Prev2 of 25Next

Падишахан Москвага кетти
Чөп чабык сезону да бүттү. Бир күнү Мадонна эжебиз мага келип:
– Как это возможно, господи?! – деди.
– Ииий, эмне болду? – десем:
– Он меня бросил, козёл! – деп бышылдап ыйлайт. – “Мен сен менен баарын көрдүм, төшөктү да, өзөктү да. Болду, бири бирибизге туура келбейбиз, мен лучше какмар шакмар жапайы Падышага чоңойсо үйлөнөм” деп айтты. Шутит он, дурак, нашел с кем сравнивать, – деп күйүп-бышып кетти, байкушум.
Түйүнчөктөрүбүздү жыйнап үйгө кайттык.

Бишкекке медициналык институттун хирургиялык факультетине тапшырып өтпөй калдым, жада калса жаман эле бир техникумдарга да өтпөдүм. Өтө жакшы ырдап конкурстарды жеңип жүргөнүмү билген жердешим:
– Ырчы бол, сага жарашат, жардам берем, – деди эле, болбодум. Ырчы болуу оңойго окшоп көрүндү:
– Койчу, ушуда кесиппи? – дедим. Өлгүсү келип кетти менин сөзүмө.
Ызама чыдабай эч жеке өтө албай:, «болду эми, кетем Кыргызстандан, экинчи кайрылып келбейм, алыс кетем, алыс, өтө алыс, бут жеткис, кол жеткис, ой жеткис!” деп паркка барып буркурап ыйладым.
Эртеси Аксыга кайтып келдим. Атам айтты:
– Асанга там салабыз, эртеңден баштап тынбай кыш куясыңар. Асан, Үсөн, Падыша, түшүндүңөрбү? – деп буйруду.
Биймырзанын бир сөзү жетишерлик ар дайым биздин үйбүлөдө (Асан-Үсөн 65-жылкы агаларым. Биймырза – атам, жаткан жери жайлуу болсун.)
Иииий, башталды азап күндөр, күн сызгырып мозгду куйкалаганына карабай кыштар куйулуп атты. Атам ара торо келип:
– Тездеткиле, балдарым, тездеткиле. Күн ыссыгында кыштар кургасын, күзгө чейин бүтөрөбүз Асандын тамын, – дейт байкушум, аталык камкордук көрүп.
Мен өлдүм, адам санынан чыга баштадым. СПТУну бүткөн бир сүйрөткүгө айланып, эми кыш куйгуч, саман тебелегич, устага айландым. Күндө кирпичтерди жалпайта-жалпайта чабып жерге, күбүрөнүп-шыбыранып өзүм менен өзүм урушуп. Баягы эле түбү тешик жыртык кепичим бутумда, кой кайтарганда кийип жүргөн, айла кеткенде картондон патек кыркып салып койгом. Өлгүдөй иштедик, атам, апам да тынбады (Апам Мөөркан таластык болгон, жаткан жери жайлуу болсун, алтыным.).
Бир күнү коңушум:
– Сүйүнчү, ырда же бийле, бир нерсе берем, – деп мага чуркап келди.
Өзбекче ырдап бердим: «Чилги кургур хам экан ярга ялганчи болдим» деп. Боору каткыча күлдү: “Подишохон сарт!” деп мени мазактап.
– Ой, мен чындыгында сартмын, саман тебелеп там салып, – дедим.
Бир маалда 5 шт. кат берди, баары Жаныбектен, почтада жата бериптир чогулуп. Иииий, сүйүнгөнүмдү айтпагыла! Жүрөктө майрам! «Интата, интата, лалалалай» деп ырдап, Айсара коңушум экөөбүз сырдашканы тамдын башына чыгып, шатыны тамдын башына тартып алдык. Эч ким көрбөсүн деп. Биринин артынан бирин окуп атабыз. Жаныбек мени издептир, Бишкектен таппаптыр, окууга өтпөшүмү мурун эле билген имиш, сүйүү маселеси бүтпөптүр: «Шаардагы кыздардан он эсе өйдөсүң, менин жапайым, какмар-шакмарым, сагындым! Этият бол, айылда допондор ала качып кетпесин! Сүйөм, сүйөм, жообун күтөм» деп мени асманга учурду. Айсара:
– Давай жообун жаз. Айт: “Мен да сүйөм-өлөм, тез кел да үйлөн, болбосо башкага тийем” деп жаз, – дейт, тообо.
– Кой, жазам бутуман туруп адам болгондо, азыр итке окшоп жүрүм, аны кызыктырбайт, – дедим да, каттарын сактап койдум.
Күз да жакындап, там да бүттү. Паспортуму учеттон чыгарып, документтерди ырастап, атама ыйлап айттым:
– Болду, кетем алыска, Москвага, өлсөм да окумайынча кайрылып келбейм, – дедим. – Сөз берем, Ломоносовдон эч жерим кем эмес, окуйм Москванын эң сонун университетинде! – деп ант бердим.
Күндө айта берип, байкуш атам чай иче албай калды. Агаларым да макул болушту, бир уйун сатып, акчасын колума карматты.
Бир жамаан чемоданга кийимдерими салып жөнөп кеттим белгисиз, өмүрдө көрбөгөн Москва шаарына, бир да орусча билбей. Андижанга барып, вокзалда акчаларымы ууруларга алдырып койдум. Чөнтөгүмдө 24 эле сом калды. 18 сомго билет алдым Андижан-Москва, 6 сом акчам калды. Эч кимге айтпадым, үйдөгүлөргө да. Бир жалгыз шанс келсе аны да жоготкум келбеди. (((((.

Prev2 of 25Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *