Көпкө сүйлөшүп отурдук, Макс акыры мени Жолбердиевди текшерүү керек деп ынандырды. Кантип текшерээрибиз али чечиле элек болчу. Таң атып калганда уктаганы жаттык. Макс өзүнүн падышалардыкындай болгон керебетине, мен болсо кичинекей диванга жаттым. Бир топко чейин уктаптырбыз. Ойгонсом ондон беш мүнөт өтүп калган экен. Үстүмдөгү шейшепти алып ыргытып, бутумду сүйрөп ваннага жөнөдүм. Макс уктап жаткан, ойготпой эле кое турайын дедим. Башым зыңылдайт. Душка түшүп чыгып, аарчындым да, көпкө ойлонбой эле смокингимди кийдим. Пиджак аябай эле оор экен, чөнтөгүмдө эки тапанча менен октор бар эмес беле, аларды алып, үстөлгө койдум. Тамак жегим келип, холлго чыктым. Ичимдиктен башка эч нерсе жок экен. Стаканга виски куюп, тамеки тартып турсам, аркы бөлмөдөн Макстын эстегени угулду. Турса, майкечен көзүн ушалай басып келди.

Виски куйчу, – деди ал.

Бул балакетти кантип ичесиң? – дедим жинине тийип. Өзү мени ушинтип атпады беле, эми ичкиси келип калыптыр.

– Мындай жашоодо виски эмес, андан жаманын дагы иче баштайсың.

Куйдум да:

Бул беш жылдыздуу отелде качан тамактанышат? – деп сурадым.

Азыр чалсак, дароо алып келип беришет.

Макс телефон чалып, тамак заказ кылды. Мага карап:

– Тиги бөлмөгө барып тур, бул жерден сени эч ким көрбөшү керек, – деди.

– 0’кей! – деп башымды ийкеп, аркы бөлмөгө кирип кеттим.

Он беш мүнөттөн кийин дасторконго отуруп, тамактана баштадык.

– Мен ушунча көп тамак заказ бергенде таң калышты эле, «бала кезимден эле соргок болчумун» деп койдум, – деп күлдү Макс.

Тамак менен кошо кирген гезиттерди алдым. Мен күткөндөй эле биринчи беттериндеги: «Аксөөктөрдүн клубунда эки өлүк! «Фламинго» клубуна киши өлтүргүч маньяк кирди!» деген жазуулар бадырайып көзүмө урунду.

Андан ары деле сөз ошол эле нукта кетиптир. Макалаларда «клубдун эки кызматкерин жумуш ордунан атып кетишти» деп жазылганын окуганда ордуман ыргып тура кала жаздадым. Көрсө, бул экөө клубдун кызматкерлери турбайбы! Бул учурда Макс башка гезиттерди барактап аткан, анын көзү чанагынан чыгып кетейин деди.

Бул экөө, көрсө, клубдун чакырылбаган коноктору менен иштей турган кароолдору турбайбы. Түүй, ата! Демек, мен күнөөсүз эле эки адамды өлтүрүп салган экенмин да. Бирок… Өткөн кечтин толук картинасы көз алдыма тартылды. Өзүмдү өзүм жооткото бир үзүм нан менен колбасаны бурдап жутуп жибердим. Алар өзү билип туруп бычакка урунушту да. Мени уурдап кетели дешти. Алардын клубга кантип киргенине да жооп табылды. Ошол эле гезитте бул иш боюнча полициянын инспектору Жекшен Бекматов иштеп жатканы, полиция эки адам – Макс Шубин жана Бекен Мелисбеков менен сүйлөшүүнү каалап атат деп жазылыптыр.

Илээшкен экенбиз, – деп бурк этти Макс.

Тез аранын ичинде бу жерден кетишибиз керек, -деп терезеге келип, айланага көз жүгүрттүм. Дал ошол учурда мейманкананын короосуна эки полиция машинеси келип токтогонун көрдүм.

