Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Айнаш Жапар: 41 ночь с чиновником

Айнаш Жапар

Чиновник менен 41 түн

Эскертүү, 18 жашка чыга электерге окуганга болбойт!

Мезгил, убакыт бирде уу берип, бирде бал берип, тагдыр өзү каалагандай калчап келет. Тагдырдын далай сыноолоруна кабылып, далай жакшы көз ирмемдерин мен да өткөрүп келем. Адам баласынын өмүрүндө байлык, бакыт, сүйүүнү 3 жолудан берилет экен. Жашым отузду чамалап калса дагы башыман бир чоң махабат өттү. Махабат эмей эмине, баары мен ойлогондон да башкача болду. Атым Жазира. Койчунун кара кызы болом. Кичинекей кезимде чоң атам менен чоң апамдын колунда тарбияландым. Сегиз бир туугандын ортончусумун. Мен мектепке кирээримде чоң апам атам менен апамдын колуна тапшырып берген. Союз таркаган маал биздин үй-бүлөөгө да чоң кедергисин тийгизди. Себеби, атам да, апам да жумуштарынан бошоп үйдө отуруп калышты. Атам чоң ЗИЛ машинеси менен бизди багып жүргөн күндөрдүн биринде авария болуп машинеси күкүм болуп калды. Ал учурда баарыбыз атамдын көзүн карап жашачубуз. Дагы жакшы атамдын эч бир жери эч нерсе болбой аман калды. Ошол жылдары бардык малыбызды сатып атам кайрадан жаңы Зил курап чыгам деп болбой тырышып туруп алды. Ал машинесин бир жарым жыл дегенде курап бүттү окшойт. Ага чейин байкуш апам бизди базарга чай сатып, тамак сатып атып бешөөбүздү кийинтип, окутуп жатты. Азыр беш бала эмес бир баласын балдар бакчасына бере албай жатышат, апам болсо бешөөбүздү мектептен окутуп, колунан келген кийимдерди алып берди. 8-9-класс болгучакты эжем, мен, сиңдим үчөөбүз бири-бирибиздин кийимдерибизди кийип мектепке барчубуз. Биздин окшош кийингенибизди көрүп калган кластташтарыбыз, "Булардын кийимдери жок, баары бир кийимди кийишет, атасы буларга кийим алып бербейт", - деп көп шылдыңдачу. Ошол шылдың сөздөр азыркыга чейин кулагыма угулуп, эстегенде итатайым тутулуп кетет. Албетте, алар да бала да, биздин үйдө анчалык чоң кризис болуп жатканын алар кайдан билмек эле? Кийимдин айынан чоңойгучакты баарыбыз басынып жүрдүк. Айрыкча кышкысын чокой жыртылып калган чоң көйгөй болчу. Жогорку класска келгенде байкем университеттеги окуусун таштап Россияга барып иштеп келип карыздардан кутулткан эле. Ошондон кийин апамдар мал менен эле сарайга жашайбыз деп кетип калышкан. А биз болсо мектепти жакшы окуп бүтүп баарыбыз өз күчүбүз менен университетке тапшырдык. Мен англис тилин мектептин базасында абдан жакшы окуп чыктым. Шаарга келип англис тилинен котормочуга тапшырсам контракка өтүп, бюджетке өтпөй калдым. Контрактты атамдар төлөй албайт болчу да. Тырышып атып журналистикага бюджетке тапшырып өтүп кеттим. Журналистикага көп кызыкпагандыктан 2-курстан кийин которулуп кетем деген үмүт менен бюджетте окуп калдым. Ошондогу атамдардын сүйүнгөнүн сураба.

Студент күндөрүмдө 4-5 жигит менен сүйлөштүм. Эми ойлосом эптеп убакыт өткөрүү гана болуптур. Алардын кээ бирлеринин атын азыр унутуп деле калдым. Университетти да тырышып атып кызыл диплом менен бүттүм. Университетти бүткөнчө апам мага пенсиясын жөнөтүп атып акча жагынан көп деле кыйналган жокмун.

Баары мен гезитке кирип иштегенден башталды. Шаарда курбу кыздарым менен биригип 2 бөлмөлүү батирде турчубуз. Алар да иштешет. Эртең менен баарыбыз ишке кетебиз, кечинде чогулуп калабыз. Журналист дегениң курусун, БОМЖ менен да, сойку менен да, саясатчы, доктур деги койчу түрлүү кесиптин ээлери менен баарлашып алардан кызыктуу маек алып келишиң керек. Антпесең, ачка отурасың.

Мына ошол журналистикада иштеп жүргөн күндөрүмдө бир чоң махабатка тушугуп, ал адам менен өткөргөн ар бир керемет түнүмдү күндөлүгүмө түшүрүп алган элем. Ошол күндөлүгүмдөгү учурларды окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрүп бул китепти жазууга туура келди. Албетте, бул китепти окуп алып мени сөккөндөр толтура болот. Бирок, менин сүйүүмдүн оту мен өлгөндө кошо өлөт. Жашоодо ар түрлүү адамдар кезигет эмеспи. Мага окшогон сасыткылар да толтура. Алар мени туура түшүнүп окушса керек.

Сөзүмдү гезитке келген күнгө бурсам. Редакцияга келген күндөн тарта мага оор материалдарды берип жатып, журналистикага бат көнүүмө жакшы өбөлгө болду окшойт. Келээрим менен кайырчылар менен достошууга туура келди. Себеби, алардын тагдыры оор болуп окурмандар ошол тагдыр үчүн гезит алышат. Бара-бара өзүмдү карап, сулуу боло албасам да сүйкүмдүү болуп алдым. Кийин ырчылар менен баарлашып анан саясатчылар менен сүйлөшүүгө жетиштим. Боюм узун, арыкчырай болгондуктан саясатчылар мага көп тийишип калышаар эле. Алардын кээ бирлери интервью гезитке чыккандан кийин кафеге чакырып ыраазычылыгын билдиришчү.

Күндөрдүн биринде шеф Кыргызстандын үлкөн саясатчыларынын бири Тынайбек Абдыбековичтен интервью ал деп калды. Чынын айтсам ал кишинин бир көз карашы эле жерге киргизип коет, ошончолук сүрдүү киши. Макул деп коюп, ал кишиге суроо берип жатканда жанагындай көз карашы менен карап салса аптыгып келмемди таппай калбасам экен, - деп коем. Кудай жалгап бир журналисттен анын телефон номерин сурасам жардамчысынын номерин берди. Жардамчысына телефон чалып Тынайбек мырзадан интервью алайын дедим эле десем, - Ал киши интернет менен эле байланышат, ушул дарекке суроолорду жөнөт, - деп калды. Суроолорумду жөнөтүп, коюп 2 күн күттүм.

Тынайбек мырза мага 3 күндө жооп берип, интервьюсу гезитке чыкты. Андан кийинки 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык санды чыгарып редакцияда отурганбыз. Түнкү саат ондон өтүп калса керек эле. Агентте ар ким менен жазышып отурсам, Тынайбек Абдыбековичтин агенти да күйүп калды:

- Саламатсызбы Тынайбек Абдыбекович! Өткөндөгү интервью чыккан эле, жардамчынызга айткан болчумун. Окудуңузбу?

- Окудум, рахмат, майрамга карата жолугабыз да?..

- Кудай буюрса. Эс албай иштеп отурасызбы дагы деле?

- Ооба, эртеңки мероприятиялар боюнча отурам. Келе жаткан майрамың менен!

- Рахмат! Сизди да куттуктайм! Майрамдык маанайыңыз жакшыбы?

- Жакшы эле, бирок түйшүк көп болуп жатат.

- Менден эмне жардам керек? Айтыңыз, жардам берейин?

- Тавай, только не знаю как?..

- Мээңиз абдан чарчаса керек, анекдот айтып берейин?

- Анекдот болот, угам ат души эле...

- Сиз точно Тынайбек байкесизби же ал байке кеткенде компун мине калдыңызбы?

- Самневайся болуп жатасыңбы? Как доказать?..

- Конечно сомневаюсь, приколдор менен сүйлөп атсаңыз таптакыр эле таң калып атам да.

- Аа десең, эми эмне кылайын деги, кантип далилдейм билбейм да.

- Мага телефон чалыңыз, үнүңүздү угам анан ишенем!

- Чуть позже, азыр над текстом сижу, надо успеть просмотреть, макулбу, кайсы телефонго?

- 0777423ххх

- Жакшы, чалам...А ты почему так поздно, же эртең гезит чыгабы?

- Азыр чыгып атат.

- Канчага чейин чалсам болот, үйдөн таяк жеп жүрбө (тамаша)?

- Чала бериңиз каалаган убакта. Просто мен ишенгим келип атат аябай, эркелеген кыз экен деп капа болбоңуз.

- Макул, бошоп калганда чалам. А атың эмнеге Жазика? Ким койду эле?

- Чоң энем да, тамашалап коюп салыптыр.

- Жакшы эле, бирок өзүңө кандай жарашат билбейм...

- Ошо да, өзүм узунмун, анан атым Жазика. Мага деле жакпайт. Эмне кылам анан баарыле Жазика деп атышса. Сиз менин атымды толугун окуган эмес белениз интервьюнуздун астынан?

- Окугам, кыргызча жакшы эле ат. Боюң узун болгондо канча метр?

- 170 см така менен175ке барам го.

- Оуу, жаныңа бассак кыбырап эле калат турбайлыбы...

- Ой господи! 150смдай болбоңузчу. Боюмун айынан өзүмдү и так деле жаман сезе берем.

- Мен 175 болом го, по крайней мере жаш кезде ошондой болучу. Жазира жакшы ат, Жөжөшка деп эркелетсе да болот берет да?

- Сиз ошентип эркелетиңиз.

- Уруксаат болсо мейли, Жөжөшка. Жөжөшка дейин анда?

- Уруксаат берем, албетте.

- Текстиңизди оңдоп бүттүңүзбү же мен шайтанкадай болуп алаксытып атамбы сизди?

- Жарыш иштеп жатам, компто, анекдотту унутуп калдыңбы, же анан телефондон айтып бересиңби?

- Бир абышка базарга барып, кемпирин жоготуп жиберет. Кемпирин издеп жүрүп, келинчегин жоготуп жиберген жигитке жолугуп калат. Жигит: - Эми кайдан табабыз? Жүрүңүз, радио түйүнгө барып параметрлерин айтып издештирели. Кемпириңиздин кебете-кешпири кандай эле? - Кебете-кешпири дейсиңби? Эми кемпир да. Анын эмнесин сүрөттөмөк элем?- Мисалы, менин аялым ак жумал, бою узун, сулуу болчу.- А меники бети-башы бырыш-тырыш, чачына ак кирген. Меникин тим коюп, андан көрө сеникин издейличи,- дептир абышка.

- Абышкага не жок, бирдеме артат деп үмүт кылып жатат го байкуш...

- Эт жебесе да шорпо ичкиси келди да.

- Тынай байке, чарчабай иштеңиз, мен үйгө кеттим.

- Жок, почтаны карап, жазгандарга жооп берейин деп отургам, өзүң иштеп жатасыңбы?

- Иштеп бүттүм, эми мен да почтамды текшерейин деп аткам.

- У меня дурная привычка всем отвечать, многие знакомые просто по почте пишут и получают ответ, такое вот виртуальное общение...

- Мен эле тентектик кылып агентиңизге жазат турбаймынбы анда ээ?

- Я рад, честно сказать ты понравилась, жаш болсом наверно влюбился бы (тамаша), Думаю что у тебя характер хороший... Журналистика жагабы? Почему не стала тележурналисткой, а пошла в газету?

- Негизи журналист болом деп тапшырган эмесмин. Бир подругам ыр жазчу, журналистикага абдан кызыгаар эле. Анан айылдан жаңы келдик. шаарды билбейбиз, бул жакта университеттерди кыдырып жүрүп бир Жусуп Баласагынга келдик. Анан ал жакта Журналистика бар экен. Асел сен да мени менен тапшырчы деп болбой туруп алды. Мен көп деле көңүлдөнгөн жокмун. Болбой атып мени да тапшыртып салды. 3 экзамен болду үчөөнөн өттүм, курбум болсо өтпөй калды.

- Мне так кажется, что я начал ухаживать за тобой... Тебе не кажется?

- А мен унутуп да калдым. Как ухаживают джигиты? Ну если вы так считаете то по вашему да.

- С удовольствием буду ухаживать...Только мен деле унутуп калдым да кантип кылыш керек экенин...

- Но вы же пишете об этом что за мной уже начали ухаживать.

- Да, пишу же "кажется" деп... Эстей баштадым да, валнавайс болуп, муундарым титиреп дегендей... Ишенбейсиңби... Ошондой болуп жатпайымбы...

- Кантип ишенем?

- Ты не против Жөжөшка? Ат душа эле аракет кылайын да...

- Өзүңүз терең ойлонуп, кабыргаларыңыз менен кеңешип көрүңүз...

Агент менен отуруп ар нерсени жазышып отуруп үйгө түнкү он экиде келдим. Уктап калыптырмын, турсам түнкү саат бирде Тынайдан "Бүгүн кеч болуп калды, эртең сүйлөшөлү", - деген СМС келиптир. Андан ары уйкуга кеттим.

Эртең менен жумушка келип компьютеримди күйгүзүп, ошол замат агентти ачтым. Тынайдан билдирүү келиптир:

- Кабыргаларым менен кеңештим уже, тавай дейт кабыргалар, полный вперед дешти... Азыр жумушта эмне менен алек болуп отурасың?

- Иштеп жатам, жумуштагы бир байке өлө жинге тийип жүрөт. Азыр да маанайымды түшүрүп кетти.

- Бир нерсе каалап аткандайбы не?

- Билбейм.

- Бардык эркектер ошондойбуз, ага таарынбай деле койсоң болот. Татынакай бийкечти көргөндө баарын унутуп калмайыбыз бар да, гормондор ойноп.

- Баса, сиз менин түшүмө кирдиңиз.

- Эне кылып жүрүптүрмүн, деги уят кылган жокмунбу?

- Жок, сиз андай адам эмессиз да. Болгону кагаздарды көтөрүп жүрүптүрсүз. Мен жакты бир карадыңыз, көздөрүбүз чагылышып кеткенде сиз көзүңүздү менден ала качып кетип калдыңыз.

- Иий, анда өзүм уят болгон турбаймынбы. Ошондой да болчу беле? Жок дегенде түштө колуңан кармасам болот экен...

- Ал деген түш да болгону.

- Жөжөшка-а-а-а, сени кантип чакырыш керек свиданиеге, кандай ишараттарды кылуу керек? Кандайы жагат, кандайы жакпайт? Бул жакта жигиттер сурап жатышат жанды койбой.

- Шарттарды айтайынбы? Экөөбүздүн жазышканыбызды карап отурушабы ал "жигиттер"? Кызык.

- Ошентсең, мен да тигилердин өпкөсүн басайын да... Алыңар жетпейт экен деп, шарттарды көрсөтүп...

- Жардамчыңызбы?

- Баары эле...Толтура, билип алышыптыр, тааныштырып койбойсузбу, жолдугун жасайлы дегендер да көбөйдү.

- Анда точно гезитке чыкканы калыптырбыз да, жолуксак Уou tubeга чыгабыз го?

- Аа десең, коркосуңбу чыккандан? Анда не кылабыз?

- Эл көрүнгөн жерден жолугалы эгер жолуккуңуз келсе.

- Эл көрүнгөн деген кандай? Площадданбы?

- Ошончолук жолуккуңуз келип атабы? Же тааныштыргыңыз келип атабы?

- Ошол жигиттин бирөөнө тааныштырсамбы дейм да...

- Эгер сиз жолуккунуз келсе макул жолугам. андан качпайм. Бирок, сиз айткан жигит менен жолукпайм кечирип коюңуз.

- Ал жигит мен болчумун деп кантип айтам, билбейм. Сени менен абдан эле жолугушкум келип жатат. Эмне кылалы, мен Көлдөгү иштеримди бүтүп келгенден кийин жолукпайлыбы кандай дейсиң?

- Бул сунушуңузга бул жолу макул болоюн, - деп агенттен жазышып отурдук.

Андан кийин ал өз иштери менен, мен өз иштерим менен алек болуп кеттим. Иштеп отурсам шеф бир депутаттар интервью алып келе кал деп ЖКга жиберген, ошол маалда Тынай мага телефон чалып калды: Ак Үйгө баратам десем, менин кабинетиме кирип кетчи, - деп калды. Арадан жарым саат өткөндө жардамчысы байланышка чыгып мени Тынайдын кабинетине алып кирди. Мени көрүп бир башкача боло түшкөнү жүзүнөн байкалып турду. Учурашып бүтөөрүбүз менен теңештиңиз, мен сизден кичирээк болуп калдым, ага сүйүндүңүз. Сыягы боюңуздан тартынып жүргөн окшойсуз. Ал-жай сурашып, менин көзүмдү кечке караганыңыз азыркыга чейин эсимде. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдаганга аз убакыт калган эле, сиз мага бул сага майрамга карата белек деп конверт сундуңуз. Мен ошол жерден эле "Мен мындай белек эмес, чыныгы белекти күткөм бул конвертти албайм", - десем болбой сумкама салып койдуңуз. Чыгып баратканымда мойнуман өбөйүн дедиңиз эле, мойнумду акырын тартып, күлүп кабинетиңизден чыгып кеттим. Тиги депутаттан маек алып чыгып, ишке келип сумкамдагы конвертти ачып карасам 300 доллар экен. Бир чети кубансам бир чети жиним келди. Мейли деп эртеси сиз берген акчага Нетбук сатып алдым. Ошол күндөн тарта сиз мага бат-баттан СМС жазып, телефон чалчу болуп алдыңыз. Экөөбүз 20-сентябрды жолугушуу күнү деп болжогон элек. Бирок, 16-сентябрда ЖКда бир депутат менен катуу уруштуңуз. Интернеттен окуп мен да капа болдум. Ал күнү курбу кызым Анара бир жигит менен тааныштырып ошол жигитке жолукмакмын. Ал мени Пекин ресторанынан кечки саат сегизде күтмөк. Жумуштан чыгып кечки жолугушууга даярданып жаткам, бир маалда сиз телефон чалып калдыңыз. - Алтышка, 20сын күтпөй бүгүн эле жолуга береличи, көргүм келип жатат, - дедиңиз. Мен бара турган жолугушуумдан баш тартып ага эмес сизге бармак болдум. Адресимди СМС менен жөнөттүм. Бир маалда жан сакчыңыз окшойт бейтааныш жигит телефон чалып биз келдик деп калды.

Курбум Шахида да мени менен чогуу чыгып калды, мен болсо курбумдун жакшы көйнөгү бар эле, ошону сурап кийип жасанып алып чыктым.

Подьезддин алдында ак көйнөк кара костюм кийген, галстук тагынган бир жигит туруптур. Мени көрүп эле сылык учурашып жүрүңүз деп Лексус 470 үлгүсүндөгү унааны көрсөттү. Мени менен чыккан Шахида бизди көрүп абдан таң калды. Ал болсо кир жууганга самын алганы дүкөнгө чыккан. Биз узап кеткиче эс талма болуп карап турду.

Лексус шаардын борборун көздөй зымылдады. Айдоочуңуз күзгүдөн мени улам карап коет, ал дагы, жан сакчыңыз дагы сүйкүмдүү жигиттер экен. Бир маалда келдик деп калышты. Карасам бир чоң мейманкананын алдында туруптурбуз. Жан сакчыңыз мени сиз турган номерге жеткирип коюп чыгып кетти. Кирсем сиз эки досуңуз менен отуруптурсуз. Алар ордуларынан тура калып, сылык учурашышты. Дасторконду жайнатып алып ошол күнкү сиздин түшкөн маанайыңызды көтөрүп шарап ичип атыпсыздар. Мен кирип, досторуңуз менен таанышып отуруп калдым. Бир маалда эт келди, анан бешбармак. Досторуңуз болсо бешбармактан ооз тийип, тост айтып алып ишибиз бар демиш болуп кетип калышты. Кечки саат онго аз калган эле. Досторуңуз кеткенден кийин жакшы таанышалы деп шербет ичип отурдук. Ар нерсени сүйлөштүк. Көрсө сиз мыкты сөзмөр экенсиз. Адамдын тилин бат таап, өзүңүзгө бат тартып алдыңыз. Ошон үчүн өмүр бою мыкты кызматтарда жүрсөңүз керек деп боолгоп калдым. Анан албетте кесипкөйлүгүңүз да артыкчылык болуп кетет эмеспи. Көп нерселерди сүйлөштүк. Бир маалда "Мага жакыныраак отурчу", деп мени өзүңүз жакка имердиңиз, ошондо эриндерибиз кантип чапталыша түшкөнүн экөөбүз тең байкабай калдык. Сиз мыкты өбүшөт экенсиз, мага абдан жакты. Жарым саат ошол диванда өбүшүп отурдук. "Бир маалда бүгүн бул жакта эле калалычы", дегениңизден макул болуп калып калдым. Себеби, сиз менен өбүшкөн мага абдан жакты. Ал эми кучактаганыңызда болсо өзүмдү жоготуп коюп аттым. Ал түнү ич кийимчен эле жаттык. Колуңуз менин денемди толук бойдон сылап чыкты. Сизди төшөктө да мыкты го деп койдум. Таң аткычакты эриндер бири-бири менен чапталышып чыкты. Мен болсо секске даяр болуп калдым. Кичине онтоп койдум, сиздин ар бир кыймылыңыз мени ушунчалык дүүлүктүрүп турду. Жан жеримен ысык суюктук кичинеден чыга баштады. Кыздык белгиси барлар дагы ушунча дүүлүгөт экен деп өзүмө абдан таң калдым. Сиз менин үстүмө чыктыңыз, бирок кашайып сиздики такыр турбай койду. Бир чети ага сүйүндүм, эгер турган болсо ошончо дүүлүгүп турганда кыздыгыман айрылып калмак экенмин. Кучакташып жатып уктап калдык.

Таң атпай такси менен үйгө барып жуунуп-таранып алып жумушка келдим. Жумуш күнүм жакшы уланды.

***

Ошентип ал кишиге жолуккан күндөн тарта менде кандайдыр бир башкача сезимдер пайда боло баштады. Жумушум да негедир жакшы жүрүшүп, акча жаатында буга чейин көп көйгөйлөр жаралып келген болсо, эми ал жаатта ойлонбой да калдым. Үйдө болсо кыздар менен батирде турам. Ал кыздарга мен олигарх менен сүйлөшүп жатам десем такыр эле ишенбей коюшкан. Кийин Шахида көргөнүн айтып келгенде гана ишенимиш болуп калышты окшойт. Мен болсо интернеттен ал киши туурасында болгон маалыматтарды чогултуп, издей баштадым. Анан эле биографиясын карасам менден туптуура 30 жашка улуу киши экен. шумдугуң кургурдуку десе. Мурун мен кичине кезимде бир китеп окуп, анда 16 жаштагы кыз 46 жаштагы кишини сүйүп калып кыздыгын ал кишиге тартуулаганын окуп алып, ошол кызды абдан сөккөн элем. Көрсө эч бир кишиге сын такпаш керек тура. Айланып келип өзүмдүн башыма тийип отурат. Мамлекеттик кызматта иштеген үлкөн чиновникти баш отум менен сүйүп калам деген ой үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Тагдырың деген ар кандай бурулуштарды даярдап коет тура көрсө. Мен болсо ал кишисиз жашай албай кала тургансып, ар бир он мүнөт сайын СМС же болбосо коңгуроо күтөм. Мен качан ойлонуп аткан болсом, дал ошол учурда ал киши телефон чалып калчу болду.

Жумушумда эч ким деле билбейт, бирок семизинен келген кара тору байке дайыма менин кылып жаткан ишиме, ким менен мамиле куруп жатканыма чейин изилдеп жүрчү. Ошол киши тийише берип, акыры менден катуу кагуу жегенден кийин анын суук көзүнөн кутулдум окшойт.

Тынай дагы мага көбүрөөк жакындай баштады. Кайсы күнү бош боло калса мени менен жолугуп бир чыны чай ичсе да ошого канаат алат. Албетте, менин өзүмө тең, "кийин ушул жигитке турмушка чыгам" деген жигиттер бар. Аларды да Тынай толук билет. Ичинен кызганса да сыртына чыгарбайт, тескерисинче мага кеңешин айтып, эркекти эркелетип койсоң эле жаш баладай болот, каалаганың орундалат деп күлүп калат.

Тынай үчүн күндө жасанып, күн сайын сулуу болгум келчү. Бирок а киши менен тымызын жолугушуп, сүйүшүп, сүйлөшүп жүргөнүмдү берки артыман чуркап жүргөн жигиттерге такыр билгизген жокмун. Жогоруда айтпадымбы мурун акча жаатында бир топ кыйналгам деп. Ошол кыйналып жүрүп телефон деле жаңырта алган жокмун.

