«Фламинго» клубу Алматынын четинде экен. Биз ал жакка Макстын машинеси менен келдик. Темир тулпары «Ленд Крузердин» соңку үлгүсүнөн экен. Күн ысык. Маңдайыбыздан шорголоп терибиз куюлуп жатты. Экөөбүз тең жарашып, тулку боюбузга жабышкан смокинг кийип алганбыз. Макс ошол смокингчен төрөлгөндөй эле чыкыйып турду. Мен болсо прокатка алгам, кыймылдаган сайын дал-далынан сөгүлүп кетчүдөй болуп тыртыят. Кенен-кесири кыймылдай албай кыжаалат болдум, анда-санда мындай кийим кийип жүрбөсөң да кыйын экен. Бийик тосмонун жанында үч машине токтоп турган. Негедир Анвар Жолбердиев көрүнбөйт. Эми кантип кирээр экенбиз деп санааркай, кезекте турган машинелердин артына кошулуп тура берели деп чечтик. Анвар эмнеге келбей койду экен? Бизге берген убадасын аткаралбай калдыбы? Эмнеси болсо да киргенге аракет кылып көрөлү дедик. Кароолдор конокторду текшерүү менен алек. Кезек бизге да келип жетти. Бойлуу, далдайган жигит машиненин ичин жарык кылды.

– Белетиңиздерди көргөзүп коюңуздар, – деди корулдаган жоон үнү менен.

Бизде кайдагы белет? Эмне деп жооп берээримди билбей туруп калганда артыбыздан бир машине келип, элүү-элүү беш жаштардагы толук киши түштү. Суйдаң чачынын арасынан таз башы тердеп жылтырап турат. Кароол аны карап, жылмая:

– Кутмандуу кечиңиз менен, Анвар Жолбердиевич! Мен сизди көпкө күттүрбөйүн, – деди.

Анвар болсо аны караган да жок.

Бекен, досум! – деп мени далыга таптай, машиненин арткы орундугуна секирип отурду да, кароолго бир баштык сунду.

Буларды киргизип жибергиле, – деди буйрук бере. Кароол баштыктан бир барак кагазды алып чыгып, бачым көз жүгүрттү, анан «кире бер» дегендей колун жаңсады. Мен машинени айдап жөнөдүм. Жолбердиевдин машинеси биздин артыбыздан келатты. Рулда айдоочусу, өзү болсо биздин машиненин арткы орундугунда отурат.

Ка-ак раз келип калдың да, Анвар. Болбосо буларың бизди кармап алып, энебизди окутмак.. .

Мен досторумду эч качан уят кылбайм, билесиң го.. .

Ишенем, досум. Аа, айтмакчы, таанышып алгыла, бул менин досум Макс. Ал эми бул жигит биз бийликке каршы чыгып жатканда бул жактан жардам көрсөтүп турган. Кыргызстандын бийлигине чогуу каршы күрөшкөнбүз десек да болот. Бир ай бою экөөбүз Казакстандын чөлдөрүн кезип, тентип жүргөнбүз.

Ооба, азыр ошо кездеги жүрүштөрүбүздү эстеп турабыз, – деди Жолбердиев. – Баягы поезд эсиңдеби?

– Ананчы, ал күндөрдү кантип унутам, – деп күлүмсүрөп койдум.

Четтерине кыркалата карагайлар отургузулган аллея менен бараттык. Жолдун четинде кыдырата тизилип чырактар жанып турат. Акыры бир үй көрүндү. Заңгырата салыныптыр, бирок ичи көрүнбөйт. Терезелерине кара пардалар тартылган. Мындай имараттарды кинолордон эле көрүп калчу элек. Машинени токтоттум, биерден бизди дагы бир сыйра текшеришти. Бир жолку кирүү үчүн белетке Макс экөөбүздөн жүз миң теңгеден алып, имаратка киргизишти. Биз кичинекей аянтчада турдук, дал ушул жерден ар кайсы тараптарга коридорлор, тепкичтер кетет экен. Эл болсо жыкжыйма, баары жарашыктуу кийинип, аялдардын кулак-моюндарында асыл таштуу жасалгалары жалт-жулт этет. Баары эле көңүлдүү, өздөрүнчө кажы-кужу түшүп, кээ бирлери каткырып, кай бирлери колтуктатып дегендей чубап баратышат. Биз дагы элдин шары менен өйдөңкү кабатка чыктык. Макс кайдадыр жоголуп кетти. Мен Анвардан адашпаганга аракет кылып, аны улам карап келаттым. Анан жарым-жартылай бош залга кирдик. Кичинекей үстөлдөрдүн бирине отурайын дегенимде Жолбердиев залдын аягындагы кабинаны көрсөттү.

