17-бөлүм
– Анан кандай? – үнүнөн жеңилдей түшкөнү байкалды.
– Үй алып берем деп убада бердиңиз эле го, эсиңиздеби?
– Ии… ооба… – шашкалактады.
– Эсиңизде болсо, анда убаданы аткарууга убакыт келди. Мен шаардан үй көрүп келдим. Жарым акчасын берсеңиз болду, жарымы менде бар.
Сумманы айттым, ичимден азыр ар кайсыны бир айтып, маселелерин тизмектеп, убадасынан качат деп ойлодум. Бирок, мен күткөндөй болбоду, байке дароо эле башын ийкеңдетти.
– Как раз күзүндө сатылган топоздордун акчасы бар. Сен айткан суммага жетет, ошону берем, – деди. Анан колумдан кармай калып:
– Анда-санда шаарга барсам, коноктоп турасыңбы? – дейт. Көзү дүкөндөн оюнчук көрүп калган жаш баланыкындай жалдырап кетти. Бооруп ооруй, мен да колунан кармадым:
– Сөзсүз да, качан барсаңыз каалга ачык. Өзүңүз алып берген үйдө өзүңүздү коноктойм, – деп үнүмдү акырын чыгарып кылыктана күлдүм. Байкенин көөнү жай болуп, акчаны алып келмекке үйүнө кетти. Акча колума тийери менен кудуңдап, мынчалык тутам-тутам акчаны көрбөгөн жаным, үйгө келгиче алка-шалка терге орондум. Апамдын эски жоолуктарын алып, от жагылбаган суук үйгө кирип (анткени, ал жакка кышында бир тирүү жан басып кирбейт, коопсуз) акчаны жоолуктан жоолукка ородум. Анан аны баштыктан баштыкка салып, түнү жаздыгымдын алдына коюп уктадым. Улам ойгонуп, жаздыгымдын алдын сыйпалайм. Баштыгымдын бар экенин билгенден кийин гана жүрөгүм басаңдайт. Таң атпай ойгонуп, даярданып, аялдамага чыктым. И баса, эртең менен дааратканага бараарда да баштыгымды көтөрүп алдым. Ары бассам эле бирөө көтөрүп каччудай сезилип туруп алды. Дагы жакшы бул убакта агам мене жеңем коңурукту кош тартып уктап жатышкандыктан, менин бул таң калаарлык акыбалыма күбө болушпады.
Шаарга келсем, жездем да иш сапарынан келип калыптыр. Мага табылбай турган шылтоо таап берип, эжем ал күнү кечке мени жемеледи. Жездем баарын угуп отурду. Ашканага тамактанууга чогулганыбызда да адатынча каарып баштады.
– Дейди, баш берди кыз болдуң го. Сабактан кийин өз убагында келип, мага бир аз жардам берип койсоң болбойбу, ыя?! Сенде жеген тамагымды актайын деген ой болобу, же жокпу?! Эми эртең да таң атпай салпактап кетип, эл жатаарда келесиң да, э?! Сени эмнеге согумга сойчу малдай бордоп жатабыз билбей калдым, пайдасы тийбеген малды да же сатып, же союп жоготот! А сени эр да, жер да албайт го!
Мен унчукпай тамагымды иче бердим. Жездем жадап кетти окшойт, аялына бурк этти:
– Ой, тамакты жөндөп ичиресиңби?! Жок дегенде тамактанып жатканда оозуңду тыя турчу! Эртеден бери наалымайларыңды уга берип башым ооруп кетти!
Ушул убакта баланын чырылдап ыйлаган добушу угулду. Эжем кашыгын таштай коюп, уктоочу бөлмөгө чуркады. Эжемдин кеби мага эчак эле таасир этпей калган. Кыжырымды келтирет, бирок, жүрөгүмдү оорутуп, ыйламай мага жат. А азыр кырдаал мен тарапка бурулуп турганын байкап, калп эле көзүмдү жашылдантып, кошуна байке мага кандай караса, мен да так ошондой жалдырап жездеме тигилдим.