Макс! – деп кыйкырдым. – Полиция келип калды.

Койчу, тез элеби?

Ошону айтпайсыңбы! Биерде «черный ход» деген барбы?

Эмгиче аны жаап салышкандыр, – деди Макс. -Чатыр менен качканга аракеттенели.

Үстөлдүн үстүндөгү тапанчаларды, окторду арыдан-бери жыйнап, чөнтөккө салдым. Ачыла элек бир бөтөлкө вискини койнума каттым да, эшикке карай жөнөдүм. Макс менин артымдан келатат.

Шайтан алгырдыкы, – дедим мен. – Жок дегенде из жашырганга дагы бир-эки күнүбүз бар экен десе. Бизди кантип мынча бат таап алышты десең?

Аны кийин сүйлөшөбүз, – деп Макс сөзүмдү бөлдү.

Жүк чыгарчу лифт кайда?

Кайрылышта.

Биз бурчтан кайрылаарыбыз менен коридордон тапыр-тупур шашылыш кадамдар угулду.

– Бул ошолор, – дедим акырын.

Дал ошол учурда мейманкана кызматкери идиштерди арабага сүйрөп лифт менен келип калды. Мен чөнтөгүмдөгү тапанчаны ага такап:

– Өйдөгө! – -деп буйрук бердим.

Жигит көздөрүн чакчайтып, колдорун көтөрө калчылдап туруп калды. Акыркы кабаттын кнопкасын бастым. Лифт акырын өйдөгө карай жылып баратты. Токтогондо кызматкерге:

– Ары кара! – дедим.

Ал унчукпай буйрукту аткарды. Тапанча менен төбөгө бир урдум эле, «күп» эте кулап түштү. Биз болсо лифттен атып чыгып, качып жөнөдүк. Чатырга карай анча бийик эмес тепкич бар экен, ошону менен өйдө чыктык. Чатырда ресторан орун алган, бирок азыр ал бопбош экен. Кыры менен жылып барып, башка чатырга секирдик. Алдыда Макс чуркап бараткан, артында мен. Ушинтип беш-алты чатырдан өттүк. Капыстан эле Макс оор дем ала токтоп калды. Экөөбүз тең бышылдап, күйүгүп алганбыз. Чатырдын четине келип ылдыйды карасам, тынч экен.

Ылдый түшүшүбүз керек, азыр полиция чатырга чыгат, – дедим.

Макул. – Ал башын ийкеди.

Кичинекей терезеден үйдүн чердагына кирдик. Ал жактан тепкичке чыктык. Бул эл жашаган үй экен. Чердакка чыга бериш жерде эки бочке туруптур.

– Мага жардам берчи, – деди Макс. Бочкелерди тоголотуп келип, чердактын эшигине такадык. Түрүбүз шумдук болчу. Алдыда кодоюп Макс баратты, бою бир метр алтымыш сантиметрдей, анын артынан мен баратам, бир метр токсон сантиметр болуп. Узун-кыска, көл-шал тердеген экөөбүздүн ошол кебетебизди көргөн киши боорун тырмап каткырмак. Макстын костюмуна бор жуккан, далысы да айрылып калыптыр. Менин смокингимдин топчулары үзүлгөн, пираттардын туусундай болуп желпилдеп баратат. Биз үйдөн аман-эсен чыгып, тротуарга түштүк. Күн нурунан көз уялат. Тротуарга бара-бара эл толо баштады. Биз элдин арасына кыпчылып, автобус токтоочу аялдамага келдик. Бул кейпибизди көргөндөр чочуп атты. Бирок дал ушул кейпибиз менен кире ала турган бир жерди билчүмүн. Биз ошол жакты көздөй бет алдык.

Алматынын чыгыш тарабы ызылдаган бал челек сыяктуу. Ал жакта келгиндер, баңгилер толтура. Бул жерде кылмышкерлер менен сойкулар баш калкалайт.