– Бул жакта адам аз, – деди ал. – Негизги көңүл ачуулар – рулетка, стриптиздер өйдө жакта, бирок өзүнчө кабинкада болсок, бизге ыңгайлуураак, тынчыраак болот.

Жолбердиев мени көргөнүнө аябай кубанганын жашырбады, жайдары карап, улам далымдан таптап коет. Экөөбүз далай кыйынчылыктарды бирге жеңгенбиз да. Бул жигитке мен өзүмө ишенгендей ишенээр элем. Бакылдашып башыбыздан өткөн күндөрдү эстеп отурдук.

Агезде экөөбүздүн таанышканыбызга эки ай гана болгон. Ошол учурда Кыргызстан Казакстандын бир түйүнүнөн курал сатып алып турган экен. Бу шүмшүктөр каршы чыккан элди атууга алдын ала даярданган тура. Биз ошол түйүндү издеп, таппай койгонбуз. Төңкөрүш учурунда дал ошол куралдарды колдонуп, жүзгө жакын баланы кырды го четинен, кырчындай өмүрлөр кыйылды. Жүзү курусун ошол жексурлардын, ылайым аларды жакшы жашоо, элдин жаркын келечеги үчүн курман болгондордун убалы, ата-энесинин каргышы, чиедей балдарынын көз жашы уктатпасын. Кийин Анвар баалуу кагаздарды жүктөп кетип аткан поездди кармоо тапшырмасын алган. Анын карамагында элүү жигит бар болчу, бирок бир жолу баарыбыз душмандын буктурмасына түшүп калдык да, алардын көпчүлүгү каза болду. Жолбердиев жетекчилик менен байланыша албай калды. Ал «эми болду-болбоду мени кызматымдан төмөндөтүшөт» деген, бирок буга көп деле кейиген эмес.

Бизди курчоого алышып, туш-туштан аткылай башташканда биз өлгөн казак солдаттардын кийимдерин кийип, документтерин пайдаланып кеттик. Тузактан бошонуп чыктык, бирок аябай машыккан, мыкты жигиттёрибизден айрылдык. Жетекчилик менен байланышуу жолдорун иэдедик да, кийинчерээк капыстан эле ошол поездге кол салдык. Поезд чек арадагы бекетте токтоп турган экен. Тогуз адам болуп чабуул койгонго даярданып турдук, бирок ушу жерден Жолбердиевди ФСБ кармап кетти. Мындайда бир да мүнөттү текке кетирбеш керек болчу. Ошондуктан Анварды бошотууга аракеттенбестен, бекетти көздөй бир-бирден жөнөй баштадык. Андан кийин эки күн бою эшектей иштедик. Рельсалардын буроолорун чечип, поездди темир жолдон чыгып, авария болууга кириптер кылдык. Өзүбүз буйткада жашынып жатканбыз. Алар темир жолдун ошол биз бузуп салган бөлүгүнө жетип, аварияга учураганда биз поездди ээлеп алып, бардык кароолдорун жайладык. Баары бүткөндөн кийин Алматыга кайтып келдик. Бул учурда Жолбердиев эркиндикте жүргөн экен. Тааныш-билиштерин ортого салып атып, акталып чыгыптыр. Кызматтан четтемек тургай кайра биздин артыбыз менен сыйлык алып, кызматынан жогорулады.

