Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Айтматовдун түбөлүк жайга берилиши боюнча жалаа сөзгө тик жооп

"Аалам" гезити өткөн экинчи күнкү номурунда - 17-февралда бир таластыктын мага багышталган
ашмалтай жообун
басып жибериптир..
Жазганы менин тээ өткөн жылы "Агым" гезитиндеги
"Чыгаан жазуучу Айтматов мусулман болгонбу, же?.."
деген макалама берген жообу сыяктанат, бирок өзүнүн алешем ойлорун таңуулап шыбай бериптир бу "шыбакчы".
Редакцияга барып териштирип көрсөм, ошо макаланын автору баягы мындан төрт-беш жыл мурун мени менен соттошкон динчилдердин бири экен - азыр эсимде жок, бирок ошондо биз "бири-бирибизге каршы сөз таштабайбыз" дегендей келишим түзсөк керек эле жана ошол келишимдин негизинде мен ушул макаланы жазган шумдукка каршы козголгон ошол кездеги сот ишин токтотсом керек эле.
Андан бери бу шумдук динчилди "желкемдин чуңкуру" көрүп жүргөн - эми минтип тийишкен экен, балким, жабылган сот ишин кайрадан козгоого туура келет окшойт, тилекке каршы.
Мынакей, жанагы молдокенин макаласынын түпнускасын окурманыбызга тартуулап жаткандагы кербезим: