Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Библия на кыргызском языке

РУТ

1-БӨЛҮМ

Элимелектин үй-бүлөсүнүн Маапка көчүп кетиши

1 Башкаруучулар башкарып турган күндөрү Жүйүт аймагында ачарчылык болду. Жүйүт аймагынын Бейт-Лехем шаарынан бир киши аялы, эки уулу менен Маап талааларына жашаганы кетти.

2 Ал кишинин ысымы Элимелек, аялынын ысымы Наами, ал эми эки уулунун ысымдары Махлон жана Килийон эле. Алар Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминен чыккан эфраталыктар эле. Алар Маап талааларына келип, ошол жерде калышты.

3 Нааминин күйөөсү Элимелек көз жумуп, Наами эки уулу менен калды.

4 Алар Маап кыздарынан аял алышты. Биринин ысымы Орпа, экинчисинин ысымы Рут эле. Алар ошол жерде он жылга жакын жашашты.

5 Бирок анын эки уулу тең: Махлон да, Килийон да көз жумду. Ал аял эки уулу менен күйөөсүнөн ажырап, жалгыз калды.

Наами менен Руттун кайтып келиши

6 Ошондо ал келиндери менен Маап талааларынан чыгып, кайра өз жерине жөнөдү, анткени Маап талааларында жашап турганда, Кудай Өз элине келгенин, аларга нан бергенин укту.

7 Ал жашап турган жеринен чыкты, аны менен кошо эки келини да жөнөдү. Жүйүт жерине кайтып бара жаткан жолдо Наами эки келинине:

8 «Баргыла, ар бириңер өз энеңердин үйүнө кайткыла. Маркумдарга жана мага кылганыңарга жараша Теңир силерге ырайым кылсын!

9 Теңир батасын берип, экөөң тең күйөөгө чыгып, баш паана тапкыла!» – деди. Анан аларды өптү, бирок алар буркурап ыйлап:

10 «Жок, биз сени менен кошо сенин элиңе кайтабыз», – дешти.

11 Наами болсо мындай деди: «Кайткыла, кыздарым. Мени менен барып эмне кыласыңар? Менин ичимде силерге күйөө боло турган балдарым бар бекен?

12 Кайткыла, кыздарым, баргыла. Мен эми күйөөгө тийгидей, жаш эмесмин. Эгерде мен: “Менден дагы эле үмүттөнсөңөр болот”, – десем да, атүгүл, ушул түнү күйөөм менен болуп, уулдуу болсом да,

13 алар чоңойгуча күтүп жүрмөк белеңер? Күйөөгө чыкпай жүрө бермек белеңер? Жок, кыздарым, силерди ойлоп, аябай капаланып жатам, анткени Теңирдин колу мага каршы көтөрүлдү».

14 Алар кайрадан буркурап ыйлай башташты. Ошондо Орпа кайын энеси менен коштошту, Рут болсо аны менен калды.

15 Наами Рутка: «Мына, келиниң өз элине, өз кудайларына кайтты. Келиниңдин артынан сен да кайт», – деди.

16 Бирок Рут: «Сени таштап, кайтып кетүүгө мени мажбурлаба. Сен кайда барсаң, мен да ошол жакка барам; сен кайсы жерде жашасаң, мен да ошол жерде жашайм. Сенин элиң менин элим, сенин Кудайың менин Кудайым болот.

17 Сен кайсы жерде өлсөң, мен да ошол жерде өлөм, сөөгүм ошол жерге коюлат. Теңир мени жазаласын, катуу жазаласын. Мени сенден өлүм гана ажыратат», – деди.

18 Наами Руттун өзү менен бирге кетүүнү бекем чечкенин көрүп, көндүргөнүн токтотту.

19 Ошентип, экөө Бейт-Лехемге чогуу келишти. Алар Бейт-Лехемге келгенде, бүт шаар кыймылга келип: «Бул Наамиби?» – дешти.

20 Наами аларга: «Мени Наами деп чакырбагыла, мени Мара деп чакыргыла, анткени Бардыгын Кармап Туруучу мени оор кайгыга салды.

21 Мен бул жактан түгөл кеткем, бирок Теңир мени куру кол кайтарды. Теңир мени айыптаган соң, Бардыгын Кармап Туруучу башымды кайгыга салган соң, мени Наами деп чакыруунун эмне кереги бар?» – деди.

