Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

"ААЛАМ" № 12 (28), Кулжа айы, 1992-жыл.



Алтын жүгөн, жай жүгөн, айырмасы канчалык?
Айылда он беш сөтүк жерим бар эле, Раматылык атам бири-бирине арка-жөлөк болсун деп чарбагынын күн батышынан бир акеме, күн чыгышынан бир акеме жер бөлдүрүп берген. Тек, а киши о дүйнө сапар аттангандан бир жыл өтпөй күн чыгышыбыздагы акем биздин чарбактан бир метрдей кестирип алды... Жылдар өттү, арабыздан апам да кетти. Тагдыр экен, айылдан мен да кеттим... Ошентип кечээ жакында үйгө барсам, күн батыштагы акебиз да биздин чарбактан быйыл бир метрдей "өөнөп" алыптыр...
...Өткөндө сыналгыдан Демирель мырза менен Чынгышов мырзанын пресс-конференциясын кайталап көрсөтүштү. Жылаажындай шыңгыраган түркий тили өңгүл-дөңгүл "киргиз"чанын биротоло ашмалтайын чыгарып, орусчадан оолак качкан пресс-конференциянын уюштуруучулары не максатты көздөгөнүн билишке биротоло куштарланып калдым. Бирар нерсе болоорун сездим гой...
Аңгыча түркий жазмач катын "түрк алфавитине качан өтөсүңөр" дегендей суроо берип калды. Бирок биздин тилмеч катын бу сөз айкалышын "латын алфавитине" деп которуп салды. Түркий жазмач катын ага болбой дагы кайталап "түрк алфавитине" деп баса белгилейт. Биздин тилмеч катын да ага болбой "латын алфавити" деп которуп далбастайт. Ана тамаша-а...
Тек-тэ-эк, достум, кубулманын кызыгы биякта жаткан турбайбы!!! Кезинде коммунисттик атеизмден ат салышып жүргөн азыркы премьерибиз тиги боордошубузга Алла-тааланын атынан (иншалла!) убада берип, жакынкы күндөрү латын графикасына өтөөрүбүздү ишендирчүдөй болсо, кечээ эле жакында, кайсы бир партжыйында айтыла жүргөн: "...аткарабыз! кыйратабыз!" деген жаттама дабыш тээтиги Маскөө эмес, эми бир нече градус түштүгүрөөк, Анкарага багытталып жаткансыды: "Лаппай-юу, лаппай!"..
Анан калса түркий жазмач катын ырасында 1929-жылкы "түрк алфавитин" айтып жатпайбы. А дегениң латын графикасынын негизинде түркий тилге ылайыкташтырылган "куйрук-жалдуу" тамгалар кошулган ариптер эмеспи.
Айрыкча кыргыз делегациясы Түркияга жасаган расмий визиттен кийин айла таппай араң турган окумуштуу мырзалар латын графикасына негизделген түркий тамгаларды чыпчыргасын коротпой келечек кыргыз арибинин үлгүсү катары басма сөз беттерине дембе-дем жарыялап жатышпадыбы. Биерде жаңы тапкан "агабыз" демек, Түркия басмакана жана полиграфия жагынан жардам берет! деп алды-артын карабай адыраңдаган "ак жакаларга" таң каласың: ошол жардамдын ордуна түрк алфавитин аласың! деген шарт коюлуп жатканын байкабайбы?! Бекердин жүзү курусун..
Бу тамгага өтүүнүн дагы бир "мерчемдүү" аргументи катары тvрки-латын ариби жапырт компьютерлештирүүнү тездетет дегендей ойду айтып жүрүшөт.
Койсоңорчу, мырзалар! "Жүгөн тандамай" итчиликти таштап, өткөнгө сереп сала ой токтотолучу: мына, элүү жыл ашуун кириллицаны колдонуп келебиз - орусчаны "ышкыртып" жибердикпи?! Бизге түшкөн бүтүн компьютердин баары латын ариби менен кошо орус тамгаларына ылайыкташтырылган, болгону бир баскыч менен бир алфавитти экинчисине которуп жиберсе болот: канакей "компьютерлешип" кеткенибиз?!
Эми коомубуз кара жаны кашайып, жаңы тамга алмайын жаны жай таппай калды десек, эмне үчүн сөзсүз эле тээ 1929-жылкы латындашкан түркий алфавитине өтүшүбүз керек экен? Ушу 70 ашуун жылдын ичинде кыргыз илимий лингвистикасы тээ кылым башында араб тамгадан эми гана бошонуп, латынчага көчө качкан, тарыхый шартка жараша арыдан-бери шашылыш түзө салышкан түрк жазуусунан өйдөлөй албадыбы? Эми ХХ кылымдын акырында Мустафа Кемель Ататүрктүн эзелки "чечкиндүү чегинишин" туурап, биз да түбөлүктүү тамгабызды чампалай салалыбы? Жоо кууп келатабы, же ошо кездеги Осмон империясын сүлүктөй соргон диний кыстоо бизде да калыптанып жатабы?!
Атүгүл премьер-министр Демирель мырза өзү баш болуп Кыргызстанды жалпытүрктүн башаты катары баалап жатса, ата-бабанын жери деп "Ата-журт" деп жатса, ал эми азыркы Түркияны экинчи мекен - "Эне-журт" деп жатса, биз болсо буга да моюн сунбай, бош койо бергенге алымсынбай, жүгөндөн жүгөн тандап, алтын демек, акча жалатылганы көрүнсө моюнубузду тосуп: "Түрк эли өз агабыз. Өз агабызды агалап алуубуз, анын өз кезегинде бизди аздектеши парз дагы, милдет дагы" ("Кыргыз руху", 13.05.92) деп кол куушурганга даярбыз. Ал эмес, балким биз болоорбуз анын агасы, бул жагын ойлондуңар бекен, Ала-Тоо жарандары? Дегеле бирөөсүн "старший брат" деп, эми башкасын "өз агабыз" деп бөйпөңдөбөй эле, укугу бир эл катары бааласак кантет? Кувейт менен Ирак (Иран эмес), өзүбек менен түрк, өзүбек менен кыргыз кызыл кыргынга түшкөнү эстен чыгып кеттиби? Орусия менен Украина талашы "бир туугандар" саясаты покко жарабасын далилдеген жокпу? Аны кой, айылдагы менин атаман калган жерим эки жактан эки "биртуугандын" жемине калып жатса, бүтүндөй бир элди башка бир элге "ини" кылып таңуулап жаткандарга таң калдым, тооба!.
Кой, достум, бөлүп жарбайлы. Тигини "тууган" деп, муну "өз агабыз" десек, анда "бөлөк-бөтөн" деген түшүнүк өзүнөн-өзү келип чыгат. Тили бир, дини бир тарапка, "каапырлары" башка тарапка бөлүнөт. Ошентип отуруп жатындаштарың да бир күнү сен үчүн "каапыр" болуп чыга келет. Андан көрө бир мыйзамга келели да, адам укугун бийик көтөрөлү: Мен сени менен бир тууганмын, бирок чарбагым бөлөк, оокатым бөлөк. Сен менин жашоо укугумду сыйла, менин чарбагымды сыйла, мен да ошентейин. Саламыбыз түз болсун. Соода-сатыгыбыз күч алсын. "Тилимди алсаң момпосуй берем!" дегениңди кой. Берсең жөн бер, бербесең сат. Же алмаш.
Латын графикасындагы жаңы тамгасыз күнүбүз өтпөй калат десек, анда "куйрук-жал" деген балакет мүмкүн болушунча азыраак кошулган, машинкадагы тамгаларга дал келгидей кадимки латын шрифттеринен түзүлгөн алфавит түзүү керек. Тамгалар окшош болсо кыргыз-казак-өзүбек-түрк бири бирин окуп кетет дегенибиз да карандай калп.
Эгерде бу маселени мага, менин эркиме койсо, анда азыркыдан өтөөрү жок. Болгондо бу тамгаларды "орустуку" деп карабай, "меники" деп санап, ар бир тамганы кыргыз сөзүн баракка түшүрүүчү белги катары гана бааласак бүгүнкү эгемен шартыбызда "орус!" деген басынуу сезиминен оңой эле кутулууга болот. Элди да кыйнабайбыз. Компьютериң да качпайт. Мындай сунушту таптакыр жактырбасак, анда баары бир жаңы тамга үйрөнө турган болгондон кийин, түз эле байыркы орхон-энесай арибине өтүү керек. Аны менен бирге кыргыздын байыркы Жаратылышка, Күнгө, Жерге, Сууга, Көкө Теңирге болгон ишенимин жандандырыш керек. Ошондо тамгабыз да, тилибиз да, дилибиз да жаңырып, Түпкүлүктү, Түбөлүктү аярлап сактагандай болобуз. Ошондо "старший браттын" да, "өз агабыздын" да, "сениордун" да, "бразердин" да кереги жок болот. Жалпы адамзаттык асылнарк гана калат. Адам укугу ыйык болот...