– Жезде, – дедим үнүмдү аста чыгарып, – Бул үйдө жашагым келбей калды. Же, эжем мени өлтүрөт, же өзүмдү өзүм өлтүрөм го, – деп кирпигимди ирмедим эле даяр турган көз жаш тып этип столго тамды. Жездем чебелектей калды:
– Эжеңе көнүп бүткөндөй эле болдуң го. Мунун кебин кеп катарында көрбө! Окууңду мен төлөп жатамбы, тамакты мен таап жатамбы, болду да.
Көзүнө тигилсем, мени аяо менен боор толгоо толуп туруптур. Мындай шансты кое берген болбойт дедим да, балп эттирдим.
– Мага үй алып бериңизчи. Айылдан акча алып келгем, бирок, эжеме айтпаңыз. Бир үй көрдүм эле дагы бир аз жетпей жатат. Ошону толуктап бере аласызбы?
Эжемдин басып келаткан дабышы угулду. Жездем шашкалактап:
– Макул, макул, – деп эки ирет кайталап, башын беш-алты жолу ийкеңдетти.
Мына, ошентип, көздөгөнүмө жете турган болуп калдым. Ичимде кубаныч ойноп, оозумду жыйайын десем да, болбой эле жалжаят. Табактан баш көтөрбөй, көзүмдөн эжем кубанычымды билип койбосун деп тамакты шашылып жедим да, башка бөлмөгө кетип калдым.
Сабакта отурсам телефонум шыңгырайт. Акырын алдым:
– Ало, – дедим шыбырап. Жездем экен. Башка номерден чыкканы үчүн билбеген элем.
– Ханум, сабактан качан чыгасың?
– Эми эле башталбадыбы? Түштөн кийин бошойм да.
Мугалим мен тарапты жаман көзү менен карап койду. Ага болчумунбу, тигүү машинеге башымды бекитип алдым.
– Азыр эле чыга кал. Батир көрөбүз.
Мына сага. Кыял ушунчалык тез орундалаарын билбептирмин. Батирди укканда кантип тынч алам, ордумдан шак турдум. Мугалим мени карап калды.
– Эжеке, мага уруксат бере туруңузчу. Эжем жол кырсыгына кабылып, ооруканага кетиптир, жаш баласы үйдө жалгыз калыптыр, – деп эле көзүмдү жашылданттым. Эжеке жаман көрө тиктеген көз карашын дароо жумшартты:
– Ий, жаман болгон турбайбы, бар, бара гой.
Сумкамды алдым да сыртка чуркадым. Жездем менен жолугушкан жерге жеткиче бир тынбадым. Өпкөмдү көптүрүп чуркап жетип эле, машинесине отурдум. Жездем чочуп кетти:
– Тынччылыкпы? Карышкыр кубалап келатабы?
Моюнунан кучактап, бетинен чопулдатып өптүм.
– Карышкыр мени кубалап жин тийиптирби? Баары бир жеткирбешимди билет да.
– Э? Кимге жеткиресиң?
– Сиздей арстан жигитке! –жагалданып болбой калдым. Жездем ыраазы боло компойду. Кызык эле, эркектер жаш баладай эле болушат экен. Мактап-жактап турсаң эле ыраазы, сенин ар бир ыр-чырыңа унчукпай көнүшөт тура.
– Кана, кайсы жактан батир карайлы? – деди мага.
– Мен карап койгом, – даректи айттым, – Ошол жакка айдаңыз.
– Кыйындыгын, – таң кала тиктеди, – Жарым акчаны кайдан алдың?
Жездем менин ата-энемдин кандай шартта жашаарын жакшы билет да. Ошого апамдар берди десем ишенбешин түшүндүм. Ушундай суроо берилээрин билгем, билип туруп алдын ала жооп камдап албаганымды кара.
