Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Diesel Forum > Жанызак байкеге 7 суроо
Полная версия этой страницы: Жанызак байкеге 7 суроо
Страницы: 1, 2
Ayten
Суроолорум туурамес болсо алдын ала кечирим сурайм. crazy.gif

1. Сиз кайсыл динге ишенесиз?
2. Манасты сиз чыгарма катары кабылдайсызбы же дин катары?
3. Манас айтасызбы? "Манас" жон кана корком чыгармабы же мифологиялык да башкача мааниси барбы?
4. Сизге динге ото берилген адамсызбы? андай болсо канча жашыныздан баштап динге берилгенсиз ж-а кандай себеп болгон?
Каттаманы катыра жазчу эленизго. Менимче динге ишенген адамдар андай темага кайрылбаса керек, ошондон улам кийинчерээк динге берилген го деп ойлойм.
5. Компьютерди канча жашыныздан баштап оздоштуруп алгансыз?
6. Кыргызча сайттардан кайсыл сизге жагат? эмнеси менен.
7. коз ачык, бубу-бакшыларга коз карашыныз
Bekush
Саламын менен *___________* - деп оз атыбызды жазып колдонсок болобу? crazy.gif
bankir
8. Баатырларды жактырбаганыңыздын себеби эмне? Жаштарды кантип тарбиялайбыз эрдик кылгандар мененби же жоодон, иштен качкандар мененби?
Aphrodite
9. Жашоодогу негизги максатыныз?
Bokonbaevskiy
10. Калп айтасызбы??
Azura
10. ФИО
11. Туулган жылыныз, айыныз, кунунуз
12. Туулган жериниз
13. Жашаган жериниз
14. Билиминиз (ЖОЖ аркы берки)
15. Кесибиниз
16. Азыркы кесибиниз (жана кандай организация, компанияда иштейсиз)
17. Канча бир туугансыз
18. Уругунуз ким (мумкун болсо бутактатып)
19. Уйблоолук акыбалыныз (бойдок, уйлонгон, ажырашкан, таарынышкан-табышкан ж.б.)
20. Канча баланыз бар
21. Ата-Энениздин аты жону (амандыгы)
22. АДга кируунун себеби (достор аркылуу, "отупбаратыпкорупкалып", дос тапкым келди ж.б.у.с.)
23. АДда кимди тааныйсыз
24. Ичкиликке коз карашыныз (сыра (пиво), атыночкур (арак) вино ж.б.у.с)
25. Чегесизби (тамеки, "канк" (синоним), насвай ж.б.у.с)
26. Жолугушууларга келесизби
27. АД болумун башка болумдорго жамандабайсызбы (окуялар болгон, ошол себептуу эскертме!!!)
28. Байланыш телефондорун (колтелефон, жумуштелефон ж.б.у.с. информация) (арабызда "инфого" киргиси келбеген жарандар бар ;-) ошолор учун )
29. Баса! Болумдун эрежелери менен тааныштынызбы
30. Боюнуз, салмагыныз, чачындыздын ону
31. Билген чет тилдериниз кандай (англис, немис, казак, калмак ж.б.у.с)
biggrin.gif
Sho_nya
32. Китептеринизди кооп элдер окууйбу? Кандай ойдосуз?
Desert Rose
Жанызак байкенер корунбойт го, сыра ичесинби деп сурайын десем crazy.gif
Aphrodite
33. Бош убактынызда эмнелер менен алек болосуз?
34. Жакын досторунуз коппу? Кандай критерийлердин негизинде достук мамиле курасыз?
34. Озунуздун жакшы жактарыныз жана алар кайсылар?
36. Кемчиликтериниз жана алар менен кандай курошосуз?
37. Азыркы жаштарга болгон сиздин жекече оюнуз?
38. Азыркы бийлик системасына сиздин жекече оюнуз?
Jamiro
Оомиин!
ON!
Ayten
ммм Малик байкебиз айткан Дизельде дин жок деп :-)
кандай кылсак :-)
-=DBA=-
39. Санжырага коз карашыныз?
40. Кыргыздардын тарыхына кызыгасызбы?
Jamiro
41. Мактанганды жакшы коросузбу?
Bekush
42 PHP ге же HTML ге коп конул бурасыз?
ON!
Теманы тазалап койдум.
Jamiro
Цитата
Теманы тазалап койдум.

"Добро" берилди! суроолорду улантабыз туугандар! smile.gif
-=DBA=-
Ап кылып койойунчу. Жанузак аке корбой жаткан го
Desert Rose
-=DBA=-
Цитата
Ап кылып койойунчу. Жанузак аке корбой жаткан го


Жаны эле плошаддан кордум crazy.gif
Janyzak
Ayten
Цитата
Суроолорум туурамес болсо алдын ала кечирим сурайм.


1. Сиз кайсыл динге ишенесиз?
Бир жолу Агым-пейджерден мага суроо берип калышты да: «Жаке, бир Манас дейсиң, бир Ыйык Семетей дейсиң, бир туруп Ыйса Машаяк дейсиң – деги кайсы динге ишенесиң?!» дегендей мааниде.
Ошондо мен жооп бердим эле:
«Мен Жараткан Кудайга ишенем. Жаратуучуга, бир жакшы нерсени жаратканга ишенем. Мен Курутканга ишенгим келбейт. Бир пендесин башка бир пендесинин өлүмү же жоготулуусу аркылуу бейишке чыгарам дегендей убадакеч бирөөгө ишенгим келбейт», деген мааниде жооп бердим эле.
«Жараткан» деп мен, мисалы, адам дүйнөсүнө, адам аттууга зыян келтирбегидей, адамга жардамга келгидей ыйык жана жан эргиткен сезимдери жараткан күчтү атаар элем..
Ушул эле ойду бүгүнкү Көкө Теңирчилердин сөзү менен улантсак, дегеле Жараткан Өзү жараткан Жер-дүйнөгө, айлана-чөйрөгө, Алатоого, Ысыккөлгө, Нарын, Талас, Чүй сууларга, Суусамыр, Каракужур, Карашоро жайлоолорго.. кыргыз жергесине жана жалпы эле дүйнөгө зыян келтирбей жашоого үндөөр элем.
Баягы бир чогулушта президент мырзабыз балп эттирбедиби Дастан аке Сарыгуловду жаңсап: «Көрүнгөн тоо-ташка сыйына бербей, бир идеология жаратсаңар боло!...» дегендей, Султан Раевге ээк кагып какшык узатып.
Мен так ошол тоо-ташыбыз аман болсун дээр элем. Мазар сууларыбыздан айлансак дурус болор эле. Биздин идеология так ошол Көкө Теңирибизге байланса жаман болбос эле.
Менин дин жаатындагы көз карашымдын 10 жыл аралыгында кандай багытта арыштаганын кененирээк билгиси келгендер төмөндөгү шилтемелер менен барсаңар болот:

1. Менин диним кыпкызыл;
2. Ак батадан шектенбе

Жогорудагы макаланын бири 1992-жылы жазылган, ал эми экинчиси 2000-жылы жазылган. Салыштырып көрүп, анан менин диним 10 жыл аралыгында кандай өзгөргөнүн байкасаңыз болот..


2. Манасты сиз чыгарма катары кабылдайсызбы же дин катары?
«Манас» – кылым карыткан кыргыз дөөлөтү. Оозеки чыгарма катары болгону менен, мында кыргыздын төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейинки турмушу камтылган. Кыргыздын денелик жана руханий байлыгы, философиялык дүйнөтаанымы кашкайта чагылдырылган. Эми-и, бул жөнүндө айта берсе сөз көп. Бирок кечээ жакында мен бир макала жаздым эле, бу даректен байкап көрүңүз:

Түптүү "Манас" эскертет - эсиңди жый, калайык…

3. Манас айтасызбы? "Манас" жон кана корком чыгармабы же мифологиялык да башкача мааниси барбы?
Айталбайм, бирок жыргап угам.
Калганына жогорудагы пунктта бираз жооп бердим окшойт..

4. Сизге динге ото берилген адамсызбы? андай болсо канча жашыныздан баштап динге берилгенсиз ж-а кандай себеп болгон? Каттаманы катыра жазчу эленизго. Менимче динге ишенген адамдар андай темага кайрылбаса керек, ошондон улам кийинчерээк динге берилген го деп ойлойм.
Мен динге өтө берилген адам эмесмин. Аны мен жазган макалалардан байкасаңыз болот..
Мага сөзсүз түрдө Ыйса Машаяктын осуяттары жагат жана мен ошол айтылгандарды карманууга аракет кылам. Себеби Анын айткандарында биздин «Манас» эпосундагы чындыктар да кошо чагылышып тургансыйт..
«Каттаманы» азыр деле жаза берет элем, себеби мен андагы маалыматтарды ыймансыздык деп санабайм. Бирок айрым ханжалардын чурулдагынан улам ач кулактан тынч кулак деп, ал гезитти жаап салдым.
Баса, учурунда «Каттамага» ыйман маселеси боюнча асылгандардын басымдуу бөлүгү ушул өткөн 10-20 жыл аралыгында ыймансыздык чыласына биротоло белчесинен батып кетишкенин басмасөздөн окуп, турмуштан да көрдүк..
Ыйса Теңир кечирсин аларды, себеби алар учурунда эмне кылышканын билишкен жок..
Бу тууралуу да учурунда сопсонун макалалар жазылган жана окурман журт менен кошо биртоп жыргап күлгөнбүз, бирок күнөөлөгөн эмеспиз – ал жагы Теңирдин эрки..

