20-бөлүм
Саатка жакындай берип, анын турганын көрдүм. Бирде саатты, бирде эки жагын каранып турат. Мени көрүп, жарк этип күлүп жиберди.
– Сени келбей коебу деп коркуп жаткам. Телефон чалайын деп кайра улам-улам тынчын ала берсем, такыр эле качып кетпесин дедим, – деп күлө бакты.
Менин бетим кызарып кеткенин ысыганынан боолгодум. Дегеле бир да эркектин алдында минтип кызарып, кичинекей кыздай уялып көрбөдүм эле.
– Кайда баралы? – деп сурады. Ийинимди куушурдум. Чынында аны менен кайда барсам да макул элем.
– Биринчи тамактаналы, андан кийин калганын ойлонуштурабыз, – десе жаман оюмда мейманканага алып барат окшойт деп ойлолдум. Жалаң эле дене кумардын туткунунда калган эркектер менен жүрө берип ойлорум да биротоло кирдеп кетиптир.
Тамактанып отуруп да, ар кайсыны бир ойлойм. Анын суроолоруна жооп беримиш болуп, тамактанып жаткан түр көрсөткөнүм менен ойлорум чалды-куйду. «Азыр мейманканага алып барса, дароо эле макул болуп жатып берсемби, же мен кызмын деп боюмду ала качсамбы? Же такыр эле тамактанып бүткөндөн кийин үйгө кетем десемби? Дароо жатсам жеңил ойлуу экен деп экинчи келбей коебу, же бүгүн айткан жагына барбай койсом, кылыктана берет экен деп көңүлү сууп калабы?»
– Ханум, эмнени ойлонуп жатасың? Менин сөздөрдөрүмдү укпай жатасың го? – деген үнүнөн өзүмө келе түштүм.
– Аа… мен… жөн эле… – деп уурулугумду карматкандай алактадым.
– Базарда иштегениңе көп болдубу? – дедим. Мага ал тууралуу ар бир маалымат кызык эле.
– Базарда түштөн кийин иштейм. Түшкө чейин окуйм.
– Кайда?
– Сүрөт академиясында.
– Койчу? – деп таң калдым, – Ошондо сүрөтчүсүңбү?
– Болочок сүрөтчүмүн. Азыр анын миң кырлуу сырларын үйрөнүп жатам. Быйыл 5-курсмун. Буйруса, ушул жайда диплом алам. Анан сүрөтчүмүн деп айтсам болот.
– Канча бир туугансың? Шаарда ким менен турасың?
– Ата-энем Ошту билесиңби, ошол жактагы бир айылда жашашат. Менден улуу үч, менден кийин үч бир тууганым бар. Окуу жайдын жатаканасында жашайм. Бул жакта ага-эжелерим деле бар, бирок, окуганга эч ким жолтоо болбойт деп жатаканага чыгып алгам. Алардын жаш балдары бар да, ызы-чуу кылышат дегендей. А мага тынчтык керек. Базардагы орун агамдыкы. Сага аз да болсо, акча болсун деп түштөн кийин мага соода кылдырат, — деп күлдү. Күлгөндө аппак тиштери кашкайып, бир башкача ажарлуу көрүнөт экен. Аны карап эле катып калдым.
Кафеден чыгып, жол боюнда сүйлөшүп бараттык. Дагы деле оюмда эми кайда алып бараар экен деп жаттым. Бирок, мен ойлогондой болбоду. Колумдан кармап:
– Жүр, паркка барабыз. Же киного кирүүнү каалайсыңбы? – деди.
Мен экөөнө башымды ийкеп, макул деп жооп бердим. Жаш балдардай кол кармашып чуркадык. Паркка барып, ээн жерлерде көпкө сейилдеп, тоңуп калганыбызда кинотеатрга келдик. Кино көрүп кеч чыктык да, үйгө чейин жөө келдик.
– Мына, үйгө да жетип калдык, – дедим.
– Анда, жакшы кир да, жакшы укта, – деп жылмайды, -Карачы, колуң тоңуп калыптыр, – эки колумду кармап, оозуна жакындатып, деми менен жылытты. Мен аны кетиргим келбей жатты. Ичимден өзүмдү уруштум, «Бул сага аял дегенде эле анын алаасын элестеткен бузуку эркектериң беле. Бул жаш, таза жигит. Таза жигитке таза мамиле жаса, эгер аны жоготкуң келбесе!»
– Үйүңдөгүлөр да санааркап жатышат го, – деп Байтур жылмайып койду.
Коштошуп, эки кадам таштаганымда, «Ханум», – деди. Мен эми айтат, үйүңө кирейин десе керек деп, бурулдум.
– Сени менен таанышканыма абдан кубанычтамын! – деди. Чын ынтаасы менен айтып жатканын айдын жарыгында мээримге толгон кареги билдирди. Мен жылмайып башымды ийкедим да, жолумду уладым. Тообо, бул башка ишти ойломок турсун, кучактап өпкөнгө да батынбады го. Ушундай да эркектер болобу. Үйгө кирип, жуунуп, жаткыча ушул ой мээмден кетпеди. Жүрөгүм биротоло Байтурга байланып, ансыз жашай албай калганымды түшүндүм. Түнү менен ойлонуп жатып, «Менин деле бактылуу болууга акым бар. Ушул жигитке турмушка чыгып, балалуу болуп, аларды чоңойтуп, тынч жашоо өткөрүшүм керек. Болду, ары-бери басканымды, ар кимдин алдында жатканымды жыйыштырам! Байтурга жетсем эле болду, абдан жакшы аял болом!» – деп бүтүм чыгардым.