Алар ээлик кылган эски үйлөрдүн урандыларынан бекер батирлерди тапсаң болот. Андан сырткары эки-үч тамактанууну жай бар, аердегилер эптеп эле мушташканга шылтоо издеп турушат. Ал эми уруш башталып кетсе, сөзсүз бычакташмай болот. Мурда эле ошондой болчу, бирок агезде полициянын бир дагы машинеси көрүнчү эмес. Азыр болсо, айтпаса да түшүнүктүү.

Бизде төңкөрүш болгон маалда мен бул райондо бир айдай жашагам, андыктан биерди беш колумдай билем. Дал ошол жакка Максты ээрчитип келдим. Макс сасык жыттан жийиркене чүчкүрүп жиберчүдөй болуп мурдун тырыштырып келатты. Анын жүз долларлык костюму менен менин смокингам бул жерге ылайыктуу эмес болчу, ошон үчүн баары таң калып карап калып жатышты. Биз кварталдын аягындагы үйдүн бузулган тепкичтери менен өйдө чыктык. Экинчи кабаттан бизге бөлмө таап беришти. Шыбы жыртык болгону менен баш калкалап турганга жарайт.

Жайланыша бериңиз, мырза, – дедим мен, – бул жер сиз үчүн ыңгайлуу.

Жайланбашка айла барбы?

Ошону айтпайсыңбы.

Макс кайдандыр үч буттуу отургуч таап чыкты да, чокчоюп отуруп алып:

– Акчаң көппү? – деп сурады.

Капчыгымы алып чыгып, акчаны санадым.

Үч жүз миң элүү теңге. Аа, дагы Сакыдан тартып алган беш жүз миң бар.

Менде болсо Жүз миң, анан дагы майда-чүйдө.

Баарынан мурда жаңы кийим сатып алыш керек. Бул кебетебиз менен жүргөн болбойт.

Макулмун, – деди Макс. – Жөнө, мындан башка да бүтүрчү ишибиз көп.

Айтмакчы, эгер полиция ушул темп менен иштеп отурса, күндүзгү гезиттерге экөөбүздүн сүрөтүбүз чыгат, – деп эскерттим.

– Сүрөттөрдү кайдан алышат?

– Тышкы иштер министрлигине кайрылып эле визабыздагы сүрөттөрүбүздү көчүрүп алышат да.

Туура айтасың, анда грим дагы сатып алышыбыз керек экен. Кебетебизди өзгөртүп, таанылбагыдай болушубуз керек.

Мен кеттим анда.

Ийгилик.

Көрүшкөнчө, – дедим да, жолго түштүм.

Алыс барбай эле керектүү нерселерди эң жакынкы дүкөндөн сатып алмак болдум. Биердеги бир дүкөндө баары-жок сатылат. Бирок өлгүдөй кымбат. Болгон акчамды шыпырып алышса да, бул жакка киргеним сыр бойдон калса, мен үчүн жакшы болмок. Дүкөн тамеки саткан комок менен калкты каттоочу шектүү кеңсенин ортосунда турчу. Коңгуроосун бастым. Коңшу бөлмөдөн арыкчырай, сакал-муруту өскөн киши чыкты. Ал мени дароо тааныды.

Бекен мырза, көрүшпөгөнүбүзгө канча болду!

Салам. Мен бир нерсе сатып алышым керек.

Дайыма кызматыңыздамын. Эмне каалайсыз?

Эки костюм менен театр грими керек.

Мени коңшу бөлмөгө алып келди, Макс экөөбүзгө мурда кийилген эки костюм тандадым. Андан кийин ал мага бир кутуча берди.

Бул грим.

Канча беришим керек?

Үч жүз миң беш жүз.

Бул соода эмей эле накта карактоо болчу, бирок төлөбөскө арга жок. Мени эшикке узатып чыгып, тиги «каракчы»:

Дагы бир нерсе керек болсо, мага кайрылыңыз, -деп көзүн ымдады.