Бир жолу Тынай түштөнүүгө чакырып, машина жиберип ийиптир. Макул болуп машинесине отуруп алып шаардагы ресторандардын бирине бардым. Барсам эл көзүнчө эле менин бетимен өөп, үстөлүмдү жылдырып берип, абдан сылык мамиле кылды. Ал жакта бизди тейлеген официант кыз таң калып эле карап калды. Экөөбүз бир сааттан ашык аркы-беркини ишти сүйлөшүп отурдук. Бир маалда:

- Кайсы кыздар менен жашайсың, сүрөттөрү барбы алардын? - деп калды.

- Ооба, - деп, чөнтөгүмдөгү четтери кеткен, сынган Нокия 2700 үлгүсүндөгү жүдөгөн телефонумду алып чыгып ичин аңтарып калдым.

Кыздардын сүрөтүн көрүп, ар кимисине мүнөздөмө берип бул кызың жакшы экен, тиги кызың кичине куулугу бар экен деп айтып калды. Албетте көп жашаган адам бизге караганда баары бир көбүрөөк билет да. Анан телефонуму акырын чөнтөгүмө салып алдым. Мени айдоочусу ишиме жеткирип койду.

Экөөбүз күнү-түнү тынбай СМС жазыша турган болуп алдык. Мен Тынайга жолукканы курбу кыздарым менен деле анчейин кепилеше бербей калдым. Ишке барам, кечирээк келем дагы, жигиттерге жолугам, же Тынай бош болсо баарын жыйыштырып коюп Тынайга жөнөмөй.

Сентябрь айларынын аягы болуп калган эле. Жумушта адаттагыдай бирөөдөн алган интервьюну компьютериме терип бүтөйүн деп калган болчумун. Жума күнү болгондуктан жумуштарым аягына чыгып калган. Бирок ошентсе да редакциянын түйшүгү арбыныраак болот эмеспи. Кандайдыр бир оор түйшүк менин да мойнумда бар. Аңгычакты эле телефонум шыңгырап Тынай чалып калды:

- Жөжө-ө, мени менен Ысык-Көлгө барып кеелчи? Сен жок такыр баргым келбей жатат. Сени менен жолдо карай божурашып, кучакташып баргым келип атат. Анын үстүнө жытыңды да абдан сагындым.

- Шеф уруксаат берсе эле бармакмын, гезит да даяр эле болуп калды, кайра качан келебиз?

- Мероприятия бүтөөрү менен эле шаарды көздөй учуп келебиз.

- Дем алыш күнү келип калсак эле болду, дүйшөмбү күнү катуу иштемей да, билесиз?..

- Ооба, Жөжөм менин, же шефиңен өзүм сурайынбы?

- Жок, өзүм эле суранам.

Шефке кирип Ысык-Көлдөгү курбум турмушка чыгып ошол жакка кеткени жатканымды айтып уруксаат сурасам ал да макул болуп:

- Материалдарыңды дизайнерге тапшырып коюп кете бер, - деп калды.

Сүйүнүп эле материалдарды дизайнерге бердим да Тынайга телефон чалып:

- Келе бериңиз, - дедим. Чынын айтсам абдан толкунданып турдум. Себеби, ал киши менен мындай алыс жолго биринчи чыгышым. Жумушта отурсам телефон шыңгырап редакциянын алдында турабыз деди. Сыртка чыксам кинодогудай эле бир кара Мерседес 600 жана баягы ак Лексус турат. Анда 4 жан сакчысы автоматтары менен сыртка чыгып алышыптыр. Бир чети абдан уялып кеттим. Мен болсо жупуну кийинген гана жөнөкөй кызмын. Биздин жумуш жактагы таксисттер мени көрүп алып шок болушту. Анан дагы мени менен чогуу иштеген эжелер терезеден карап турушуптур. Аларды көрүп алып бетим кызарып кетти. Эки машине менен барганы да туура бирок. Себеби, ал кишинин чининдегилерди күн сайын эмес, саат сайын өлтүрөбүз дегендер чекесинен чыгат. Ошон үчүн ушундай жүрөт болушу керек. Бирок мынчалык кооптонгонун көрүп, чиновниктердин жашоосуна суктангым да келбей калды. Андан көрө сары суу ичсең да эч кимден коркуп кооптонбой көчөдө эркин басканың дурус окшойт деп калдым. Мерске отуруп алып Көлдү көздөй зымырап жөнөдүк.

Көлгө жеткенче Тынай жолду карай божурап барды. Барганда бир коттеджге келдик. Эми ичин айтсам жомоктон окуп, кинодон гана көрчүмүн. Ичи шумдук экен. Экинчи түндү да ойдогудай өткөрдүк. Жаткан керебети да абдан сонун экен. Экөөбүз эзилишип көпкө жаттык. Тынай мени алгач акырын эркелетип мойнуман жыттап:

- Жөжөшкаа, жыргалым менин, мен сени жакшы көрөм, радость моя, - деп кучагына кысканда өзүмдү араң карманып жаттым.

Ичимен "дагы жалынса экен, дагы өпсө экен" деп көзүм жумулуп баратты. Тынайдын ар бир өпкөнү, кучактаганы, жалынганы уламдан-улам мени арбап, өзүнө кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөр менен тартып баратат. Түн бир оокумда табарсыгым толгонунан туалетке кирейин деп эле жарыкты күйгүзө калсам тумбочканын үстүндө пистолет туруптур. Көрүп алып Аллам оозуман түшүп, келмемди таппай калдым. Ага эч нерсе дебестен акырын кирип, кайра чыгып келип ордума жаттым. Экөөбүз кучакташкан боюнча уктап калыптырбыз. Тынайдын артыман кучактаганы мага абдан жагат. А Тынай аны билет. Ошондуктан дайыма мен уктаганда артыман бекем кучактап алып кичине кыймылдасам эле өпкүлөй берет.

Бир маалда уйкулуу көзүм менен ары көздөй оодарылганда эрдимен назик өөп алды. Кучакташып эзилишип кеттик. Мойнуман баштап бутума чейин бир жеримди калтырбай өөп чыкты. Бир маалда анын ысык эриндери менин алиги жериме тийгенде өзүмдү жоготуп барып араң эс алдым. Анан "меникин да өөп берчи" деди. Мен акырын өбө баштаганда эле ал да өзүн жоготту окшойт, көзүн жуумп алып акырын онтоп кирди. Ошентип отуруп экөөбүз махабаттын чокусуна чыгып эзилишип алып, кучакташып алып уктап калдык.

Эртеси эртең менен туруп ал жумуштары менен кетти. Мага болсо бир айдоочусун анан жан сакчысын берди. Алар мен кайда барсам ошол жакка артыман ээрчип барышат. Саат ондордо Көлдө иштеген Назира аттуу курбум бар, ага телефон чалдым. Чалсам сабактан эки саатка бошодум келе бер деди. Макул деп тигилерди айдатып алып Назирага учуп бардым. Экөөбүз көп нерселерди сүйлөшүп, Көл жээктеп сүрөткө түштүк. Тамак ичип алып анын сабагына кирип отурдум. Окуучулары абдан сыйлашат экен. Түштө мени ат чабышка алып барышты. Ал жактан келип төшөккө кирип уктап калыптырмын. Бир маалда эшик такылдаганынан ойгонсом "Сизди Тынай тамак ичсин дейт", - деди. Анда тамакты бул жакка эле алып келгилечи дедим да кайра уктап калыптырмын. Тамак ичээрде эле маңдайыбызга официанттар туруп алып карап турушат. Тамагың аш болбойт экен. Бир маалда тамак келди. Кино көрүп отуруп тамагымды ичип алдым. А Тынайдан кабар жок. Чалгым да келген жок. Жансакчысы менен айдоочусу менден уруксаат алып бир жакка кетип калышкан. Күн кирип кеткенден кийин тиги каттеджде жалгыз калып корко баштадым. Бир маалда келди. Мен болсо кийимдеримди салыштырып алып азыр келсе жолго чыгабыз деп Тынайдын келишин күтүп отургам. Ал келээри менен эле кетебиз деп калсам бүгүн жатып алып эле эртең менен 6да кетеличи дегенинен макул болуп үчүнчү түндү да чогуу өткөрмөй болдук. Үчүнчү түнү да кучакташып жатып эзилишип кеттик. Бирок, мага тийген жок. Анткени өзүмдүн каалоом менен гана төшөк кумарына батабыз деп сөз берген эле. Ошентсе да андан башкасын кылдык. Денемдин чоло жерин калтырбай ээритип койду. А мен болсо баягы биринчи түндө аныкы турбай койгондон кийин байкуштуку такыр эле турбайт го деп калгам. Бирок, акыры ал чыдабай калды окшойт менин жан жеримен өөп, жалап анан меникин өөп берчи дегенде кертмегинин башын кинодон көргөнүмдөй таризде өөп, жалап кирдим. Менин өпкөнүм жакты окшойт, кертмегин оозумду көздөй акырын салды. Мен да унчуккан жокмун. Алигисин оозума алган сайын анын көзү аңтарылып аз-маз онтоп да кетип жатты. Ал онтогон сайын мен ого бетер ары-бери сүргүлөп өпкүлөп кирдим. Бир маалда алигисин оозуман сууруп чыгып эле шейшепке эрендигин бүркүп салды да шалдырап жатып калды. Мени кучактап эринимен соро өөп андан ары өбүшүп кеттик. Мурдагы түндөгү окуялар кайталанды. Бир маалда эшиктен тырс-тырс деген үн чыкса экөөбүз тең коркуп кеттик. Пистолетин алайын деп келатып мени коркпосун деди окшойт акырын тыңшап жатып калды. Ошентип ал түн да ойдогудай өттү. Эртең менен алтыда туруп алып мен душка түшүп чыксам биз жаткан номерде фен жок экен тигил номерге алып барып фенди иштетип чачымы кургатып берди. Чачымды кургатып алып күндөгүдөй экөөбүз эртең мененки тамакка түштүк. Баягы эле официанттары тамак берип чай куюп маңдайыбызда турушту. Негедир ал менен бирге отуруп тамак ичкенден тартынчумун, бир жагынан душмандарынын заказы болуп тамагына уу кошуп салса аны менен кошо мен да кете бербейин деп чочулачумун. Ал тамактан ич десе болбой чай гана ичип отуруп кайра баса берчүмүн. Ашпозчусу эртең мененкиге күрүчтөн каша жасаптыр. Быштак анан май коюптур үстөлдүн үстүнө. Мага да чоң чыны менен бериптир. Аны көрүп, бекер эле толтура куюп келипсиңер, бул кашаны баары бир деле түгөтпөйт деди. Мага болсо баары бир. Ал жактан май чайнагандан көрө үйүмө келип кара нанды коркпой жегеним жакшы. Тамак ичип алып машинеге түшүп зымырап бараттык. Машинеде колубузду кармашып акырын сыйпалашып отурдук. Колуман кармаган сайын мага майдай жагып атты. Жаңы сүйүү оту тутана баштаган учур кандай гана таттуу. Бирок ошол сезимдер ошол бойдон сакталып калбайт экен. Тынай жол эрежесин бузуп айдап бараткан айдоочусуна улам эскертүү берип кетип баратты. Бир маалда уктап кетиптирбиз, мени бутүна жаткырып коюптур, мемиреп келдим. Шаарга келгенде, өзү Лексуска түшүп, мени мерсте калтырып, балдар үйгө жеткирип коет деди. Үйгө жетип, курсагым ачка жаным сукаман капчыгымды алып нан алып келейин деп ичин ача калсам ак конверт. Ичине 500 доллар салып коюптур. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. А мен чынында 500 доллар үчүн антип бармак да эмесмин. Болгону ал кишини абдан жактырып калып, ал менен бир саат болсо да чогуу болгум келди. Ысык-Көлгө барып келгеним үчүн, жанагындай түн өткөргөн үчүн 500 доллар салып койгон тура деп ызаландым. Бардык чиновниктерге ушундай басмырлашат деп жиним келди. Албетте, акчасы болсо бардык каалоосун орундата алышат да деп койдум. Анан демимди бир кысып туруп "Капчыктагыны түшүнгөн жокмун", - деп СМС жаздым. Бир аздан кийин "Пожалуйста таарынбачы, мен болгону сотка алып берейин дегем. Анан өзүңн эле тандап ал дедим. Таарынбачы жаман ойлобо. Кечирип кой!" - деген жооп келди андан. Мыдан ары кайталанбасын деп барып сотка алдым. Сенсорлуу сотканы биринчи алганда такыр түшүнбөй, ар жерин баскылап атып араң түшүндүм. Менин нетбук анан эле сотка алганымды көргөн чогуу жашаган Эльвира аттуу курбум ичи тарып курбулардын арасында "Жазира кыздарды сатып иштеп атат. Абайлагыла, чет мамлекетте достору толтура аларды бул жака чакырып, кыздарды салып берип акча алып атат". - деп ушак таратып жиберди. Мен чет тилдерди жакшы билем, айрыкча англис тилде эркин сүйлөгөнүмөн улам, чет мамлекеттерде дос-тааныштарым көп. Алар Кыргызстанга келип калганда Бишкектеги кооз жайларды көрсөтүп койчумун. Бирок, Эльвира айткандай кыз сатканга менин дитим да барбайт болчу. Соткадан ашкан акчама барып жакшы көйнөк сатып алдым. Ар бир жолукканга башка кийим кийип баргым келчү. Кээде сатып ала албай калганымда Щахиданын көйнөктөрүн сурап алып кийип барчумун. Сотка алдым деп Тынайга телефон чалдым. Анда аны майлайлы деп дагы жолугушууга чакырды. Экөөбүз баягы биз биринчи жолу жолуккан мейманкананын 314-номеринен жолуктук. Дагы деле айдоочусу менен жан сакчысы келип мени үйдөн алып кетишти. Алар да менин телефон номеримди жатка билип калышыптыр. Мурун машинеге түшкөндө жан сакчысы ооз ачып мага сөз сүйлөчү эмес эле, бул жолу:

- Жазира, кол чатырыңызды алып алдыңызбы, жамгыр жаачудай болуп турат.

- Жок алган жокмун, машине менен кетип бараткандан кийин суу болбойт деле болушум керек, же жолдун ортосунан таштап коесуңарбы?

- Жо-жо-жоок, кантип таштамак элек. Болгону сага кам көрөлү деп жатпайбызбы. Иштериң жакшыбы, журналистикада эмне жаңылыктар болуп жатат? Кимден интервью алып жатасың?

- Баары жакшы буюрса. Мага кам көргөнүңөргө рахмат жигиттер!

Андан ары сүйлөшкөн жокпуз. Биздин бул сүйлөшүүбүздү Тынайга айткан жокмун. Мейманканага келдик. Адаттагыдай эшикти ачып түшүрүп, номерге жеткирип койду. Дайыма биз ал номерде отурганда маңдайкы номерде 2 жан сакчысы кезек менен бизди кайтарып эшиктерин ачып турушчу. Бул жолу да ал маңдайкы номер ачык экен. Унчукпай кирип кеттим. Жалгыз отуруптур, достору келбептир. Кирип эле мойнуна асылып эзилишип кеттик. Мага баарынан анын менин эриндеримен өпкөнү майдай жакчу. Учурашып алып диванга отурдук, дасторконду жайнатыптыр. Алма, банан, ананас мөмөлөрдүн түрү, салат жана тамактар турат. Анан сөзсүз түрдө эт турат дайыма. Мен барганда шорпо келди, андан кийинки экинчи тамакты жөн эле койгула деди Тынай. Анткени мен баары бир тамак жебээримди билет.

- Жөжөшка, сен неге такыр эле тамак жебейсиң?

- Билбейм, табитим деле жок. Анын үстүнө үйдөн тамак ичип, курсагымды тойгузуп алып чыккан болчумун. Өзүм деле көп тамак жебейм. Анан дагы сиздин душмандарыңыз уу кошуп койсо не кылабыз? Ошон үчүн абайлайм, - десем күлүп жиберди.

- Жо, чын эле сиздей болгон үлкөн саясатчынын душмандары чачтан көп. Жок кыла албай турушат. Ашпозчуга 500 доллар берип бир нерсе коштуруп койсо деле болот да.

- Кудай сактасын. Андан көрө бүгүнкү алган соткаңды мага көрсөтчү?

- Мынакей, ушул сотканы алдым деп ак телефонду көрсөттүм.

- ММС кармайт бекен?

- Ооба, баарын кармайт. Ошон үчүн ушуну жактырып алдым.

- Аа жакшы, кут болсун! Эртең эле жыртылып калсын дечү беле? - деп тамашалап күлүп калды. Түнкү саат 12ге чейин керебетте эзилишип жаттык. Бул жолу да мага тийген жок. Бирок экөөбүз тең абдан эле дүүлүктүк. Түнү айдоочусу мени үйүмө жеткирип койду. Эртеси жумушка бардым. Катуу иштеп жатканбыз. Эшик ачылып эле бир букет ак роза көтөрүп бир жигит келди. Жазира деген эжеге бул гүлдү жигити берип жиберди деди эле, шеф да материалдарды карап жаныбызда турган. Баягы мага тийишип жүргөн кара тору семизинен келген кесиптешим да турган. Баарыбыз таң калып отуруп калышты. Шеф болсо Жазирабыздын жигити укмуш романтик го деп тамашалап калды. Букетти унчукпай алып кагазынан чыгарып вазага салып коюп алдым. Бир маалда "Иш күнүң ийгиликтүү улансын Жөжөшка!" - деген СМС келди. Ошондо гүлдү Тынай берип жибергенин түшүндүм. Баягы кесиптешимдин өңү каубарып эле сыртка чыгып кетти. Жумушту жакшы маанайда баштадым. Иш убактысы бүтүп, Нурикке жолуктум. Нурик менен 2-3 жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Ал менин кыялымды көтөрөт. Экөөбүз "Три метра над уровнем неба" аттуу киного кирдик. Манас кинотеатрынан чыгып, кафеге кирдик. Ал мени абдан сүйөт. Мен деле жакшы көрөм, бирок Тынайды сүйгөндөй ага сезим жок. Кафеден чыгып мени үйгө жеткирип койду. Эртеси дем алыш болуп калгандыктан эс алам го деп отурсам эле курбу кызымдын бир кездеги сүйлөшкөн жигитинин иниси эртеңки кечки саат алтыга байкемдин үлпөт тоюна келиңиз деп чакыруу баракчасын таштап кетти. Ал жигитинин аты Райымбек. Биз окууну жаңы бүткөн учурда курбум Гүлира экөөбүзгө жакшы колдоо көрсөтүп, үйүнө 6 ай бекер жашаганбыз. Анан эле ортодо дагы бир курбу кызым менен ысык мамиледе болгонун мен билип калып Гүлирага айтып койгом. Жаман оюм деле жок болчу. Эртеси эле Гүлира Райымбек таккан сөйкөнү эжесине жеткирип мен ага турмушка чыкпайм деп катуу айткан эле. Райымбек болсо артынан 1 жыл жакшы эле чуркады Гүлира такыр эле көгөрүп болбой койду. Мен да өзүмө жиним келди, эгер мен Гуляга айтпаганымда андай болбойт эле. Анан чакыруусун алып барсамбы же барбасамбы деп отурсам Гуля келип калды. Эмне болду дейт. Райымбек тоюна чакырыптыр үчөөбүздү баралыбы десем жок, сен эле бар. Андан көрө мага берген сөйкө шакектеринин баарын берейин кат да жазып берейин бир конвертке салып ошону да алып барып берип койчу деп калды. Аңгычакты эле Эльвира жумуштан келип тойго бара тургандан кийин антип анын маанайын түшүрбөй эле жакшы ой менен тойлоп келбейсиңби- деди. Мен мага баары бир, мен эмнеси болсо да анын тоюна барам. Себеби, ал мен кыйналып жүргөн учурда Гуля экөөбүзгө тең жардам берген, барбасам болбойт дедим да эртеси тойго жөндүм. Тойго кичине кечирээк барып калдым, анын достору мага кечигип келдиң деп болбой арак берип коюшту. Арак башты бат эле айлантат экен, көзүм ала чакмак болуп эле бетим кызарып отуруп калдым. Бир маалда тойдо досторуна сөз берилди. Мен чыгып жакшынакай каалоо-тилегимди айтып, белегимди бердим. Анан бир жаш ырчы жигитке айтып койгон элем, ал барып Райымбекти Каным экөөнү менин атыман куттуктап 3 ырын ырдады дагы кетти. Той аяктап калган кезде, Каным менен Райымбекти бери чыгарып гүл ыргытуу аземин өткөрмөй болду. Ошондо бойдок кыздар чыккыла дегенде жаш кыздар чыгышты. Мен болсо бери жактале кызарып отургам. Тамадасы улам эле журналист эжекебиз деп мага тийишип аткан болчу, журналист эжекебиздин жолдошу жок болсо чыгыңыз деп калды. Элдин баары кол чаап менин чыкканымды суранышканда уялып атып чыктым. Кыздар толтура жыйылып турабыз, мен бийигирээк такалуу туфли кийип алган элем, ошогобу же тагдырбы билбейм, ыргыткан гүлү менин колума түшүп калды. Кичине ичип алган жаным үйгө такси менен баргандан коркуп Нурикти чакырдым. Ал келип мени тойдон алып кетти. Үйгө келип гүлдү, тойдон түшкөн сүрөттөрдү чай ичкен үстөлдүн үстүнө коюп кетип калыптыр. Эртең менен башым ооруп жатсам эле Эльвира Гуля деп кыйкырды. Ошондо гана кечээки тойдон тосуп алган гүлдү, сүрөттү эстедим. Ошол күндөн тарта экөөнүн мага болгон мамилеси бузулуп, менден кынтык издеп гана калышты. Мен болсо алардын мамилесин этибар албай эле Тынай менен алек болуп жүрдүм. Тиги эки курбумдун ого бетер жиндери келип кантип өч алууну ойлоп жүрүшүптүр. Айтпадыбмы Шахида деген да курбум бар ал да биз менен чогуу жашайт аны да мага каршы кылып коюшуптур. А менин алар менен таптакыр ишим жок, баарын унутуп жалгыз Тынайны гана ойлойм. Бир күнү мен жаңы алган телефонумда тыңшоо (прослушка) бар экенин билип калдым. Телефонум жөн турган жеринен эле күйүп-өчүп калчу болду. Анан Тынайга айттым экөөбүз жолукканда ал мага дагы 500 доллар берди экөөбүзгө тең фонекстин аппаратын ал анда прослушка жок дегенинен 300 долларын гана алып окшош телефон көтөрүп келдим. Бири-бирибизге бекер чалып жыргап эле калдык. Бирок мен ага көп телефон чалчу эмесмин. Себеби, мамлекеттик кызматтагы кишинин менден башка маселелери жолуга турган адамдары толтура дечүмүн. Ал кандай бошосо ошондой мага телефон чалып, үнүмдү угуп жыргап калчу болду. Арадан күндөр өттү, менин махабат күндөрүм ойдогудай өтүп жатты. Бир гана жери үйгө барганда эч ким менен сүйлөшпөйм. Ал эми иште болсо ишим илгери гана жылгандын үстүндө болду. Кызматтан мен да кичине көтөрүлдүм. 14-октябрь болчу. Жумушта отурсам Тынай дагы телефон чалып Көлгө бара турганыбызды айтты. Мен дароо макул болдум. Себеби, ишемби күнгө туш болуп калган эле, жумуштан суранбасам да кете берсем болот болчу. 14-октябрь мен чоң жашоого аттанган, жашоомдо чоң өзгөрүү болгон дата болуп кала берди. Тынай экөөбүз кереметтүү Көлгө кайрадан бардык. Негедир ошол убактарда Көлдө салтанаттар иш-сапары көп болду, анан дайыма мени ээрчитип албаса жаман болот. Мен да өз кезегинде анын көңүлүн калтыргым келбейт. Бишкектен кечки саат 7лерде чыгып кеттик дагы ондон өтүп кирип бардык. Барсак биз барган коттедждердин жетекчиси бизди дасторконун жайнатып алып күтүп туруптур. Тынай мени уялбай эле, тескерисинче сыймыктануу менен ал кишиге тааныштырды. Тиги жетекчи мени таң калып карады. Себеби, менден башка бир да кыз же эркек журналист ал жакка барган эмес. Тынай: Бул сулуунун аты Жазира, өзү жаш болсо да бир гезиттин жүгүн аркалап келет, - деди. Тиги жетекчи унчукпай эле бизди коноктоп коюп, шашымыш болуп чыгып кетти. Баягы тамак өткөрбөгөн официанттар дагы деле жүрүшөт. Мен адаттагыдай эч нерсе деле жеген жокмун. Тамактанып алып көл жээктеп, бак аралап басып да келдик. Баягыдай эле көрүнүш биздин артыбыздын жан сакчылары да басышат. Биз токтосок артты карап, бассак артыбыздан ээрчишкенин калтырышпайт. Ага көңүл деле бурбай калыптырмын. Көлдүн жээгинде бир топко туруп калдык, мен ичиркенип кетенимен улам курткасынын боорун ылдый сыдырып мени кучактады. Чачыман жыттап, мойнуман өөп, эриндерибиз чапталып калды. А жансакчылары болсо бизге эч ким жолобосун деген таризде айланабызда дагы деле жүрүшөт. Ошентип биз көптөн бери күтүп жүргөн түн да келди. Менин буттарымдын калтыраганын көр. Өзүмдү кармай албайм. Экөөбүз адатыбызча эзилише өбүшүп, кучакташып, чапталышып эле жатып калдык. Тынай мени секске абдан даярдады, качан мен даяр болгондо гана буттарымды өйдө көтөрүп, белиме жаздык коюп анан абайлап өзүнүкүн киргизе баштады. Аныкы менин жан жериме кирмеги бир тозоктүн гана тозогу болду. Киргиче кара терге да түшүп бышылдап кетти. Албетте, жаш курагы өтүп калган киши болсо, жаш кыздын алдында жөн деле демигип кетсе керек. Менин жан жерим болсо чыдатпай оорута баштады. Аягында кыйкырып жибердим, мен кыйкырганда катуу түрттү эле алигиси менин жан жериме кирип эле кетти. "Тыз" эле дей түштү. Ишим бүттү деп калдым. Анан эле ошол киргизген боюнча бир калыпта жай кыймылдай баштады. Башында оорутуп кыйналып жаткан болсом, бара-бара ал оору тескерисинче жан жыргаткан оору болду. Себеби, анын арстаны менин жан жеримдин точкасын таап ошол точкага жага тургандай кыймылдап кирди. Астымдагы жаздык былчылдап эле чыкты. Тынай дары ичип алганбы же өзү эле төшөктө ошондойбу билбейм, айтор 2 саатча жөн эле иштеди. Акыры кумардын туу чокусуна жетти окшойт бакырып, мени катуу кыса кучактап үстүмө жатып калды. Мен астыбыз канга боелуп калды болуш керек деп ойлогом. Бирок, шейшепке бир да тамчы кан тамбаптыр. Баары мен да Тынай да каалап, биз күткөндөй болбой, теңирден тескери чыкты. Ошондогу ызаланганымды айтпа. Мен канчалык ак болсом да Тынайга эмне деп жооп кайтараарымды билбей турдум. Ал болсо шейшепти карап бозоруп эле туруп калды. Аны да туура түшүндүм. Чындыгында менин ак экениме ким ишенмек эле?! Өзүмдү-өзүм жектеп, ызаланып аран эле турдум. Тынай ичинен канчалык жини келип, "Ушу чыпалактай болгон кызга кантип ишенип калдым, бул мени алдады, "буга чейин бул шуркуя канчалаган эркектин астында туйлап жатты экен", - деп ойго батып, сыртынан айткысы келди бирок карманып тилин тиши менен тиштеп турду. Төртүнчү түнү дагы ал иш болду. Бирок шейшеп дале таза бойдон. Анда да экөөбүз тең бозоруп калдык. Тынай мени канчалык жооткотпосун ызам көкүрөгүмө толуп, ага билгизбей ыйлап да алдым. Ошентип экөөбүз каалаган сыйкырлуу түн жаман түнгө айланды.

