7-бөлүм
Шыбырап, энтигип, агамдын кулагынан, чачынан сылагылап, буттарымды бирде анын далысына арта салып, бирде төшөккө суна калып, тынч ала албай ойдолоп жаттым. Агам болбойт дегенсип башын аста чайкап койду, а тили тынбады. Көзүбүз чала жумулуп, көкүрөгүбүз көөшүп жатып калганыбызда сырттан короз кыйкырды. Анын артынан атам менен апамдын кобуру угулуп, бир кезде атам биз жаткан бөлмөнүн эшигин каккылады:
– Аслан, тур, тамактанып, даярдан, убакыт болду.
Мен агама кайра жабыштым. Жытынан жыттап-жыттап, бир жылдык кылып жыйып алгым келди. Биринчи жолу азыраак жумшак жүн өсө баштаган көкүрөгүнөн өпкүлөдүм. Ал да унчукпады. Чачымдан сылагылап жатты. Анан:
– Хануля, мен келгиче жакшы жүр э? – деди.
– Эмнеге мага дагы тийбей койдуң? Жок дегенде бүгүн тийсең деле капа болмок эмесмин, – дедим үшкүрүнүп.
– Жинди, жолуңду ачып койсом анан кетесиң айылдын баш-аягын сугарып. Сенин жолуң жабык, күйөөгө абийириң менен тийишиң керек, ушуну эсиңден чыгарба, уктуңбу? Мени, агаңды уят кылба, – деп күлдү.
Мен да айласыз күлдүм. Анда мага алдыдагы жашоо, башка күйөөгө тийүү, агамды кайын-журтумдун алдында агам катары көрсөтүү дегеле келбей турчудай, ага жетүү үчүн узак-узак жол басуу керектей туюлчу.
Ошентип, агамды да аскерге узатып кала бердик. Мага бүт дүйнө көңүлсүздөй сезилип, өзүмдү коерго жер таппайм. Мурдагыдан да түнт болуп, өз оюм менен алек болуп, оокатты жасап, мектепке барып келип, окуп жатат аты болуп жүрө бердим. Агам кеткенден кийин бир класс жогору окуган бир бала кат жазып, үйгө чейин узатууга аракет кылып жүрдү. Бирок көңүлүм чаппады, катуу айтып кагып салдым эле ошол бойдон жоголду.
Ары-бери карагыча убакыт да өтүп, 10-классты аяктадым. Дагы бир жыл чыдасам шаарга кетем деп өзүмчө эле көңүлүм ток. Агам аскерден кийин келбеди. Шаарда калыптыр. Окууга тапшырат экен. Таежелеринин үйүндө жүрүп, алар окуусуна да жардам беришет имиш. Ошону менен бизди унутту көрүнөт, аскерден кийин бир келип көрүп кеткенге жарабады. Мен ичимден ага катуу таарындым. Таарынганда эмне? Менин таарынычымды ким таарыныч катары көрмөк эле. Өзүмчө ичимден күйүп, ичимден түтөп жүрө бермей да. Кийинки жылдын жаз айынан баштап үйдө уруш-талаш башталды. Апам менин окууга кетээриме аз калганын билген сайын, бүт тирилик өз моюнуна жүктөлөрүн боолгоп, эптеп эле алып калуунун аракетин көрүп жатты. Биринчи жолу апама каяша айтууга туура келди.
– Окууга барам, окуйм! – дедим.
– Мунун тили чыгып калганын. Эмне, чоңойуп алдыңбы? Шаарга барып окуп кыйратмак белең, айылдагы окууңду эптеп бүтүрдүң, – деди апам колунда үбөлүгү менен тап берип.
Кызык эле апам, кызынын 17ден ашып калганы менен иши жок, дагы деле ургусу бар.
– Айылды кыйратпадым, эми шаарды кыйратам.
– Тилиңди сууруп алам азыр. Окуунун балекетин аласыңбы, андан көрө айылда, мага жардам берип жүр. Күйөөгө тийсең ошол пайда сага. Бул кейпиңде күйөө алаарына да ишенбейм, – апамдын өңү кумсарып, эриндери титиреп чыкты. Мен да көнбөдүм.
– Кызыңыз менен балаңыз бар, ошолор жардам берсин.
– Булар кичине.
– Мен ушундай кезимден баштап тириликке бышкам.
– Сени ким бышырды эле?! Мен бышырдымбы, же өзүң ушинтип төрөлдүңбү?
– Сиз бышыргансыз, эми бул балдарыңызды да эркелете бербей бышырып алыңыз!
Биздин урушубузга аралашпай, четте угуп отурган өгөй атам талашка чекит койду:
– Ээ, сен да бир кызык неме экенсиң, – деп апама корсулдады, – Тим койчу, барса барсын, окуса окусун, – анан мага бурулду, – Бирок эсиңде болсун, сага сала турган акчабыз жок. Окуйм десең өзүң акча таап, өзүңдү өзүң каржылап каалашыңча окуй бер. Биз Асланды окутуп алсак да жетиштүү.
Апам «ырас» дегенсип башын ийкегиледи. Алкымыма тыгылып ыза келди. Өзүнүн карачечекей кызынан да өгөй баласын жогору койгон дүйнөдө жалгыз эне болсо, ал менин апам болуш керек.