Албетте, – дедим да, сыртка чыктым.

Макс ошол эле бөлмөдө экен. Бир жактан диван менен тумбочка таап келип коюптур. Вискиден ичип, гезиттер менен таанышып жаткан экен. Апкелген костюмдарды диванга ыргыттым да, кутучаны полго койдум.

Кел, кебетебизди өзгөртөлү.

Каршы эмесмин, – деп вискиден айрылгысы келбегенден араң өйдө болуп, диванга отурду. Мага карап:

Эмнегедир алар бизди бат табышты, – деди.

Эмнеге мынча таң калып жатасың? Чоочундардан клубга экөөбүз эле кирсек, анан экөөбүздүн артыбыздан түштү да.

Бул иште түшүнүксүз жерлер кеп. Каяктан сага жолуктум экен? Эми же акчабыз жок, полиция издеп жүрөт, айласыздан ушул кебетеси келишкен жерде жашынып отурабыз. Мунун баарын сенин досуң Жолбердиев кылды.

Башым маң. Ишене албай турам.

Көргөндө эле ал мага жаккан эмес, акырын анын тамырын тартып көрүш керек. Анан дагы.. . Эмне үчүн алар сени кууп жүрүшөт? Төңкөрүш менен байланышкан бир немеби?

Билбейм.

Ошол банда калгандарын уурдап кеткени белгилүү.

– Токтосоң, балким, «Жалында» бир нерсе түшүнүктүү болоор?..

Андан көп үмүт кылбат керек. Сенин бул жакка келгениңди ким билчү эле?

Жолбердиевден башка эч ким. Андан бөлөк мен эч кимге жолуккан эмесмин.. . бир гана.. . Жамалга барганда бир аял менен сүйлөшкөм.

Демек, эки жол. Жолбердиев менен ошол аял.

Кантип текшеребиз?

Сен Анварга жолугушуң керек. Жолугушууну ээн бир жерге белгиле, аңдыганга оңойураак болсун. Ошондо баары белгилүү болот.

Макул анда.

Азыр сен «Жалынга» жөнө, мен болсо берки аялга жолугуп келейин.

Андан кийин Макс гримденди. Жасалма узун, сары чач кийип, мурут чаптады. Мен болсо мурут менен сакал чаптап, чачымды буурул түскө боедум. Эми ишке кирише берсек болчудай.

Биздин башпаанегибизден анча алыс эмес жердеги бир кафеге кирдик. Кафе ар кандай түстөгү, ар улуттагы адамдарга жык толгон. Мен Анвардын телефон номурун тердим, Макс болсо телефон китепчесинен «Жалын» деген барды, же ресторанды издеп жатты. Трубканы Анвар өзү алды.

Алло, бул мен Бекен, – дедим кайгылуу үн менен,

Аа, кандайсың?

Жакшы.

Бекен, сени азыр Казакстандын бүт полициясы издеп жүрөт. Чын эле кароолдорду сен жайладыңбы?

Жолукканда баарын айтып берем. Мен сага жолугуп, бир маселелерди сүйлөшүшүм керек болуп жатат.

Макул, бирок кайдан?

Мен биз турган кафеге жакын жердеги бир көчөлөрдүн кесилишин айттым. Ошол жерден жолугушалы деп макулдаштык. Анварды мен өзүм текшерип көрмөк болдум, анын сатып кеткенине дагы деле ишене албай тургам.

Мен барып калам, – деди.

Жарым сааттан кийин келе аласыңбы?

Бара алам, албетте.. .

– Ошондой.. . Мени кармап алышпасын деп гримденип алгам.

Анан мен сени кантип тааныйм?

Оңой эле тааныйсың, колума гезит кармап алам.

Макул, анда сүйлөштүк.

Күтөм.

