Жанызактын макала
Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Чыгаан жазуучу Айтматов мусулман болгонбу, же?..
Залкар жазуучубуз көз жумгандан кийин орус тилдүү интернет барактарында: "Айтматов был гражданином мира и ярким представителем ислама" деген сыяктуу бери дегенде акыл-эси бүтүн кыргызды таң калтырган билдирүүлөр басыла баштады. Орусия мусулмандарынын диний башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн мындай маалыматын Орусиянын эң кубаттуу интернет агенттиги "ИА Новости" 14-июнь күнкү мына бу дарегинде:
http://www.rian.ru/society/20080614/110465930.html
бүт дүйнөгө жар салды. Ошо маалыматта Орусия мусулмандарынын борбордук диний башкармасынын төрага орунбасары А.Кргановдун айтымында "Айтматов ислам жамаатынын жаркын өкүлү болгон" имиш...
Мындай ашынган жалган маалымат аркылуу исламисттер маркум Айтматовдун ысымын дароо "менчиктей" салышкандай туюлат. Антпесе залкар жазуучубуздун көзү тирүүсүндө булар мындай өзүм билемдикке барышар беле, ким билет. Себеби Чыңгыз Айтматов жазуучулук өмүрүндө бир да бир маегинде же макаласында "мен мусулманмын" деп айтпаса керек эле. Кокус жаза тайып а киши ошентип айтып койсо, биз сөз кылып жаткан дин өкүлдөрү ошо сөздү эмдигиче чайлап-коолатып жибермек.
Атүгүл Орусиянын эң белгилүү исламий сайтындагы http://www.islam.ru/pressclub/gost/aytmatov/ дарегинде ислам журналистинин "кайсы диндесиз?" дегендей улам жаныткан суроолоруна баш бербестен, Чыңгыз агабыз өзүнүн тиги же бу динди жогору койорун ачык айткан эмес. Ал маекти кызыккан окурман өзү таап алар, бирок мына бу жери биздин темага үндөшүп тургансыйт. Журналисттин:
"Сиз өзүңүздүн чыгармачылыгыңызда негизинен исламдын жалпы адамзаттык асыл нарктарына таянгансыз деп айтсам жаңылбасам керек. Биерде "Кыяматты", "Кылым карытар бир күндү" ж.б. чыгармаларыңызды эскере кетсек ашыкча болбос. Сиз келечек чыгармаларыңызда мусулман темасын андан ары улап кетейин деген ниетиңиз болсо керек...
"Кыяматта" Библия окуяларын кеңири пайдаландыңыз эле. Балким эми исламдын тарыхы, окуусу же философиясына байланышкан романга да мезгил жеткендир?" - деген тикелей суроосуна залкар жазуучубуз моминтип жооп берип жатпайбы:
"Сиз менин чыгармачылыгымда кайсы бир деңгээлде Ислам асыл наркына таянганымды туура белгилеп кеттиңиз. Качандыр бир кездери мен мусулман сюжеттерин пайдаланган роман жазып калышым да толук мүмкүн. Бирок мен анда колдон келишинче калыс болууга аракеттенем: окурманга кандайдыр бир идеяларды таңуулабай, ошону менен бирге Исламды кодулоого да себепчи болбойм".
Баамчыл окурманыбызга кашкайып көрүнүп тургандай, жазуучу биерде ислам тууралуу үчүнчү жакта сүйлөп жатат. Журналисттин канчалык жан үрөгөнүнө карабастан, аталган тема Улуу сүрөткерди өтө кызыктырып жибергени байкалбайт. Атүгүл журналист белгилеп кеткен чыгармалар тикелей исламга эмес, жалпы адамзат түйшүгүнө багышталганын ошо чыгармаларды окуган окурман өзү байкаштырып алар, бирок жазуучунун жоопторундагы контекстте "мындай азгырыкты окурманыма таңуулабас элем" деген ой ташка тамга баскандай эле айтылгансыды...
