Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,  and see my picture...

БУРУЛЧА
Урматтуу окурман! Бул санды толугу менен "Бурулчанын селкинчек" деген жалпыга маалым элдик чыгармага арнамакчыбыз. Биерде биз мыктылардын экөөнүн - Э.Турсунов менен К.Жапардын варианттарын салыштырып жана бираз ЖАНЫЗАК-түшүндүрмө менен коштоп бермекчибиз. Албетте, кечээ жакында "Кыр. маданият" жарыялаган Стантегин түспөлдүү ашкере пакизалар (түштүкчөдөн - таптазалар ) дарылдап кирет анан кыргыздын арасында чоңойбой эле асмандан түшө калгансып, же түпкүрдөн чыга келгенсип. Чыгармага чыгармадай карап, аны кандайдыр бир тарбия каражаты деп эсептебей, элиңдин бир бучкагы санаганың жөн болоор. Бу биз азыр сөз кыла турган "Бурулчанын селкинчек" бекеринен залкар акындардын репертуарына кирбеген чыгаар, "Кайран жашты картайтып, койбогула кыздар ай",- деп безилдеген маркум Током деле ушул "Бурулчанын селкинчегинин" таасиринде жазса керек. Эми бу "... селкинчек" опол тоодой жазуучунун баш каарманы болуп, Эрнис-аке Турсуновдун бир романын дээрлик басып калыптыр.. Кой достум, "Кара маданиятты'' да издейли, а да биздин маданият. Мынакей, казак баурдастар жакында Казак тилиндеги эротикалык саптар жөнүндө бир китеп жазып салышыптыр, академигинин деңгээлинде. Мен андайды тээ он эки жыл илгери баштап бердим эле, жаалап отуруп, береги туыстардан арта калмай болдук..

"БУРУЛЧАНЫН СЕЛКИНЧЕК...",
же жапайы табияттын албуут периштеси
"Каттама-2"де (1992) К.Жапардын айтымындагы Бурулча баянынын биринчисин бердик эле. Аңгыча бирди-жарым окурмандарым Э.Турсуновдун макаласына кайрылып көрбөйсүңбү, анда Бурулча баяны толугураак берилген дешти.. Китепканага барып сураштырсам, 1990-жылдын май, июнь, апрелинде "Кыргызстан аялдары" журналы, июндагы сандарынын биринде "Кыр. маданияты" негизинен коендой окшош макалаларын жарыялаптыр. Андагы алгылыктуу саптар менен кошо төмөндө Э.Турсунов уккан жана кагазга жазып берген Бурулча-саптарды К.Жапардын варианты менен салыштырып окусак. Бирок бу салыштырып окуудан мурун алдын ала айта кетчү сөзүбүз да бар эле, ошого токтоло кетели, урматтуу окурман. Кыргыз эли өзүнүн тарыхый өнүгүү шартына байланыштуу эзелтеден бери карай өз турмушунда алда канча демократиялык көрүнүштөргө орун берип келген. Ошондой көрүнүштөрдүн бири - ургаачыга жасаган мамилеси. Ымыркай төрөлгөндөн баштап аны бирөөгө "болуп" койуу, наристе бой тарта баштагандан эле өзү теңдүүлөр менен "айылдашмай" ойноп кириши, андан бираз чоңойгондо тестиер балдар ээн жерде, айлуу түндүн кучагында "ак чөлмөк" ойунун куруп, "алты баканды" алчынта тебиши, мында бозойлор менен жеңелердин шарактаган күлкү-каткырыгы элибиздеги жумшак эротикалык тарбиянын тепкичтерин көрсөтөт. Айтпайын эле дейсиң, бирок агездеги бозүй турмушубуздун басымдуу бөлүгү "төшөк" тегерегине байланышканбы деген да ой кетет. Кымыз менен этке тоюп алып, анан эле жылкычылар жылкысына, койчулар коюна, бозулан жеңесинин койнуна шашкандай элестелет. Агезде жеңелердин көптүгүн кантесиң анан калса! Баса, жеңе демекчи, агездеги мындай жагдайдын болушун билерман бир жаш акын минтип жөпжөнөкөй түшүндүрдү эле: кыргыз байыса катын алат дегендей, илгеректе колунда бар акелерибиз байбичесине катарлап бир же бир нече токол алчу дейт. Демейде токолдорунун жашы алда канча кичүү болуп, бай акебиз менен ошол токол жеңебиздин ортосунда тек "төшөктөн'' башка байланыш