Трубканы койдум. Мен Анвар менен сүйлөшкөнчө Макс ресторандын дарегин таап коюптур.

– Ал борбордук аянттын жанында экен, – деди.

О’кей, Макс.

Сүйлөштүңбү?

Ооба, мен дагы максатыма жеттим. Ушул кафеге жакын жерден жарым сааттан кийин жолукмай болдук.

Аа, жакшы болуптур анда. Буйруса, Анвар досуңдун ким экенин билесиң го эми.

Эми «манекен» алышыбыз керек.

Мен барменден беш гезит сатып алдым да, үстөлдүн үстүндөгү бөтөлкөнү гезитке ородум. Сүйрү таңгак болуп калды. Анан залды сыдыра карап чыктым. Бурчтагы үстөлчөдө сакал-мурутун саксайтып кыйшайып отурган алкаш көзүмө урунду. Мен ага барып:

– Эй дос, эки жүз миң теңге иштеп алгың келеби?. – деп сурадым.

Ал мени кызыга карап:

.- Кандай жол менен? – деди.

– Бир жигитке мобуну берип коюш керек, – деп таң

гакты көрсөттүм.

– Дагы жүз кошсоң, макулмун.

Мен башымды чайкадым да:

Анда башка бирөөнү таап алам, – деп бурулуп кетээримде ал жеңимден тартып:

Макул, келе.. . – деди.

Жүз миң теңге менен таңгакты карматтым.

Калганын ишти бүтүргөндөн кийин аласың.

Кимге бериш керек?

Биз кафеден чыктык. Жолбердиев менен жолукканга он мүнөт калды. Мен алкашты жолугушуу белгиленген көчөлөрдүн кесилишине алып бардым.

– Ал семиз, анан башы таз. Ушу жерде турсаң, ал сага өзү келет, уктуңбу? Мен кафеде болом, сага бирдеме берет, ошону мага алып келип бересиң, – дедим.

Аны ошол жерге калтырып, өзүбүз жашынып калдык. Жолугушууга кайдан көз салып тураарыбызды алдын ала белгилеп алганбыз. Жолугушуу болчу жердин каршысында турган үч кабат үйдүн чатырына чыктык. Жакшыраак жайланышып алып, ылдыйды карадык. Биздин өкүлүбүз оозуна тамекисин тиштеп алып, ары-бери басып турду. Биз күткөн убакыт да келди. Бурчтан «чы-ыйк» этип машине бурулду да, лөкүйгөн эки жигит бейкапар турган алкашты ай-буйга келтирбей машинеге тыгып, учкан бойдон зуу коюшту. Эми баары түшүнүктүү – баарын жасаган Жолбердиев тура. Эми аны менен сүйлөшө турган сөздөр бар.. .

Көрдүңбү? – деди Макс. – Сенин ишеничтүү досуңдун кылганын.

Шумдугуң ку-ур, – дедим мен.

Биз пландарыбызды бузбай андан ары аракеттенүү үчүн эки жакка бөлүнүп кеттик. Макс баягы айымга, Жамалдын кошунасына жолукканы жөнөдү, мен болсо «Жалынга» бет алдым.

– Макул анда, ишибиз бүтөөрү менен башпаанегибизден жолугалы, – дедим.

Ошентип, экөөбүз коштошуп алып, ишибизге кириштик. Мен автобуска отуруп, борборго жетип алдым. Ресторанчикти да оңой эле таптым. Ал анча чоң эмес, жупуну экен. Кирип, четте турган үстөлдөн орун алдым. Шыпылдай басып официант келди, адатымча виски заказ кылдым. Менде жүз миң теңгедей эле акча калган, ошондой болсо дагы вискиден баш тарта албайт болчумун. Заказды алып келгенде официантка:

Жигит, мага сенин жардамың керек болуп жатат, – дедим.

Сурай бериңиз.

 

Эки жума мурун, жетисинде ким дежур болгону эсиңде жокпу?