Буга кошумча, Атамекендик Улуу согуш жылдарындагы Шекер айылынын ортосунда жашап жүргөн ажайып келин Жамийла эч кандай "талак-малакты" күтпөстөн эле "ак нике" делген түшүнүктү албуут аттап, аздектеп сүйгөн адамы Данияр менен кең далага басып кеткени, же болбосо Орозкул зөөкүрдүн өзүнүн көзү тирүүсүндө эле өзүнө калдайган күмбөз тургузуп алганы... бир эсе ачуу чындык болсо, бир эсе жазуучубуздун мындай түшүнүктөргө айласыз куйкум ирониясы экендигин зирек окурман учурунда байкагандыр. Ал эми байкабагандары же көрүп турса да байкагысы келбегендери кезинде жазуучубузду жерден алып көргө салганы да али эсибизде. Бирок ошо "сынчыларыбызды" Мезгил деген алардан өткөн улуу сынчы өз ордуна коюп салды...
Ушундай жагдайларды эстеп отуруп, мен Орусия муфтийлеринин жогорудагыдай "Айтматов ислам жамаатынын жаркын өкүлү болгон" деген сыяктуу айныксыз бүтүмүнө таптакыр кошулгум келбеди, себеби мен Залкар жазуучунун нукура тилеги белгилүү болчу жана ошо тилегин толугу менен колдочумун...
Анан ошентип түйшөлүп жүргөнүмдө муфтийлердин алиги "жарлыгынан" он күн өтпөй "Агым" гезитине (24.06.08) Кыргыз Республикасынын экс-омбудсмени Турсунбай Бакир уулунун интервьюсу жарыяланып, мени күмөн санаткан маселе өзүнөн өзү чечилди да калды!
Аталган экс-омбудсмен мырзабыз депутат болуп жүргөн кезинде деле атүгүл Жогорку Кеңештин сессиялары болуп жатканда кабинетине кире калып, жайнамазын жайа салып, ошондой аракеттери менен эл алдында өзүнүн диний багытын баса белгилеп, такыбалыгын тараза ташына сала коюп жүргөнү жумурай журтубузга гезит кабарларынан жакшы белгилүү болсо керек.
Анан ошол экс-омбудсменибиз өзүнүн: http://presskg.com/agym/08/0624_4.htm дарегиндеги маегинде буларды божурап жатпайбы (биз экс-омбудсменибиздин гезиттин журналисти менен болгон маегиндеги залкар жазуучу менен болгон сөзүн келтирели):
"- 6-майда Айтматов менен жолуккан экенсиз. Ортодо кандай сөздөр айтылды?
- Ошол күнү акыркы жолу улуу жазуучу менен маектештим. Ага чейин жолугушуп жүрчүбүз, жылуу мамиледе элек. Ортодо дин жөнүндө сөз козголуп калды. "Турсунбай, сен цивилизациялуу, маданияттуу, алдыңкы жигиттерден болуп туруп намаз окуйсуңбу?" деген соболун узатты. "Чыңгыз аба, кыска мөөнөттүү дүйнөдөн чыныгы дүйнөгө даярданып, Кудайга ишениш керек го" дедим. Көпкө унчукпай туруп: "Кудай бар болсо, кыргызды ушунча кыйнайбы?" деп дагы бир кызык суроо таштады. "Чыңгыз аба, элибиздин кыйналганы - Кудай Тааланын бир сыноосу" десем, ал кайра: "Туке, Кудай Таала бар болсо, кыргызды ушунча кыйнайбы?!" деп оозумду жап кылды. Эсимде калганы ушул."
Урматтуу окурман, биерде сиз залкар жазуучу: "Турсунбай, сен цивилизациялуу, маданияттуу, алдыңкы жигиттерден болуп туруп намаз окуйсуңбу?" деген соболуна абай салыңыз жана бу сөз 6-майда - а киши көз жумаардан болгону 1 ай 4 күн мурда айтылып жатканын байкаңыз да, тыянак чыгара бериңиз...
Чын-чынына келгенде, залкар жазуучубуз көчмөн, даанышман, түбөлүктүү түпкыргызымдын Көкө Теңирине жана Манас Атабыздын Арбагына ачыктан-ачык баш урган. Анын айныгыс далили - Чыңгыз Айтматовдун залкар манасчы Саякбай Каралаевге жана "Манас" эпосунун так ошо киши айтып берген вариантына жасаган жазуучулук, инсандык жана нукура кыргыздык мамилеси.