Ошондон бери Тынай мени менен жолуккусу да келбей калды көрүнөт. Эмнегедир мага анын жылуу сөздөрү, кучагы, эркелеткени жетишпей жаман болуп жүрдүм. 2011-жылдын 3-ноябры болчу. Жумуштан чыксам Тынайдан "биздин жайга келчи, сагындым" деген СМСи келип калды. Үйгө келип, душка түшүп, жаңы ич кийимдеримди кийип, жаңы көйнөгүмдү үтүктөп кийип, жасанып алып экөөбүз жолуга турган жайга бардым. Кирсем эле эки досу менен отуруптур. Шайлоону майлап отуруп кызып да калышыптыр. Кирээрим менен эле бири сумкамды алса, экинчиси пальтомду алып абдан сылык мамиле кылышты. Тамактар биринин-артынан бири келип атат. Бир маалда бир каратору досу мага тийишип жеңе дей баштады. Бир топ сөздөр менен тийишти эле унчукпай кутулдум. Алар кетишти.

Экөөбүз кайра кучакташып алып уктадык. Абдан сагынышып калыптырбыз, бир топко чейин эзилиштик. Ошентип экөөбүздун тогузунчу түнүбүз да аягына чыкты. Эң кызыгы эртеси такси менен жумушка баратсам бирөө чалды. Анан офиске келди. Мен ишим тууралуу менин артыман аңдып жүргөн кишилер го деп ойлодум. Себеби, ошол жумада чуулгандуу бир макала жазып, аягы сууй элек болуучу. Көрсө ал жигит менин мейманканадан чыгып баратканымды, таксиге отурганымды көрүп, таксиде иштеген диспетчер кыздарга чалып мени мейманканага сумкасын унутуп кетти демиш болуп номеримди алып алыптыр. Коркуп Тынайга айтсам ал "оперлер, номер алмаштыр", - деди. Эмне болсо ошо болсун аман болсом болду деп номеримди алмаштырган жокмун. Ошол убакта Тынай мейманканага жигиттерин жиберип, биз жаткан бөлмөнү тинттирип каратса эч кандай жучок таппаптыр. Ошентип ал бала кызык боюнча кала берди.

***

Тынай экөөбүз төшөк мамилесин баштагандан бери мен ооруй турган болдум. Качан аны менен болгондо эле жан жерим аябай кычышат. Акыры чыдабай жеке клиникага барып текшерилсем гоноккокк таап чыгышты. Тынайга айтсам мойнуна албай койду. Бир жума капельница алып атып венамдын баарын тешип салышты. Бир курс дарылангандан кийин анализ тапшырсам жакшы чыкты. Ал убакта Тынай менен бир урушуп кайра табыштым. Тынай болду мени менен сүйлөшпөй коёт го деп ойлоптур. Кантип сүйлөшөпөй коё алмак элем. Ал менин жашоомдогу эң биринчи жана эң акыркы "эркек" болуп кала берет. Баягы күнү жинденгенимен болду аны менен болгон мамилемди аягына чыгарып, Нурик менен эле калам деп ойлогом. Анте албадым. Негедир жүрөгүм ага жол бербей койду. Ошентип кайра сүйлөшүп калдык. Анын давлениеси көтөрүлүп барып кайра түштү. Анын мага эркелеткени, кучактаганы өпкөнү жагат. Ошондуктан ал киши менен мамилемди такыр үзө албай койдум. Тынай өзүнүн иши, мен өзүмдүн ишим менен алек болуп жатып кантип күндөр өтүп жатканын деле байкаган жокпуз. Бирок телефондон тынбай сүйлөшөбүз. Эки күндө бирден ишиме же болбосо мен жашаган батирге таң эрте гүл берип жиберет. Кээде гүл келбей калса абдан капаланам. Анда Тынай мага таарынып, тултуюп калган окшойт деп калам. Бир күнү шеф экөөбүз бир телеканалга түз эфирге чыгып калдык. Алып баруучу кыз мага:

- Сүйлөшкөн жигитиңиз барбы? - деп суроо узатты. Мен ошол замат эле:

- Ооба, ал адам да Кыргызстандын бир четин тартып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жүрөт. Мамлекеттик кызматта иштейт, - дедим. Ошондо жетекчим мени башкача көздөрү менен карап калды. Эфирден чыккандан кийин мени үйүмө жеткирип баратып:

- Сен айтып аткан жигит "Черный мирден" эмеспи? - деп сурап калды.

- Жок, андай дүйнөгө аралашпайм дагы. Менин сүйлөшкөн жигитим жөнөкөй студент деп кантип айтам, эл алдына мактанып койдум, - деп койдум. Ошондон кийин шеф Жазиранын жигити черный деп тамашалап калат.

Эртеси жумушка келдим. Интернетке кирсем, Тынай агентте отуруптур. Амандашып алып ар нерсени жазышып отурдук. Мен болсо үйдө эмне болсо ошонун баарын Тынайга айтып берем:

- Кандай Жөжөшка? Иштериң жакшыбы?

- Ооба жакшы буюрса.

- Эмне жаңылык?

- Шахида күйөөгө кетем же батирден чыгам деп бизди коркутуп атат.

- Эмнеге?

- Анын ажырашканына 3 жылдай болуп калбадыбы. Ошого өткөндө катуу ооруган. Себеби, ал ажырашкандан бери бир да эркек менен катышта болбоптур, ошого гормондору бир нерсе болгон го, катуу ооруп атат. Доктур эртерээк турмушка чык же төрө дептир. Анан төрөйм деп атат.

- Анысы жакшы экен. А кимге турмушка чыгам дейт?

- Билбейм, анысын деле айткан жок.

- А берки эки кыз кандай жүрүшөт, сени менен урушпай калыштыбы деги?

- Мен алардын сөзүнө көңүл деле бурбай калгам. Болгону үйдөгү маселелер тууралуу гана кичине сүйлөшүп коем. Мени олигарх менен сүйлөшкөнүмдү көрө албай атышат го.

- Жөжөшка, мени олигарх кылып салдың го-о.

- Анан жөнөкөй чабансызбы? Сиз деген Кыргызстандагы алдыңкы он кишинин катарына киресиз.

- Койсоңчу, Жөжөшка...

- Мейли, жолугушканча жакшы туруңуз. Баса качан жолугабыз? Абдан эле сагынып кеттим го сизди! Башымды ийиниңизге жөлөп уктагым келип атат абдан-абдан.

- Сен качан десең ошондо жолугабыз да. Акыркы күндөрү сенин каалооңдун баарын аткара турган болуп калдым ансыз деле. Көнүп калып баш ийдим же абдан эле сүйүп калдым...

- Сүйүп калуу мүмкүнбү?

- Толук мүмкүн. Анткени сен сүйбөй кое ала турган кыз эмессиң. Бир нерсең абдан эле тартып турат. Эмнең тартат экенин такыр эле түшүнө албай койдум. Же башымды айлантып алгансыңбы? (тамаша)

- Тамашаңызды коюңузчу. Башыңызды айлантпай эле мен да сизди жакшы көрүп баратам. И баса, ушул суббота жолугалычы, мен жумуштан эртерээк бошойм.

- Макул анда, мен балдарды жиберейинби же такси менен эле биздин дарек боюнча келе каласыңбы?

- Такси менен эле барам. А то балдарыңыз кечке эле бир кызыктай көздөрү менен карай беришет.

- Макул анда жакшы тур.

Алтынчы күндү чыдамсыздык менен күтүп отуруп биз жолуга турган күн да келип калды. Жумуштан эртерээк чыгып алып, ЦУМ жактагы бутиктен жашыл кофта сатып алдым. Үйгө келип кийип көрсөм жакшы жарашат экен. Душка түшүп чыгып жасанып жаңы сатып алган кофтамды кийип алып, биз кезиге турган жайга такси менен зуулдап жөнөдүм. Барганча таксист жигит мага ар кандай суроолорду берип жиниме тийди. Акыры жетчү жериме жетип акчамды сунсам:

- Акчаңды жөн эле кой, андан көрө сен бошогон күнү кезигели номериңди таштап койбойсуңбу? - дейт. Ачуум келип акчаны машинесине ыргытып алып түшүп кеттим.

Кирип баратканда ресепшнде отурган кыз каяка баратасыз дейт, 314-номерге десем унчукпай эле калды. Номерге келсем Тынай дагы бир досу менен арак ичип отуруптур. Аракты жакшы көрөт окшойт, бирок бир да жолу мас болгонун көргөн жокмун. Кирсем сумкамды алып, бетимен өөп досуна:

- Бул кыздын аты мен үчүн Жөжөшка сен үчүн жөн гана Жазира деп тааныштырды. Тамаккка отурганда тиги досу менин кайда иштеп, эмне иш кылаарымды сурап баштаганда эле Тынай кызганып кетти окшойт, мен үчүн жооп бере баштады. Жөжөшка гезитте иштеген үлкөн журналист, жаш болсо да бир гезиттин түйшүгүн тартып жүрөт, - деп калды.

Анда тиги досу мени дагы бир сыйра башыман бутума чейин карап чыкты дагы ичип аткан тамагын ичүүнү улантты. Дайыма жолукканда достору тост айтып анан кетишет. Бул жолу мага да тост айттырышты. Андай кишилердин арасында тост айтуу мага оор болду. Бирок, кыйналганымды билдирбей:

- Достугуңар бекемдей берсин, ушинтип бири-бириңиздерди көтөрмөлөп гана жүрө бериңиздер! - деп кыска жана нуска тост айттым. Бетим кызарып кеткенин байкаган Тынай мени акырын колуман кысып койду. Достору кеткенден кийин экөөбүз отуруп алып шампан ичтик. Бир бокал ичкенден кийин башым ооруп чыкты. Тынай башымды кармап берип массаж жасап жаткан. Анын массаж жасаганы менин башымдын ооруганын жаза баштады окшойт бр маалда уйкум келип анын тизесине көзүм ирмелип кетиптир. Көзүмдү ачсам бир саатча уктаптырмын, Тынай болсо дагы деле массаж жасап мени карап отуруптур. Көзүмдү ачсам көзүмөн аяр сүйүп:

- Ушу кызды неге мынча акшы көрүп калдым десең? Башың айыгып калдыбы, Жөжө? - деди.

- Ооба, - деп турсам телефон чалып ысык тамак алып келгиле деп балдарына буюрду.

Арадан 20 мүнөт өтүп-өтпөй ысык шорпо келди. Аны ичип алып кучакташып алып төшөккө кирип кеттик. Жаңыле уктайлы деп атканда Тынайдын аялы телефон чалып:

- Качан келесиң? - деп калды. Ал болсо:

- Бүгүн балдар менен бильярд ойноп жатабыз барбай калышым мүмкүн, - деди да трубканы койду.

- Жөжөшкаа, эмне маанайың түшүп каалды?

- Маанайым сизге жолукканда такыр түшпөйт. Аялыңыз чалдыбы?

- Ооба. Кечиккенимден эмне болдуң деп чалыптыр.

- Ммм... Баса, мен сизден канча балаңыз бар деп такыр сурабаптырмын?..

- Бир уулум 2 кызым бар. Баары турмушка чыгып өз жолдорун табышкан. Неберелерим да бар. Буюрса алар да чоңоюп келе жатышат.

- Жакшыкен.

- Андан көрө ишиңде эмне жаңылык? Көп иштеп жатып кыйналган жоксуңбу?

- Кыйналган деле жокмун, сүйгөн ишим болсо иштөө мен үчүн рахат да. Баса, баягы мага тийишип жүргөн коллегам бар го, ал "мени менен тоого эс алып келбейсиңби, жалгыз баргым келбей жатат?" дейт.

- Ал киши сага эмнеге эле анча жабышып калган? Балдарды жиберип коеюнбу?

- Жоок, ал кишини ошондо эле өз ордуна койгом, кабатырланбаңыз. Кызыңызды ээрчитип алыңыз мен бошобойм, жигитим кызганчаак, - десем унчукпай кабинеттен чыгып кетти.

- Ошол кишиңден жаман кызганам да. Мен тирүү болсом сенин бир тал чачыңды эч кимге карматпайм, буюрса. Баса, балдардан гүл берип жибердим эле, алдыңбы?

- Ооба, алдым, рахмат! Маанайым абдан көтөрүлүп калбадыбы гүлдөрүңүздү алып. Мындан ары мен үчүн гүлгө акча керектебей эле коюңузчу, сизди банкрот кылганы калдым го?..

- Сен үчүн акча коротконум эч нерсеге арзыбайт. Андан көрө жакшы жаңылыктардан кеп салчы. Курбу кыздарың жакшы жүрүшөбү? Алар менен мамилең жакшы болуп калдыбы?

- Мурункудай эле сүйлөшпөй, өз ишим менен гана алек болуп жүрөм.

Тынай мени эркелетип мойнуман өөп жатып мойнумдагы кызыл тактарды көрүп:

- Бул эмне болгон тактар?

- Күмүш чынжырча тагына койсом аллергия болуп кетип жакшы айыкпай жатат.

- Анда сага алтын тагыныш керек го. Эч нерсе эмес бул көйгөйүңдү да чечебиз. Сага кандай чынжырчалар жагат, мага ММС менен жактырган чынжырчаңдын сүрөтүн жөнөтүп жибер, макулбу?

- Алтын алып убара тартпай эле коюңузчу мен үчүн. Алтынсыз эле жашайм. Рахмат!

- Жөжөшка, эмнеге эле мен сага бир нерсе сатып берейин десем баш тарта бересиң? Андай жарабайт. Мен сени ухаживать кылайын дебедим беле. Демек, бардык жактан ухаживать этиш керек да.

- Мен сиздин чөнтөгүңүздү ойлонуп жатпаймынбы?

- Чөнтөк жагын такыр ойлонбо алтыным менин! Ушул сен абдан сарамжалдуу аял болосуң. Мен жаш кезде кайда элең? Азыр сени балдар жеткирип коюшат. Мага таарынба, үйдө күтүп жатпайбы, аны да таарынтпай барып коеюн, калган сөздү телефондон сүйлөшүп туралы. Телефонуңду өчүрбөсөң, макулбу?

- Макул.

Тынайдын балдары мени үйгө жеткирип коюшту.

Курбуларымдын бири абдан эле өзүмчүл, бирөөгө жакшылыгы жок неме болчу. Ал менин ким менен сүйлөшүп жатканымды биле албай абдан убара тартты. Менин дагы жакын курбуларыман: "Жгити ким? - деп сурагандан алар да айтпаптыр. Азыр анын билбей калганына абдан сүйүнөм. Себеби, эгер ал билип калса кыргыз журтуна уят болмокпуз.

Бойдокчулук күндөр өтө берди. Анын ортосунда менин колумду сураган жигиттер да көбөйдү. Мен тандоо мүмкүнчүлүгүмөн пайдаланып аларды ар кандай ыкмалар менен сынап жүрдүм. Бирок ар бир жигитти Тынайга сыпаттап берем, ал болсо жарайт же жарабайт дейт. Тынай менден жок дегенде 15 жаш улуу болгондо мен ага экинчи аялы болуп тийип алмакмын. Бирок, 30 жаш айырма бар ортобузда. Ошонусу гана тоскоол болот да. Бир жагынан мен да өзүмдүн күйөөмдүн гана кучагында биринчи аял болуп жашагым келет. Бирок, Тынайга болгон сүйүүм акылыма таптакыр эле каршы. Бул тагдырың ар кандай сыноолорго жыш толгон токой сыяктуу табышмактуу экен. Мурун бир чийин менен эле жашоом өтөт деп ойлоп келген болсом, азыр эми кандай нерсе күтүп турду экен деген табышмактуу ойлор курчачу болду.

Өзүмөн 12 жаш улуу Талант аттуу жигит менен жайында Ысык-Көлгө коллектив менен эс алганы барганда таанышып калып, ошондон бери жакшы мамиледе болуп жүрөм. Ал болсо милиционер, бир жерде начальниктин орун басары болуп иштейт. Жүрүм-туруму орду менен, сүйлөгөнү токтоо, бирок бою менден бир аз кичирээк жигит. Күндө жумуштан алып кетет, менин маанайым жакшы болсо бир жактарга барып тамактанып келебиз же болбосо жөн гана табигат койнунда бир аз сейилдейбиз. Мен кандай гана эркелебейин баарын орундатууга аракет кылат. Кээ бирде кафеге кетип калып, ал жактан кызып калганда телефон чалсам келип алып кетет да үйгө жеткирип коет. Азыр ойлосом, мени абдан эле жакшы көрсө керек. Жумуштагы мени менен чогуу иштешкен эжелер, курбуларым мен аны менен сүйлөшүүмө абдан эле каршы. Себеби, Талант бир жолу үйлөнүп ажырашкан эле. Аялы экөөнүн ортосунда 6 жаштагы баласы бар. Алар Ошто жашашат, ай сайын ага алимент төлөп турат. Анысын билип калган эжелер биринчи аялын жыргатпаган сени жыргатат деп ойлоп атасыңбы? Өзүңдүн теңиңди тап, сен жубан эмессиң, дагы далай жигиттерге жолугасың, - деп такыр эле каршы болушту. Жашоону көрүп калгангабы, ал менен сүйлөшкөндө абдан эле жеңилдеп калам. Ал болсо менин боорукерлигимди анан тазалыгымды жактырат. Талант менен сүйлөшүп жүргөндө кокустан Тынай коңгуроо кылып калса, телефонумду үнү жок режимге коюп коем.

Кандай болгон күндө да Тынайга болгон сүйүүм күч. Ал киши да адамдын ичи-койнуна бат сүңгүп кирип бат көнүшүп кеттик. Эркектерге элүү жаштан өткөндө сүйүү келсе, башын айлантып коет окшойт. Тынайдын башы айлангансып эле иштеп жаткан ишин унутуп мага ар бир жарым саат сайын телефон чалып сүйлөшүп турбаса башы ооруп калчу болду. Менин ар бир кадамымам кабардар болуп турат. Же кыздыгымды алгандан кийин башка бирөө менен жыныстык катнашта болушумду каалабайт окшойт.

Ал да, мен да тытынып иштеп жүрдүк. Жумасына 2-3 жолу жолугуп туралы дейбиз жакшы эле, бирок аялынан коркобуз. Эгер ал билип калса мага эле жаман болот да. Кокусунан бетиме кислота чачтыртып кетсе, күнүмдүн бүткөнү ошол деп корком. Бирок, жүрөктү такыр акыл менен башкара алчудай эмесмин. Ошондой болгон күндө да жолугуп жүрдүк. Тынай ыр кураштыра калып, жамактаганга абдан мыкты эле. Мага ыр саптарын жазып СМС менен жөнөтүп да калат. Анын жазган билдирүүлөрүнө магдырап, сүйүү деген ушул экен деп жүрө бердим. Чындыгында буга чейин Тынайдай бир да жанга мынчалык берилип көргөн эмесмин. Тынай тамыр тартканды жакшы өздөштүргөнгөбү же чындап эле экөөбүздүн жылдызыбыз келишип кеттиби, айтор бири-бирибиге жипсиз байландык да калдык. Акыркы күндөрү негедир ал кишиге турмушка чыккым келип, андан уул же кыз төрөгүм келип жүрдү. Сүйүү деген акылыңан айнытып, менталитет, ар-намыс дегенди жыйыштырып коет экен. Мен баарына даяр болуп жүрдүм. Бирок Тынай менин тагдырыма балта чапкысы келген жок. Эмнеси болсо да мага караганда 30 жылдык жашоону эрте көрүп калбадыбы. Ошого миң сүйүп турса да ары жактан акылы башкарып кетип жатканы мага да байкалат. Ага экөөбүздүн ар бир жолуккан күнүбүздү, түнүбүздү компьютерге түшүрүп жүрөм, кийин китеп кылып чыгарам десем, мен да кошумчалайм деп калды.

Ноябрь айы аяктап абдан эле суук болуп калган болчу. Жумуштан колу-бутум үшүп келип, газга чай коюп, плед жамынып алып ичип отурсам телефонум шыңгырап калды. Алсам Тынай экен.

- Канда-айсың, Жөжөшка? Сени абдан сагынып кетип, жумуштан келди болуш керек деп, үнүңдү уккум келип эле телефон чалдым.

- Жакшы, үшүп келип чай ичип отургам. Сиздин сүйүүңүз мени жылытпай калды го...

- Антпечи, менин сүйүүм жылытмак турсун кайнатып жиберет, көрөсүң го. Үйдө кыздар жокпу?

- Алар катуу иштеп атышкан го, мен иштен келсем үйдө эч ким жок экен. Кичине жылып алган соң, уктайын деп аткам.

- Сенин убагыңда да уктачу беле? Сен азыр жашоону жаңы баштап жатасың, уйкуну коюп жаштыгыңды жаштыктай өткөрбөйсүңбү? Бүгүн кечкиге эмне пландарың бар?

- Кечкиге андай деле пландарым жок, эртең Жогорку Кеңешке интервьюга барам, ошого кийимдеримди үтүктөшүм керек болгону.

- Бүгүн кеч биз достор менен жолукмакпыз, сени ээрчитип алгым келип атат. Тааныша элек досторум сага кызыгып, ошол кызды бизге бир көрсөтчү деп абдан суранып жатышат.

- Иий, анан досторуңуз жинге тийип кечкеле карай берет, анан "жеңе" деп тийише беришет да, баргым келбейтат.

- Мен үчүн барып койчу, суранам. Мен аларга катуу эскертип айтам, эч ким сени ашыкча карабайт, жеңе деп да айтпайт.