●●●
Кош бол, балалык. Кош бол, окуучулук күндөр. Кош бол, чоңойгон айылым. Мен азыр шаарды көздөй таксиде баратам. Апам райондун борборунан борборго кетчү таксиге салып койду. Бишкектен таежем тосуп алат. Өзүмчө эле эргип, автобустун терезесинен көзүмдү албай келатам. Уктап калсам эле шаарга жетпей калчудай, чыпталган кирпиктеримди күч менен ачып, жолго тигилем. Анан эмне, бала болуп башыма чач чыкканы биринчи жолу шаарга баратышым. Болгондо да борбор калаанын өзүнө. Кантип окуйм, кайсы акчам менен окууга тапшырам – ойлонгон да жокмун. 17 жашка чыксам деле баары бир балалыктын калдыгы жандүйнөмдө бар окшойт, толкунданып, шаарга баратканыма эле ыраазы болуп жатам. Калдыгы дейм да, эрте тириликке бышканым, эрте агамдын коюнуна киргеним эле болбосо, баламын да дале.
Бир убакта караңгы кирди. Кеч жолго чыккан элек, эки-үч сааттан кийин эле күн уясына батты. Караңгыда сырт жакшы көрүнбөгөндүктөн алаксый турган нерсе жок, уйкум чындап келди. Жанымда 50 жаштын ары жак-бери жагындагы эже уулу менен отурат. Ал да уулун шаарга окууга алып баратыптыр. Жолду катар чоң эле баласына өнтөлөп, бирде колундагы баклажкадагы суусун ичирип, бирде колуна булочка кармата коюп, бир башкача мээримдүү экен. Уулу да сымбаттуу, сулуу тура, астыртан карап баратам. Апасынын уулуна жасаган мамилесин көрүп өзүмчө эле эңшерилип алдым. Менин апам мени окууга алып келмек тургай, кетип баратканымда бетимден өөп да койбоду. Тескерисинче, кучактайын деп кучагымды жайсам, жактырбай, ары бурулуп:
– Башың баш, багалчагың кара таш. Бир жылга жетпей мурдуңдун суусун агызып, алдыма келбесең элеби, – деп ары жактагы адамдардан жазгандыбы, акырын каарып алды. Ичимден сөз бердим: «Мурдум турмак, ашка жагымдын суусу акса да кайрылып келбейм! Мага 17 жылдык өмүрүмдүн мээримге өксүк болуп өткөнү жетишет!»
Машиненин алдыңкы орундугунда бир киши отурат. Айдоочу да жаш эле жигит окшойт, жанымдагы эжени да, өзүнүн катарындагы кишини да «эжелеп, байкелеп» жатканына караганда. Ардемени ойлоп баратып, көзүм илинип кетиптир. Бир убакта кыйкырык чыкты. Көзүмдү шак ачканым менен бир саам кайсы жерде экенимди түшүнө албай, анан гана эстедим. Таксиде баратпадым беле. Жанымдагы эже суу куюлган баклажкасы менен айдоочунун катарындагы кишини башка-көзгө ургулап:
– Ач көзүңдү, ач дейм! Кара жолду! – деп эле кыйкырып жатат. Ал киши баклажкадан калкаланып, колу менен бетин бекитип алган. Бетин эле бекитсе болду окшойт, башына каалашынча тийсе тийе берсин дегенсип. Ал бетин калкалаган сайын эженин жаалы ансайын келип, баклажканы дүңкүлдөтүп, башына, жонуна, бетин калкалаган колуна чапкылайт.
– Ач дейм көзүңдү, өлөт алгыр! Ач! Кара!
Эмне болуп кеткенин түшүнбөдүм. Бул киши эжеге кандай жамандык кылды экен деп гана ойлодум. Минтип болгон ачуусу менен чоочун кишини чапкылаганга ошого тете себеп болушу керек да. Эженин уулу да уктап баратканбы, менден бетер көзүн бардап, болуп аткан окуяга аңкоо тигилет. Бири бирибизди карашып алдык, көзүбүздө түшүнбөөчүлүк турат.
– Рулду карма! – деди эже чаңырып.
– Эже, эжеке, рулду мен кармап баратпаймынбы? – деди айдоочу. Эже оң тарабына шарт бурулуп, бир саамга айдоочуну тиктеди да, анан ордуна лык отурду. Машиненин ичин беш секунддай жымжырттык каптады. Алдыдагы жүргүнчү байке колун бетинен абайлап алды, акырын бурулуп эжени карады. Кайра чабуулга өтсө, калкаланганга тез болот дедиби, колун төмөн түшүрбөдү. Көзү алактайт, ал байкуш да эмне болгонун түшүнбөдү көрүнөт. Бир кезде эже ыкшып баштады. Мен алгач ыйлап атабы деп ойлодум.
– Эже, эже, эмне болду? – деп каруусунан кармап, анын ыйлабай эле быкшып күлүп жатканын түшүндүм. Анын артынан айдоочу каткырды. Каткырганда да ушундай, машинесин жол жээгине токтото коюп, рулга өбөктөп, тим эле быкшып калды. А биз үчөөбүз – мен, баклажка менен сокку жеген киши, эженин уулу – аларга тигилип, эч нерсени түшүнбөсөк да, «улуу үйдөгү күлсө, кичүү үйдөгү ырсайат» болуп кошулуп күлө баштадык.
– Мен… мен… – деди эже ыкшып. Сөзүнүн аягына чыгарбай эле күлкү алып кетет.
– Сиз… сиз… – деди айдоочу дагы, ал да сөзүн толук айтып бүтө албай эле ыкшып калды.
– Заманың менен түшкүр… оң рулдуу машинеге биринчи түшүшүм. Угуп жүргөнүм менен түшүп көрбөгөм… Биз жакка келгенине аз эле убакыт болду го… Бул машине оң рулдуу экенин унутуп калыптырмын. Ойгонуп кетсем эле айдоочу уктап баратат… Жүрөгүм түшүп, азыр жолдон чыгып кетсек, бирибиз да соо калбайбыз деп жаным чыгып, колумдагы баклажка менен башына чаап, айдоочуну ойготойун десем… – эже эптеп айтты да, кайра ыкшыды.