Булардын баарын көпкө чейин эскерип отуруп, эки-үч бөтөлкөнү бошотуп салыптырбыз. Баштан өткөргөндөрдү бүт бир сыйра көз алдыбыздан өткөрдүк. Анан бир маалда кайсы бир шаңдуу кампания биз отурган кабинага баш багып, бизди болбой өздөрүнө кошуп алышты. Бири-бирибизге чиркешип коридордон, тепкичтен ары-бери басып, бийлеп жүрдүк. Эмеле поездди сөз кылып отуруп, эми өзүбүз ага окшоп калганыбызга бир эсе күлкүм келди. Биерде ушундай экен. Баары көңүл ачуу үчүн келген соң, тааныйбы, тааныбайбы, чогуу-чаран сайрандай беришет. Көпкөн байлар да. Мен бир бөлмөгө келгенде алардан калып калдым. Ошо жердеги чакан диванга сүйөнүп барып, полго эле жатып алдым. Түтүндүн арасында жүргөндөй башым кеңгиреп, тегерегиндегилер айлан-көчөк түшүп жатты.

Сөзгө алаксып отуруп, вискиден көп ичип койсом керек, бир аз жатып, араң дегенде өзүмө келдим. Эми туруп ишке киришейин деп атканда жакын жерден кимдир бирөөлөрдүн баскан дабышы угулуп калды. Жаңы өңөктөштөрдү, өзгөчө сезимдерди издеген дагы бир алагүү немелер болсо керек дедим. Мени көрүп калышса, дагы ары-бери сүйрөп азабымды береби деп чочулай кайра эмелеки ордума бекиндим. Бөлмөнүн ичи күңүрт болгондуктан, кооз жыгач идиштердеги гүлдөр, мен жашынганга окшош чакан дивандар чала-чарпыт көрүндү. Аркы залда музыка ойноп, ар кандай үндөр угулат.. . Байлар менен белгилүү адамдар шаардагы башка ресторан, кафелерде мынчалык эс ала алышпайт. Анткен себеби ал жакка элдин баары барат эмеспи, минтип кенен-чонон шапар тепмей кайдан. Ал эми бул болсо жабык эс алуучу жай, ким көрүп коет деп кыйырылып-кысынбай капчыктуулар каалаганча чардашат. Өйдөдөн чыгып аткан үндөр менен жарышып, кимдир бирөөлөрдүн дабыштары угулду. Бул кызуу, эс-учун билбей темтеңдеп бийлеп жүргөндөрдүн кадамы эмес болчу. Шашпай, сактала кадам таштап, кандайдыр бир тапшырманы аткарып жүргөндөрдүн басыгы эле. Эшик шарт ачылып, эки киши ичкери кирди. Смокинг кийип алышканы менен ырайлары суук, накта эле киши өлтүргүч кебетеленет. Бири – ак чачтуу, коңкогой мурду сынганбы же өзү эле ошондойбу, сурмасы жок ырайымсыз көздөрүн тирмийте жан жагын каранат, орто бойлуу, чачы үрпөйгөн жанындагысынын түктүү бетин, кою кара каштарын көргөндө түрк же чечен болсо керек деп ойлоп койдум.

Кирип келип эле ар бир бурчту шимшилеп, жыгач идиштердеги тропикалык өсүмдүктөрдөн бери жакшылап карап чыгышты. «Булар мени издеп жаткан го» деген ой кылт этти. Экөө мен жашынган жерге жакындаганда демимди ичиме катып, каттым да калдым. «Күтүүсүздөн чыга калып, кол салсамбы» деп да ойлодум, бирок бул эргулдарың куралчан болуп, жалпайта бир атса, накта ошондо шорум катпайбы. Так түбүмө келишкенде «Кармалдым окшойт, өлөт деген ушу тура» деп бүрүшүп, көзүмдү бекем жумгучакты тигилердин кадамдары алыстап барып, угулбай калды. Экинчи эшиктен башка бөлмөгө кирип кетишти окшойт. Муздак тер желкемен ылдый агып, жеңилдене үшкүрүп алдым. Эмнеден улам булар мени издеп жүрүшөт деп ойлогонумду билбейм? Чын эле бирөөнү издеп жүрүшкөнбү же мага ошондой сезилдиби? Жөн эле бөлмөлөрдү карап жүргөн немелер болсочу? Коркконго кош көрүнөт болдумбу?

