Издание книг за счет автора: очень дешево!
Кыргызская Советская Энциклопедия
  
WebMoney
Z189154646502
R429713653063
E189812731763
   Здесь находится аттестат нашего WM идентификатора 114912175470
www.megastock.ru
Самое дешевое издание книги за счет автора!  •  Китепти эң арзан чыгарабыз!

oh_kaptal


КЫРГЫЗ СОВЕТ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ

БАШКЫ РЕДАКТОР [АСАНБЕК ТАБАЛДИЕВ]

БАШКЫ РЕДАКЦИЯ МҮЧӨЛӨРҮ:

А. АБАКИРОВ, М. АБДРАЕВ, Т. АБДЫЛДАЕВ, М. М. АДЫШЕВ, Г. АЙТИЕВ, Ч. АЙТМАТОВ, А. АЛДАШЕВ, Т. М. АЛМАЕВ, А. АЛТЫМЫШБАЕВ, А. А. АЛТЫМЫШЕВ, К. АЛЫМКУЛОВ, Т. АСКАРОВ, С. БЕГАЛИЕВ, С. БЕГМАТОВА, Б. ЖАМГЫРЧИНОВ, С ЖИГИТОВ (башкы редакторго орун басар), Ж. ЖЭЭНБАЕВ, Н. И. ЗАХАРЬЕВ, А. Э. ИЗМАЙЛОВ, С. ИЛЬЯСОВ, М. ИМАНАЛИЕВ, А. КАНИМЕТОВ, К. КАРАКЕЕВ, А. КАРЫПКУЛОВ, Б. КЕРИМЖАНОВА, К. КОНДУЧАЛОВА, К. Н. КУЛМАТОВ, А. КУТТУБАЕВ, А. МАМЫТОВ, М. М. МИРРАХИМОВ, К. МОЛДОБАЕВ, К. К. ОРОЗАЛИЕВ, Б. Ө. ОРУЗБАЕВА, К. ОТОРБАЕВ, С. ӨМҮРЗАКОВ, М. РЫСКУЛБЕКОВ, Т, САРБАНОВ, К. СУЛАЙМАНКУЛОВ, С. ТАБЫШАЛИЕВ, А. ТОКТОНАЛИЕВ, Ж. Ж. ТУРСУНОВ, К. К. ЮДАХИН.

ФРУНЗЕ - 1976

КСЭнин БАШКЫ РЕДАКЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ.

[АСАНБЕК ТАБАЛДИЕВ] - башкы редактор, Кыргыз ССР ИАнын мүчө корр., филос. илимд. доктору.

С. ЖИГИТОВ - башкы редакторго орун басар, филол. илимд. кандидаты.

У. ИСЛАМОВ - жооптуу секретарь.

А. В. МУСИЕНКО - жооптуу секретардын өндүрүш б-ча орун басары.

ИЛИМИЙ-ТАРМАК РЕДАКЦИЯЛАР

Адабият жана искусство.

К. ДАУТОВ - редакция башчысы, филол. илимд. кандидаты, А. КҮРӨГӨНОВ - ст. ил. редактор,

А. ДУНГАНОВ, Н. КУЛМАТОВ (филос. илимд. кандидаты),

О. АМАНТУРОВА - ил. редакторлор, Г. МАКИМБЕТОВА - кенже редактор.

Биология, химия жана медицина. А. ЭШИМКАНОВ - редакция башчысы, Б. ТАЛЫПОВА - ст. ил. редактор, С. КОРОЧИЕВА - ил. редактор, А. ИШИМКАНОВА - кенже редактор.

География жана геология. М. КОШОЕВ- редакция башчысы, 3. БЕЙШЕЕВ -ст. ил. редактор, Ө. БАРАТАЛИЕВ, С. МОЛДОСАНОВ - ил. редакторлор, Т. БАТЫРЖАНОВА - кенже редактор.

Партия тарыхы жана философия. А. ДӨӨЛӨТБАЕВ - редакция башчысы, И. АТАШБАЕВ - ст. ил. редактор, филос. илимд. кандидаты, Б. ТӨЛӨКОВ - ил. редактор, Ш. КАПТАГАЕВА - кенже редактор.

Жалпы тарых жана СССР тарыхы. К. ЭСТЕБЕСОВ - редакция башчысы, С. МАКЕНОВ, Ш. УСУПБЕКОВ -ст. ил. редакторлор, К. АБДРАЕВ, К. САБЫРОВ - ил. редакторлор, Б. БЕЙШЕНАЛИЕВА - кенже редактор.