– Эме… тиги… – какалып барып өзүмө келдим, – Атам берди!
– Узак байкенин ушунча акчасы барын билчү эмес экенмин, – жездем мени шектүү карады. Мен саамга унчукпай отуруп, оор үшкүрүндүм да, олуттуу айттым:
– Эч кимге, эжеме да айтпайм десеңиз айтам. Эжеме айтсаңыз ал дароо апама жеткирет.
– Айтпайм. Айт эми. Кайсы жигитиң берди?
– Өзүмдүн атам берди, – дедим абдан ойго чөккөндөй болуп.
– Кайсы?. .
– Билесиз да, сиз айткан Узак менин өза там эмес. Өз атам башка жакта…
– Ии, билем, ал кандайча?. ..
– Суранам, ашыкча суроо бербей эле коюңузчу. Жарым акчасын кошуп алып бере аласызбы үй, же жокпу, ошону эле айтыңыз. Ансыз да мага оор, суроого жооп бере албайм, – деп анын кебин оозунан жулуп алдым. Ал түшүнгөндөй карады да башын ийкеди. Оңой кутулуп кеткениме кубанып мен бараттым. Баягыда көрүп кеткен батирге барсак, менин насибиме буйруп турганбы, сатыла элек экен. Жездем соодалашып, акчабыз нак деп жатып, баасы ылдыйлатты. Мен акчамды жанымда алып жүргөм, жездем да ала келген экен, экөөн кошуп, үй ээсинин айткан суммасын берип, нотариуска барып, документтештирдик. Ылдыйлатылгандан калган акчаны бербейт го деп ойлоп жаткам, үйдүн документин алгандан кийин акчаны мага карматты:
– Мына бул акчага эң керектүү буюм сатып ал, – деп. Кудуңдаганымды айтпа.
– Конок болуп келип турсам болот да э? – дейт.
Кошуна байкенин так ушинтип суранганы кулагыма жаңыра калды. Сүйлөшүп алышканбы булар? Күлкүмдү араң тыйдым.
– Албетте! Сизге каалга ар дайым ачык го.
– Эмнеге күлүп жатасың?
– Үйлүү болгон адам күлбөгөндө ыйламак беле?
– Да, аның чын. Үйлүү болгон башка адам бир кубанса, сен эки кубанышың керек. Он сегизге чыкпай жатып, жеке менчик үйлүү болдуң, – деп колумдан кыса кармады.
Эми эжеме айтышым керек. Ал күнү да караңгыда үйгө бардым. Баланын ваннасында жалаяктары үйүлүп, сыртка чыгайын деп калыптыр. Газдын үстү бир эли күйүк. Раковина булганган идиш-аякка толгон. Эжемдин чачы саксайып, халатынын жакасы жагжайып, көзү шишип, тим эле өң-алеттен кетиптир. Мени көрүп эле:
– Мына бул жаагын баспаганды карачы! Уйкум келип өлгөнү калдым, – деди да менден жооп күтпөй, уктоочу бөлмөсүнө кирип кетти. Бала диванда чырылдап ыйлаган бойдон калды. Кийим которунганга да шайым келбей, ваннага кирип шашылып колумду жууп чыгып, баланы алдым. Ыйлай берип ыктытып калыптыр. Ини-сиңдимди багып чоңойтконго менде тажрыйба деген толтура да, эркелетип, колума көтөрүп, жалынып-жалбарып кирсем эле токтоп калды. Бетин жууп, сүт бышырып берип, кийимин которуп, анан бешикке тыкыйта таңып бөлөдүм эле, чарчаган бөбөк дароо уйкуга кетти. Аны уктатып коюп, заматта идишти жууп, газды жаркыратып, үйдү мизилдетип, ал турмак «атала маңка аш бекен» дедим да, шымаланып, ванна толтура кирди да жууп таштадым. Мунун баарына үч сааттай эле убакыт кетти. Эжем көзүн ушалап туруп келип, эки жакты таң калып эле карап калды.