өңдүү.
– Жууп атам, – демиш болдум.
– Үйгө убагында эле келип атабы?
– Ооба.
Дагы эмнени сүйлөшөбүз? Негизи эжем экөөбүздүн сөзүбүз ушуну менен аякташы керек. Ал мага кызыкпайт, мен да ага кызыкпайм. Менин ден соолугума, окуума, жандүйнөмө ал кайдыгер, мага да анын эч нерсеси кызык эмес.
Телефонду коюп ойго батып жатып калдым. Барган сайын эжемдин бактысына көзүмдү артып баштадым да. Килейген үй, ичи эмерекке толтура. Сулуу, билимдүү, акчалуу күйөөсү. Эмне себептен ал бул бакытка татыктуу болду? Золушкадай өгөй эненин каарын көрдүбү, же мен сыяктуу же атадан, же энеден жок арасат балалыкты өткөрдүбү? Кой, мейли, бактысы өзүнө кут болсун, бирөөгө көз арткан жаман дейт, мага да өзүмө ылайык бакыт тургандыр.
Каалга ачылды. Жездем келди.
– Балдызжан, – деди уктоочу бөлмөгө баш багып, – Дагы деле турбай жатасыңбы? Оорусу басаңдаган жокпу? Эптеп кийинсеңиз, бир жерге барып курсактарды кампайтып келет элек.
Тамак дегенде кантип кийинбей коеюн. Жездеме сулуу болуп көрүнгүм келди, жарашыктуу кийингим келди. Кашайып, шкафты ачсам бир түзүгүрөөк кийимим болсо өлөйүн. Так ушул мүнөттөргө чейин мен кийимге анча кызыкпаган экем. Эмне колума тийсе, жонума илип жүрө бергем. Антпегенге да мүмкүнчүлүк жок эле, кайсы акчага кийим алып, кайсы арыма (апам айтмакчы) койкоңдоп басат элем. Студент болгонума жарым жыл болуп калды, айылдан бир да жолу акча келбеди. Эжем ар айда проездной сатып берип коет, ошону менен троллейбус бир саатта келсе бир саат, кыш-күз дебей үшүп-тоңуп күтүп, сабакка барып келем. Андан башка колума бир тыйын кармай элекмин. Өгүнү жездем берген акчадан башка акчанын жүзүн көрбөгөм. Мектепте кийген кийимдерим менен эптеп жылаңач болбой келатам. Так ушул сааттарда жарашыктуу кийингим келди эле да. Бирок… Жападан жалгыз жемпирим менен шымымды кийдим. Күндөгүдөй. кудум эле жашыл арчамын. Жайында да, кышында да бирдей өңдө болгон жашыл арча.
Жездем машинесин от алдырып күтүп туруптур. Мага бир көз чаптырып карап алды. Экөөбүз шаардын сырт жагындагы эки кабаттуу килейген кафеге бардык.
– Кана, Ханум, каалаган тамагыңды заказ кыл, – деди жездем орундукка отурганыбыздан кийин күлө-багып.
Мен менюну алганымдан баштап эле колум титиреген. Тамактарды окусам шорпо дегени менен плову гана мага тааныш. Калгандарынын бирине түшүнсөм өлөйүн. Тааныбаган тамакты тандаш да кыйын. Азыр айтсам тилим келбей калабы деп андан да корктум, айтсаң тил сынчудай кебетеленген тамактын аталыштарын окуп атып. Абдан тандап аткан адам кейиптенип, менюдан көзүмдү албай отура бердим.
– Тандадыңыздарбы? – деп официант жигит келди бир маалда.
Жездем өзүнө мен билбеген тамактарды заказ кылды. Анан мени карады.
– Бул сулуу кыз тандады бекен, сурайлычы, – деп.
Сулуу кыз дегени жага түштү. Өзүмдү чын эле сулуу элестетип, бир чети эрдемсип, экинчи четинен корунуп, уяла түштүм. Какшыктап жатабы деген ишенкиребөө да.
– Мага шорпо! – дей салдым, жездемдин да, официанттын да карап турганынан ансайын шаштым кетип.
Жездемдин бир кашы көтөрүлдү, бирок, эч нерсе дебеди. Официантты карап, колун жайды.
– Суусундуккачы?
Кока-колага тилим жакшы келет эле, ошону айта салдым.
– Стакан, же бир литрби?
Уфф, эмне деген официант, каалагандай алып келе бербейби, тим эле такмазалап туруп алат экен да. Жардам күткөнсүп жалдырап жездемди карадым.
– Литр, – деп койду жездем.
Заматта столдун үстү жайнап чыкты. Үч түрдүү салат, кока-кола, апельсин ширеси анан ысык демделген чай. Чынын айтсам, ысык чайды көргөндө кубанып кеттим. Баятан бери чай эле айтсам болмок экен деп отургам. Денемдин жанчылып ооруганы ысык чай ичсем басылып калчудай туюлуп турган. Чайды пиалага куя коюп, иче салсам эле даамы башкача. Аз жерден окшуп жибере жаздадым. Бир ууртадым да, эптеп жутуп, билдирбей отуруп калдым. Ошону менен ал пиалага тийишпедим.
– Сизди эжем кафеден тамактанбайт дебеди беле? – дедим алаксымакка.
Жездем бырс этип күлүп койду:
– Анан кайдан тамактанмак элем?
– Үйдөн гана тамактанат деди го ооруканага кетээринде сизди мага табыштап.
Жездем жашыруун сыр айтчудай, столго өбөктөп, көзүн күлүңдөттү.
– Ханум, айтчы, сен келгенден бери эжең тамак жасадыбы?