«Тезирээк Максты табыш керек» деп ойлодум. Кайда жоголду десең? Бирок ушул учурда жанагылар кеткен тараптан дагы бирөөлөрдүн басканы угулду. Мен кайрадан өзүмдүн ордума, дивандын түбүнө жашындым. Дабыштар барган сайын жакындап келди да, менин тушума токтоду. Түшүнүксүз бир дабыштар чыгып, бирөө диванга бой таштады. Аялдын наздана шыбыраганын эшиттим:

– О, Кани.. .

Алардын өбүшкөнү, кийимдеринин шыбырты угулуп жатты. Дивандын бурчунан башымды чыгарып, акырын шыкааласам, ак көйнөкчөн бир киши аялды кучактап, мойну-башын аймалап жаткан экен. Анан айымын өтө кылдаттык менен шашпай чечинте баштаса болобу. Мына сага, шумдугуң кургур, байларың бул жакка ошон үчүн келет турбайбы? Тиги айым болсо назик кыңкыстап онтоп коет. Мен аларды атайын аңдып отургансып өзүмдү жаман сезип кеттим. Же туруп кете албай, же эмне кылаарымды билбей жашынып жата бердим. Жанагы эркек эми өзү чечине баштады. Муунуп баратканбы, чү дегенде эле галстугун алып ыргытты. Мына эми энеден туума дырдай жылаңач экөө махабат кумарына батып киришти. Эротикалык кино көрүп аткансып нес болуп карап отура бердим. Бир убакта күш-быш эткен дабыштар, дивандын кыйчылдаганы токтогонсуду, ошондо гана эсиме келип, акырын ордуман турдум. Экөө тең мени таң кала карап калышты. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй деле калышты окшойт. Унчукпай ылдам басып бөлмөдөн чыгып кеттим. Бул кезде саат он бир жарым болуп калган. Максты бир чоң топтун чок ортосунан таптым, ал Африкага барганда кантип крокодил кармаганын айтып берип жатыптыр. Мени көрөөр замат алардан сылык кечирим сурап, бери карай жылды.

Тим эле аябай берилип алыпсың го. Булар эмне крокодил көрө элек бекен? Сени таппай жүрсөм…

Ошентип анан бир нерсе билесиң да. Аларга аралашып сүйлөшпөй, тымпыйып тура бергенде маалыматты кайдан алам?

Анан бир нерсе биле алдыңбы? – дедим.

Бекен, – деди ал, – өйдө жакта кызматчылардын бөлмөсү бар экен, Жамал үйүнө барбай калганда ошо жерде түнөп жүргөн окшойт. Ал жакка кирүүгө аракет кылдым, бирок киргизбей коюшту.

Эптеп бир айласын таап кириш керек. Кеттик!

Каякка?

Өйдөңкү кабатка.

– Баса, сен өзүң кайда жүрдүң?

– Эротикалык кино көрүп…

Экинчи кабатка кирип кетүү чындыгында эле оңой эмес экен. Тепкичте эки кароол эч кимди чыгарбай да, киргизбей да какайып турат. Биз астыңкы кабатка түштүк, ошо’ жерде далиске чыккан беш эшик бар экен. Биринчисин ача салсак, кудай жалгап, бош болуп чыкты. Байкатпай кирип, ичинен бекитип алдык. Терезени ачып, үстү жакты карасам, үчүнчү кабаттын терезеси жакын эле тургандай көрүндү. Терезени жаап, кайра бөлмөнүн ичине көз чаптырдым. Көзүмө дароо эле пардалар байланган шайы боо урунду. Чечип алдым да, колума түрдүм. Терезени ачып, жипти ыргытканга илмек издедим. Үчүнчү кабаттын терезесинин темир торунан учтуу темир чыгып турат. Ага жипти иле албай бир топ убараландым. Үчүнчү жолу ыргытканымда араң илинди. Жиптин бышыктыгын текшермекке тартып көрдүм, бекем эле экен. Макска эмне дейсиң дегендей карасам, ал көгүш көздөрүн чакчайтып:

Эмне, мени чык дегени турасыңбы? – дейт.