- Убада бересизби? Мен деле сизге жолуккум келип атат, бирок досторуңуз жок жерде, сиз анан мен.

- Буюрса ушул жуманын аягы экөөбүз романтикалуу түндү бирге өткөрөбүз. Ага чейин мен да иштеримди бүтүрүп, отчетту тапшырып калам.

- Макул анда кечинде балдарыңызды жибересиз да.

- Ооба, азыр кичине жылып өзүңө келип ал анан балдарымды жиберем, досторума жолуккучакты бир жерге барып тамактанып алалы, антпесе алардын көзүнчө дагы тамак жебей ачка кетесиң үйүңө.

- Макул.

Мен душка түшүп, өзүмдү бир сыйра сулуулап, өткөндө курбум Турцияга барганда жашыл көйнөк алып келип берген, ошону кийип, чачымды жасап жатсам, Тынайдын балдары телефон чалып, сыртта мени күтүп турганын айтышты. Дароо чыктым дагы ак Лексуска отурдум. Балдар менен учурашып, өз оюм менен алек болуп кетип бараттым. Машина зуулдап "4 сезона" деген ресторандын жанына келип токтоду. Ресторанга кирели десек бек экен, түрктөрдүн бир ресторанына бардык. Тынай менин шубамды алып кийим илгичке өзү илди. Балдары болсо бизден ары жактагы столго отуруп калышты.

- Кандайсың Жөжөшка? Сагынтып эле кайда жүрөсүң? Кийинки убактарда сени бир азле көрбөсөм сагынчу болдум го, мени жипсиз гана байлап алдың.

- Жакшымын, антпеңизчи. Тескерисинче сиз мени жипсиз байладыңыз го.

Экөөбүз күлүп калдык. Аңгычакты официант келип заказ бересиздерби деп калды. Менюну ачып тамактарды окуп жатсам тиги официант бала мени карыган чал менен бул жакка эмнеге келдиң? - дегендей бир кызыктай көз карашы менен бир карап алганга жетишти. Бирок, Тынайдын сылыктыгы ал баланын антип ойлоосуна тоскоол болду окшойт, күлүп бизден заказ алып кетти.

- Сени абдан карады го, ичимен кызганып да кеттим.

- Коюңузчу, ушул жигиттин эмнесинен кызганасыз, мындай сулуу жигиттин ону келсе да сизге алмаштырбайм го.

- Мени жоошутуп койгонуңа рахмат. Мен ушундай сүлкүлдөп жаш болгонумда жолукканыбызда эмне?!

- Азыр деле жолукканыбызга ыраазымын. Сиз менен келечегимди көрбөсөм дагы, аз убактымды сиз менен өткөрүп жатканыма тобоо келтирем. Эгерде сизге жолукпаганымда азыр жашоом кандай гана скучный болмок?.. Сизге жолугуп, сүйүү деген деңизге сүзбөсөм да бутумду малдым. Мындай ыйык сезимди сездим.

- Андан көрө айтчы эч ким сага тийишкен жокпу?

- Мендей кара кызга ким тийишмек эле?

- Мен үчүн ак куусуң, абдан сулуусуң. Сенин буттарыңды көргөндө эле ар бир эркек өзүн жоготуп коет болуш керек. Себеби, узун түз бутуң абдан сексуалдуу. Алдыгы көйнөк укмуш жарашат турбайбы.

- Биринчи жолу кийдим, өзүмдү бир аз ыңгайсыз сезип атам.

- Жо-жо-жок, абдан мыкты көрүнүп калат экенсиң. Азыр тамак ичип алып досторго баралы, 1-2 саат отуруп тааныштырып коюп кайра үйүңө жеткирип коем.

- Ок.

Тамак келип ичип жаттык. Ал аңгыча достору телефон чалып калышты. Биз тамактанып жатсак, ары жакта да тамактанып жаткан адамдар бизди абдан таң калуу менен карашты. Себеби, Тынай менин көзүмдү бир башкача карап жаткан болчу. Атасы кызы же ойношпу булар деп таң калышты окшойт да отургандар. Атасы-кызына окшоштуралы десе, Тынай мени сүйүп калган көз карашы менен карап турса, экөө ойнош деп ойлошту дагы ушунча картаң киши менен жапжаш кыз кантип сүйүшөт, кыз тигинин акчасына карап эле жанында жүрөт болуш керек деп да ойлошту.

Тамактанып бүтүп тамактын акчасын төлөп, сыртка чыктык. Бир бильярдныйга бардык. Достору бизди күтүп отурушуптур. Кирсек эле, ордуларынан тура калып, Тынай менен учурашып анан мени менен саламдашышты. Тынай болсо, Жазира, менин Жөжөшкам, - деп мени досторуна тааныштырды.

- Менин атым Анарбек,

- А меники Расул.

- Биздики болсо Данияр.

- Кубанычтамын.

Достору мени көрүп ооздору ачылып эле калды. Алардын арасынан Анарбек деген досу:

- Жазира, кайда иштейсиң? Өзүңө окшогон супсулуу курбуларың менен бизди да тааныштырсаң боло? - деп тамашалап калды. Менин ордума Тынай жооп берип кирди.

- Жөжөшка гезитте иштейт. Мен интервью берип таанышып калганбыз. Эгер Жөжөшкага интервью бербегенимде азыр экөөбүз эки жакта жүрмөкпүз.

Достору мага ар кандай суроолорду жаадырып жатышты. Анан бильярд ойноп кирдик. Биз чогуу иштеген кыздар, байкелер менен бильярд ойноп жүрүп бильярд ойногонду жакшы өздөштүрүп алган элем. Расул деген досу менен бильярд ойноп калдым. Мен:

- мелдешип ойнойлу же акча коелу, - деп калдым. Расул байке болсо ушул чунак кыз эмнени бильярд билсин деди окшойт.

- Утулуп калып банкрот болосуң жөн эле ойной берели, - деди.

- жок, ставка же ортого кызыктырчу белек коймоюнча ойнобойм, - десем эле,

- анда жүз доллар коелу. Эгер мен утулсам жүз доллар анан француз духиси менден, сен утулсаң жүз доллар, - деп калды.

Мен макул болуп оюнду баштадык. Баштаганда эле менин шарларым кире баштады. Расул байке бир шарды киргизсе, мен 4 шарды киргизгенге жетиштим. Оюн кызуу жүрүп атты. Менден утула баштаганына чычаладыбы же таң калдыбы, досторуна:

- Жазира мени утуп баштады, - деп даттанды. Тынай баш болуп өздөрүнүн оюнун таштап, биздин столго келип оюнга карап калышты. Жарым саат дегенде мен Расул байкени уттум. Достору болсо, кичинекей кыздан утулдуң деп аны шылдыңдашты. Кызарып-татарган Расул байке убадаланган жүз долларды алып чыгып мага сунду. Мен албайм десем болбой, бул сенин байгең, экөөбүз мелдешип ойногондон кийин ар кимибиз убадабызды аткарышыбыз керек деп болбой мага карматты. Тынай бир чети мени андан кызганып, бир жагынан мени менен сыймыктанып турду.

- Сенин сулууң сулуу эле эмес спортсменка, чемпионка турбайбы, келгиле чемпионка үчүн бирден алып жиберели, - деп арак ичишти. Мен болсо сок ичип отурдум. Берки достору да мени менен бильярд ойногулары келип биз менен да бир жолудан ойносоң кандай болот дегенинен Тынай:

- мен Жөжөшканы эки саатка эле чоң энесинен сурап чыккам жеткирип кайра келем деп коштошуп чыгып кеттик. Жолдо келе жатсак Тынай:

- Жөжөшка, сен бильярдды мыкты ойнойт турбайсыңбы. Мага эмнеге айткан жок элең? Утулуп калбаса экен деп аттым эле, утуп алардын оозун ачырдың го... Байгең кут болсун!

- Рахмат! Майлап бербейинби?

- Жок, андан көрө өзүңдүн керегиңе жаратып ал. Мен майлап берейин, балдар, народныйдан жакшы шоколад алып чыккылачы.

Балдары шоколад алып чыгышты. Мени болсо үйүмө чейин жеткирип коюшту дагы, коштошуп алып кетти. Бул жолугууга барганыма, жүз доллар утуп алганыма сүйүнүп кубанычым койнума батпай келдим. Кирип курбуларыма утуп алган жүз долларымды мактанып, пиво алып берип майлап бердим. Сырттарынан күлгөнү менен ичтеринен көздөрү күйүп турганы байкалып турду. Мен сүйүнгөнүмөн барып уктап калдым. Эртеси жумушка барып, планеркадан кийин Жогорку Кеңешке интервьюга жөнөдүм. Маршруткада кетип баратсам Тынай телефон чалып:

- Кандайсың Жөжөшка? Жакшы эс алдыңбы?

- Рахмат жакшы эс алдым буюрса. Өзүңүздөр кандай эс алдыңыздар?

- Биз аз эле саат уктадык окшойт, сен кеткенден кийин Расул абдан чычалап жаман болду.

- Утпай койсом болмок беле?

- Жок, утканың абдан жакшы болду, мен алардын арасында кичине болсо да мойнумду койкойтуп калбадымбы.

- Анда жакшы экен.

- Биздин айыл жакка качан келип каласың?

- Жарым саатта барып калам, анан бир саат интервьюга кетсе бир жарым саатта бошоп калам буюрса.

- Менин кабинетиме баш бага кетчи ээ? Сени менен отуруп чай ичким келип жатат.

- Сиз айткандай болот.

- Анда күтөм.

Мен Жогорку Кеңешке кирип интервью алып чыктым дагы, ага телефон чалдым. Кабинетинде иш кагаздары менен алек болуп жатканын айтты. Мен кабинетине барганымда эки жансакчысы анан былчыйган секретаршасы телевизор көрүп отурушуптур. Мен кирээрим менен алар ордуларынан тура калышып, Тынай Абдыбекович сизди күтүп жатат, деп шыпылдаган секретаршасы анын иш кабинетинин эшигин акырын ачып берди. Мен кирип эле эч кимден коркпостон, Тынайдын мойнуна колумду ороп, 2-3 мүнөтчө такыр кое бербей койдум. Ырас ошол маалда тиги былчык секретаршасы кирип келген жок. Экөөбүздүн эриндерибиз акырын жабыша кетип, анан кучакташып туруп калдык. Биз дайыма ушинтип учурашаар элек. Анан менин кийип барган кыска көйнөгүмө көзү түшүп:

- Көйнөгүң өзүңө куп жарашат экен. Ушул көйнөгүң менен интервьюга келдиңби?

- Ооба, мен анча узун кийе албайм го, билесиз. Анын үстүнө ушул көйнөгүм мага абдан жагат. А эмне анча сурап калдыңыз?

- Сени кызганып кетпедимби. Жогорку Кеңештеги эркектердин көздөрү сендей кыздарды көргөндө күйүп кетет. Анан сен болсо кыска көйнөк кийип алыптырсың, менден да шустрыйына сени тарттырып жиберемби деп чочулап жатам.

- Ииий, ушунча да кызганчаак болосузбу? Эгер мен сулуу, чырайлуу болсом эчак эле күйөөгө тийип кетмекмин да. Жүрөм го эч ким карабай.

- Жөжөшка, жаңыдан гана мамилебиз тутанып бара жатканда ага суу сээп турмушка чыгып кетем деп коркутпа. Ал күн да келет буюрса.

- Ооба, турмушка чыксам сиз мага өкүл ата болосузбу, буюрса? Сиз менен турмушка чыккандан кийин да мамилемди жоготкум келбейт.

- Күйөөң макул болсо мен неге баш тартмак элем. Кайра мага жакшы да.

- Анда сүйлөштүк, мага өкүл ата болосуз. Мен сизди "Жан атам" деп эркелетип алам.

- Анда мен "Каражаным кызым" деп калам да сени.

- Ооба.

Экөөбүз күлүп, тамашалашып, чымчылашып сүйлөшүп жатканда секретаршасы кирип чай даяр деп калды. Экөөбүз отуруп алып чай ичтик. Анан мен кайра жумушума кеттим.

Гезитке бир ишкер чыккан эле, ал гезитке чыкканын майлап редакцияга келип кыздарды, шефтерди сыйлап бир кафеге алып барганы жатыптыр. Мен да кошулуп калдым. Тамак ичип, арасында арак, вино да ичилип жатты. Мен жакшы эле вино ичип жаткам, бир маалда вино түгөнүп калып, мен арак ичкенге өттүм. Кызып калыптырмын. Кафеден чыксак, кыздар үйлөрүнө кетип мен да маршруткага түшөйүн деп жатсам, тиги ишкер:

- биз эле жеткирип коебуз сизди, кызып калдыңыз, - деп машинасынын эшигин ачып калды. Кызып калып маршруткага түшкүм келбей, алардын машинасына түшүп алдым. Жолдо катар тиги ишкер ар нерсени сүйлөп божурап барды. Ар бир эркектин каалаганы бир нерсе деп ичимен күлкүм келип кетип бараттым.

- Жазира, эгерде бир нерседен муктаж болсоң уялбай эле айта бер, мен да сендей жаш болгом, мен да кыйынчылыктардан өткөм.

- Эмне кыйынчылык болмок эле менде? Баары жакшы буюрса, камкордугуңуз үчүн рахмат.

- Арзыбайт. Күйөө бала барбы?

- Ммм, бар десем да болот, жок десем да болот.

- Кандайча? Ошондой да болмок беле?

- Жигитим бар, бирок ал мени албайт.

- Эмнеге? Андай болсо аны ташта да, сени урматтап, көкөлөтүп ала турганды карабайсыңбы? Айланага көз чаптырыш керек кичине.

- Сөздүн төркүнүн түшүндүм, байке. Ал жигиттин үй бүлөөсү каршы да мага. Ошон үчүн баш кошо албайбыз.

- Анда сен убактыңды өткөрүп, жаштыгыңдан кол жууп кала электе тезирээк башка варианттардан караштыр да.

- Эми караштырып эле жатам, бирок такыр эле жолукпай жатам негедир.

- Мен сени соонун иним менен тааныштырайын. Бирок, ал үйлөнүп ажырашып кеткен. Аялы кичине анын көзүнө чөп салып койчу экен. Ал иним бутунан турган, өзүнүн май куюучу жайлары бар, сени кор кылбай багып кетет. Уруксаат берсең сенин телефон номериңди иниме берип коеюн, жолугуп жакындан таанышкыла. Эгер жылдызыңар келишсе үйлөнүп калаарсыңар, жылдызыңар келишпей калса айла жорк, башка балдардан караштырабыз да.

- Мейли, бирок тиги мен айтып жаткан жигитим тим эле кызганчаак.

- Кызганчаак экен, андай болсо сага үйлөнбөйбү?!

Ал кишинин эң кичүү кызы менден улуу болсо, неберелри турса кантип мага үйлөнмөк эле деп ичимен сүйлөнүп алдым.

- Макул, жакшы тур, эгер жардам керек болсо мага кайрылып тур. Сенин номериңди болсо иниме берип коем, таанышып алгыла.

- Жакшы барыңыз!

Үйгө башым ооруп келдим. Сумкамды шкафка коюп жатып уктап калыптырмын. Бир маалда көзүмдү ачсам, Элвира мага келген СМСти жанталашып окуп жатыптыр. Атып турдум да телефонду колунан жулуп алдым.

- Эля, ушундай көрө албастыгыңды койсоң боло? Качантан бери менин соткаман СМС окуп калгансың?! Мен сенин жеке жашооңо киришкен жокмун, сен да мага киришпе, макулбу?! Өкүнүп калып жүрбө, мен сага предупреждение бердим. Дагы кайталанса мага таарынба.

- Койчу эй, СМС окуп койсо эмне болот экен? Менден жашыра турган кандай сырың бар анча?

- Сенин ишиң болбосун! Бирөөнүн тарелкасына кашыгыңды малбай жөн жүр! - дедим да уктап калдым.

Тигинин бети кызарып да койгон жок, оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытат болуп, тескерисинче мени беттен алды. Негедир ушул Элядан такыр эле жакшылык күтпөй калдым. Сен керек маалда тим эле болгон жериңди жалап коеюн дейт. Анан керегиң жок болуп калганда бетиңе түкүргөндөн кайра тартпайт. Эмнеге кыздардын ортосунда ушунчалык көрө албастык өкүм сүрөт болду экен? Бирок көрө албаган адамдар да керек экен. алар жок болсо, жашоо кызыксыз болуп калмак да. Мисалы, эгер Эля жок болсо мен ким дос, ким кас экенин айырмалай алмак эмесмин. Ушундай ичи тар адамдар бар үчүн сенин ишиң алдыга жылат болуш керек. Бирок, Эля таптакыр эле ичи тар кыз. Өзү боло албайт, болгонду көрө албайт. Андан кичине эле жакшыраак кийинип кала турган болсом же ашыгыраак жигиттер менен сүйлөшсөм тытынып давлениеси көтөрүлүп жатып калат. Өзүнүн деле бир жигити бар байкуштүн. Бирок ал жигити менен бир жылда 4 жолу гана жолугат. Анысы мына азыр барам деп Эляны күттүрүп коюп келбей, телефонун өчүрүп салат. А тиги бечара боенуп, жасанып алып аны күтүп таңдын кантип атканын байкабай калат. Ошол Марлис деген жигитине абдан таң калам. Эмнеге кызды антип кыйнайт болду экен? Эля кичине толук кыз. Эгер фигурасы меникиндей эле болгондо киши карамак эмес. Томпок болсо деле көтөрүлүп турат. Иши кылып менин ар бир кыймылыма кызыкдар болуп жүрөт. Ушуга да жакшы жигит табылса мени менен иши да жок болуп калат эле. Же бул тийбей койду же мени эр албай койду. Кырылышып коюп жашап жүрөбүз. Башымдын ооруганы басылып, уктап турдум. Душка түшүп чыгып, газга чай коюп чай ичтим. Анан интернетте отуруп, ар нерсени окуп, ар ким менен сүйлөшүп баштадым дагы кайра уйкуга кеттим. Эртеси ишке барсам бир ырчы келип ал туурасында туура эмес маалымат биздин гезитке басылып чыкканын айтып алып айкырып жатыптыр. Мени көрүп ого бетер күчөдү, мен аны сыртынан сулуу аял деп жүргөм, жеткен ажаан неме экен. Шеф экөөбүз эки жагынан чыгып атып араң дегенде кетирдик. Гезитте андай ушактар толтура эле болот эмеспи, маанайыбыз чөккөн деле жок. Болгону тиги аялдын чычалаганына абдан күлкүбүз келди. Ушул ырчылардын чычалаганы ай! Саясатчылар байкуштар туура эмес маалымат кетсе заказной деп унчукпай калышат. А булар болсо түз эле жетип келишет. Ошентип ал иш күнүм да аяктады. Эртеси туулган күнүм эле. Жумушка келсем, Тынай адатынча гүл берип жибериптир, букеттин ичинде "Золотой Дракондо" саат 18де күтөм" - деген кат бар экен. Кесиптештерим куттуктап ар кимиси колунан келген белегин келип берип жатышты. Анан бир убактта Бакыт деген бала телефон чалып сыртта күтүп турганын айтты. Сыртка чыксам сырты кооздолгон белегин сунуп, туулган күнүм менен куттуктады. Рахмат деп алып шашып жумушка кирдим. Кирсем белекти көргөн кыздар белекти ачыңыз эле ачыңыз деп туруп алышты. Ачсам эле аппак ич кийим экен. баарыбыз боорубуз эзилгиче күлдүк. Жумуштан эртерээк чыгып алып үйгө барып кызыл өңдөгү кыска көйнөгүмдү кийдим. Балдарын менин үйүмө жиберип ийиптир, алтыга аз калганда телефон чалышып, сыртта турганын айтышты. Золотой Дракон ресторанына бардым. Барсам Тынай өткөндө биз менен бильярд ойногон достору менен чогуу отурушуптур. Столдо кызыл розалар, өзүнчө эле романтика, бирок киши толтура. Тынай менин абдан жакшы көргөн бир курбумду ээрчитип алуумду өтүнгөн эле, Салима аттуу курбумду ээрчитип алгам. Анын болсо оозу ачылып калды. Кирээрибиз менен баары ордунан турду, Тынайдын достору куттуктап жатышты. Аягында Тынай акырын келип туулган күнүң менен Алтыным деп куттуктады. Столго отурдук. Каалоолор айтылып жатып, сөз Расул байкеге келгенде ал куттуктоосун айткан соң, француз духисин белек кылды. Сөзүнө турат экен деп калдым. Ошентип ал жакта түн ортосуна чейин отурдук. Жашоомдогу эң кызыктуу, жакшы туулган күнүм ушул болду. Тынай болсо акак таштары менен кооздолгон кольени мойнума такты. Абдан сүйүндүм. Ресторандан чыгып достору, курбум үйлөрүнө кетишти. Тынай экөбүз дайыма биз кезигип жүргөн мейманканага кеттик. Ошондогу кучакташып алып кумарыбыз тараганча эзилип өбүшкөнүбүз азыркыга чейин эсимде. Эшиктен кирээрибиз менен эле мойнума асылып өпкүлөп, жытталыгап атты. Мен да катуу сагыныптырмын, курткамы чечпей эле кире бериштен сагынычыбызды таркатуу максатында өбүшүп турдук. Тамак ичкен соң уктоочу бөлмөгө кирип жаттык. Денелерибиз бир денедей болуп чапталышып, ысык эриндер бири-бирин өпкөн сайын денелер ого бетер балкып жатты. Андан кийинкиси кадимки эле кинодогудай көрүнүш болду. Улам позаны алмаштырып, каалагандай жыргалга батып жаттык. Тынай жарым саатча тынбай иштеп, анан экөөбүз тең кумардын туу чокусуна чыгаарда алигисин алып эрендигин ичиме бүрктү. Экөөбүз тең шалдырап жатып калдык. Душка чогуу түшүп чыгып, кучакташып алып уктап калдык.

Турсак эртең мененки саат 8 болуптур. Кийинип алып ал ишине, мен үйгө жөнөдүм. Үйгө барып кийимимди алмаштырып алып ишке келдим. Келип интернетти барактап отуруп эле Тынайдын кызматтан кеткенин окуп калдым. Бир жагынан жаман болдум. Себеби, жумушуна шылтоолоп жолугуп жүрчүбүз да. Эми мындан ары эмне болот деп бир мүнөттүн ичинде толтура ойлор курчап алды. Ага батынып телефон чала алган жокмун. Өзүнүн маанайы түшүп турса менин коңгуроом анын көңүлүн көтөрмөк беле дедим. Бирок, өз ишин мыкты билген адис эч качан жерде калбайт деп өзүмдү жубатып койдум да ишиме кириштим. Бийлик, кресло деген оору бардык оорудан жаман турбайбы көрсө. Ал креслосунан кеткени өзүн карабай, маанайы чөгүп, жүрдү. Негедир ишинен кетээри менен ага кошомат кылып жүргөндөрдүн дайыны да чыкпай калды. Кээде экөөбүз сүйлөшүп калсак:

- Жөжөшка, адам баарына даяр турушу керек. Бир күнү ушинтип мендей болуп бийликтен оодарылганда, коштоп жаныңда жүргөн адамдарыңдын жүзү тескери бурулуп кетээрин такыр эсиңен чыгарба. Менин кошоматчыларым да азыр мени карабайт. Башка кишинин ырын ырдап, коногун тосуп жүрүшөт. Мен мындайга көнүп калгам. Себеби, канча жолу чоң кызматтарда иштеп, кайра түштүм. Адамдын табигаты ушундай болот экен көрсө. Акчаң, мансабың болсо гана кошоматтанышат. Анткени алар да өз ишин бүткөрүшү керек да. Эгер сенин керегиң жок болсо жөн эле кошоматчылык кылып алып эмне кылышмак эле, - деп арманын айтып калат.

Чындыгында бийликке керек кезде иштетип, кереги жок калганда башка кызматка дайындабастан ишинен бошотуп жибергени абдан таң калтырды мени.

Арадан бир-эки жума өткөндө Тынай мени жолугууга чакырды. Балдарын жибериптир, барсам жөнөкөй, жупуну батир экен. Мурунку биз кезигип жүргөн мейманкананын да директору ал кызматтан кеткенден кийин жүзүн буруп кеткен окшойт деп калдым. Ал күнү да бир жеримди калтырбай өөп, мени улам-улам кучактап атты. Чачтары өсүп жүдөп да калыптыр байкушум. Кийгени да бир кызыктай көйнөк менен шахмат костюм. Абдан жаман болуп:

- өзүңүздү таштабаңызчы, - дедим. Ал жактан чыккандан кийин шоферу телохранители үчөө мени үйүмө чейин узатып келишти. Буюрса келе жаткан экинчи күнү дагы жолукмай болдук.

Ал түн биздин чогуу өткөргөн 15-түнүбүз болчу.