Эмне болду?

Керек болуп жатат.

Мен болгом. А эмне болду эле?

Мени жетисинде ушул жерде болгон бир айым кызыктырып жатат, – деп Жамалды сүрөттөп бердим.

Мен айтып бүтө электе эле сөзүмдү бөлүп:

Албетте, аны кантип унутайын. Бул жерде аябай чоң окуя болгон, – деди ал.

Өзүңө виски алып келчи, сүйлөшөлү.

Кардарлар дээрлик жокко эсе болчу, ошон үчүн официант менин сунушумду жан дили менен кабыл алды. Вискисин алып келип, маңдайыма отурду.

Ал кечки саат жетиден кийин келди да, эшикке жакын жердеги тээтиги үстөлгө отурду. Аны мен тейлегем. Бир нерсеге жинденип жаткандай түрү бар, кабагы салыңкы болчу; Эки рюмка арак ичти.

Жалгыз беле?

Ооба, адегенде жалгыз болчу. Андан кийин анын жанына бир киши келип, бир нерселерди бат-бат айтты. Бир жаман кабар айтты окшойт, анткени айымдын ырайы аябай жаман болуп кетти. Ал киши улам эшик жакты карап аткан, андан кийин тосмонун ары жагынан бирөөнү көрдү окшойт..

Ошогезде ресторанга бир абышка менен аял кирди.

– Кечиресиз, кардар келип калды. Мен тейлеп коюшум керек.

Официант ордунан туруп, сырттан келген улгайып калган жубайларга барды. Алардын заказын алып барып берип коюп, кайра менин жаныма келди.

– Ошол.. . – Ал ресторанга кирген эки кишини көрөөр замат аялды колдон алып, башка эшикке сүйрөп жөнөдү.

Тиги кишилер дагы булардын кетип баратканын дароо көрдү окшойт, колдорунда тапанчалары бар экен. Коноктордун баары үрөйү учуп, орундарынан козголбой отуруп калышты. Алиги аялды алып жөнөгөн жигит биринчи ок чыгарды. Атышуу башталганда элдин баары полго жата калышты. Кирген жигиттердин бирөөсүнө ок тийип жыгылып түштү, экинчиси тосмого жашынып, кайра беркини атты. Ал болсо аялды сүйрөп арткы эшиктен чыгып кетти. Бул учурда ресторанга дагы үчөө чуркап кирди.

– Алар кимдер экен?

Полиция кызматкерлерибиз деп күбөлүктөрүн көрсөтүштү, качып кеткен экөө коркунучтуу кылмышкерлер дешти. Экөө качкандардың артынан кууп кетти. Берки экөө болсо жерге жыгылган досун алып чыгып кетишти. Атышкандары угулуп барып, бир убакта токтоп калды. Андан кийин алардын эч кимисин көргөн жокмун,

Рахмат, жигит, – дедим.

Эч нерсе эмес, – деди ал. «Эмнеге сурап атасың?» дегендей караганы менен бул суроону бергенге батынбады. Мен деле ага отчет бергим келген жок. Виски менен сыйлаганым эле жетиштүү болгондур.

Үстөлдө отуруп алып тамеки тарттым. Иш түшүнүксүз жакка бурулду. Мунун баары эмнени түшүндүрөт? Акырына чейин казып, иштин чоо-жайын билиш керек, ошондо гана Жамалды, досторумду таба алам, албетте, эгер алар тирүү болсо. Бул балдар али далай жолу бармагын тиштейт. Мени электр үстөлүнө отургузуп кыйнашса дагы мен баарыбир алардын түбүнө жетем. Алар эмне максат менен мергенчилик кылышы мүмкүн? Макс берки аялдан бир нерсе билди бекен? Башпаанегибизге барып, аны күтүп туруш керек. Мен акчаны төлөп, эки жума мурун жардамым аябай керек болгон ресторандан чыгып кеттим.