болбойт окшобойбу. Мындайда бай акебиз береги байбичеси менен алыш-беришти, урук-тууган, жекжаат маселесин да талкуулап, башкалар менен болгон алакасын кеңешет экен. Очор-бачары, кыйла каада күтүп калышы байбичени "төшөк" деңгээлинен чыгарып койсо керек, бирок денесинен кан тээп турган бай акебиз кантмек эле, токол издеп жөнөйт да айласы кеткенде. Бирок анысы менен алигидей "барктуу кептерди" сүйлөшмөк кайда, тек ал байкушту "станок" катары гана пайдаланып, бүткөндөн соң кайра эле төркү үйүнө жөнөсө керек. Жедеп каны кызып жээлигип, бирок жеткире канбай калган токол жеңе "кайнисин" сыйпалап таппай калганы да ошондон улам болсо керек. Анан калса ошол кайниси азыркы тил менен айтканда өзүнүн "классташы" болсо керек да. Алайын десе калың жок, алдастап жүргөн ал байкуш жеңесин жан деп эле ээрчип кетпейт бекен! Жалаң "тигинисин" гана жайгарып бүтпөй, аларың жаштыктын мастыгына магдырап, айлуу түндө алты бакан теппегенде эшек такаламак беле?! Бай акеси деле токолдун бу кылыгын билгени менен алчынган азоо байталы желин бираз чыгарып алсын дейби, айтор көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан. Демек, илгерки турмушубуздагы "ургаачы демократиябыздын" бир себепкери ушулбу дейм. Анан калса көчмөн турмушта кыргыз акеси кайсы коргонун салмак эле?! Кокту-колот, бадалдарды түздөп-кыйып, ордуна коргондолгон там-таш салып бекемдеп бекинип жатуу ээн-эркин өскөн элибиздин түшүнө да кирген эмес. Мындай шарттагы жашоо анча-мынча болсо да эркиндиктин болушуна көмөктөшкөн. Дегеле ошогездеги кул дегениң да кандайдыр шарттуу түшүнүк окшойт; кишенделип же камалып жатпагандан кийин эркинен ажыратылды деп ким айтат эй? Камоо-көзөмөлдөөнүн материалдык жагы демек, короо-коргонунун да жоктугу аз келгенсип, бу кьргызыңда рухий чектөө дегениң да болбогон окшойт: биз кеп кылып жаткан Бурулчанын чоо-жайы диний ырым-жырымдарың деле түндүк кыргыздарга, атүгүл түштүктүн тоо таянган кыргыздарына ("Аксаткын менен Кулмырза") анчалык таасир этпептирин көргөзөт. Бурулча, Аксаткын, андан ары Кишимжан элибизде эркек-ургаачынын укугу кайсы бир деңгээлде бирдей даражада болгон окшойт деген түкшүмөлгө апкелет. Баса, кыргыз байыртадан эле алязатына өз алынча суктана карап келген. Атүгүл азыркы стриптизиң (ургаачынын дырдай жылаңач дене турпатына суктануу) түпкүлүгү кыргыздан башат алат окшобойбу: тойдун көркүн ачкан оюндардын бири - илгеректе төө чечмей болуптур го! Оюндун шарты боюнча мүчө-келбети келишкен, чачы белден төмөн буралган, элден сүрдөбөгөн ургаачы казыгы тереңирээк байланган төөнүн байламын чечип кетсе, ошол төөнүн үстүндөгү жүгүн сыйлыкка алчу экен! Ушул оюнду тамаша кылып отурган кыргыздары? табигат кереметине суктанып гана тим болбой, көчмөн элдин кыздарынын тайманбастыгы да кандайдыр бир мааниге ээ болсо керек кыргыз үчүн... "Бурулчанын кыз чагы, - дейт Э.Турсунов өзүнүн макаласында. - Кыргыз элинин каймагы бузула элек, беймарал кезине таандык. Кылымдардан бери калыптанып келген көчмөн элдин салт-санаасы, адат-каадасы, жөрөлгө-жосуну, адеп-актыгы, ыйманы, кол жеткис сонун касиеттери Бурулчага кыз чагынан кыттай уюган". Жазуучунун бул айткандарынан айрыкча "ыйман" дегени бираз талаш-тартышты туудурат. Мейли, К.Жапардын айтканында болсун, мейли Э.