Физика, математика жана техника. С. ЖУМАБАЕВ - редакция башчысы, физ. -матем. илимд. кандидаты, А. ӨМҮРЖАНОВ - ст. ил. редактор, Н. БАЗАРБЕКОВ, А. ДЫЙКАНОВ -ил. редакторлор, Ш. АСАНОВА - кенже редактор.

Экономика жана айыл чарба. А. СЫДЫКБАЕВ - редакция башчысы, Т. КАЗИЕВ - ст. ил. редактор, К. АТЫШОВ, Р. МОЛДОКУЛОВ - ил. редакторлор, А. БЕЙШЕНОВА - кенже редактор.

Илимий жана адабий контроль. К. РЫСАЛИЕВ - редакция башчысы, филол. илимд. кандидаты, Б. АБЫЛГАЗИЕВ. С. АСАНКУЛОВ (филос. илимд. кандидаты). М. ТОКТОСУНОВ, К. САКТАНОВ -ст. ил. редакторлор, К. БЕГМАТОВА, С. ОЛЖОБАЕВ, Ж. ТӨЛӨМҮШЕВ - ил. редакторлор, А. АТТОКУРОВА - редактор-библиограф, П. АРЫКОВА - кенже редактор.

Иллюстрация жана картография. Э. Р. КАСЫМОВ - редакция башчысы, К. АКМАТАЛИЕВ, И. А. ЕФИМОВ - ил. редакторлор, С. ИБРАГИМОВ - редактор, С. 3. ТАРХАНОВ - фотолаборатория башчысы.

Сөздүк бөлүмү. Б. ТӨРӨКУЛОВА - ст. ил. редактор. Ж. САГЫНОВ - ил. редактор.

Корректорлор бөлүмү. Р. ШАМАНАЕВА - бөлүм башчысы, У. АЛЫМБАЕВА, К. ӨМҮРАЛИЕВА - ст. корректорлор, Д. БУРЖУБАЕВА, Р. ИСКАКОВА, Р. СЫДЫКОВА. Ж. ЕЛТИНОВА - корректорлор.

Комплекттөө бөлүмү жана китепкана. Б. КАНГЕЛДИЕВА - бөлүм башчысы, Ш. САДАБАЕВА - инженер-комплектатор, К. ОСМОНОВА - ил. китепкана башчысы.

Өндүрүш бөлүмү. В. И. КОМЕРОВА - ст. тех. редактор.

Машбюро. Г. КАЧКЫМБАЕВА, Б. БОРОНБАЕВА - тех. ред. -машинисткалар, С. БАЯКУНОВА - ст. машинистка.

Пландоо бөлүмү ж-а бухгалтерия. У. СУЛАЙМАНОВА - башкы бухгалтер.

КСЭни ЧЫГАРУУГА КАТЫШКАН ИШКАНАЛАР.

Кыргыз ССРинин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз полиграфкомбинаты.

Директору Т. С СУВАНБЕРДИЕВ, башкы инженери 3. 3. ВАЛИТОВ, өндүрүш бөлүмүнүн начальниги В. С. АГРАНАТ, башкы технологу Б. Б. БЕЙШЕНОВ, терүү цехинин технологу Т. Я. ШИЛОВА, линотипчилер 3. Х. ХАСАНБАЕВА, Т. ПОДОРВАНОВА, вариоклишеграф оператору А. И. ГУРЬЕВ, версткачы Р. В. ВАРФОЛОМЕЕВА, басма цехинин старший мастери Э. ИГЛИКОВ, басуучулары В. ДОЛГОПОЛОВ, В. ЧУМАКОВ, В. ЗНАМЕНСКИЙ, мукабалоочу цехтин технологу Л. А. ПАРФЕНЕНКО, мукабачылар Р. АГРАНАТ, Г. ЕРЕМИНА, Р. ХЛОПОНИНА.

Казакстан КП БК басмасынын басмаканасы.

Директору А. С. ТИЛЕУЛЕСОВ, баш инженер Г. В. ДЕРЕВЯНКО, цинкография башчысы Ю. А. ФИЛИПЬЕВ, мастер В. И. БЕЛЯЕВА.

Түстүү карталарды даярдап, басмадан чыгарууга

СССР Министрлер Советинин геодезия жана картография боюнча башкы башкармасына караштуу Ташкендеги фабриканын төмөнкү кызматкерлери катышты:

Г. П. РАЙЗМАН (фабрика директору), Л. В. ГЛУШКОВА. И. А. КОНОНОВИЧ, А. С. ЛАТИПОВА, К. Л. ПОПРЕТИНСКИЙ, Т. А. ПЛАТОНОВА, Т. В. ПЯТОВА, Т. Г. РАЗУВАЕВА, В И. СОБИН, А. И. ТИМОФЕЕВ. Н. Г. ТОЛСТОБРОВА, С. И. ХРАМОВ, В. Н. ЧУДАЕВ.

БАШКЫ РЕДАКЦИЯДАН

Кыргыз Совет Энциклопедиясы (КСЭ) Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин атайын токтому боюнча чыгарылып жатат.

Алты томдон турган улуттук-универсал энциклопедиянын биринчи жолу кыргыз тилинде чыгышы республикабыздын советтик доордо жалпы коомдук өнүгүш жактан зор тарыхый ийгиликтерге жетишкенин айкындап, партиябыздын лениндик улут саясатынын аркасы менен өнүп-өскөн кыргыз элинин рухий мүмкүнчүлүктөрүнө, улуттук адабий тилибиздин өөрчүшүнө айдан ачык далил болот.

КСЭ жалпы адамзат иштеп чыккан коом жана табият жөнүндөгү илим-билимдердин тартипке салынган жыйнагы катары кыргыз элинин калың катмарына, тактап айтканда, эл чарбасынын, илим менен маданияттын түрдүү тармактарында иштеген адистерге, жалпы эле билимге ынтызар кишилерге арналат.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы эң оболу СССР башында турган социалисттик өлкөлөрдүн экономика, маданият, илим жагынан жетишкен эбегейсиз зор ийгиликтерин, жалпы совет калкынын революциялык күрөштөгү жана эмгектеги улуу жеңиштерин, КПССтин көсөмдүк жана баатырдык иштерин, эл аралык коммунисттик жана жумушчу кыймылынын, улуттук-боштондук үчүн күрөштүн тарыхый тажрыйбасын жана азыркы өнүгүш абалын көрсөтөт.

Дүйнөлүк социалисттик системанын өөрчүшү, капитализмдин кедери кетиши, колониялык системанын кыйрашы, улуттук өз алдынчалыкка жетишкен жаш мамлекеттердин көбөйүшү сыяктуу жаңы тарыхтын эң орчундуу окуялары менен фактылары да КСЭде чагылат.

КСЭ марксизм-ленинизмдин негизги тармактары жана түшүнүктөрү, тарыхый жана актуалдуу маселелери, революциялык теориянын КПСС жана башка маркстик-лениндик партиялар тарабынан өнүктүрүлүшү тууралуу толук маалыматтар берет; буржуазиялык түзүлүштү жактагандардын, антикоммунисттердин, оңчул жана "солчул" ревизионисттердин ой-пикирлерин жана аракеттерин ашкерелейт.

Биздин Энциклопедия окурмандарга илимдин бардык тармактарынан, асыресе азыркы илимий-техникалык революциянын олуттуу багыттарынан кыскача жана так кабарлар берет. Алардын баары дүйнөлүк илим-билимдин бүгүнкү деңгээлинде баяндалат.

КСЭ кыргыз элинин өткөндөгү тарыхынан, маданиятынан, салт-санаасынан кеңири түшүнүк берет. Ал айрыкча социалисттик жана коммунисттик курулуштун мезгилиндеги КПССтин лениндик улут саясатын ырааттуу түрдө турмушка ашырылышынын натыйжасында СССР элдеринин бир тууган үй-бүлөсүндө Советтик Кыргызстандын эл чарбасынын жана маданиятынын ар тараптан гүлдөшүн, боордош элдердин, биринчи иретте улуу орус элинин жардамын, ошондой эле элибиздин жалпы советтик рухий казынага кошкон кошумчаларын айрыкча даңазалайт. КСЭнин Кыргыз ССРине арналган атайын тому кыргызча жана орусча чыгат.

Биздин Энциклопедияда дүйнөлүк жана советтик айтылуу адамдар менен катар республикабыздын атактуу кишилери, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлери, Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары тууралуу таржымалдык макалалар басылат.

Энциклопедиянын томдору жүздөгөн ар түрлүү сүрөттөр, карталар, портреттер, чиймелер менен кооздолот.

Бул улуттук-универсал китепти жазууга миңдеген адамдар, эң оболу өз ишинин билермандары - эл чарба адистери, илимпоздор, жазуучулар, журналисттер, искусство кызматкерлери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер белсене киришип жатат.

Кыргыз Совет Энциклопедиясын даярдоодо өлкөбүздө чыгарылган универсал, универсал-улуттук жана тармактык энциклопедиялардын тажрыйбалары жетекчиликке алынды.

КСЭнин Башкы редакциясы ишке киришкенден тартып республиканын жалпы журтчулугуна кайрылып, энциклопедияга кире турган терминдердин тизмесин партиялык жана советтик органдарга, илимий мекемелерге, газета-журнал редакцияларына, жогорку окуу жайларынын кафедраларына, чыгармачыл уюмдарга, айрым адистерге жиберген. Алар Башкы редакциянын алдында түзүлгөн редакциялык советтерде да талкууланды. Натыйжада жалпы коомчулуктан үч миңден ашуун сунуш түшүп, алардын көпчүлүгү эске алынды. КСЭге кирчү терминдердин тизмесин тактоого БСЭнин (Болыпая Советская Энциклопедия) кызматкерлери да КөМөК көрсөттү.

Ушул биринчи томдун макалаларынан 8 макет (китепче) чыгарылып, редакциялык советтерде жана илимий мекемелерде бардык жагынан каралды, адистер тарабынан рецензияланды, көпчүлүктүн элегинен өттү. Мунун баары терминдердин такталышына жана иргелишине, макалалардын сапат жагынан жакшырышына мүмкүнчүлүк түздү. Башкы редакция КСЭнин ишине активдүү катышып, сунуштары жана пикирлери менен жардам бергендерге ак пейилден ыраазылык билдирет, алар энциклопедиянын калган томдорун чыгарууга да жардамын аябайт деп үмүт кылат.

Башкы редакция КСЭнин негизин түзүүдө Кыргыз ССР ИАнын академиги маркум Ж. А. Алышбаевдин баалуу эмгегин айта кетүүнү* ылайык деп табат.

ЭНЦИКЛОПЕДИЯДАН ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА

Кыргыз Совет Энциклопедиясындагы макалалар ("сөздөр") алиппе тартиби менен жайгаштырылып, аттары чоң кара арип менен терилди. Айрым ири макалалар, мис, мамлекет, союздук жана автономиялуу республикалар жөнүндөгү макалалар бир нече бөлүктөн туруп, ар бирине кичине темалар коюлду.

Макаланын аттары көбүнчө жекелик санда алынып ("Айыл", "Алга", "Автомобиль" ж. б. ), илимге сиңип кеткен айрым терминдер гана көптүк санда берилди. Мис, "Кислоталар", "Минералдар" ж. б.

Мекеменин, уюмдун аттары бир нече сөздөн турса, адегенде негизги аты берилип, андан кийин толук аталышы арасы ачылып (разрядка менен) терилди: КЫРГЫЗСТАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ СССРдин 50 жылдыгы а т ы н д а г ы.

Бир маанидеги термин эки түрдүү аталса, адегенде илимде кабыл алынганы кара менен басылып, ага удаалаш элде айтылганы арасы ачылып (разрядка менен) берилди:АППЕНДИЦИТ , сокур ичеги ж. б. Терминдин синоними болсо, анда негизги аттан кийин кашаага алынып, разрядка менен терилди. Мис, АКТЮБИНСК (Ак-Төбө) ж. б.

Орус же чет тилден алынган макала аттарынын керектүү жерине орусча айтылышында й басым белгиси коюлду.

Калайыкка таанымал айрым адамдардын адегенде ысымы жазылып, фамилиясы анын артынан берилди. Мис, ТОКТОГУЛ Сатылганов, АБАЙ Кунанбаев ж. б. Кээ бир атактуу адамдар эл оозуна жана тарыхка псевдоним (ылакап ат) менен кирсе, макала ошол атына жазылып, чын аты көрсөтүлгөн жерде ага аныктама гана берилип, шилтеме жасалды. Мис, АБДЫРАКМАНОВ БАЙЫМБЕТ (1860-1942) - кыргыздын улуу жазма ырчысы, кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, жомокчу, к. Тоголок Молдо.

Бир нече географиялык ат бир түпкү төркүндөн чыкса, алгач ошол түпкү төркүн сөзгө жазылган макала берилип, калгандары ага удаа жайгаштырылды. Мис, АК-САЙ (өзөн), АК-САЙ (кыштак) ж. б.

Белгилүү адамдар жана алардын атындагы шаар, район, кыштак катар келсе, адегенде ошол адамдын өзү жөнүндөгү макала берилип, калгандары андан кийин жайгаштырылды. Мис, БӨКӨНБАЕВ Жоомарт (акын), БӨКӨНБАЕВ (кыштак).

Чет өлкөлүк таанымал ишмер, жазуучу ж. б-дын ысымдарынын алдына келүүчү "де", "фон", "ван" дегендей мартабаны билгизүүчү белгилер БСЭнин үлгүсү боюнча негизги фамилиянын соңуна чыгарылды. Мис, Шарль де Голль - ГОЛЛЬ Шарль де деп, Оноре де Бальзак - БАЛЬЗАК Оноре де деп берилди.

Энциклопедияда мазмуну жагынан өтө жакын макалалар арбын учурагандыктан, алардын бирөөндө маалыматтар толук берилсе, экинчисинде кыскача гана айтылып, информация кеңири берилген макалага шилтелди: Мис, АГРОМЕТЕОРОЛОГИЯ, к. Айыл чарба метеорологиясы.

КСЭде мурда берилген маалыматтарды кайталабоо жана окурмандын керектүү материалды тез табышына жардам иретинде шилтемелер арбын колдонулду. Шилтеменин бир нече түрү бар. Мис, сөз болуп жаткан макаланы толуктай турган материалга шилтеме "к. " (кара) деген тамга менен көрсөтүлдү. Ал эми макалага байланышы бар окуялар, адамдар ж. б. анын ичинде аталса, анда ал жантайыңкыраак бөтөнчө тамгалар (курсив) менен берилди. Мындай учурда окурман ошол окуя же адам тууралу КСЭнин тиешелүү томунда, бетинде өзүнчө макала берилгенин туюнат.

Макалалардын бир катарына иллюстрация берилди. БСЭнин 3-басылышынын тажрыйбасын пайдаланып, КСЭ иллюстрацияны эркин жайгаштырды. Ошондуктан портреттин, сүрөттүн, картанын макала басылган бетке келбей калышы мүмкүн, андай учурларда окурман аны башка беттен таба алат.

СССР элдеринин тилинде чыккан газета-журналдардын аттары ар улуттун өз тилинде жазылып, кыргызча котормосу кашаанын ичинде берилди: "Патма-банаспракан андес" (Тарыхый-филологиялык журнал) ж. б.

Россиянын революцияга чейинки тарыхындагы окуялардын даталары эски (юлиан) календарь боюнча, бөтөнчө маанилүү окуялар эски жана жаңы (григориан) стиль боюнча көрсөтүлдү. СССР тарыхынын 1918-жыл 14-февралынан (жаңы стиль боюнча 1-февраль) кийинки даталар, ошондой эле башка өлкөлөрдүн тарыхындагы даталар жаңы календарь стили боюнча берилди.

Таржымал макалаларда фамилия менен ысымдан кийин кашаанын ичинде туулган, өлгөн жылы, эгер макала көлөмдүү болсо, туулган, өлгөн жери да кошо көрсөтүлдү. Мис. БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара (15. 9. 1926, Аламүдүн р-ну, Таш-Төбо кыш., - 10. 5. 1973, Фрунзе). Ата Мекендик ишмер, жазуучу ж. б-лардын туулган, өлгөн жылдары эски стилге туура келсе, дата жыл саноонун эки стили (эски, жаңы) боюнча көрсөтүлдү. Мис, БЕЛИНСКИЙ Виссарион Григорьевич [30. 5 (11. 6). 1811, Свеаборг, - 26. 5 (7. 6). 1848, Петербург].

Орун үнөмдөө үчүн КСЭде кыскартуу көп колдонулду. Кыргыз тилиндеги жалпыга белгилүү кыскартуулардан (ж. б., д. у. с. ) бөлөк энциклопедиянын принцибине ылайык кыскартуулар алынды. Алар ар бир томдун аягына тиркелет.

Энциклопедияга кирген ар бир макаланын аты тексттин ичинде кайталанганда, анын биринчи тамгасы гана берилет: АЛМА - А. Эгер макаланын аты бир нече сөздөн турса, алардын биринчи тамгалары алынат. Мис, АЛАЙ КЫРКА ТООСУ - А. к. т.

Чен бирдиктери жана алардын белгилениши СССРде 1963-ж. 1-январда кабыл алынган боюнча эл аралык бирдиктер системасына (СИ) ылайык алынды.

Зарыл деген жерлерде макалага библиография берилди.



oh_kaptal


Айылдын ээси айтылуу Жанызак:
емейл: janyzak@mail.ru
тел.: 0777329784, 0557329784, 890463
Айыл жөнүндө:
КСЭнин толук жыйнагы - интернетке чыгарууну КСДП 50000 сом берип каржылаган.
Кызым Айпери 3000 бетти сканерлеп, FineReader`ден таанытып, Word`ко чыгарды.
Уулум Жакшылык ар бир макаланы өз-өзүнчө жарыялады.
Баары-жогун балдарым жасап, аты мага калды .
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!
Яндекс.Метрика