Эртең мененки таттуу уйкумду телефонума келген смстин добушу бузду. Уйкулуу көзүм менен смсти ачсам, Байтурдан экен. «Кутман таң, табышмактуу сулуу кыз» деп жазыптыр. Көңүлүм ачыла түштү, артынан кайра ой басты: «Табышмактуу болгондо да кандай дейсиң, коку сбир табышмагымдын эле жандырмагын таап алсаң изиңди калтырбай жоголосуң го». Эртерээк ойдогу планды аткармакка, ал күнү сабакка барбадым. Жездемдин жумушка кетчү убагын боолголоп, телефон чалдым.
– Жезде, мен тарапка бир келип кетпейсизби? – дедим.
– Оу, балдызжан мени сагынып калган го. Мен да сенин жытыңды сагынып араң жүрөм. үйдө болсоң, обедке өтүп барам, – деди жыртаңдап. Тообо, мунун сөзү да мага жакпай калыптыр. Итиркейим келип, «эси-дарты алигисинде. Андан башка ою да, санаасы да жок», – деп ойлоп алдым.
Үйдү жыйнаштырып, эт менен пиязды кызарта кууруп, кызыл шорпо жасадым. Жездем ушул шорпону абдан жакшы көрөт. Азыр бизде олуттуу сүйлөшүү болот. А эркектен олуттуу сүйлөшүүдөн жакшы жыйынтык алгың келсе, биринчи курсагын кампайт. Өтө эле акылдуу болуп бараткандаймын да. Өзүмдү шылдыңдап, ууртумдан бырс этип күлүп алдым. Акылың башыңдан ашат го чиркин, эми Байтурдун боосун бекем кармасаң экен.
Жездем келди. Босогодон эле, эшик жабылаары менен кучагына тартып, алкымымдан аймалап, эмчегимди эзгилеп жүрөт. Бул сапар мен да жабыша кетпей, көкүрөгүнөн түрттүм.
– Кое туруңузчу. Жок дегенде бут кийимиңизди чечип алыңызчы.
– И, балдызжан, абдан эле олуттуу болуп кеткенсиңби. Же маанайың жокпу? Мышыгыңды ким пыш деди, атын атачы, өпкөсүн жулуп алайын.
Анын тамашасы да негедир мага жаккан жок. Жыты да жакпады. Байтурду көргөндөн бери башка бир да эркек жакпай калгандай. Ылайым, ушунтип, түз жүргөн аялга айланып кетсем экен.
– Ооба. Анткени, олуттуу сөздөр бар сүйлөшө турган.
Жездемдин жүзүндөгү күлкү жоголду. Бут кийимин чечип, артымдан ашканага кирди. Столго дасторкон салып, нан коюп, шорподон чыныга куйдум.
– Жытынан эле кандай даамдуу шорпо экени билинип жатат. Азамат, балдызжаным, жездесинин талылуу жерин билет. Курсагым да ач болчу, эртең менен үйдөн тамактанбай чыккам, – деп колун жууп келди.
Ал тамак ичкиче күтүп турдум. Өзүм тамактанууга табитим тартпады. Качан гана майланышкан оозун сүлгү менен аарчып, көңүлү жамданып отурганда, сөз баштадым.
– Жезде, сиз билесизби, алгач ирет экөөбүз чогуу болгондо «күйөөгө тиериңде тиктирип берем» дегенсиз.
– Ии. Ооба, эсимде, – жездем мени карап катты.
– Ошонун убагы келди. Мен бир жигитти сүйүп калдым. Ага турмушка чыкпасам жашабайм, өлүп калам, – дедим маселени кабыргасынан коюп, – Ага жолуккандан бери сизге капа болуп жүрөм. Ошондо мени булгабаганыңызда, азыр абийиримдин алдында уялбай, ал жигит менен кенен-кесири кол кармашып жүрмөкмүн. Сүйүү келген учурда мен мындай болуп калам деп ойлобогон элем.
– Сен антип санааркаба, – деди жездем мени жоошутмакка жумшак үнү менен, – Мен сени үчүн, сенин бактылуу болушуң үчүн колумдан келгенин баарын жасайм. Тиктирип да берем, кааласаң ал жигитти сага үйлөнүүгө аргасыз да кылып коем.
– Кантип? – көзүм чоңое түштү.
– Аны жездең жакшы билет.
Экөөбүз жакшылап сүйлөшүп, эмне кылаарыбызды аныктап, такташып алдык.
– Сүйсөң, сүйдүм эле деп оозуңду ачып калып кетпей, эртерээк аракет кыл. Сен күйөөгө тийсең, мен да жакшы күйөө болуп калаттырмын, – деп каткырды. Менин турмушка чыгам дегеним жездеме абдан жакканын байкадым. Сыягы, кайсы күнү чаң чыгарып, эжесине баарын айтып, турмушумду бузаар экен деп коркуп жүргөн го. Айрым сөздөрүнөн ушундай коркунучта жашап келгенин байкап жаттым.
Жездем мени тааныш врачына алып барды. Экөөнүн эзелки тааныштарда, анан да бат-баттан жолуккан тааныштардай сүйлөшүп жатканын көрүп, «аа, жезде, бул жакка көп кыздарды алып келип турат окшойсуз», – деп ойлонуп койдум. Дарыгер ашыкча суроо бербестен, эки бутту эки жакка керип жата турган креслого чыгарып, жарым саатка жетпеген убакытта мени кайра кыз кылып койду. Наркоз берилгендиктен, ооруну сезбедим, бирок, ийненин кирип-чыкканы жагымсыз болду.