Турсунов чогулткан ырларда болсун, Бурулчага бүгүнкү түшүнүктөгү "ыйман" эмес, эркин тоолорунда оргуштап, табигат демине сугарылган буулуккан кумарын тизгинсиз туйлатуу көбүрөөк ылайык келээри кашкайып көрүнүп турат - бул касиет Бурулчага кайдан бүткөнү Эрнис акенин соңку саптарынан эле көрүнүп турбайбы: "Кара чыйырчык качан келип коноорун, темир аяз качан башталып, кырк бир чилде качан чыгаарын, буура качан кирип, каймал качан ботолоорун, бүркүтүң качан шаңшып, качан жалганаарын..." атасынан угуп, акылына муюп, кең жайлоодо келберсип өскөн Бурулча! Анткор ыйман менен жасалма кааданы жээриген жаратылыш чүрөгү адам табиятындагы арзуу касиеттерин жашырбай, ар кимге таандык бар жыргалын бу жалгандан түптүг?л алгысы бар! Дегинкиси, Бурулча тарыхый инсанбы же жокпу, биз менен сиз үчүн мунун мааниси анчалык эмес. Эрнис аке менен Жапар акенин айткандарын тек көркөм адабият деңгээлинде карасак, Бурулчага байланыштуу саптар ушул турушунда да дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармаларга татыйт! Анын жанында Шекспирдин сонеттери, Хаййамдын шарап-саптары, Петрарканын да Лаурасы шоона эшпей калат! Биздин Бурулча нукура жапайы табияттын эң албуут периштеси! Адамзаттагы сезим аттуу жаратман күчтүн кылда чокусунда турган Бурулча мисал кыялкеч жеңебиз мени, сени - айтор сезимден куржалак калбагандарды түгөлү менен Азоо Кумардын Түпсүз Тереңине ээрчитип жөнөсө арманыбыз болбос эле! Себеп дегенде бар нерсенин баарында нукуралык бийик! Дегинкиси, биздин социалисттик адабиятыбыз кызык: кандай бир гана нерсе болбосун, дароо өзүнүн саясатына алпарып такайт. Бурулчанын таржымалын да айрым бир эски нукту бекем кармаган жазуучуларыбыз чыгармаларында: "Бурулча, Айкүмүш, Данаке, Балкыгыз, Уркуялар аял укугун коргоп, эркектер менен бирге бел чечпей эркиндик-теңдик талашып, элдик төңкөрүштөргө активдүү катышкан кайраткер, каарман, күрөшчүл..." катындарга айлантып салышат деле, көз алдыңа коммунисттик духтагы, эч бир тайманбас комиссар бийкечтер тартыла түшөт. Чындап келгенде ургаачыларың канчалык тыбырчылабасын, жаратылыш аларга сезимталдыкты, "төшөктү", дене кумарын, бала кумарын энчилесе керек. "Байтал чуркап байге албайт" деген сөз да бекеринен айтылбаса керек бейм. Ырас, бирдеме дейин десек эле айрымдар Курманжан Датканы көтөрө чуркайт. Капырай, а киши деле төшөктөн оонап чуркаганын карт тарых кашкайта жазып таштабадыбы, эй?! Ургаачынын бийлиги анын күжүрмөн кайратында эмес, аларың не бир алптарды өздөрүнүн алсыздыгы менен жеңет окшобойбу. Демек биз кылычын көтөрө чуркап эркек жеңген катынды ургаачы дебейбиз. "Ургаачы" деген ыйык сөзгө Эрнис аке айткандай "эт-бети жок сулуулугу, зайыптык жылуулугу, уздугу, өнөрү, чебердиги", эркектин көңүл кушун ийкем тапкан белендиги менен айырмаланган катындар гана татыктуу демекчибиз. Ушу жагдайдан алганда Бурулча "ургаачы" деген ыйык сөздүн түпкү маңызына толук жооп берет шекилди. Эми төмөндө Эрнис аке Турсунов жана К.Жапар акенин варианттары менен таанышып көрөлүчү. Алгач Эрнис акенин эмгегине кайрылалы, анын айрым жерлерине кыскача түшүндүрмө берип өтсөк ашыкча болбос. Урматтуу окурман! Төмөндө жазылган ар бир ойго жана аныктамага бираз сын көз менен карап окуңуз. Бурулчанын турпатын, анын образында жалпы эле кыргыз ургаачыларынын башка элдердин ургаачыларынан айырмачылыгын байкаңыз.




Кыргыз улуттук...
l Эрнис Турсуновдун "Бурулчасы" >>>
..эротикалык саптар




Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат
Почта дареги:janyzak@mail.ru
Телефону: (0777) 329784