Чыңгыз Айтматовдун теңирчил жана манасчыл экендигинин дагы бир кашкайган далили - кыргыздын дагы бир залкар жазуучусу Ашым Жакыпбектин "Теңири Манас" романына жазган алгы сөзүндө. Ошол алгы сөздүн баарын биерге мисал келтирип отурбайлы, урматтуу окурман, бирок соңку саптары мынакей:
"Эмесе, окурман журт! Рухий дүйнөбүзгө ушул китеп жаңы ой-таанымдын учкунун чагылтып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун.
Бардыгыбызды Көкө Теңир колдоп, Манас атанын арбагы колдосун!
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ,
1994-ж, 10-август, Люксембург"
Өзүнүн бу каалоосунда жазуучу түпкыргыздын түбөлүктүү ишенимине астейдил баш уруп жатканын сергек кыргыз баамдаса болмок жана Улуу инсандын өз элине сунуштаган жаңы ой-таанымдын учкуну тууралуу кеменгер Осуятын улап кетсе канакей?!
А киши башка бир да бир диний көзкарашка, диний ишенимге мынчалык таазим кылган эмес, урматтуу окурман!
А биз неге Айтматовдун түпкү дилин аңтара чаап, чыгармачыл өмүрүндө "Адамзат! Кыргызым!" деп жар салып келген, Көкө Теңири менен Манас Атасынын Арбагын туу тутуп келген залкар атабызды о дүйнөгө арабчалап көңтөрө салдык?!..
Улуу инсандын мындан 14 жыл илгери айтылган жаңы ой-таанымдын учкуну тууралуу кеменгер Осуятын ушул күнгө чейин бир да бир окумуштуу сөрөй талдап көргөн жок.
Улуу инсандын мындан 14 жыл илгери айтылган жаңы ой-таанымдын учкуну тууралуу кеменгер Осуятын ушул азыр качып жүргөн алгачкы президентибиз да элес алган эмес.
Улуу инсандын мындан 14 жыл илгери айтылган жаңы ой-таанымдын учкуну тууралуу кеменгер Осуятын азыркы президентибиз элес алмак турсун, кайсы бир салабаттуу жыйында ошогездеги өзүнүн мамлекеттик катчысы Дастан аке Сарыгуловдун эки көзүн жайнатып туруп: "Көрүнгөн тоо-ташка сыйынбай, идеология таппайсыңарбы?!" деген мааниде Султан үкө Раевге ишаарат кылганы алигиче көз алдымда турат...
Мынакей, азыр ушу күндөрү Кыргыз өкмөтүнүн дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Каныбек Осмоналиев деген кыргыз ошондой бир жактуу диний идеологиянын камчысын үйүрө чаап далбастап жүргөндөгү кербези.
Улуу кыргыз инсаныбызды түпкү дилине карабастан, ак селдечендердин арабчалаган коштоосу менен жайына бердик.
Атүгүл: "Бүтүн дүйнө карап турат, татыктуу көмөлү!" деп айкырган көргөзмөчүлөр четтен чыкты...
Жогорудагы айтылган мисалдардан келсек, менимче биздин Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун нукура дилине зордук жасалды го дейм. А киши менимче байыркы кыргыздардын салты менен көмүлсө болмок, же бери дегенде атеист катары, СССР тушундагы жаңы жаралып келаткан салт менен жайына берилсе дурус болот беле...
Менин ишенимимде Чыңгыз ата өлгөн жок, тек Ыйык Арбакка айланып кетти жана өз элине болгон жакшылык тилеги менен азыр ал Манас атабыздын арбагынан кийинки экинчи орунда турат.
Кокус менин бул ойлорумда жаңылыштык болсо, тийиштүү булактарга шилтемелер менен далил келтирерсиздер. Асти, ар бир жаран өз оюн ортого салууга укуктуу го дейм...

Жаныбек ЖАНЫЗАК,
Семетей_дин жарчысы

Кошумча:
Чынгыз Төрөкулович убагында "Литературная газетанын" (13-август, 1986-ж.) кабарчысына берген интервьюсунда өзүнүн атеист экендигин айткан. Аны мен кыргызча которуп, "Кыргызстан маданияты" гезитине жарыяланган.
Алым ТОКТОМУШЕВ