Ал эми 16-түндү 27-декабрда менин Корпоративдик кечемен кийин өткөрдүк. Мен жакшы эле агайлар менен отуруп бир топ кызып калдым. Анан эле Тынай телефон чалып кайдасың? деп калды. Корпоративде отурганымды билгенден кийин СМС жазып, мен сени күтөм деп калды. Макул деп ага жолукмай болдум.

Кече бүтөөрү менен эшикке чыксак эле Лексус туруптур аппак болгон. Чогуу иштеген эжелер менен коштошуп машинага түшсөм алар бизди да ала кеткиле деп аларды да салып алдык. Мен болсо кызуу элем. Аларды жеткиргенден кийин жолукчу жерге бардык. Кирсем эле достору менен отурушуптур. Досторун катуу коркутуп койгон окшойт, мени менен салкын гана учурашып коюшту. Анан алар комнатадан чыгып кетишти. Экөөбүз жалгыз калдык. Менин конокторумдун келгенине карабай сүйүү көлүнө бир сыйра чайынып алдык. Анан мени колу буту менен чырмап коңурукту кош тартып уктап калды. Мен болсо ал түнү кирпик какпай чыктым.

Эртең менен саат 5те туруп алып үйүнө кетти. Жаңы жылың менен деп сумкама 500 доллар салып коюптур.

3-январда Жаңы жылдын эсебинен биринчи жолу жолугуштук. Мен Жаңы жылды айылда ата-энем, чоң энем, байкем, иним туугандарым менен бирге өткөрүп келдим. Айыл абдан суук экен, араң жүрдүм. Жаңы жылды тосуп келээрим менен эле Тынай менен жолуктум.

Баса, бул жактан байкемдин жүк жүктөлгөн машинеси менен Нарынга чыкканбыз, араң дегенде бардык. Мен баргычакты Тынай 7 жолу СМС жазып, кызганды. Бирок, бетиме айта албайт. Ичинен уйгу-туйгу болуп, кызганганын сыртка чыгара албай араң эле калды. Мен келип, экөөбүз жолукчу жерден адатыбызча 3-январда жолуктук. Ал күнү мен Анара Эльвиралар менен квартиранын акчасынын айынан ит жебеген бокту жешип, катуу уруштук. Алар менен урушканымды Тынайга да айттым. Ал ар бир кыймылымдан кабардар. Андан эч нерсени жашыргым келбейт. Экөөбүз сүйүшүп, кучакташып бир жумада топтолгон сагынычыбызды таратып көпкө жаттык. Эртең менен саат беште туруп кетти.

Ошол боюнча телефондон сүйлөшүп жүрдүк.

Бул биздин он сегизинчи түнүбүз болчу.

Андан бир күн өтүп эле соткамды таппай калдым. Анда бардык таанымалдардын номерлери, Тынайдын СМСтери бар болчу. Анын эртеси эле Тынай мага экинчи номериме чалып:

- Сенин Академия Управление при Президентада окуган подругаларың жок беле?

- Жок, болгону ал жакта эки тааныш эжелер иштешет.

- Кимиси менен сырдашсың?

- Экөө менен тең мындай эле сүйлөшөм, а эмне болду, мени кимдир бирөө тааныйт бекен?

- Ошол жакта окуйбуз деп мага СМС келиптир. Эки кыз экен, сенин курбуңбуз дешти. Мага бир пакет сенин жылаңач сүрөттөрүңдү беребиз дешти. Ошон үчүн сурап жатам да.

- Анан алдыңызбы?

- Жок, "болду жазбагыла" дедим.

- Эмне, бир пакет сүрөт сатып алганга акчаңыз жокпу? Макул жолугалы деп алсаңыз болмок экен? Алар ким болду экен, менин жашоом аларга абдан кызык болуп аткан го сыягы. Бирок, анча деле ачык сүрөттөрүм жок эле, же Көлдө жүргөндө купальникчен тартып алышкан го. Аттарын айтыштыбы, ким экен?

- Аттарын айтпай жатышат. Болгону мага сүрөттү бергилери келип жатканын билдиришти.

- Экөөбүздүн артыбыздан аңдыган немелер го анда. А эмне үчүн именно сизге беребиз деп жатышат?

- Билбей жатам, ошон үчүн сурадым да, Жөжөшка.

- Мен кечээ эле соткамды жоготтум эле го, ал жактагы сиздин номериңизди терип, үйдөгү эле жезкемпирлер жасап жатышат го анда?..

- Билбейм, иши кылса сагыраак жүрчү ээ?

- Макул.

Кечинде иштен келсем Эля чай ичип отуруптур, кирип эле менин соткамды көргөн жоксуңарбы? - десем жок деп койду. Менин соткама абдан кейип атканымды көргөн Эля, милицияга арыз жазып сал да документи бар беле, - деп калды. Ооба, бирок кайсы милицияга жазам деп калдым.

Эртеси ишке келип тааныштарыма чыгып отуруп Чүй РИИБинде иштеген бирөө мага соткамды тапканга жардам бермей болду. Барып арызымды жазып, окуянын чоо-жайын түшүндүрдүм дагы, ишиме келдим. Тынай болсо менин жиниме тийген СМСтерин жазып табышмактатып, тиги кыздардын дайынын айтпайт. Анан "Сиз эмнеге мага мындай мамиле кылып атасыз? Мени кайдагы бир койчунун кызынын колунан эмне келет? - деп атасызбы" - деп СМС жөнөттүм дагы телефонумду өчүрүп салдым. Агентке да кирбей, көгөрүп жумушумду иштеп бир жумада бүтүрө турган материалды кечке чейин ортолоп калдым. Жумуш күнү аяктап калганда башым ооругандан практикант кызым кофе куюп келип берип печенье менен экөөбүз чай ичип отурганбыз. Бир маалда иштеги телефон шыңгырап калды эле практикант кыз алды дагы, "Сизди телефонго чакырып жатат", - деди. Алсам, Тынай экен. Мени эч бир жерден таппай болду-болбоду жумушунда болушу керек деп ишиме телефон чалыптыр.

- Алло, мен угуп жатам, ким болду экен бул?

- Мен Жөжөшка, кишини жинди кылып жибере жаздадың го, эмне телефонуң өчүк, агентке да кирбейсиң?..

- Сиз менин ачуумду келтирдиңиз, ошон үчүн сиз менен сый гана болоюн деп чечтим. А агентке кирсем колум кычышып кетип жаза берем да ар нерсени.

- Антип коркутпачы, давлением көтөрүлүп кетти. Жаман турбайсыңбы.

- Ооба, ошондоймун.

- Жөжөшка, маанайыңды кантип көтөрөм эми?

- Аны билбейм, мага чалбай, мени унутуп койсоңуз эле болгону.

- Кой антпечи, андан көрө балдарды азыр сага жумушуңа жиберем. Иштен чарчадың го, курсагың да ачса керек. Бир жерге барып тамактанып келсек кандай болот?

- Тамакка деле табитим тартпай туру. Андан көрө үйгө барып эс алайынчы.

- Жок, мен бүгүн сени көрбөсөм, чачырап кетем. Иштен чыкканда балдар тосуп алышат, жакшы тур, - деп трубканы койду.

Мен жумуштан чыксам баягы Ак Лексус турат. Ичинен жан сакчысы чыгып, Тынайбек Абдыбекович сизге жиберди эле деп сылык учурашты. Макул деп машинеге түшүп атсам практикант кыз абдан таң калып карап калды. Шаардагы кафелердин бирине бардык. Менин болсо жүрөгүмө эч нерсе баспайт, сок ичип отурдум. Тамак ортосунда бардык нерсени сүйлөштүк. Көрсө аталган академияда аяшы иштейт экен. Анын студенттери Жазира Камчыева Тынайбек Абдыбекович менен любовный романым бар деп мактанып жүрөт деген сөздү айтыптыр. Мен мактанып жинди болуптурмунбу? - дедим.

Анан Тынай тигил жакка баралыбы деп баягы биз дайыма эс ала турган мейманкананы көздөй жөнөдүк. Катуу сагынышып калыптырбыз, кирип эле бири-бирибизге чапташтык да калдык.

Экөөбүз ошентип дагы коштошуп, мени үйгө жеткирип коюшту.

Ал биздин чогуу өткөргөн он тогузунчу түнүбүз болду. Балээнин баары ушул түндөн башталды.

12-февралда экөөбүз жыйырманчы түндү өткөрдүк.

Ага чейин экөөбүздүн ортобузда дагы көп нерсе болуп өттү. Анын аялы, кызы туугандары экөөбүздүн тайный мамиебиз жөнүндө билип калышып, Тынаймды катуу тергөөгө алышып, жаман кылып атышыптыр. Кызы да компьютеринде агент аркылуу мени менен жазышканыбызды окуп калып, аны какшыктаптыр. Аялы болсо мен каякта иштейм, сүрөтүм соткаман бери билет экен. Качан келип менин бетиме кислота чачып кетет болду экен? - деп коркуп атам. Ал окуядан кийин Тынай мага жолугуудан коркуп жүрдү. Себеби, ал деген жөн адам эмес да, килтейген бир мамлекеттин бакыйган кызматкери болсо, эртең ММКларга чыгып каламбы деп чочулады окшойт. Телефон менен да көп жазышып, сүйлөшпөй калдык. Куса боло баштадым, тамакка табитим тартпай, өңүм кумсарып жүрдүм. Күнүгө түшүмө кирчү болду.

Экөөбүз бир ай кезикпептирбиз. Бир айдан соң, чоочун номерден чалып:

- бүгүн биз кезиге турган мейманканадан кезигеличи, - деп калды.

- Макул, - деп такси менен учуп бардым. Себеби, айдоочусу, жан сакчысына да билгизбейли дедик. Мейманканага кирип баратсам Тынай да лифтке кирип баратыптыр. Мени көрүп сен анан кир деп айта албай мукактанып эле туруп калды. Эч нерсени билгизбей лифтке кирип, лифттен өбүштүк. Анан номерге кирип тамактанып жатып аялы тууралуу сүйлөштүк. Шампан алып алыптыр, андан ичтик, бетибизге кызыл жүгүргөндө ыпысык эриндер бири-бирин соргондо эс учубузду жоготуп кеттик. Эми ошондогу денелер бири-бирине тийгендеги сезимдерди сөз менен сүрөттөп берүү абдан эле кыйын. Балкыган денелер бири-бирине тийгенде сымаптай куюлуп, ээрип баратты. Ал эми эриндерибизчи? Эриндерибиз чапташкан боюнча бир канча убакытка чейин жабышып турду окшойт. Экөөбүз тең ачка болгон адамдар тамакты сукулдап жегендей, бири-бирибизди аймалап аттык. Бир маалда алиги жерлер бири-бири менен учурашты эле, ал жактагы температуранын ысыктыгы аны андан да катуу дүүүлүктүрдү окшойт, ошол жакка эле бүтүп салгысы келип араң карманып турду. Бир ай Тынайды көрбөгөн меники анын алиси баш баккан сайын араң чыдап, жагымдуу оору болду. Тынай араң кирип, киргенде да ыпысык жерге барганда өзүн жоготуп кое жаздап атты.

Кучакташып ар нерсени сүйлөшүп жаттык.

- Буюрса баары жакшы болот, сага башка жактан квартира карабайлыбы? - деди, унчуккан жокмун. Мага чын эле Тынай менен кайда болбосун бирге болсом болду эле ал убакта. Араң дегенде өзүмдү кармап, ыйлагым келип, өзүм тандап алган жашоо образыма нааразы болуп турдум.

Ал жактан Тынай биринчи чыгып мен андан кийин чыктым. Баса экөөбүз эзилишип жатканда Тынай курбум Гүлмиранын туулган күнүндө барган клубду кечке айтып, мени кызганып отурду. Менин конституционный укугум бар сени кызганганга деп катуу кызганып алыптыр.

Экөөбүз ары-бери карагычакты эле алты ай, жарым жыл өтүп кетиптир.

- Эми экөөбүздүн бир жарым жылыбыз эле калыптыр, - деп мага жалооруйт.

- Бир жарым жыл эмес, көп убакыт бирге болобуз, 30 жашта турмушка чыгам, - дедим.

- Турмушка чыксаң мени карабай кетесиңби? - деп анда дагы бир жолу кызганып алды. Анан ичине эле бүтөйүнчү боюңа бүтөт дагы тогуз айдан кийин төрөйсүң деди. Жок 28 жашымда төрөйм, ага чейин бутуман туруп калсам керек дедим. Ооба турасың дейт.

Ошентип жылуу коштошуп алып классташтары менен бир тойго кетти. Он мүнөттөн кийин эле телефон чалып, мен жеттим сен кайдасың деди. Мен эми чыгып атам десем, ровно мен үйгө киргенде "Үйгө жеттиңби?" - деген СМС келди.

Ошентип биздин сыйкырдуу 20-түнүбүз да бүттү. Жашоо өтө берет эмеспи, ал ортодо жигиттер менен сүйлөшүп өзүмө өмүрлүк жар тандап да жүрдүм. Бирок, негедир Тынайдан башканы жүрөгүм такыр кабыл албай койду. Эркектин баары окшош жаш баладай болот деп бир эже айтса такыр ишенчү эмесмин. Акыркы күндөрү Тынайдын мага эркелегенин байкап калдым. Дем алыш күн болчу, Гүлмира деген курбум экөөбүз Дордойго шарф алганы барып, ар кайсы кийимдерди да карап жүргөнбүз. Бир маалда телефонум шыңгырады, мен костюм кийип көрүп аткам, телефонду Гуля алып, "Жазка бошобой жатат, ананыраак чаласызбы?" - деди.

Анан эле "Жакшы эс ал, пока, пока!"- деген СМС келиптир. Тултуйган окшойт деп, кайра жооп жазсам таптакыр мага жазбай, телефон чалсам албай койду. Эртең менен турсам, "Кутман таң!" деген СМС келиптир. Таарынычыңыз жазылдыбы десем, "Жок! Жолукканда жазылат го, Анан эмне бир кыз телефонуңду алып, Жазира бошобой атат!" -дейт, - деп мага жинденип, кичинекей баладай болуп таарынып алыптыр. Абдан күлкүм келди.

Эртең менен жумушка барып, түштөн кийин Тынай экөөбүз жолукмай болдук. Мейманкага кирсем дагы деле баягы достору менен отурушуптур. Маанайлары абдан жакшы окшойт. Кирээрим менен эле баары тура калып бетимен өөп, Анарбек деген досу "Можно раздеть вашу девушку? Мне приятно раздеть такую стройную девушку", - дегенинен Тынай "Конечно, это же верхняя одежда", - деди.

Баары мени карап күлүп калышты. Анан тиги мейманкананын директору учурашып бетимен өптү. Тынай болсо кызганганынан чуркап келе калды. Тынайдын кызганганынан улам достору биз менен көпкө отурушкан жок, жечү тамактарын жеп, тост айтып алып чыгып кетишти. Экөөбүз сагынышып калган жаныбыз чапташып эле калдык. Көзүбүз тунарыктап өбүшүп, эзилишип отурганда эшик такылдап балдар тамак алып келишти. Тынай менин тамак жебээримди жакшы билет да:

- болду тамак алып келбей эле койгула деди да эшикти жаап алды. Столдун чекесиндеги диванда жакшы маанайда сүйлөшүп отурдук. Бирок, анын мага болгон таарынычы жазылган жок. Чечинип кучакташып жатып алдык. Экөөбүз мурда кылып жүргөн позалардан башканы да жасадык. Жамбашынан өпкөн абдан жагат экен...

Кучакташып көпкө жаттык. Мында ичине бүттү, абдан жыргады, көзүн ача албайт. Араң дегенде туруп жуунуп келдик да, кучакташкан боюнча уктап калыптырбыз. Көзүбүздү ачсак таң атып калыптыр. Мени үйгө жеткирип коюп, өзү иштери менен кетти.

***

3-март болчу. Негедир маанайым чөгүңкү турдум. Жуунуп ишке келдим, иштерим да жакшы жүрүшпөй жаткан. Кыздар материалдарды кеч берип, гезитти түнкү бирге чейин жасап отурдук. Шефтен сөгүү уктум, кыздардын көзүнчө менден жинин чыгарып алды. Үйгө келсем баягы эле көрүнүш, мени башкача көздөрү менен карашат, мага тийишип сүйлөшөт. Ушул Элялардан абдан тажадым, башка квартирага көчүп кетейин деп ылайыктуу таппай жүрдүм. Отуруп менин артыман чуркап жүргөн Темир аттуу байкеге телефон чалсам, ал да көңүлү суз алды телефонду. Акырын учурашып, ал-жайын сурап бүтүп эле трубканы койгонго шаштым. Тынайга "Сагындым" деп СМС жазсам жооп жок, жатып алып өлө ыйладым.

Мен аны бүгүн, мына бүгүн түшүндүм окшойт. Болду, анын астында жаткым келбейт. Туура, анын баласы бар, аялы, керек болсо неберелери бар. Мени менен дене кумарын кандырган соң, жылуу жумшак үйүнө кетип калат. Үйүндө жаркылдап аялы күтүп алат. А меничи?! Мени ким күтөт?! Үйдөгү иудаларбы?! Ким?! Көрө албагандарбы?! Баарынан тажадым! Ушинтип журналистикада да иштегим келбей калды. Журналистика ыплас экен, дос эмес жалаң душман күтүп калдым. Тапкан бир да пайдам жок. Артымды карасам иштен эч бир көзгө көрүнөөрлүк жакшы иш жасабаптырмын. Же чогулткан акчам жок, же алган тамым жок, жок дегенде жакшы кийим албаптырмын. Мен да элдердей болуп бала жытын искеп, энелик, аялдык бакытка чөмүлгүм келип санаам санга, оюм онго бөлүнүп атат. Эмнегедир жанымда жашаган кыздардын ар бир сөзү мага тийишкендей сезилип, алардын баарын жеп салгым келди. Жайыма койсо атып салмакмын. Ошентип ыйлап, ар нерсени ойлоп жатып уктап калыптырмын. Эртеси ишке кечигип бардым. Шеф күтүп туруптур. Азыр дагы кыйкырса, арызымды жазып эле тынчыраак иштен кетип, бир айдай эс алып келсемби деп ойлодум. Кыздар да ишке келгенде алардын көзүнчө Шеф менден кечирим сурады. Мейли деп иштеп калдым. Иште отурсам бир жигит кызыл розаларды алып келди да, Жазира деген эже ушул жакта иштейби, бул гүлдөр ага деп берип кетти. Практикант кыздардын бири сууга салып иш столума койду. Көптөн бери гүл бергенди унутуп койгон эле, буга эмне болду деп, ичимен таң калып бир чети маанайым көтөрүлүп калды. Адаттагыдай "Гүлдөр жактыбы?" деген СМС келди. Жооп жазбай койдум. Бир маалда "Чогуу түштөнсөк кантет, Жөжөшка?" - деп жазды, дагы унчукпай койдум. Эмнеге эле мунун каалоосу башталганда мен даяр турушум керек дагы, мен СМС жазсам жооп бербейт деп жиним келип атты. Анан дагы Тынайды унутуп, жаңы жашоо баштагым келип турду. Мен антип андан алыстаган сайын, ал мага уйгактай жабышат. Анан такыр чыдабай кетти окшойт, телефон чалды:

- Алло, угуп атам.

- Кандайсың, Жөжөшка? Эмнеге таарынып жатасың?

- Таарынган жокмун, маанайым жок.

- Ким түшүрдү?

- Тынайбек да. Менин жазган СМСтериме жооп жазбайт, анан өзү каалаган учурда кишини тажатат. Ошондой да болмок беле?

- Кечирип койчу, мен бошобой жаткам, үйгө куда-кудагыйлар келип алар менен арак ичип, коноктоп отуруп кызып калыптырмын.

- Мм...

- Түштөнүп келелиби, балдарды жиберейин?

- Жок, мен түштө интервьюга барам.

- Анда кечки тамакты чогуу ичели, абдан сагындым.

- Кечирип коюңуз, бүгүн кечинде да бошобой калам го. Себеби, Гуля менен дискоклубга бармакпыз. Анын чогуу иштеген коллегалары чакырып атышкан, мени кошо ала барам деп болбой атат.

- Дискоклубда балдар көп да, кооптуу эмеспи?

- Эмнеге кооптуу болмок эле, Гулянын чогуу иштеген балдары олбурлуу немелер, алардын жанында бизге эч ким даап тийише деле албайт болушу керек.

- Балдар дейсиңби?! Жигиттер менен барган атасыңбы? А менчи?

- Ооба, анан эмне кылайын, мен деле жеке жашоо күтүшүм керек да. Же эмне, Тынай качан бошойт, аялы эмне дейт, кызы, балдары эмне дейт? Алар качан билип калып бетиме кислота чачып жиберет деп коркуп жүрө берейинби? Мен да эптеп бирөөнүн этегин кармап турмушка чыгып кетейин деп атам. Мүмкүн ошол жактан бир бала менен тил табышып кетип, мамилебиз чоң сүйүүгө айланып калаар.

- Антпечи? А менчи?

- Сиз өзүңүз экинчи аял кылып алыңыз десем аялыңыздан коркуп үйлөнбөй жатасыз го.

- 30 жыл мурун төрөлгөнүңдө экинчи эмес биринчи эле аялым кылып алмакмын. Тагдырдын бешенеге жазганы да.

- Ошол, тагдырдын жазганы да, мен сизди сүйөм деп жүрө берсем бала жытын жыттабай, бул дүйнөдөн кара башым жалгыз өтчүдөй. Кечээ жатып катуу ойлонуп, ушундай тыянакка келдим. Эми сизди күтпөй өзүмдүн жашоомду түздөгөнгө аракет кылайын.

- Аның да туура, Жөжөшка. Кечигип гана кезиктик да, болбосо...

- Баса, аялыңыз мени эч нерсе деген жокпу?

- Өткөндө кызым экөө сенин атыңды айтып сүйлөшүп жатышыптыр. Мен ашканага кире калсам унчукпай калышты. Кызым Германияга кеткенден кийин сенин айыңан чоң жаңжал чыкты, мойнума албай кутулдум.

- Аныңыз бир күнү мага кол салып өлтүрүп салса эмне кыласыз? Бери дегенде эле кислота чачып кетсечи. Мен мисалы ошентип кетмекмин.

- Кудай сактасын, Жөжөшка. Антип жаман ойлорду ойлобочу. Мен аман турганда сага эч ким тийбейт. Анын үстүнө доказательствасы жок эмне кыла алмак эле.

- Сөзсүз түрдө эле доказательства керек эмес да. Аял киши эркекке караганда митаамыраак келет. Амалы кырк эшеке жүк дегендей.

- Андай жаман нерселерди оюңан чыгарып эле салчы. Баса кечинде анда кайсы клубга бармай болдуңар?

- Ретро-Метрого.

- Жакшы барып кел, тентектик кылба, көп ичпе.

- Макул.

Жумуштан чыгып үйгө келип тамактанып, душка кирип алып салонго барып жасанып келдим. Кечинде Гулянын балдары менен клубга бардык. Кече көңүлдүү башталган. Биз отурган столиктин арт жагында капкара кийинген 3 жигит да отурушкан. Биз болсо бийлеп, пиво ичип, күлкүлүү окуяларды айтып күлүп отурганбыз. Гулянын чогуу иштешкен жигиттери да абдан салабаттуу, билимдүү немелер экен, бизди сыйлап шаңдуу отурдук. Кече аяктап калган кезде бий аянтчасында катуу бийлеп атканбыз. Анан бийик такалуу туфлим тайып кетип жыгылып баратканымда бир жигит белимен кармап калды. Анан эле жай музыка башталганда тиги жигит келип бийге чакырып экөөбүз бийлеп атсак, баягы биздин столиктин арт жагында отурган 3 жигит келип тиги баланы чакырышты. Тиги жигит мен кыз менен бийлеп атам азыр бий бүткөндө барам десе, бирөө келип тигини жакадан алды. Менин жүрөгүм түшүп калды. - Балдар, токтоткула мындай нерсеңерди, клубдан чыгып сыртта сүйлөшкүлө, - дедим да акырын столикке барып отурдум. Көрсө тиги жигиттерди Тынай жибериптир. Эгер мага ким тийишип, белимен колуман кармаса сабап салгыла деп буюруптур. Тиги баланы алка-жакадан алып сыртка чыгып кетишти. Гуля экөөбүз таң калып отуруп калдык. Клуб жабылганы калганда үйгө кетели деп сыртка чыктык. Гулянын чогуу иштешкен балдары бизди үйгө чейин жеткирип коелу дегенинен алардын машинесине отурдук. Жакшы балдар экен. Дамир аттуу коллегасы мага өзгөчө жакты, экөөбүз бат да тил табышып кеттик. Жолдо кетип баратсак айдоочу бизди клубдан бери тетиги БМВ ээрчип келе жатат, - дегенде болду-болбоду Тынайдын колунан келди дедим. Коркпогула тийип көрсүн дедим. Жигиттер бизди үйгө жеткирип койду. БМВ чын эле биздин үйгө чейин келди да биз үйгө киргенден кийин бир сааттан соң кетишти.