Ооба да.

Кой ай, мен чыга албайм.

Жок, коркпо, тамашалап атам. Мен өзүм эле чыгам, сен ушул жерде болуп тур. Куда кааласа,, бат эле келем.

Каршы эмесмин, – деп кала берди.

Мен туфлимди чечтим да, жипке асылган бойдон бутум менен дубалды тээп, өйдөгө жыла баштадым. Минтип аркан менен деле алыс аралыкка чыгып көргөн эмесмин. Ылдый жакты карасам эле кулап кетчүдөймүн. 30 секунддай эле жылгандан кийин терезенин темир торуна колум илээшти. Кийинки терезеге темир тор тагылбаптыр. Бирок ага карай узун карниз кетет. Башка жол жок. Эптеп ошол темир тору жок терезеге жетиш керек. Дубалга жабышып алып, карниздин үстүнө бир бутумду койдум. Астыда аң. Дубалга ыктай жакыныраак жабыштым. Дагы эки эле аттасам жетчүдөймүн. Терезе ичинен илиниптир. Жүзаарчымды колума ородум да, күч менен айнегин талкаладым. Ызылдаган музыкадан терезенин сынганы угулбай деле калды. Илгичти ачып, бөлмөгө кирдим. Бир үстөл менен керебеттен башка эчтеме жок. Бул кызматчынын бөлмөсү болчу. Жамал ушу жерде жашаганбы? Бөлмөгө көз жүгүрттүм, эч ким көрүнбөйт. Акырын барып, эшикти түртсөм, ачык экен. Күңүрт жарык күйүп турган коридорго баш бактым. Эч ким жок экенине көзүм жеткен соң акырын чыктым. Эшиктин сыртында бейтааныш ат жазылып турат, демек, бул эмес. Мен андан ары эшиктердин жазууларын окуп барып, аягында «Жамал Курбанова» деген жазуусу бар эшикти таптым. Туура эле тапкан экем. Эшиктин кармагычын аяр бурап, босогодон аттадым. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Бат эле бөлмөнү карап, тийиштүү маалымат алаар замат чыгып кетем деп ойлоп баратам. Дубалды сыйпалап жарык жандыргычты тапканга аракет кылдым, дал ошол учурда бөлмөдө менден башка бирөө бар экенин сездим. Колумду тартып жибергенде кимдир бирөө бетиме чырак менен жарык кылды.

Өкүмдүү үн:

– Күйгүз, күйгүз, байкеси! – деди.

Мен жарыкты күйгүздүм да, маңдайымда турган экөөнү дароо тааныдым. Жанагы кууш бөлмөдөгү дивандын бурчунда мен дал ушулардан жашынбадым беле. Чын эле алар мени издеген экен да. Ички туюмум алдаган эмес тура. Эми алар керебетке жамбаштап жатып алып, мени ырахаттана карап атышты. Узун бойлуу, мурду коңкойгонунун колунда тапанчасы бар. Мен каршылык көрсөтсөм эле жалпайта атып салууга даяр кармап турат. Булар бул бөлмөдө эмнеге отурушат болду экен? Менин ушул жерге келээримди билиштиби? Билсе, аларга ким айтты? Эми мени эмне кылышаар экен? Дал ушул суроолор мээмде чагылгандай чарт-чурт эте түштү.

Узун бойлуусу:

– Сакы, муну текшер, – деди.

Сакысы турду да, мага келип, чөнтөктөрүмдү тинте баштады. Тинтип жатканда «муну оңой эле жайлап койсом болот экен» деп ойлодум. Бирок узунунун колундагы тапанчанын сүрү жаман, ошол гана мени токтотуп турду. Анткени.«тык» этти дегиче мен жок болмокмун. Көздөгөн максаттарына да жетпей, өчүмдү да албай кете бермекмин. Өзүнө ишенбей Сакы мени кайра-кайра текшерди. Акыры:

Мунун атүгүл бычагы да жок экен, – деди бырс күлүп.