Жаныбек ЖАНЫЗАК,
"Каттама" менчик гезитинин редактору.

ЭПИЛОГ ОРДУНА:
Баягы Күн Батыш Агам жеримди жөндөп "өөнөбөй", балдарыма "атасыз жетимдер!" деп сөз тийгизип, мени тирүүлөй көөмп салышыптыр. Ошондо "Ашар" жылоолоп, Бишкектен жер алганыма сүйүндүм. Там да салдым. Эми айылдагы тамды капчыктуу бирөөгө сатып жиберип, агалар менен сый жашайын дедим. "Старший браттын" да, "өз аганын" да кереги жок - тек адам керек. Укугумду сыйлаган кошуна керек...



Жанызактын макалалар топтому
Жанызактын
макалалар топтому:

Түптүү "Манас" эскертет - эсиңди жый, калайык...
Менин диним кыпкызыл
Христианин с именем Тенира на устах...
Эрди-катын - бир дене
Ар гектардан жүз кыргыз
Айтматовдун түбөлүк жайга берилиши боюнча жалаа сөзгө тик жооп
"Азаттыкты" жакында исламий минбарга (трибунага) айлантып салабыз го...
Мага жазылган каттардын архиви
Алтын жүгөн, жай жүгөн - айырмасы канчалык?
Мыйзам катаал, бирок Мыйзам!
Жээн эл болбойт, или ответ Асель Оторбаевой
Латын ариптери
жана кыргызча жазуу жолдору
Макала уурулук же бетсиздиктин үлгүсү
Түшүнбөй калса керек
Кеп сайт тууралуу болуп жатканын түшүнгүсү келбегени кызык
"Курал болсо көрөт элек да...": динчил менен маек
Ак батадан шектенбе
"Мен - каттамачымын!"
Жанызактын сүрөттөрү
Жанызак менен суроо-жооп
(Дизель форумунда)




п»їjanyzak@mail.ru

+996777329784
Алган материалга шилтеме бериңРёР·!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!
Яндекс.Метрика