***

10-март болчу. Майрамдан кийин Тынай экөөбүз баягы жерден жолуктук. Номерге кирсем өзү жалгыз маанайы жакшы, дасторконду жайнатып алып мени күтүп отуруптур. Жайдары учурашып тамактанып аркы-беркини сүйлөштүк.

- Клубга да жөн бардырбай, артыман балдарыңызды куйруктай кылып жиберип коюптурсуз го?

- Анан эмне кылам, кызганычым күч болуп, акыр балдарга айтып клубга жөнөткөм. Кандай отурдуңар?

- Абдан жакшы, балдарыңыз сонун отургузушту, байкуш бир жигит алардан токмок жеди.

- Тентектик кылбагыла дегем.

- Мындан ары бир жакка бараарда дарегин сизге айтпайм, жаман экенсиз. Өзүңүз албайсыз, же башкага ыраа көрбөйсүз. Ошондой да болмок беле?

- Эмне кылайын эми, ошондой болуп атпайбы.

- Баса, Гулянын Дамир деген коллегасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатам. Орду менен сүйлөгөн, оор басырыктуу жигит көрүнөт.

- Канчада экен?

- Биз менен эле тең чамалаш.

- Мм.

Сүйлөшүп отурсак эле Тынай белимен катуу кучактап, таптак көтөрүп барып керебетке жаткырды да үстүмө жатып өпкүлөп кирди. Негедир башкача өпкүлөп жатты. Катуу кучактап алып ыйлап кирди. Чынын айтсам ал кишиден мынчалык боштукту күткөн эмесмин.

- Катуу жактырып калдым сени, Жөжөшка! Сени эч кимге ыраа көрбөй турам. Сен турмушка чыгып кетсең эмне кылам, билбейм. Бирок, сен да өз жашооңду куруп, эне болушуң керек.

- Мен деле өзүмдү сизден башкага ыраа көрбөйм. Айла жок, келечегимди сиз менен көрбөгөндөн кийин мен да өз жашоомду дагы кеч болуп кете электе курганга аракет кылайын.

- Эмнеси болсо да күйөөгө тийгичекти мени менен мамилеңди үзбөчү, ээ?

- Көрөсүз го турмушка чыккандан кийин да экөөбүз жолугуп турабыз, бир айласын табам.

Экөөбүз төшөктө көпкө жаттык. Бир маалда:

- гүл ала албай калдым, белек да тандаганга үлгүргөн жокмун, өзүң каалаган нерсеңди алып алчы, - деп сумкама акча салды.

Гулянын Дамир деген коллегасы телефон чалып жүрдү. Бир күнү Ноорузга карата жолукмай болдук. Инсар деген кафеге чакырды, барсам кафенин сыртында бир роза кармап күтүп туруптур. Кийген кийими өзүнө жарашып, жагымдуу жыттанган парфюм да себинип алыптыр. Мени жылмайып тосуп алып кафеге алып кирди. Ал жакта өзүнчө эле романтика. Биз отура турган столикте жүрөкчөлөр, шам, шампан, ак вино, дүр-дүйүм тамактар. Сыбызгыган жай музыка болгондо бийге чакырды. Бийлеп келдик. Негедир ал жигиттин сүйлөгөн сөздөрү, өзүн алып жүрүүсү мага жакты. Ушул жигитти колдон чыгарбай кармап калайын дедим ичимен. Экөөбүз көңүлдүү отурдук. Кафеден чыкканда үйгө жеткирип койду.

Нооруздун эртеси болсо жумуштан чыгып алып артынын баары сыдырма болгон сексуалдуу көйнөк сатып алып Тынайга кийип бардым. Экөөбүз барып жүргөн жерден эмес, 8-кичирайондо бир квартирадан жолуктук. Балдары мени эшикте народныйдын сыртында күтүп турушуптур. Мени көрүшөөрү менен жылмайып калышты. Анан үйгө кирсем Тынай телефон менен сүйлөшүп отуруптур. Мени көрүп катуу кучактап, жакшы учурашты. Экөөбүз сагынышып калыптырбыз. Ошол замат эле спальняга кулап түшүп сагынычыбыз тараганча кучакташып өбүштүк. Тынай менен өбүшкөн мага абдан жагат. Кечке эле өбүшкүм келе берет. Анан анар, сок, шоколад, ак вино алып коюптур. Вино ичтик. Шоколад жедик дагы, кучакташып жатып алдык. Кайра мени үйгө жеткирип коюшту.

Ошентип 24-түн бардык убактардай эле өттү.

***

9-апрель, 25-түн.

Экөөбүз адаттагыдай эле баягы эле жолугуп жүргөн жерден жолуктук. Кирсем досу менен отуруптур. Анан ал дагы баягысын баштады. Жеңелей берет. Мында мен көңүлүм суз кирдим. Себеби, Тынай абдан жиниме тийип 1-апрелде дагы баягы тамашасын баштады. Бир кыз менен тааныштым, ал сен жөнүндө көп сүйлөдү деп. Анан дагы 1996-93-жылкы кыздар менен агенттен кат алышып атыптыр. Аны көрүп алып бир сыйра истерика болдум. Анан кайра "кой, алар менен өзүнүн аты менен сүйлөшүп жолугуп атпаса эмнеге кызганмак элем" деп өзүмдү араң жоошуттум. Экөөбүз калганда аябай мени өпкүлөп, жыттагылап, мени төшөккө сүйрөдү. Экөөбүздүн жолуга элегибизге бир топ болуп калган эле, аябай сагынышыптырбыз. Бир маалда суу ичели деп берки бөлмөгө кирип, дивандын үстүнөн сүйүү көлүнө бир чумкуп алдык. Жан-жерлерибиз бири-бири менен ыйкашып, абдан кумарга батып, кайра уктоочу бөлмөгө кирип кучакташкан бойдон 3-4 саат уктап калыптырбыз. Туруп алып саат 2ден өтүп мени үйгө жеткирип коюшту.

Ошондон кийин жумуш - үй болуп жүрүп, Дамирдин жолугууга чакырганына да баргым келбей ишим менен гана алек болуп жүрдүм. Үйдөгү кыздар менен болсо мурункудай эле мамиледе болдум.

Июнь айы эле, Тынайдын туулган күнү болуп аны куттуктап СМС жаздым. Анан иште отуруп колум кычышып агентте микроблогго: "Бүгүн менин асыл адамым, мен сүйгөн кишинин туулган күнү. Сиз менен мамиле кургандан бери сүйүү эмне экенин билдим, бакытка бөлөндүм. Өмүрүңүз узун болсун! Жараткан жакшылыгын сизден аябасын! Сизди өмүрүм өткүчө сүйүп өтөм!" - деп жаздым.

Ишке алаксып кетип агенттеги жазганымды унутуп калыптырмын. Бир маалда агентке кирсем менин жазган нерсемдин астына бир кыз "Канчык! Кантип уялбай жазып атасың?!" - деп жазыптыр. Анан ага кошулуп Айнура деген кыз "Уяты жок, ушундайды жазгандан уялсаң боло!" - деп кошумчалаптыр.

Алардын өз дарегине "силерге эмне болду:" деп жазсам. "Сенин сүйгөнүң ким экенин билбейт дейсиңби? Ушунчаңда бир жериңди кысып жөн жүр, и так деле анын аялы менин мээмди жеп сен жөнүндө көп сурап маалымат чогултуп жүрөт. Абайла, арты жаман болушу мүмкүн", - дейт. Абдан таң калдым.

- Айнура, сиз ким жөнүндө айтып жатасыз?

- Тынайың жөнүндө айтып жатам, арты жаман болот, ушунчаңда тыйыл.

- А ал Тынай ким?

- Калп эле билбемиш болбочу. Мен силердин артыңардан бир жылдан бери аңдып жүрөм. Дагы эмненин ичинен чыгаар экенсиңер?

- Такыр түшүнгөн жокмун. Кайсы Тынай, каяктагы бир жыл?

- Аны менен тоңкоюп жатканды билесиң, анан атын унутуп калдыңбы?

- Сиз туура эмес жакка жазып атасыз го?..

- Жок, Жазира, мен сени сыртыңан абдан жакшы тааныйм. Керек болсо жашаган жериңди, телефон номериңди да билем.

- Анан?

- Анан ошо, көчүгүңдү кысып бирөөнүн күйөөсүнө тийишпей жүр.

- А Тынай сиздин күйөөңүзбү?

- Ишиң болбосун.

- Мен биринчиден, эч кимдин очогун бузган жокмун. Эгер сиздин жигитиңизди кимдир бирөө тартып кетсе, мүмкүн күнөө өзүңүздө болуп жүрбөсүн. Эркекти кармай албай калып, анан көрүнгөнгө асылган кызык адам экенсиз.

- Менби же сенби, калп эле билмексен болбо. Болбосо, адамдарга айттырып үнүңдү өчүртүп коем.

- Ай иий, коркуп калбадымбы. А эмнеге бирөөлөргө айтасыз? Өзүңүздүн колуңуздан келбейби? Проблемаңызды бирөөлөргө чечтиресизби? Төшөк аркылуу чечтирсеңиз керек. Мен эч кимден коркпойм, колуңуздан келгенди кылыңыз. Эмнени агентке жазгым келсе ошону жазам, сизден суранып, уруксаат алып отурбайм. Өз күчүмө ишенем. Эгер ошончолук кыйын болсоңуз, дарегимди да билет экенсиз, үйүмө келиңиз, тамак жасап күтүп турам, ошондо маселеңизди чечип берем.

- Жок, азыр барбайм сага. Убагы келгенде жолугабыз.

- Коркок!

- Сен Тынайыңды билбейсиң, сени менен өбүшүп кетип башка кыздарга да жалынып алардын бутун өөп жүрөт. Сага жалко. Жапжаш туруп карыган кишинин астында жатасың.

- Мен Тынай дегенди тааныбайм дагы. Тантырабаңызчы ар нерсени айтып. Болду тынчымды албаңыз. Эгер жигитиңиз таштап кетсе, башкасы табылат. А мени жайыма коюңуз. Кааласаңыз күздө тоюма чакырайын.

- Сен абдан кыйтыр неме экенсиң.

- Өзү тийишкен бала ыйлабайт.

- Көрөбүз го ким ыйлайт, ким жыргайт экенин.

- Чогуу көрөлү деп чайга чакырсам келбей жатасыз го, коркуп.

- Просто менин иштерим көп да, сага окшоп иши жок бош эмесмин.

- Мм.

Агентти өчүрүп, Тынайга "Сиздин Айнураңыз мага жазып алып коркутуп жатат. Ал ким?" - деп СМС жаздым. "Менин секретаршамдын сиңдиси. Агентке жазбай эле койсоң болмок. Кызым да, аялым да сенин ар бир кадамыңды аңдып жүрүшөт. Мени аңга түртүп салдың го. Эми андан кантип чыгам?" деген жооп келди. Агентке жазганыма абдан өкүнүп калдым.

Ошол күндөн тарта Тынайдын секретаршасы да, анын курбусу да, Айнурасы да мага ар нерсени жазып коркутуп тажатышты. Акыр аягы чыдабай Тынайга жолугалы деп ыйлап телефон чалдым. Көптөн бери да жолуга албай, жаман болуп сагынып жүргөм. Тынайдын мага боору ооруду окшойт, "аялым, кызым тынчып калсын кичине, анан жолугабыз. Мүмкүн ушул жуманын аягында убакыт табам" деди. Макул болуп, жуманын бүтүшүн күтүп, күн санап жүрдүм. Жуманын аягында шаардын четинен жолуктук. Эч ким жок, экөөбүз гана болдук. Айдоочусу да, жансакчысы да жок, өзү барыптыр. Таксиден түшүп, машинесинин артына барып отурайын деп эшигин ача салсам ошол жакта мени күтүп отуруптур.

- Кандайсың, Жөжөшка?

- Жакшы, өзүңүз жакшы жүрөсүзбү?

- Ооба, рахмат! Иштериң жакшыбы?

- Болот, жайынча.

- Эмне деп эле агентке да, үйгө да ызы-чуу салып атасың?

- Кечирип коюңуз туулган күнүңүз менен куттуктап жазсам эле Айнураңыз, секретаршаңыз өздөрү баштады.

- Агентке жазбашың керек эле. Ансыз да экөөбүздүн ар бир кыймылыбыздан кабардар болуп, шек санап жүргөндө капканга өзүбүз түшүп калдык.

- Эмне, ал Айнураңыз аялыңызга айтып коебу? Эмнеге ал сизди менден кызгангандай жазат? Же мага чейин аны менен жолугуп жүрчү белеңиз?

- Ооба, ал менин секретаршамдын сиңдиси дебедимби. Ал бизге жеңеңе үйгө конок тоскондо жардам берип жүрчү. Ошентип жакшы болуп кеткенбиз. Коноктор кеткенде жатып койчумун. Анан сени менен таанышкандан бери ага такыр көңүл бурбай калсам ошого жини келип атса керек да. А аялым менен болсо сырдаш. Сен тууралуу да Айнурадан укса керек аялым. Ал мен жөнүндө баарын аялыма айтып берет. Ошон үчүн аялым аны жакшы көрөт да, ага ишенет.

- Мм, карышкырга кой кайтартып жатканын аялыңыз сезбесе деле керек?

- Билбеген үчүн аны менен сырдаш, курдаш болуп жүрөт да.

- Сиздин бетиңиз жок го, кантип өз үйүңүздө ал Айнура менен жатып жүрөсүз?

- Кадимкидей эле жатам да. Аялым да бир жакка кеткенде, "Айнурка, байкеңе келип тамак жасап берип турчу мен келгичекти" дейт. Анан колго түшкөн коенду кое берген оңобу? Анын үстүнө өзү каалап жатса мени, кичине ыраазы кылып коюш керек да эркек болгондон кийин.

- Анын күйөөсү барбы?

- Жок, турмушка чыга элек.

- Мм, а секретаршаңызга эмне жок, мурдун ар кайсы жерге тыкпай, ишин кылып отура бербейби?

- Ал сиңдисине боору ооруп жатса керек да.

- Анда эмне кылалы эми? Мамилебизди үзүп эле тынчыраак жашабайлыбы? Сагынып-сагынып бир күнү бири-бирибизди унутаарбыз. А то тиги кыздарыңыз мени жайыма койчудай эмес.

- Жөжөшка, мен сенсиз кантип жашайм? Сага абдан көнүп алдым. Эптеп бир нерсе табам, коркпо, бир тал чачың да түшпөйт. Болду, алар экинчи сенин тынчыңды алышпайт.

- Көрөбүз го аны дагы.

- Болду эми тултуйбачы, баарын өзүң баштайсың да, кишини жарга такайсың.

- Мен болгону туулган күнүңүз менен куттуктап койгонум үчүн күнөөлүүмүнбү?

- Сени эч ким күнөөлөбөйт. Эми тигилер ошентип жатышса мен эмне кылам?

- Өзү анан сизди аркандап албайбы ошончолук кыйын экен. Тарттырып жиберип ичи өрттөнбөй.

- Болдучу эми, Жөжөшка. Андан көрө өзүңдө эмне жаңылык?

- Менде чоң жаңылык бар. Гулянын Дамир деген чогуу иштешкен баласы менен кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадым.

- Жакшы, ошон үчүн экөөбүздүн мамилебизге чекит коеюн деп жаткан турбайсыңбы?

- Ан үчүн эмес, сиздин Айнураңыз үчүн чекит койсомбу деп аткам. Сиз деген үлкөн саясатчысыз, Кыргызстандагы чоң фигурасыз. Анан сиздин саясий ишмердүүлүгүңүзгө доо кетирбейин деп жатпаймынбы. Экөөбүздүн порноролигибиз да сайтка чыгып кетпесин деп чочулап жатам.

- Кудай сактасын. Дамир жөнүндө айтып берчи, каяктык экен?

- Өткөндө айттым эле го биз менен тең чамалаш деп. Өзү биз жактык экен. 7 бир туугандын кичүүсү экен. Атасы каза болуп, апасы бар экен. калган бир туугандарынын баары турмуштарын таап кетишиптир. Гуля менен чогуу иштейт.

- Сени багып кете алат бекен деги?

- Багып кете алат болуш керек. Бирок, мамилебиз азырынча үйлөнүүгө жете элек. Баары менден көз каранды, эгер ага кичине эле жакшы мамиле кылып койсом, көзүмдү сүзүп дегендей, ал меники болот.

- Аныңды билем.

- Баса, өткөндө ичиме бүтүп салбадыңыз беле? Айызым эмгичекти келе элек. Бир жума болду кечигип жатат.

- Суук тийип эле калса керек.

- Билбейм, негизи меники 3 күн эрте келет канча жылдан бери. Эгер боюма бүтүп калса эмне кылабыз?

- Эмне кылмак элең, төрөйсүң да.

- Айтыш оңой го.

- Төрөш деле оңой.

- Эркек төрөп берейинби?

- Мага төрөп берип эмне кыласың, өзүң багасың да.

- Жакшы го, а жумушумчу, мени ким багат анан? Же курсагымды томпойтуп алып деле иштеп жүрө берейинби?

- Чын эле боюңа бүттү деп атасыңбы?

- Кечигип жатса, бүттү да.

- Антпечи, жүрөктү түшүрбөй.

- Баса, бир нотариуста иштеген тааныш эжем бар го. Өткөндө жолугуп сүйлөшүп отуруп, саясатчылар жөнүндө сөз болуп кеткенде "Азиза деген тааныш эже бар, ошонун 7 жаштагы эркек баласы бар экен. Ал баласы Тынай Абдыбекович деген чоң саясатчы бар го, ошондон экен да. Азиза эже убагында тигинин жардамчысы болуп иштеп жүргөндө экөө ысык мамиледе болуп анан эркек төрөп бериптир. Тиги Тынай болсо бул бала меники эмес деп такыр мойнуна албай коюптур. Ал бала чоңойгон сайын Тынай Абдыбековичтин эле өзү болуп баратыптыр. Тынай болсо уулуна жардам бермек турсун, атын уккусу келбеген шүмшүк экен. Азиза эже азыр дагы бир саясатчынын инисине турмушка чыгыптыр, байкуш" - деп калды. Азиза деген жардамчыңыз бар беле?

- Ооба, бар болчу.

- Аны менен да мамиледе болгонсуз да демек?

- Ооба, бирок боюна бүтүп, менден төрөгөнү туурасында кабарым жок.

- Көрдүңүзбү, мени да ошентип коесуз. Андан көрө кеч болуп кете электе тест алып эгер боюма бүткөн болсо алдыртып салам.

- Бойдон түшүрүүчү атайын таблеткалар бар деп уккам.

- Албетте, тажрыйбалуу адам билет да.

- Какшыктабачы эми, Жөжөшка. Мен болгону бул ситуациядан кантип оңой чыгуунун жолун гана айтып жатам да.

- Сиз менин ичиме бүтпөгөндө, мунун баары болбойт болчу. Эми ал таблеткасын ичсем, кийин төрөбөй калсамчы?

- Андан кийин деле төрөй берет.

- Айлыкты да бере элек, эмне кылам эми?

- Бүгүн тест алып көр, эгер положительный чыгып калса анда мен сага дары алганга акча берем.

- Макул.

Экөөбүз сүйлөшүп бүткөндөн кийин мени үйгө жеткирип койду. Барып эле аптекадан тест алып салсам, эки сызык чыкты. Ошол замат Тынайга телефон чалып боюмда чын эле бар экенин айттым. Ал бир саамга унчукпай калды дагы, "эртең жумушуңа акча берип жиберем балдардан. Дары саткан доктурдун дарегин берем ошол жактан аласың", - деди да трубканы койду. Ичим уйгу-туйгу болуп сүйүүнүн жеткирген ырахаты ушулбу? - деп ызаланып ыйладым. Эгер Тынайдын ушунчалык сүйбөгөндө бул ишке барбай, бейкүнөө баламды жөн жерден өлтүрбөйт элем. Кылаарын кылып алып моокуму кангандан кийин айтаары ушул турбайбы. Эртең мени тааныбайм деп койсо деле буга жарашат экен. Ушунун алдында канчыктай туйлаган өзүмдө да күнөөнүн баары. Эгер мен ага жолукпай койсом бул балакет болмок эмес. Жөн жерден күнөөгө батмак эмесмин. Эми боюман алдырсам экинчи төрөбөй калсам эмне болот? Анда менин бул жашоодо жашаганым бир тыйынга тете. Төрөбөгөн аялды ким алмак эле. Алса да төрөбөөрүмдү билген соң, кайра эле ажырашып тынат да. Кантип өзүмдүн ичимдеги кичинекей баланы өлтүрөм?! Кантип?! Кантип ага колум барат?! А эгер төрөп алсамчы? Анда элдин бетин, биринчи эле ата-энемдин бетин кантип карайм? Атам билип калса апамды муунтуп эле өз колу менен өлтүрүп коет. Мени тогуз ай ким багат? Кайда багат? Жеңил ойлуулуктүн арты ушуга алып бараарын билип туруп жасадым. Билип туруп чокту өз колум менен кармадым! Эртең врачка барып сүйлөшүп көрөм. Эгер дагы төрөй ала турган болсом боюман алдыртам. Эгер андай болбосо баарын жыйыштырып туруп төрөйм.

Ал түнү кирпик какпай ар нерсени ойлоп, ыйлап чыктым. Эртең менен турсам көзүм шишип, чарчаңкы тартып калыптыр. Кийинип, жуунуп таранып алып ишти көздөй жөнөдүм. Жумушка келип отурсам Тынай телефон чалып эшикте балдары акча алып келгенин айтты. Чыгып акчаны алдым дагы, колдорум титиреп кетти. Акчаны берип жаткан бала:

- Өзүңүздү жакшы сезип жатасызбы? Редакцияга жеткирип коеюнбу же өзүңүз жете аласызбы?

- Рамат, жакшымын, өзүм жетип алам, кете бер, - дедим да кабинетке кирип Тынайдан тиги доктурдун номерин алдым. Доктурга телефон чалсам түштөн кийин бошоорун айтты. Түшкө чейин кыздардын материалдарына бир сыйра көз жүгүртүп, дизайнерге тапшырып коюп, доктурга жөнөдүм. Барып дарынын кийинки кесепети туурасында консультация алдым.

- Бул биринчи боюңда болушубу?

- Ооба. Бирок, сиз сунуштаган дарыны ичүүдөн коркуп жатам. Кийин төрөй албай калбаймынбы?

- Негизи баланы башынан пландашыңар керек эле. Бул менин күнөөм эмес. Өзүң чоң эле кыз экенсиң, сактансаң болмок экен... Дарынын терс жагы албетте бар. Ичиңдеги эле баланы өлтүрүп аткандан кийин кандай күчтүү экенин биле берсең болот. Бирок, дарыны ичип, боюңдан түшкөндөн кийин жакшылап бир курс дарыланышың керек. Өзүңдү жылуу алып, күчтүү тамактардан жеп, имммунитетиңди көтөрүшүң зарыл. Бул Кытайдан келген дары. Буга чейин далай кыздар сеникиндей маселеси менен келип, бойлорунан түшүрүп, кийин төрөп алышты. Бирок, төрөйсүң же төрөбөйсүң деп так кесе айта албайм. Баары сенден жана сенин организмиңен көз каранды. Эгер организм алсыз болгон болсо, өзүңө да кедергисин тийгизиши мүмкүн. Муну ичкенде кадимкидей эле толгоо тартасың, кыйналасың, 10 күн аралыгында кан келет. Маткаңда кан калып калбашы керек, эгер калып кала турган болсо, температура берип, өлүп калышың да мүмкүн. Ошондуктан мен айткан нерселерди жакшылап угуп алып, мен айткандай ичсең буюрса баары жакшы болот. Анан сөзсүз түрдө дарыланып кийинки төрөгөнүңө даяр турушуң керек. УЗИге тарталы, эгер бала маткага түшсө жакшы, эгер түшө элек болсо бир жумадай күтөбүз. УЗИге тартса бала маткага түшүптүр, ошондон кийин мага дарыны кайсы убакта ичээримди, кантип ичээримди айтып, бир таблеткасын анын кабинетинен ичтим. Ичип атып ичим абдан ачышты, көзүмөн жашым акты, айлам гана жок, өз колум менен жасаган күнөөнү мойнум менен тартып атам.