22 Ошентип, Наами кайтып келди. Аны менен кошо Маап талааларынан келген мааптык келини Рут кайтып келди. Алар Бейт-Лехемге арпа орула баштаганда келишти.

2-БӨЛҮМ

Рут Бууздун талаасында

1 Нааминин күйөөсү Элимелектин Бууз деген уруулаш тууганы бар эле, ал атактуу адам болчу.

2 Мааптык Рут Наамиге: «Мен талаага барайын, кимден ырайым тапсам, ошонун артынан машак терейин», – деди. Наами ага: «Бара кой, кызым», – деди.

3 Рут талаага келип, орокчулардын артынан машак терип жүрдү. Ал талаа Элимелектин уруулаш тууганы Буузга таандык эле.

4 Ошол учурда Бууз Бейт-Лехемден келип, орокчуларга: «Теңир силер менен болсун!» – деди. Алар ага: «Теңир сага батасын берсин!» – дешти.

5 Анан Бууз орокчуларынын башында турган кызматчыдан: «Бул жаш келин кимдин аялы?» – деп сурады.

6 Орокчулардын башында турган кызматчы мындай деп жооп берди: «Бул жаш келин – Маап талааларынан Наами менен кошо келген мааптык аял.

7 Ал мага: “Мен орокчулардын артынан, боолорду аралап машак терип алайын”, – деп, эртең мененден бери ушул жерде жүрөт. Ал үйүндө аз болот».

8 Ошондо Бууз Рутка: «Кулак салчы, кызым, сен башка талаага машак тергени барба, бул жерден кетпе, ушул жерде менин кызматчы аялдарым менен бирге бол.

9 Алар оргон талаадан ор, алардын артынан калба. Кызматчыларыма сага тийбөөнү буйрук кылдым. Суу ичкиң келсе, барып, кызматчыларым сузуп алып ичкен идиштерден ич», – деди.

10 Рут жүзтөмөндөп жыгылып, жерге чейин ийилип таазим кылды да, ага: «Жат жерлик болгонума карабастан, мени кабыл алгыдай, мен сенин алдыңда эмнем менен ырайым таптым?» – деди.

11 Бууз мындай деп жооп берди: «Мага бардыгын айтышты, күйөөң өлгөндөн кийин кайын энең үчүн эмне кылганыңды, өз атаңды, өз энеңди, ата мекениңди таштап, мурун билбеген, чоочун элге келгениңди уктум.

12 Бул ишиң үчүн Теңир сага тиешеңди берсин, Ысрайылдын Кудайынан сага толук сыйлык берилсин, анткени сен Анын канатынын астынан тынчтык табуу үчүн келдиң!»

13 Ошондо Рут ага: «Сенин алдыңда ырайым тапсам экен, мырзам! Күңдөрүңдүн ичинен бир күңүңдүн кунуна татыбасам да, жүрөгүмө жаккан сөздөрдү айтып, көңүлүмдү көтөрүп койдуң», – деди.

14 Бууз түшкү тамак убагында Рутка: «Бери келип нан же, наныңды суусундукка малып же», – деди. Ал орокчулардын жанына отурду. Бууз ага нан алып берди. Ал нандан тойгончо жеди, нанынан дагы артып калды.

15 Анан ал машак тергени турду. Бууз кызматчыларына мындай деп буйрук берди: «Бул келин боолордун арасынан машак тере берсин, аны таарынтпагыла.

16 Ага боолордон да ыргытып, калтырып тургула, терип алсын, аны урушпагыла».

17 Ошентип, ал талаада кечке чейин машак терип жүрдү. Терип алган данын бастырганда, бир эйфага жакын арпа болду.

18 Арпасын алып, шаарга кетти. Анын терип келгенин кайын энеси көрдү. Рут өзү тойгондон кийин калтырып койгон нанды койнунан чыгарып, кайын энесине берди.

19 Кайын энеси Рутка: «Сен бүгүн кайсы жерден тердиң, кайсы жерде иштедиң? Сени кабыл алган кишиге Кудай батасын берсин!» – деди. Рут кайын энесине кимдикинде иштегенин айтты: «Мен бүгүн Бууз деген кишинин талаасында иштедим».