Таң калыштуу, – деди узуну. – Шеф муну коркунучтуу душман деп эскертти эле, анан бул биздин колубузга сокур мышыктай болуп түшүп бердиби?

– Мен мындай адамдарды билем, – деди Сакы. – Булар кезинде далай адамдарды өлтүргөн дешет, азыр бул иш колунан келбей калгандыр да. Кечке эле адам өлтүрө бергенде кандан ирээнжип калышат имиш го. Психологиялык жактан сынып дегендей.

– Мындай жомокко мен ишенбейм, – деди узун. – Өлтүрүүгө бир катышкан адам аны эч качан эсинен чыгарбайт. Адам өлтүргөн менен чычкан өлтүргөн бир болуп калат. Анан кайра-кайра адам өлтүрмөйүнчө тура албайт, жанагы нашакорлор бар эмеспи, дал ошондой, бу да өзүнчө бир нашаа да.

Сакы башын чайкап койду. Узун болсо мага кайрылып:

Кеп мындай, байкеси, биз сени өлтүрбөйбүз. Өзүңдү тынч алып жүрсөң, өзүңө жакшы. Азыр сен биз менен машинеге барасың да, бир дагы ашыкча кыймылсыз, биздин айтканыбызды «кыңк» дебей аткарасың. Болбосо башың кетет. Түшүндүңбү?

Түшүндүм. Бирок силерге менден эмне керек?

Барганда түшүнөсүң. Дагы сурооң барбы?

Жок.

– Азыр болсо эшиктен бери жыл, – деди.

Мен бир кадам жылып койдум. Узун босогого барып, эшикти кенен ачты. Дал ошол маалда жапалдаш бойлуу Макстын сөлөкөтү көрүндү. Колунда тапанчасы бар. Узун болсо шашкалактап калды, мага ошол эле көз ирмем жетмек, анын колунан тапанчасын жулуп алдым да:

– Эшикти жап, Макс, – дедим. – Жигиттер, силер болсо ордуңарга, керебетке баргыла.

Сакы колун чөнтөгүнө акырын салып атканда мен тапанчадан ок чыгардым. Сууга кичинекей таш ыргыткандагыдай эле үн чыкты да, Сакы онтоп жиберди. Колунан каны ага баштады. Куралын тартып алып, өзүн керебетке түрттүм. . – Эми сүйлөшөлү.

Макс жылмайып койду.

– Силерди ким, эмне максат менен жиберди? – деп сурадым.

Узун «билбейм» дегенсип ийинин куушурат.

– Кайсы бир жигит бизге он тоголоктон төлөп берди.. .

Макс жактырбагандай мылжыя мага карап:

– Менин шефим «сенде адамдардын калп айтканын таштата турган талант бар» деп калат. Азыр ошону текшерип көрөбүз.

Ал тапанчасын чөнтөгүнө салып, бандиттер жакка басты.

– Макс, сак бол! – деп кыйкырдым, бирок кеч болуп калган.

Узун Макстын бутуна жыгылды, Сакы аны санга тээп калганда мен экөөнү тең удаа-удаа чекеге атып салдым. Экөө тең маңдайыбызда көздөрү чанагынан чыга жайрап жатып калышты. Мен өзүмдү-өзүм тилдедим. Таамай ата алганым үчүн биринчи жолу кейип турдум. Бул жигиттер Макска асылбаганда атмак эмесмин, же чын эле чычкан өлтүргөнсүп, көз ирмебей киши өлтүрүп, накта жанкечти, зөөкүр болуп калдымбы? Өлтүрбөсөм болмок, анткени алар бизге ким жибергенин айтып бермек. Бирок атпасам, алар Максты жайлап салышсачы. Балким туура эле кылгандырмын. Белиме тапанчаны каттым да, Макска үңүлө тизелеп отурдум.

Макс өзүнө келип, кандуу кармаш болгон жерди айландыра карады да, башын чайкай үшкүрүнүп:

Сен эмне, касапчы болуп кеттиңби? – деди.