Жумушка барбай түз эле үйгө келдим. Себеби, башым айлангансып, кускум келип таксиде араң отурдум. Үйгө келип эле керебетиме сулк куладым. Экинчи таблеткасын кечки саат тогузда ичмекмин. Аны ичтим дагы кайра сулк жыгылдым. Ичим кичинеден бурап ооруп кайра жазылып кетип жатты. Үчүнчү таблеткасын эртеси күнү түшкү саат 12де ичтим. Ошондон 20 мүнөт өтүп-өтпөй ичим катуу бурап ооруй баштады. Чыдай албай калдым. Кетанал ичтим, болбойт, суу ичтим, болбойт. Бир маалда шарр деп эле кан агып кетти. Мени менен иштеген бир кызга айтып мени үйгө жеткирип коюусун сурандым. Ал байкуш мени үйгө жеткирип, үйдө эч ким жоктугуна байланыштуу менин жанымда болуп, суу алып келип, дары берип карап атты. 30 мүнөттө жер астын-үстүн болуп кетти. Асманым жерге түштү, жашоом тескери бурулду, тагдырым талкаланды! Кудайга үнүм жеткенче кыйкырдым. Бир саат катуу ооруганынан чыдабай тиги доктурга чалдым. Ал болсо "боюңан түшүп атат, бат-баттан ары-бери басып тур, кан чыгып кетсин, жеңилдеп каласың" деди.

Үйдө ары-бери жүгүрүп жүрдүм. 2 саат дегенде бүртүк-бүртүк кандардан 5-6сы түштү. Ошондо жаным жай алгансыды. Анан уйкум келгенин айтпа, чогуу иштеген кыз ысык чай алып келди эле, ичип алып шалактап тердеп, анан уктап калыптырмын. Турсам астым былчылдап канга толуп калыптыр. Кан дегеле токточудай эмес. Бат-баттан чүпөрөк алмаштырып аттым. Белим сыздап ооруп жатты. Ошондо төрөт кандай оор экенин билдим. Кесиптешимди үйүнө узатып коюп телефонумду карасам Тынай телефонумду тешкенче чалыптыр, СМС жөнөтүптүр. Өзүмө келип ага телефон чалсам:

- Жөжөшка, жакшы элесиңби?

- Жок, өлүп кайра тирилдим окшойт.

- Эгер андайын билгенде акырын эле сордуртуп койсок болмок экен. Мен анчалык катуу ооруй турганын билген жокмун да.

- Дарыны билгенден кийин анын эмне кылаарын деле билсеңиз керек. Мен өз баламды өзүмдүн колум менен өлтүрдүм! Мен киши өлтүргүчмүн! Тагдырымды өз колум менен талкаладым! Балам менен кошо өзүм да өлүп калсам эмне?!

- Жөжөшка, өзүңдү карма, келечегиң али алдыда. Мени кечирип койчу, менин уругум эчак жарабай калса керек деп ичине бүтүп койгон элем. Көрсө дале күчү бар тура. Баарына мен күнөөлүүмүн. Буюрса жакшы жигитке турмушка чыгып, ак никеден төрөйсүң. Сенин тагдырыңды бузгум келген жок.

- Уже талкаладыңыз! Сүйүүнүн арты ушундай беле?! Ойношчулуктун арты өз балаңды өлтүртөт тура! Эми мага эч нерсенин кереги жок, жайыма коюңузчу! - дедим да трубканы басып салдым, керебетимде букулдап ыйлап жаттым.

Белимдин сыздаганы сыздаган. Кыздар иштен келип тамак жасап мени чакырышты, аларга кошулуп тооктун сорпосун ичтим. Өзүмдү жаман сезип кайра керебетке куладым. Эртеси жумушка да чыкпай койдум. Дагы деле кан токтобой, шарактап куюлуп жатты. Тынай болсо улам-улам телефон чалат, такыр алгым келбей аны менен сүйлөшпөй койдум. Баламды ойлогон сайын заманам курулуп, көзүмөн жашымды тыя албай жаздыкты суу кылып жаттым. Көзүм кичине эле илинип кетсе ар кандай каргашалуу түштөр кирип тынчым кетип уктай албай кыйналып жаттым. Боюман алдырганыма дале болсо ишенип-ишенбей маң болдум. Кайра "жашмын, төрөп алаармын", деп өзүмдү алдайм. Иши кылып санаа мээмди жеп турду. Айла канча болоору болду. Бозосу канды дегендей, баары бүткөн соң санымды чапканым менен эч кандай майнап чыкпайт. Тынай болсо мени кечке эркелетип СМС жазгандан башка айласы жок. Бирок, ал дагы чоң күнөө кетиргенин билип турду.

Эртеси белим ооруп араң дегенде иштеген жерге жеттим. Барып дары ичип алып отурдум дагы түштөн кийин үйгө кетип калдым. Тынай болсо улам-улам телефон чалып абалыман кабар алып кабатыр болуп жатты. Ушунун баарын өз колубуз менен жасадык. Гүлмирага бардык чындыкты айтып, боюман алдырдым деп бырылдап ыйладым. Ал мага жини келип:

- Эмнеге ошол карыган кишиден боюңа болуп калды? Алдырбай эле төрөйм десең болмок, бир квартира алдыртып алмаксың да, балаң менен ошол жакта жашай бермексиң.

- Кайдагы квартираны айтып жатасың. Ал азыр иши жок жүрсө, кайдагы акча болмок эле анда.

- Анда неге ал чал менен жатасың? Өзүңдүн бааңды билсең боло кичине. Сен жаш десе - жаш, сулуу десе - сулуу, фигураң мыкты, иштеген ишиң бар, жогорку билимдүү журналистсиң. Анан кайдагы бир чалга кор болуп, аны менен жатып жүргөнүң аз келгенсип, андан боюңан алдырып бышактап отурасың. Же тигиниң билсечи?! Канча деген красавчиктер артыңан жүгүрүп жүрөт, аларды карабайсың дагы, жаман чалга жармашасың. Ал чалдын эмнеси жагат деги сага? Ушунчаңда мамилеңди үз. Болбосо кийин күйөөсү да жок, баласы да жок жалгыз куу баш болуп өтөсүң. Азыртадан артыңдагы балдарды карап, чекесинен чертип тандап туруп тийип ал да, эртерээк төрөсөң бул күйүтүңдү унутасың. Болбосо, бул кылыгыңды ойлой берип жинди болуп кетишиң мүмкүн. Мени менен иштеген Дамир менен мамилеңер жакшы элеби?

- Ооба, ал бат-баттан чалып турат. Кечээ мен катуу ооруп жатканда чалган экен, ооруп жатканымды билип дары алып барып берейин, доктурга көрсөтөйүн дегенинен келбей эле кой дегем.

- Ошол бала жашоого тың, билимдүү, токтоо бала. Тийип албайсыңбы, жаш, сулуу, иштеген иши бар, болгону үйү гана жок. Ал сени чындап жактырып калган окшойт, менден эле сурай берчү болду. Тажаганда үйгө барып абалын өзүң көр десем, кысынып атат окшойт же уялып жатабы, айтор келбей жатат.

- Кичине жакшы болоюн, өзүмө келип алгандан кийин ал бала менен жолугуп келечекке болгон оюн билейин. Эгер мени ала турган болсо көзүмдү жуумп тийип кетсемби?

- Тийип ал, андай баланы таппайсың. Анын артынан деле толтура кыз чуркайт, бирок аларды негедир карабайт. Биздин жашыбыз деле өтүп баратат. Мына 25 жашка чыктык. Азыр 18 жаштагылар турмушка чыгып жатат. Барган сайын бизди ойношчулукка гана пайдаланып калышат. Ошондуктан эртерээк ойлон.

- Баары кудайдын буйругу менен да.

- Кудайдын буйругу менен деп жүрө бербей аракет да кылышыбыз керек. Болбосо жаш кыздарга бактыбызды тарттырып жиберебиз. Баса, мен эмки жумада Кытайга учуп жатам. Ал жактан бир Рустам деген уйгур бала менен таанышып, ал мени, мен аны жактырып калганбыз. Ошол бала досунун үйлөнүү тоюна чакырып жатат. Бир айча жүрүп кайра келем.

- Бир ай каякта жашайсың анан?

- Ал баланын үйүндө жашайм, ата-энеси, иниси менен таанышмын. Өткөндө да Кытайда 2 ай ошолордукунда жашагам. Мен да Рустамдын оюн билип, эгер мага үйлөнө турган ою болсо тийип алсамбы деп атам.

- Уйгурлар кыргызды ала берет бекен?

- Негизи кыргызга үйлөнүшпөйт. Бирок, алардын үй-бүлөсү заманбапташып кетишкен. Иниси деле кытай кыз менен сүйлөшөт.

- Эмнеси болсо да жети өлчөп бир кескендей бол. Шашпа, биздин маңдайыбызга деле жакшы бирөөнү жазгандыр. Анан жашыбыз өтүп баратат деп эле жолдон чыккан немеге тийип алып өмүрүбүз өткөнчө кыйналбайлы.

- Бара берейинчи анан көрө жатаармын. Бирок, жалгыз жашоого тоюп кеттим. Эркектин кучагында уктап, эркектин кучагында ойгонгум келип жатат. Мага азыр эркектин жылуу сезими абдан керек. Элге окшоп жигиттер менен да сүйлөшө албайм.

- Бактылуу бол. Бирок, жакшылап ойлон.

****

Жумушта отургам, электрондук дарегиме кат келгенинен окуй калсам эле мени ашатып сөккөн неме экен. "Мен сени жакшы тааныйм. Тынай Абдыбековичти кандайча тааныйсың? Ал кишиден алысыраак жүр. Болбосо, бул жашоого жаралганыңа абдан өкүнүп каласың. Сендей жалаптардын азабы өттү!" - деген кат экен. Окуп алып, нес болуп отуруп калдым. Тынайга телефон чалып Бакыт деген бала ушундай кат жазыптыр, ал ким эле десем тааныбайм дегенден башка жооп айтпады. Болду-болбоду Айнурасынын колунан келди, башка ким кызганмак эле дедим да Айнурасына интернеттен кысчу жериңди кысып жөн жүр, чоңдоруңа мактанбай, өзүңдүн маселеңди өзүң чеч, бир жериң аркылуу чечпей деп кат жаздым. Ал ошол замат Тынайга айтыптыр. Тынай мага телефон чалып Айнурага тийишпей эле койчу, ал жазбаптыр деди да трубканы басып койду.

****

27-түнүбүз эле. 7-май. Понедельник болчу. Экөөбүз иштен кийин дагы жолуктук. Үйдө иштен чарчап келип уктап жатсам эшикке чыкпайсыңбы деп Тынай телефон чалып калды. Саатты карасам түнкү саат 11 болуптур. Макул деп кыска шортымды кийип чыктым. Бул жолкусунда эч жакка барбай эле машинеде отурдук. Ар нерсени сүйлөшүп жатканбыз. Бир маалда талаа жакка баралычы деп помидор айдаган талаага машинесин айдады. Ал жакка барып жолдон обочороок токтоп адатыбызча чапталыша кеттик. Ишти толук бүтүп-бүтө электе эле кайдан-жайдан эки милиционер балдар пайда болду. Фонаригин биздин машиненин ичине күйгүзүп ичинде эмне болуп атканын түшүнүштү да терезени тыкылдатып, документ сурашты. Тынайдын тиги балдарга жини келип кийинип жатышса тигилер шаштыны кетирип кайра-кайра такылдатып туруп алышты. Эптеп кийинип астынкы отургучка отуруп пистолетин алды дагы азыр атып салам деди. Коюңуз деп араң алып калдым. Анан терезени ачып:

- Кандайсыңар жигиттер?

- Саламатсызбы? Документтериңизди көрсөк болобу?

- Силер кимсиңер? Биринчи өзүңөрдүкүн көрсөткүлөчү?

- Биз Биринчи май районунун милиция кызматкерлери болобуз. Бүгүн биздин райондон бир кыз жоголду эле ошону издеп жүргөнбүз. Ата-энеси кабатыр болуп жатты эле... Мына документибиз...

- Мына меники, Тынайбек Абдыбекович. Анан ал жоголгон кызды мени уурдап кетти деп жатасыңарбы?

- Баары болушу мүмкүн да, Тынайбек Абдыбекович. Азыр кайда иштеп жатасыз? Телефон номериңизди бербейсизби, кийин иштер чыгып калса сөзсүз керегиңиз тиет.

- Жогору жакта эле иштеп жатабыз. А бул сулуу Жазира деген журналист, документи үйүндө, алып чыкпаптыр.

- Мейли жакшы туруңуз анда, бирок биз сизге албетте телефон чалабыз, - деп кетип калышты. Тынай телефонун кармап турган. Көрсө сүйлөшүүлөрдү диктофонго жаздырганга жетишиптир. Менден өткөн журналист турбайбы деп таң калдым. Тынай болсо тиги эки баланы иштен алдыртам деп кекенип алды. Ошентип үлкөн саясатчы менен милицияларга кармалып уят болдук. Алар кеткенден кийин экөөбүздүн тең маанайыбыз түшүп эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз. Мени үйгө жеткирип коюп, өзү үйүнө кетти.

***

25-августта Талас жергесинде чоң той болду. Мени иштен шеф Таластагы тойду репортаж же жол очерки сыяктуу кылып чагылдырып келесиң деп жиберген. Бул жактан Таластык Азиза деген курбум, спортчу байкелер менен Таласка жөнөдүк. Тынайдын да ал жакка бараарын билгем бирок, жолугуп эле кетем го деп ойлогом. Бирок, баары мен ойлогондон башкача болду. Биз Эртен менен тан атпай Азизанын үйүнөн туруп алып, Талас шаарын, тактап айтканда Манас ордосун көздөй бет алдык. Манастын күмбөзүнө барып сыйынып, Кароол чокуга барып сүрөткө түшүп, баары ойдогудай болду. Сайда майрамдык салтанат баштала элек экен, бирок элдер жүрүшөт. Азизанын апасы телефон чалып азыр чоңдор Чолпонбай атындагы музейге келишет деп калды. Азиза экөөбүз жүгүргөн бойдон музейге келдик. Келип турсак депутаттар келишти. Тынай болсо бир арык жүдөгөн бала менен гүл кармап Чолпонбайдын эстелигинин астына койду. Анда мени көргөн жок окшойт. Азиза экөөбүз атайын музейдин алдында күтүп турдук. Бир маалда музейден чыкканынан сүрөткө тартып турсам Тынай мени менен келип колун берип учурашты. Азизанын депутат жигити болсо Азизаны көрсө да көрмөксөн болуп унчукпай өтүп кетти. Анын помощнигине Азиза бизди ала кеткилечи деп кечке суранса да ал шеф билет деп койду. Бизди Таласка жеткирген байкелер ошол күнү бизди кайрале Бишкекке алып келишмек. Биз музейден чыгып сайды көздөй жөнөдүк. Бир милиционерлердин машинасына отуруп алганбыз. Чаң жерден түшүрүп койгонунан бетиме маска кийип алып түшүп баратсам, Таластын бир баласы "Эу, чоң кыз, эмне человек паук болуп алгансың?" - деп калды. Азиза жини келип аллергиясы бар дегенде эле артыман Тынай: "Жазира, сулуу жүзүндү жашырып Таластыктардын жүрөгүн түшүрбөй эле койчу" деп калды. Менин аллергиям бар дедим да басып кете бердим. Тынай болсо ар нерсени сүйлөп артыман түшүп алды. Сахна жакка келгенде мейли жакшы эс алыңыз деп башка жол менен кетип калдык. Күрөш аяктап, Азиза экөөбүз анын үйүнө эт жегени, биротоло сумкаларыбызды алып Бишкекке кетебиз деп келдик. Бизди Таласка алып келген Эрбол байке болсо чалып бир сааттан кийин бизди алып кетээрин айтты. Сайга келе жатсак Тынай чалып силер кеттиңерби? - деп калды. Жок, азыр сайга түшүп алып анан кетебиз дедим. Чыдабай кетип мен ага кайра телефон чалып, өпкүлөгүм келип жатканымды айтсам, "кел элдин арасынан жок дегенде колуңду кармайынчы", - деп калды. Мен чалчыкка түшүп, бутум суу болуп атып араң бардым. Барсам бир досу менен туруптур. Ал досу мени жактырбай эле бир кызык болуп атты. Тынай ким менен кетесиң азыр дегенде бизди алып келген байкелер кайра алып кетишет дедим. Түндө алып кетеби деп калды. Ооба десем кызганып калды. Анда силер бүгүн жолго чыккыла силер менен эле кетип калабыз десем Тынай макул болсо тиги Данияр деген досу таптакыр макул болбой койду. Акыр аягында макул болуп мейли деп кетип баратканбыз. Бир маалда тиги Данчик досу туурадан чыгып: "давайте гостиницага барабыз, силерди таштап коебуз дагы эртең эрте менен чыгып кетебиз", - деди. Ал сунушу Тынай экөөбүзгө майдай жакты. Макул болуп түн ичинде Таласты кыдырып мейманкана издедик. Бир жерден таап, ошол жерге жатып калдык. Мен душтан чыккычакты Азиза менен Тынай пиво ичип отурушуптур. Чыгып алардын жанына отуруп калдым. Тынай экөөбүз сагынышып калыптырбыз, а Азиза болсо комнатасына кетпей жинге тийди. Азизаны эптеп кетирип светти өчүрөлү десем, таптакыр болбой күйгүзүп алып менин жан жеримди тамшанып өпкүлөй баштады. Анан анын ичин ачып карап, текшерип чыкты окшойт кучакташып эзилишкен боюнча сүйүү көлүнө чалкыдык го чиркин! Тынай өлө энергичный болуп алыптыр, таң атканча чарчаган жок. Бир маалда кучакташкан боюнча чапташып уктап калыптырбыз. Карасак саат эртең мененки 8 болуптур. Кайра ишти баштадык. Кумарыбыз тараганча өбүшүп, кучакташып, эркелешип көпкө жаттык. Досу эжем менен тааныштырам деп Тынайды эжесинин үйүнө ээрчитип кетти. Бизди болсо айдоочусу кафеге алып барып тамак алып берди. Жолго чыктык. Бир жерден токтоп, кымыз ичип атсак Азиза үшүп кеттиңби кел кучактайын деп Тынай Азизаны кучактаганда бир кызыктай болуп кеттим. Азиза менин абалымды дароо түшүнүп анын кучагынан чыгып кетти. Бирок Бишкекке чейин Тынайдын колун кармап, ийнине уктап келгениме канаат алдым.

Ошентип 32-түнүбүз Талас жергесинде болду.

***

Ал ортодо Дамир мага абдан жакшы мамиле кылып жүрдү. Аял киши кулагы менен сүйөт десе ишенчү деле эмесмин. А Дамир мага жакшы сүйлөп, жакшы комплименттерди айтып, күн сайын жумуштан тосуп алып, экөөбүз кафеге барып кечки тамакты жеп андан ары кечки сыдырым желге сейилдегенди адат кылып алдык. Бара-бара Тынайды көп ойлонбой калганыма өзүм таң калдым. Аялы жок, өзүң теңдүү, келишимдүү жигит менен мамиле кылсаң кандай сонун экенин эми билдим. Баары бир жаш жигит жаштыгын кылат экен. Чарчоо дегенди билбейт. Элдин арасында да башыңды өйдө көтөрүп жүрөт экенсиң. Аны менен сейилдеп жүрсөк, кыздар суктанып карашат. Дамир арыкчырай, сулуу жигит. Бирок, ал байкуш менин боюман алдырганымды, чиновник менен ойноп жүргөнүмдү билбейт. Анын ою боюнча мен дале кыз намысым мененмин. Аны карап, кээде боорум ооруп кетет. Бирок, өзүмдүн келечегимди ойлоп баарына даяр экениме көзүм жетет. Ал мени менен тең чамалаш болгонго экөөбүз бир нерсени тартыша кетебиз да, өзүбүздүкүн эч убакта бербейбиз. Акырындап анын достору менен тааныша баштадым. Мен чиновниктердин чөйрөсүнө көнүп калган жаным, алар менен конокко барганда өзүмдү абдан жаман сезем.

Жумушта отургам, чөнтөк телефонумдан интервью көчүрүп жазып жатканда өчүрүп коер элем. Иштеги телефонго бирөө чалып калды, кыздар сизди телефонго чакырып жатат дегенинен телефонду алсам Дамир экен:

- Кандайсын Жазира?

- Жакшы, ким бул?

- Мен Дамир. Иштериң жакшыбы? Чөнтөк телефонуңа чалсам өчүк экен, анан гезитти алып ушул телефонго чалып жатам.

- Мм, өзүңдүн иштериң жакшыбы? Кандай жүрөсүң?

- Менин иштерим да жакшы, буюрса. Эртең дем алыш эмеспи, мени менен менин айылыма конокко барып келбейсиңби, бир досум үйлөнүп жаткан. Жалгыз баргым келбей жатат.

- Эртеңкиге эжемдин үйүнө барам деп койдум эле, ал жаңы төрөп, кир жууп берчи деген болчу.

- Кирди бүгүн түнү менен жуусаң эртең бошоп каласың да.

- Макул, бирок кайра качан келебиз.

- Барып куттуктап, тамагын ичип, этин жеп алып эле кайра келебиз.

- Анда жакшы экен. Макул барса барып келейин.

- Көрүшкөнчө! Баса, телефонуңду өчүрбөчү ээ?

- Макул.

Жумуштан чыгып, эжемдикине барып, кир жууп, үйүн жыйнап үйгө түндө келдим окшойт. Эртеси эртең менен туруп душка чайканып алып, кийимдеримди даярдап жатсам Дамир чалып калды:

- Кандайсың, Периште? Уйкуңуз кандыбы?

- Абдан көкөлөтүп жибердиң го. Ооба канды буюрса.

- Сени көкөлөтпөгөндө кимди көкөлөтөм? Күн сайын сени көргүм келип бир башкача сезимде болуп жатам. Бул эмне?

- Аны сенин жүрөгүң билбесе мен айта албайт экемин.

- Мен азыр бир сааттан өтүп сен жакка барам, даяр болуп турасың да ээ?

- Макул даяр болом буюрса. Бирок кичине коркуп турам.

- Эмнеден коркосуң, мен сени менен барам го акыры. Бир нерсе болсо өз башым менен жооп берүүгө даярмын. Чачыңдын бир талы да түшпөйт, коркпо.

- Досуңа шылтоолоп мени үйүңө алып калып жолук салып койбойсуңбу деп коркуп атам.

- Ал да өз убагы менен болот, буюрса. Экөөбүз кичинекей эси жок бала эмеспиз да. Баарын өз шарты менен кылабыз.

- Мейли анда, шашпай ишиңди бүтүрүп келе бересиң да, мен да даярданайын.

- Макул.

Экөөбүз бир сааттан кийин анын айылына жолго чыктык. Мени машинесинин алдына отургузуп алды. Жолдо карай колумду кармап,кичинекей баладай кудуңдап барды. Ар нерсени сүйлөшүп, көңүлдүү бардык. Барсак, достору күтүп турушуптур. Кирип тамактандык. Достору, алардын аялдары менен таанышып, кече көңүлдөгүдөй болду.Этин жеген соң, шаарды карай жол тарттык. Жолду карай балалыкка кайлырып ар нерсени сүйлөшүп, көңүлдүү келдик. Шаарга жеткенде "Меникине эле барсак кандай болот, Жазира. Бүгүн үйдө эч ким жок эле, сени менен чогуу уктагым келип жатат. Бирок, арам же иттик оюм жок, болгону сенин колуңду кармап уктагым келди. Эмнегедир сени такыр жанымдан чыгаргым келбей калды. Сен менден кичине эле алыстаганыңда карааныңды издечү болдум, бул эмнеси?"

- Дамир, кайдагы болбогон сөздү сүйлөйсүң да турасың. Ал болгону мен сага жакканымдын гана белгиси. Мейли, барса баралы сенин үйүңө, бирок, сен менин көңүлүмдү калтырбасыңа ишенем.

- Эгер менин сага жаман оюм болгондо "ишти" эбак бүтүрмөкмүн. Эмнеге экөөбүз ушунча кеч жолуктук? Буга чейин канча жыл мурун жолукканыбызда, эмгичекти үйлөнүп, 2-3 балалуу болуп калмакпыз.

- Кудайдын буйругу да. "Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту" - дегендей, баары бир Жараткандын колундабыз. Эгер ал кааласа экөөбүз бирге болобуз, каалабаса, жолубуз бөлөк болот.

- Кудай буйруса экен. Сен менин аялым болсоң дүйнөдө бактылуу болот элем.

- Ар нерсени айтпай андан көрө үйүңө кирелик, тоңуп кеттим.