20 Ошондо Наами келинине: «Тирүүлөргө да, өлгөндөргө да ырайым көрсөткөнү үчүн, ага Теңир батасын берсин!» – деди. Анан Наами ага: «Ал биздин жакын тууганыбыз болот», – деди.

21 Мааптык Рут: «Атүгүл, ал мага: “Оруу-жыюу бүткөнчө, менин кызматчы аялдарым менен бирге бол”, – деп айтты», – деди.

22 Ошондо Наами келини Рутка: «Анын кызматчы аялдары менен чогуу болгонуң жакшы, кызым, сени башка талаадагылар кордошпойт», – деди.

23 Ошентип, ал Бууздун кызматчы аялдары менен бирге болуп, арпа оруму менен буудай оруму бүткөнчө, машак терип, кайын энесинин үйүндө жашап турду.

3-БӨЛҮМ

Руттун баш паана табышы

1 Анан ага кайын энеси Наами мындай деди: «Кызым, өзүңө жакшы болушу үчүн, баш паана тапсаң кантет?

2 Сен кызматчы аялдары менен болгон Бууз биздин тууганыбыз. Ал ушул түнү кырманда арпа сапырат.

3 Жуунуп, жыпар жыттуу май сүйкөнүп, жакшы кийимиңди кийип, кырманга бар, ал жеп-ичип бүткөнчө, көзүнө көрүнбө.

4 Ал уктаганы жатканда, кайсы жерге жатканын бил да, барып, бут жагын ачып, жатып ал. Ал сага эмне кылууну айтат».

5 Рут ага: «Мен сенин айтканыңдын баарын кылам», – деп жооп берди.

6 Рут кырманга барып, кайын энеси айткандай кылды.

7 Бууз ичип-жеп, көңүлүн көтөргөндөн кийин, үймөктүн жанына барып жатты. Ошондо Рут акырын келип, анын бут жагын ачып, жатып алды.

8 Түн ортосунда ал чочуп ойгонуп, ордунан туруп караса, бут жагында бир аял жатыптыр.

9 Ошондо Бууз андан: «Сен кимсиң?» – деп сурады. Рут ага: «Мен сенин күңүң Рутмун. Күңүңө канатыңды жай, анткени сен туугансың», – деди.

10 Бууз мындай деди: «Теңир сага батасын берсин, кызым! Сен жакырлар менен байлардын арасынан жаш адам издеген жоксуң, бул кылганың мурунку ишиңден да жакшы болду.

11 Ошондуктан коркпо, кызым, сен айткандын баарын жасайм. Анткени менин шаарымдагы элдин баары сенин жакшы аял экениңди билет.

12 Менин тууган экеним ырас, бирок менден да жакын тууганың бар.

13 Бул түнү ушул жерде түнө. Эртең эле, эгерде ал тууган сени кабыл алса, анда жакшы болот, кабыл алсын. Эгерде ал сени кабыл алгысы келбесе, анда мен өзүм кабыл алам. Теңир тирүү! Таң атканга чейин жата тур».

14 Ошентип, ал таң атканга чейин анын бут жагында жатты. Анан ал бири-биринин өңүн ажырата алган убакка чейин эле туруп кетти. Бууз: «Кырманга аял келгенин билишпесин», – деди.

15 Анан Рутка: «Yстүңдөгү сырт кийимиңди бер, аны кармап тур», – деди. Ал кармап турду. Ошондо Бууз ага алты ченем арпа өлчөп, ийнине салып берди. Өзү шаарга кетти.

16 Рут болсо кайын энесине келди. Кайын энеси: «Эмне болдуң, кызым?» – деп сурады. Рут ага Бууздун эмне кылганынын бардыгын айтып берди.

17 Анан: «Ал мага бул алты ченем арпаны берип: “Кайын энеңе куру кол барба”, – деп айтты», – деди.

18 Кайын энеси: «Иш эмне менен бүтөрүн билгиче, күтө тур, кызым. Анткени ал киши ишти бүгүн бүтүрмөйүнчө жай албайт», – деди.

4-БӨЛҮМ

Бууздун Рутту алышы

1 Бууз шаар дарбазасынын алдына барып отурду. Ошол учурда анын жанынан өзү айткан тууганы өтүп бара жаткан эле. Бууз ага: «Бери кел, бул жерге отур», – деди. Ал келип отурду.

