Prev1 of 34Next

«Кимдин кимдин заманы, соодагердин заманы» деп айтылгандай, акыркы кезде көпчүлүк калк базар менен оокат кылып, соодагер дегендин ордуна бөтөн элдин тили менен соодагерди «бизнесмен» деп айтып калбадыкбы. Айткандай завод-фабрикалар иштебей калганы көпчүлүк эл бош болуп, ар ким өз арбайын согуп, жан багуу менен алек. Ушундай кыйын кырдаалда республикабыздын ар тарабынан Чүй аймагына көчүп келип, борбор шаарыбызды тегеректеп жашап жаткандардын саны арбын.

Prev1 of 34Next