Дамир Вефа Центр жакта батирде турат экен. Үйү жыйналган, мыкты атмосфера жаратты. Кирип эле диванга уктап калыптырмын. Бир маалда бетимен өөп ойготуп:

- чай ич, - деди. Көзүмдү ачсам козу карын менен картошканы аралаштырып даамдуу кылып кууруп коюптур. Аны шашпай отуруп жеп алып чогуу төшөк салып кучакташып алып уктап калыптырбыз. Дамир арык болгону менен аны менен кучакташып уктаганы мага жакты. Эртеси мени жумушка жеткирип койду. Жумушта маанайым жакшы жүрдүм. Бирок, эмнегедир эле Тынай оюман такыр кетпей туруп алды. Бир депутаттан интервью алмакмын, Ак үйгө барып ал депутатка жолугуп интервью алдым да, Тынайга телефон чалдым:

- Кандайсыз?

- Жакшы, Жөжөшка! Кандай жүрөсүң, сагындырып жоголуп кеттиң го?..

- Мен да жакшымын, сизди гана сагынып жатам.

-Мен иштен бошогондон кийин жеңеңдин кайтарыгында калбадымбы. Болбосо бир ишти шылтоолоп кетип калмакпыз.

-Аялыңыздан катуу коркуп калгансыз го?

-Коркпой эле турам, Жөжөшка. Ишим жок болгондон кийин үйдөн деле чыга албай калдым. Баса, бүгүн бир досум машинесин майлап чакырмак, ошону шылтоолоп үйдөн чыгайын, шаардан алсыраак бир жакка барып келбейлиби? Жолуга элегибизге да көп болбодубу, кандай дейсиң?

-Мен макулмун, албетте.

Жумушка келбей эле үйгө түз келип адаттагыдай душка чайканып алган соң, жаңы сатып алган көйнөгүмдү кийдим да жолугууга жөнөдүм. Бул сапар ал менин үйүмдүн жанында күтүп туруптур. Таксиге отурайын деп чуркап баратсам эле машинесин пипилдетип калды, карасам Тынай экен. Сүйүнгөн боюнча машинесине келип отурдум. Кирсем моюнуман жыттап-жыттап алды да машинесин зуулдатып айдап жөнөдү. Негедир барган сайын ага болгон сезимим муздагансып жатат, өзүм да түшүнбөй турам. Экөөбүз бул жолу бир башка жерге бардык. Балдарына квартира даярдатып коюптур, дасторкон жайдырып, кафеден тамак заказ кылыптыр. Кирип тамак ичип алган соң керебетке кучакташып куладык. Эриндери бир башкача ысык экен бул жолу. Акылымды жоготуп барып араң көзүмдү ачып жаттым. Тынай мени тарттырып жиберчүдөй кыса кучактап моюнуман жыттап:

-Жөжөшка, сенде эмне жаңылык болуп жатат? Жанагы Дамир дегениң кандай неме экен?

-Жакшы жигит көрүнөт. Экөөбүз анын айылына конокко барып келдик.

-Ай-ий. Мага айтпай эле сызып кеттиңби анан, таарындым ай.

-Сизге айтканда жеткичекти мээмди эзип, телефон чалып, СМС жазып жай отургузмак эмессиз да.

-Даже так! Аны жактырып калган го бул жактагы сулуу?

-Жагып баратат. "Менин аялым болсоң бул дүйнөдө бактылуу болот элем", - дейт бала. Бул эркектердин төл сөзү деңизчи, бирок негедир ал баланын башын айлантып алдап жашаганга болчудай. Анан дагы кебетеси дурус болуп атпайбы, күйөөм деп тааныштырганда уялбагыдай болуп.

-Эгер жактырып калсаң ошого турмушка чыгасыңбы?

-Албетте, ансыз деле экинчи аял бол дегендер толуп кетти. Же сиз мени албайсыз, анан ушинтип кара далы болуп жүрө береминби. Сиңдилеримдин алды 3, арты 2 балалуу болушту. А менин жада калса тие турган жигитим жок. Дамир жакшы вариант болуп жатат. Үй-бүлөсү да меникине окшош карапайым экен, ашыкча байлыгы жок. Байга тийсем басынып каламбы деп корком. Ошондуктан өзүмө эле окшош карапайым үй-бүлөгө турмушка чыксам деп тилейм. А акча маселеси баарында болот да, аны экөөбүз чогултуп алабыз. Жумуштан болсо тажап бүттүм, мен да бала жытын жыттап, эмчегимди эмизгим келип жатат.

-Болду, Жөжөшка, сенин больной точкаңа тийип алдым окшойт. Тийсең тийип алчы. Бирок шаарда жашасаңар жакшы болмок. Сагынганда жолугуп турмакпыз. Чынын айтсам сени ал жигитке кыйбай турам. 30 жыл мурун жолукканыңда го!? Карыгандагы сүйүүң башкача болот экен.

-Сүйүшкөн менен пайда жок болуп атпайбы. Мен да толук кандуу үй-бүлөлүү болугум келип атат.

--Аның туура, аял үчүн биринчи орунда карьера эмес үй-бүлөө турушу керек. Бирок, турмушка чыккандан кийин мени унутпа ээ? Таарынам анан...

-Күлкүнү келтирбеңизчи, сизди кантип унутмак элем? Тиги Дамир үйлөнүү туурасында көп айтчу болду. Ушул жылы турмушка чыгат окшоп калдым.

-Андан көрө Дамир сага приставать кылган жокпу? Ошентсе айт, мойнун кайрып коелу...

-Жок ай, болгону колуман кармады.

Тынай экөөбүз көпкө чейин сагынычыбызды таратып кучакташып жаттык. Мага бала кездеги кылыктарын, кыялдарын айтып берип боорумду эзип салды. Бир маалда саатты карасак таңкы 5 болуптур, мен анын ийнине жөлөнүп уктап калдым. Таң атпай туруп ишке жөнөдүк.

Тынай менен жолугуп келгенден кийин ишке көңүлүм жайдары чыкчумун, бул жолу да маанайым жакшы болуп, кыздар менен күлүп учурашып ишиме кириштим. Ал күнү жумуштан чыгып кыздар менен Айгерим Расул кызынын "Жараланган турналар" аттуу киносуна бардык. Кино көп деле жаккан жок, андан чыгып алып Панфилов паркына барып балмуздактан жеп, сейилдеп жүрдүк. Үйгө кетели деп аялдамага келип маршрутка күтүп турсак мага Дамир телефон чалып калды:

-Жазира, кандайсың? Каяктасың?

- Рахмат жакшы, ЦУМ жакта жүргөм, үйгө кетейин деп жатам.

-А анда 10 мүнөтчө күтө турбайсыңбы мен жеткирип коеюн?

-Макул.

Бат эле келип калды да мени үйгө чейин жеткирип:

-Жазира, макул болсоң эртең сени эжекемдер менен тааныштырайын дедим эле. Сенин деле жашың келип калды, мага турмушка чык. Мен сени ыйлатмак турсун муңайтпайм деп эркекче сөзүмдү берем. Чынын айтсам сенден башка кыз менен турмуш куруп жашагым келбейт. Үйдөгүлөр болсо ушул жылы үйлөн деп кыйнап жатышат.

-Сен кызыксың го. Мени жакшы тааныбай туруп кантип аялдыкка алганы жатасың?

-Сени мында артык дагы кантип жакшы тааныйм?

-А мүмкүн сен мага жакпайсың?..

-Андай тамашаңды койчу, эгер мен сага жакпаган болсом мени карабайт да болсоң керек.

-Аның туура. Мен сени жактырам бирок сага жакшы көнө элекмин да. Анан сүйө албайм мен сени.

-А турмушта сүйүүнүн кереги жок. Болгону жактыруу анан сый болсо болду. Кийин мага бойтойгон наристе төрөп бергенден кийин мени кантип сүйүп калганыңды өзүң да билбей каласың.

-Тим эле мурун-кийин үйлөнүп жүргөн кишидей айттың го.

-Турмуш чындыгын айтып жатпаймынбы сага. Биздин ата-энелер жактырмак турсун бири-бирин көрбөй туруп эле ала качып келип 6-7 балалуу болуп жатышпайбы. Ошондон улам айттым да сага. Эгер макул болсоң, эртең сен иштен чыккандан кийин келип алып кетейин, Инсар кафесинде таанышуу кечеси болот.

-Кое тур, бир жумадан кийин тааныштыр, ага чейин мен да үйдөгүлөргө айтып, ата-энемдин да кеп-кеңешин угайын, апамдарга айтпай эле мындай чоң кадам жасай албайм. Мени ушул деңгээлге жеткирген ата-энем.

-Макул сен айткандай болсун. Бирок эртерээк айтчы ээ. Мен да ал кишилер менен таанышам, эгер кааласаң.

-Макул эртерээк айтканга аракет кылам.

Мени үйгө жеткирип коюп кудуңдаган боюнча кетти. Ал түнү эмнени уктай алайын? Ар нерсе оюма келет. Бир туруп тийип кетким келсе, Тынайды эстегенде ага турмушка чыккым келбей кетет. Бирок, качанкыга чейин Тынай менен ойнош болуп жүрө бермек элем? Мен да жакшынакай жашоого татыктуумун го. Турмушка чыгып, бирөөнүн мыйзамдуу аялы болуш ар кимдин эле маңдайына жазыла бербейт болуш керек. Анан ага болгон сезими такыр эле ойгонбой койсочу? Анда эмне кылам? Жакпай калып ажырашкым келбейт. Андан көрө турмушка чыкпай жашаганым жакшы. Тынай алтымышты таяп калды, качанкыга чейин махабат кемесинде сүзө алат. Ага ишенип жүрө берип таптакыр куру жалак калбаймынбы? Эмнеси болсо да атамдар менен кеңешип турмушка чыкса чыгып алып өз арабамды кылдыратайын. Антпесе мен деле 5 жылдан кийин 30га чыгам. Андан кийин төрөй аламбы төрөй албай каламбы, бир кудай билет. Ушундай жаш кезимде төрөп алайын андан көрө, - деп бир бүтүм ойго келип уктап калдым.

Эртеси апамдарга Дамир туурасында айтып курбу кызым менен чогуу иштеген, тырышчаак, кичипейил жигит, - дедим. Апамдар болсо өзүңдүн көңүлүн болсо тий, биз сенин пикириңе, чечимиңе каршы чыга албайбыз. Кичине болсоң да бир жөн, сиңдилериң 2-3төн балалуу болушту, карьераңды түзүп алдың, эми турмушка чыкчу убагың, - дешти. Дамир кечинде телефон чалганынан апамдар менен сүйлөшүп алар өзүң бил дешти десем сүйүнүп, мени түрк ресторанына чакырды. Барсам өзү күтүп отуруптур. Столдун үстүндө мага арналган розалар... Анын кубанычында болсо чек жок. Мени кучактап бетимен өөп "Мага турмушка чыкчы Жазира, өмүрүм өткөнчө сыйлап, сүйүп өтөм!" - деп колума жакшынакай шакек салды. Шакеги абдан жакты. Экөөбүз тамактанып алып менин үйүмө жөнөдүк. Жолдо карата менин колумду кыса кармап барды. Ичимен мен кылган нерселери билсең ушул албырттап турган оттой ысык сезимиңе суу чачкандай муздабасаң болду, - деп кетип бараттым.

Жуманын аягында мени туугандары менен тааныштырды. Агасы врач, эжекеси экономист, карындашы болсо балдары менен үйүндө экен. Аларга абдан жактым. Кафеден чыккандан кийин баарын үйлөрүнө жеткирип коюп экөөбүз аныкына келдик. Бул жолу экөөбүзгө чогуу төшөк салды. Анан кучакташып алып көпкө сүйлөшүп жаттык. Ал арыкчырай бирок чымыр денелүү болгондуктан денесин кармаганда өзүмдү жоготуп кое жаздап араң карманып жаттым. Бирок оюмдун баары Тынайда. Тынай болсо айласы жок уруксаат берген. Уруксаат бербегенге чамасы да жок болчу. Же мени өзү албаса эмне кылсын, ичинен сыздап кала берет да.

***

Мына минтип убакыт батле зымырык куш болуп, 36-түндү дагы бирге өткөрдүк.

Менин тоюм жакында болот деп айылыма чыккан аткам. Тынай мага СМС жазып бүгүн жолугалы дегенинен макул болуп, үйгө келип бир сыйра чайынып алып, биз жолуга турган баягы жерге келип калдым. Колумда акчам жок. Жумуштан да бошоп алгам кичине келишпестиктер болуп. Анын баарын Тынай билет. Байкушум мага боору ооруп, Шефиңдин иштеп жаткан зданиесин жардырып кетем деп жинденип атат. Ал ортодо дагы бир окуя болуп өттү баса, мен бир гезитке маек берген элем. Ал жерде болгону Тынайга болгон сүйүүмдү көбүрөөк айткам. Себеби, мен журналистикадан кеткичекти өзүмдүн ичимдеги сырымды гезит окурмандары менен бөлүшүүнү эп көрдүм. Тынай менин чын сүйөөрүмдү билсин деген ойдо жазгам. Иштен болсо унчукпайле чыктым, жаман да, жакшы да айткан жокмун. Ошентсе да менин айлыгымды албай кеткенимди уккан адамдардын жини келип, соттош дешти. Баарын кудайга койдум, ак ийилет бирок сынбайт демекчи. Бир күн менин айланамда да андан чон жакшылык болот деп ишенем. Баса, эми Тынай экөөбүздүн жолугушуубузга сөзүмдү бурайын. Кирсем досу да ал жакта экен, мен кирээрим менен эле менин менен бетимен өөп учурашып алып кетип калды. Номер суук болгондуктан, Тынай ал жакка жылыткыч сайдырып коюптур. Мен алып келген сендвич менен спрайтты ичип алып жылуу төшөктүн ичине чапталышып жаттык. Сүйүү көлүнө бир жолу чумкуп чыктык. Бул жолу Тынай ишти бат эле бүтүрдү. Себеби, геморою чыгып катуу ооруп атыптыр. Мен ага мага жолукпайсын деп жөн эле таарынып атыптырмын. Кучакташып көпкө жаттык. Сүйлөшкөнгө алы келбей көзү жумулуп абдан кыйналды. Себеби, мендеги кара энергия ага өтүп кетиптир. А мен болсо өзүмдү абдан жеңил сезип калдым. Байкушум ал күнү Азаттыктын "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүнө чыкмак. Үйгө чейин унчукпай жеткирип келди. Мен акырын түшүп баратсам токтоп турчу деп сага айлыгыңды бербей чүнчүтүп атышыптыр деп мага 4 миң сом берди. Абдан сүйүндүм, сүйүнгөндөн ыйлагым да келди. Мен да бирөөгө керек экемин деп Тынайга абдан ыраазы болдум. Мен анын машинасынан түшүп атканда Алмаз (1-курста сүйлөшкөн жигитим) көрүп калды да кечке карап турду.

Келдим. "Ыңгайсыз суроолор" башталды, Тынай бир саясатчы менен мандай тескей отуруп алып өлкөдөгү саясий кырдаалды катуу талкуулашты. Тынай 1-2 жерден жаңылганы менен олуттуу саясатчы катары сүйлөдү. Абдан сүйүндүм. Эртеси күнү үйдө уктап жатсам телефонума СМС келди, ачсам Дамирден экен. Бакыт үйүнө барып кезекке туруп келбейлиби, - дептир.

Макул деп жуунуп алып сыртка чыксам байкушум эртеден бери күтүп туруптур. Антип СМС жазбай эле үйгө кирбейт белең, чогуу тамактанып алып чыкмакпыз, - десем, "менден тамак эмес чай да өтпөй атат Жазка, андан көрө эртерээк барып кезекке туралы", - деди.

Барып 2 жумадан кийинкиге тоюбузду белгиледик. Бир чети сүйүнүп жатсам, экинчиден капаланып турдум. Себеби, бул бойдокчулук, махабатым менен коштошуп жаттым. Дамир экөөбүз бакыт үйүнөн чыгып алып кафеден тамактандык. Анын кубанычында чек жок. Мени улам-улам кучактап өөп коет.

-Жазира, эми сени Жаным дей берсем болобу?

-Албетте болот. Буюрса жакында сенин толук кандуу аялың болом.

-Ананчы, эртерээк эле 2 жума өтүп кетсе экен ээ Жаным? Ага чейин кантип күн өтөт. Меникине келип эле жашабайсыңбы? Сени эмитеден эле кызгана баштадым.

-Өзүмдүн батиримде эле жашай берейин, менден да тажайсың үйлөнгөндөн кийин. Бойдокчулугуңдун акыркы күндөрүн жакшы өткөрүп ал андан көрө.

Үйгө келип сулк куладым. Бир маалда Тынайга 2 жумадан кийин турмушка чыкканы жатканым тууралуу СМС жаздым. Ал мындай кабарды күтпөгөн окшойт, жолугалы деди. Экөөбүз жолуктук. Ар кайсыны сүйлөшүп менин турмушка чыгып жатканыма ичи ачышып жатканын жашырган жок.

-Айлам канча, сени кармай албайм, сен да өз бактыңды табышың керек, - деди. Үйгө келдим. Эки жума өтпөсө экен деп атам ичимен. Үйдөгү кыздарга турмушка чыгаарымды айтсам ичтери өрттөнүп кете жаздады. Себеби, Дамирди көрүшкөн болчу. Гуля болсо Кытайдан али келе элек эле. Ага телефон чалып турмушка чыкканы жатканымды айтсам, эртеси эле учуп келди. Тойго даярдык катуу жүрдү.

Биринчи эле маселе кыздык тиктирүү болду. Бир тааныш гинеколог эжеге барып 2 күн калганда тиктирип алдым. Кадимкидей эле жип сыяктуу материал менен тигет экен. Анысы билинип калып уят болбосом болду деп ичимен коркуп аттым.

Ага чейин Тынай экөөбүз жолушуп 40-түнүбүздү чогуу өткөрдүк. Мени андан ары көрбөй калчудай болуп абдан жаман болду. Албетте, кантсе да биз бири-бирибизге абдан эле көнүп калганбыз. Айла жок, көнүп калдык деп отура берген менен эч кандай майнап жок.

-Жөжө, мына эми сен чоң жолго аттанып жатасың. Барган жериңен бакыт тап, эч качан көзүңдөн жаш тамбасын!

-Рахмат! Сизди жүрөгүмөн чыгарбайм!

-Бул жакта жашасаңар эптеп бир айласын таап жолугуп тураарбыз?

-Албетте.

Экөөбүз коштоштук. Той башталды. Мага сөйкө салып алып кетишти. Айылга баргычакты тигилген жерим билинип калып уят болбосом болду деп тиленип бараттым. Дамирдин кубанычында чек жок. Айылына жеттик. Той башталды, нике кыйылып бүттү. Дамир болсо кызып калды. Түн ортосунда жеңеси бизге төшөк салып берди. Кашайып биз жаткан бөлмөнүн да эшиги жок экен, баары угулду болуш керек. Дамир кыязында менин кыздыгымды алдым деп ойлоду. Себеби, ал араңдап атып киргизип, көл-шал болуп тердеп чыкты. Баары мен ойлогондой болду деп жыргап уктап калгам. Эртең менен шейшепти карасам аппак бойдон. Эмне кылаар айламды билбей, Дамир, шейшеп булганбаптыр десем, мас неме эч нерсе эмес деп койду. Менин баш жагымда косметика салган сумкам туруптур, ичин ачсам маникюр жасаган набор бар экен. Андан кайчыны алдым да акырын доктур тиккен жеринен кесип койдум. Күлгүн өңдөгү кан акты. Төшөк жыйнамакмын деп жеңеси кирип калганда акырын туруп кийиндим. Шейшепти карап эле мени жеткирип барган жеңем менен сиңдиме "Эркек төрөдү" - деп сүйүнчүлөдү. Кайненем сүйүнүп калды. Дамир болсо ошентип эч нерсени сезген жок. Кайчы менен кесип салган жерим ачышып араң кыймылдап жүрдүм. Той аяктап калган кезде Дамир шаарга кетем деп калды. Мен болсо аны ээрчип алдым. Бул жакка келгенде ал иштери менен кечке чейин бошобой турганын айтып мени курбумдукунда туруп туруумду суранды. Макул болуп, ал кетээри менен Тынайга телефон чалдым.

-Кандайсыз? Иштериңиз жакшыбы?

-Оуу, кандайсың, Жөжөшка? Куш бооң бек болсун! Кандай жүрөсүң? Катуу сагынттың го.

-Рахмат, жакшымын буюрса. Шаарга жумуштап келгенбиз. Кечке чейин убактым бар. Бир жерден жолукпайыбы?

-Албетте. Кечки саат алтыларга бир жерге тойго бармакмын. Ага чейин убактыбыз бар экен.

Экөөбүз Бакыт үйү жактан жолугуп, ГЭС 5 жакка бардык. Тынай көзүмө башкача көрүндү. Мен да аны сагынып калыптырмын. Машинеден сагынычыбызды тараттык. Ошол маалда айызым бүтүп калган убак болчу. Боюма бүтүп калыптыр.

Ошол бойдон мен айылга кетип калдым. Дамир шаарда калды. 20 күндөн кийин барды. Жаңы жылга 2 күн калган эле. Кусуп атсам кайненем боюңда болуп калган жокпу, УЗИге барып келгиле деп Дамир экөөбүздү райондук ооруканага жиберди. УЗИге түшсөм 4-5 жумалык боюмда бар экен. Абдан сүйүндүм. Дамир болсо бир кызыктай болуп калды дагы, эгер бала мага окшошпой кала турган болсо ДНК анализин текшертем дегенинен макул болдум. Гинекологго эсептетсем Тынай экөөбүздүн махабат курган күнүбүздө боюмда болгонун айтты. Доктурдан чыгып Тынайга телефон чалып боюмда бар экенин, дал биз сагынчыбызды таркаткан күнү боюма бүткөнүн айтсам сүйүндү. Ошол күндөн тарта ичимдеги баланын өзүмө окшошуп калуусун кудайдан суранып жүрдүм.

Тогуз айдан кийин кыз төрөдүм. Кызым мага куюп койгондой окшош болду. Тынайга "кыздуу болдук!" деп сүйүнчүлөдүм. Кызымдын эки бетинде уячасы бар, барган сайын Тынайдын копиясы болуп баратат. Андан кийин дагы бир уул, бир кыз төрөп бердим. Алар да мага окшош. Улуу кызым атасына ошкоп акылдуу. Бир нерсени бат илип алат. Анан кабагын түйсө Тынайдын эле өзү. Каштары да калың. Эми Тынайды унутайын, өзүмдүн жашоомду жашайын деп атканда, Тынайдын катыны кайра интернетке мага чыкты.

-Мен сени жаман кыз деп билем. Менин ким экенимди билесиңби?

-Ооба, Дарика эжесиз. Тынайбек Абдыбековдун жубайы болот эмессизби. Бирок, менин жаман-жакшы экеним менен сиздин ишиңиз канча?

-Менин ишим жок дечи. Бирок, сенин биринчи кызың Анэль күйөөдөн эмес болуш керек.

-Эми менин төшөгүмө да кийлигишесизби? Сүрөтүн көрдүңүз го кимге окшош экен? Анан дагы менин кызым менен ишиңиз болбосун! Уктуңузбу?!

-Катуусуң го?

-Эже, сизге эмне болду? Мээңизде бир нерсе жокпу? Эмнеге андай суроолорду берип жатасыз? Ушул чиновниктердин аялдары күйөөлөрүн кызганып атып, мээсинен айнып калат өңдөнөт. Сизге боорум ооруп атат.

-Ай кыз, оозуңду бас!

-Менин ишим толтура. Сиздей көрпенделерге кеткен кайран убакыт, - дедим да инернетти өчрдүм. Тынайдан таптакыр эле алыстайын деп 2-3 жыл байланышпай жүрдүм.

Анан ушул күздө Дамирдин бөлөсү турмушка чыгып тоюна чакырган. Балдар менен бытырап барбай эле коелу деп кайненем эле барган болчу. Тойдон кешик ала келиптир. Отурсак эле:

- Бермет Тынайбек Абдыбековичтин инисинин баласына турмушка чыгыптыр. Тынайбек куда да, аялы Дарика кудагый да жөнөкөй кишилер экен, - десе болобу!

Мына сага парадокс! Андан алыстай албай атсам эми минтип Кудай бизди куда кылып кошуп койгону эмнеси?! Эми тойлордон, жамандык-жакшылыктан жолугуп калсак аялы кайненеме же күйөөмө шыбырап койсо күнүмдүн бүткөнү деп сарсанаа болуп атам. Тынайга интернетке байланышка чыгып куда болгонубузду айтсам ал да таң калды.

-Тойго келсең жакшы болмок, көрүшмөк экенбиз, - деп калды.

Азыр болсо тагдырыма баш ийип Дамирди сүйүүгө аракет кылып жатам. Дагы боюмда бар. УЗИге барсам уул деп сүйүнттү. Анэль болсо Тынайдын кичүү кызына күн сайын окшошуп баратат.



п»їjanyzak@mail.ru

+996777329784
Алган материалга шилтеме бериңРёР·!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!
Яндекс.Метрика