2 Бууз шаар аксакалдарынан он кишини чакырып алып, аларга: «Бул жерге отургула», – деди. Алар отурушту.

3 Ошондо Бууз жакын тууганына: «Маап талааларынан кайтып келген Наами биздин тууганыбыз Элимелекке таандык жердин бир бөлүгүн сатып жатат.

4 Сенин кулагыңа угузайын, айтайын деп чечтим: бул жерде отургандардын жана элимдин аксакалдарынын көзүнчө аны кунун төлөп кайрып ал. Эгерде кунун төлөп кайрып алгың келсе, кайрып ал. Андай кылгың келбесе, мага айт, мен билгидей болоюн. Анткени сенден бөлөк эч ким кунун төлөп кайрып ала албайт. Сенден кийинки эле жакын тууганы менмин», – деди. Ал: «Кунун төлөп кайрып алам», – деди.

5 Бууз: «Нааминин жерин кайрып алгың келсе, маркумдун аялы мааптык Руттукун кошо кайрып алышың керек, үлүшү маркумдун наамында калышы үчүн, Рутту аялдыкка алышың керек», – деди.

6 Ошондо ал тууганы: «Мен аны ала албайм, үлүшүм бузулуп калат. Аны сен кабыл ал, мен кабыл ала албайм», – деди.

7 Мурун Ысрайыл элинде сатып алууда жана алмашууда, ар бир ишти бекемдеш үчүн мындай салт болгон: бири өзүнүн бут кийимин чечип, экинчисине берген, бул Ысрайылда күбөлүк катары болгон.

8 Анан тууганы Буузга: «Өзүң сатып ал», – деди да, бут кийимин чечти.

9 Ошондо Бууз аксакалдарга жана бүт элге: «Менин Наамиден Элимелектин бүт жерин, Килийон менен Махлондун бүт жерин сатып алып жатканыма силер азыр күбөсүңөр.

10 Үлүшү маркумдун наамында калышы үчүн, маркумдун ысымы бир туугандарынын арасында жана жашаган жеринде өчпөшү үчүн, Махлондун аялы мааптык Рутту аялдыкка алып жатам. Силер бүгүн буга күбөсүңөр», – деди.

11 Дарбазанын алдында турган бүт эл жана аксакалдар мындай дешти: «Биз күбөбүз, үйүңө кирген аялды Теңир Ысрайылдын тукумун улаган Рахел менен Леядай кылсын. Эфратада байлыкка ээ бол, Бейт-Лехемде ысымың даңазалансын.

12 Теңир сага ушул жаш аялдан бере турган тукум Тамар Жүйүткө төрөп берген Перестин тукумундай болсун».

Бууз жана анын тукуму

13 Ошентип, Бууз Рутту алды, Рут анын аялы болуп калды. Ал Рутка жакындады, Теңир берип, анын боюна бүтүп, уул төрөдү.

14 Ошондо аялдар Наамиге мындай дешти: «Теңирге даңк, Ал сени мураскорсуз калтырган жок! Анын ысымы Ысрайылда даңкталсын!

15 Ал сага кубаныч тартуулайт, карыганыңда багат, анткени аны сени жакшы көргөн, сен үчүн жети уулдан артык болгон келиниң төрөп берди».

16 Наами ал баланы алып, койнуна салып көтөрүп жүрдү, анын бакма энеси болду.

17 Кошуна аялдар: «Наами уулдуу болду», – деп, баланын атын Обейт коюшту. Ал – Дөөттүн атасы Жышайдын атасы.

18 Перестин санжырасы мындай: Перестен Хесрон төрөлгөн;

19 Хесрондон Рам төрөлгөн; Рамдан Аминадап төрөлгөн;

20 Аминадаптан Нахшон төрөлгөн; Нахшондон Салмон төрөлгөн;

21 Салмондон Бууз төрөлгөн; Бууздан Обейт төрөлгөн;

22 Обейттен Жышай төрөлгөн; Жышайдан Дөөт төрөлгөн.



п»їjanyzak@mail.ru

+996777329784
Алган материалга шилтеме бериңРёР·!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!
Яндекс.Метрика