Мен Кыймылда жүргөндө мындай чатактар бир эле жол менен чечилчү. Же сен, же ал. Үчүнчүсүнүн кереги жок. Дагы эле ошол адатымды калтыра албай жүрөм.

Биз экөөбүз эң маанилүү маалымат бере тургандарды жок кылып алдык, – деди ал адам өлгөнүнө деле кейибей.

Мен аларды өлтүрбөсөм, алар сени өлтүрмөк. Сага маалымат керекпи же жаныңбы?

Экөө тең.

Батыраак бул жерден жоголушубуз керек. Канчалык тез жоголсок, ошончолук өзүбүзгө жакшы, – деп эскерттим ага.

Макс бутуна турду да:

Кое тур, адегенде буларды тинтип көрөлү.

Ооба, бизге керектүү маалыматтар чыгып калышы мүмкүн.

Экөөбүз ишке кириштик. Мен Сакыны, Макс болсо узунду текшерди. Тапанчанын запас октору менен беш жүз миң теңгеден башка маанилүү эч нерсе таппадым. Акчасы менен окторун өзүмө алып алдым. Макс деле кыйраткан нерсе тапкан жок.

Булар профессионалдар экен, – деди ал. – Жанына бир да кагаз, документ алышкан эмес. Мындай иштерди биринчи жолу кылбаганы байкалып турат.

Ошондой го.. .

 

Эми эмне кылабыз?

Эми из жашыралы, – дедим мен.

Бөлмөнү тинтпейбизби?

Ушул карт бөрүлөр бир нерсе калтырды дейсиңби? Кой, кеттик.

Калтырышы мүмкүн, – деди ал.

Макул, анда батыраак бүтүрөлү.

Беш мүнөт издегенден кийин мен чоң шкафтын тартмасынан күндөлүк-календарь сыяктуу бир нерсе таптым да, үйдөн карайм деп алып алдым.

– Эми кете берсек болот, – деди Макс. – Бул жерде көпкө калганга болбойт.

Биз жарыкты өчүрүп, терезеге байланган жип менен кайра түштүк.

Кантип убагында жетишип бардың? Чыга албайм деп атпадың беле? – деп сурадым Макстан.

Альпинисттик менен да алектенип көрөйүн дедим. Буга чейин дубал тургай талга чыгып көргөн эмесмин.

Анан спорттун бул түрү боюнча кандай ойдо калдың?

– Россияга жетээрим менен тоо туризми тобуна жазылам.

– Мен да ошентет болуш керек деп ойлогом. Үйрөнүп ала бер, зыяны тийбейт. Мындай учурда кылалбайм деген нерсени кантип жасап жибергениңди өзүң да байкабай каласың.

Бөлмөдөн чыгып, сыртка чыкчу эшикти араң таап, клубдан алыстап бараттык. Артыбыздан бирөө аңдыгандай бир аз тынчсызданып турдук.

Анвар менен коштошуп коеюн дедим эле, – дедим.

Бул баш айланткан лабиринттин ичинен аны кантип тапмак элең? Адашып жүрүп, араң чыктык. Жөн эле кете берчи, кийин деле сүйлөшөөрсүң.

Ыраазычылык билдирип коюш керек го.

Ыраазычылык билдирүүгө али эрте.

Анда үйгө кеттик.

Мен рулга отурдум, Макс болсо арткы орундукта. Келген жолубуз менен чыгып бараттык. Эки кароолдон тең ийгиликтүү өтүп, чоң жолго чыктык. Чыгып баратканда катуу текшеришпейт окшойт. Же биз жолдуу болдукпу?

Макс арттан үн катты:

– Сен бүгүн мейманканаңа барбай эле койсоңчу. Жанагы балдар эмне каалаганын билбейм, бирок эмнеси болсо да мага жаккан жок. Менимче бул кол салуу дагы кайталанат. Ошон үчүн сен бүгүн жер которушуң керек.

– А сен каякта жашайсың?

«Беш жылдызда».

Укмуш жерде жашайт турбайсыңбы.

Бардык чыгымдарды жетекчилик төлөгөн соң мага баары бир да, мына сага деп кымбат мейманканага жайгашып алгам.

Аа, түшүнүктүү. Мен деле сени менен барсам кантет?

Мм.. , макул.

Биз «Беш жылдызга» келип калдык.

– Оңго айда.

Макстын «крутой» машинесин мейманкананын машинелери токтоочу аянтчага токтоттум. Кире бериште илинген чоң сааттын жебелери үчтөн жыйырма мүнөт өткөнүн көрсөтүп турат. Биз мейманкананын полуна мрамор төшөлгөн кенен холлуна өттүк. Конторкадан боз костюм кийген бир жигит биз тарапка басып келатты эле, Макс аны токтотуп:

– Бул мени менен, – деди. – Бул жергиликтүү детектив, – деди мага шыбырап. Тиги жигит байкалаар-байкалмаксан баш ийкей ары басып кетти.

Лифт менен үчүнчү кабатка көтөрүлүп, Макстын номуруна кирдик. Анысы эки бөлмөдөн турат экен. Биринчисинде эки кресло менен тыпырайган бар, экинчиси – уктоочу бөлмө. Макс ичкенге бирдеме даярдагыча мен креслодо отуруп турдум. Атаңдын гөрү, эч нерсе менен ишиң жок эле ушундай мейманканада жатсаң чардап. Жаныңда сүйүктүү айымың болсо, мындан өткөн ырахат барбы? Дегиче болбой, колуна эки стакан кармап Макс келип калды.

Сен эмне дайыма виски ичесиңби?

Ооба.


Ушунуңду койсоңчу.

Ал менин каршымдагы креслого отуруп:

Эми жанагы «эргулдарга» эмне керек болгонун ойлоп көрөлү.. . – деди.

Алар мени алып кетебиз деди, бирок мен көнгөн жокмун.

Демек, алар сени уурдап кеткиси келген экен да. Башкаларды дагы ушинтип уурдашкандыр. Бирок мени башка нерсе кабатыр кылып турат. Эмнегедир алар ыкчам иштей баштады. Сенин бул жакка келгениңди алар кайдан билиши мүмкүн? Мунун баарын кантип тез аранын ичинде уюштурушту? Дагы бир нерсе.. . «Фламинго» клубуна кирүү аябай эле кыйын иш. Жанагы экөө ал жакка кандайча кирип кетишти?

Чын эле.

– Шектүү. Билесиңби мунун баарын Анвар Жолбердиев кылышы мүмкүн.

Жинди болдуңбу? – дедим.

Менин башым жайында эле, көзгө көрүнүп эле турган нерсени көргүң келбеген сен жиндисиң.

Ооба сага, биз ал жигит менен.. . жок.. . ал болушу мүмкүн эмес. Биз аябай жакын достордонбуз. Мен ага канчалаган жакшылыктарды жасадым. Анын колунан мындай кара ниеттик келбейт. Ал мени сатпайт, жакшылыкты кантип унутсун.

– Макул, бул суроо азырынча жоопсуз кала турсун. Кана жанагы тапкан китепчеңди берчи.

Чөнтөгүмдөгү календарды алып чыктым. Макс кунт коюп барактап атты. Аягына чыкты да, бир бетти мага көрсөттү. Мен үн чыгарып окудум:

– «Досбеков». «Жалын» «19. 00». Эмне экен?

Бул жазуу жетисинде жазылыптыр. Биринчиден, Досбеков бул күнгө чейин эле бешинде жоголгон. Экинчиден, менин билгениме караганда, Жамал сегизинде жумушка келген эмес. Жыйынтык: биз «Жалындан» кабар алышыбыз керек.

Ал эмне болду экен?

Чакан ресторан болсо керек же кафедир.

Балким.

Эми Жолбердиев жөнүндө сүйлөшөлү.

Ой, мен сага айттым го, анын колунан келбейт деп.

Жөн эле ошо жөнүндө сүйлөшөбүз. Анын ким экенин кененирээк айтып берчи.