5. Компьютерди канча жашыныздан баштап оздоштуруп алгансыз?
Компьютер менен алгач 1988-жылы үстүрт тааныштым эле. Агезде мен «Фото – кыйынбы же оңойбу?» деген алгачкы китебимди жазгам. «Фотон» деген программа бар беле, айтор..
Менчик «Электрониканы» болжолу 1995-жылы алдым окшойт. Академияда иштеген кайсы бир жигит Гутниковдун «Слово и дело» деген программасына кыргыз тамгаларын кантип жасоону үйрөтүп берди эле болжолу 100 сомго (кийин форумдарда менин айныгыс оппонентим болуп жүрдү)..
Алгачкы Пентиум 1_ди болжолу 1996-жылы алдым окшойт. Ошондо Эмил Асановдон кыргыз тамгасын сурап барсам: «Бир шрифт 1000 сом» деп, анан мен кийин сурамжылап жүрүп, «Кыргызстан» басмасынан Олег деген орустан бир бөтөлкө аракты бөлө тартып, Фонтографер 4 деген программа бар экенин, компакт_диск (көчмөтабак) ошогездери болгону 80 сом экенин билип, бир айдым ичинде кеминде 50гө чукул 1Janyzak_ сериясындагы тамгаларымды жасадым да, Эмилге барып бирөөн 1 (!) сомдон сатайын десем албай койбодубу..
Бу тамгаларым алигиче жүрөт экен атүгүл мерчемдүү мекемелерде.
Азыр 0Jan_ сериясынан 100 тамга жасагам, каалоочуларга бир шрифтти 1 сомдон сатам.
Бирок
http://www.geocities.com/janyzak/d
дарегинен бекер алсаңар да болот..

2000-жылы интернетке кире баштадым. 2000-жылы 18-августта кыргыз_интернет тарыхында биринчи болуп «Асаба» гезитин интернет жайыгына чыгардым…
Ошол эле 2000-жылы кыргыз тарыхында биринчи болуп «Мен билген компьютер – алгачкы кадам» деген компьютер боюнча окуулук жазгам жана аны 2000 нускада Бишкек жана Нарын чөлкөмдөрүнө тараткам (саткам).
Агездери мен форумдардан талашка аябай эле көп түшүп жүрдүм (издегичтерге «Жанызак» же ‘Janyzak’ деп жазсаңар канча жолу талашка түшкөнүмдү билесиз..).

6. Кыргызча сайттардан кайсыл сизге жагат? эмнеси менен.
1. Мага, албетте, биринчи кезекте өзүм жасаган айыл (сайт) жагат smile.gif .
2. «Азаттык» маалыматы менен жагат.
3. Кээде Би-Би-Сиге кирип калам.
4. «Кыргыз ордо» жакчу эле бираз талашканга, мени итере салышкандан кийин ал жакка кирбей калдым.
5. Дизелге көп келем.

Бирок кыргыз тилинде олуттуу сүйлөшө турган, пикир алыша турган айылдар азырынча калыптана албай жатат окшойт. Ошондуктан алиги АКШдай болуп, жамы кыргыз журтуна Маршалл планы боюнча арзан компьютерлерди таратып, аларды интернетке тартып, айтор, кыргыз тилдүү чөйрө жаратыш керекпи дейм.
Бу жаатынан алганда «Кербен» жагат беле, бирок аерде кээде примитивизмге берилип кетишеби, айтор..
Бир да бир кыргызча форумдарда кыргыз тилинин туура жазылышы сакталбайт, тилекке каршы. (Сизди мисал кылсак деле болчудай.. smile.gif )

7. коз ачык, бубу-бакшыларга коз карашыныз
Шырлатаңдарды шыпырып салсак, негизинен бүбү-бакшылар кылымдар бою кыргыз демин сактап келген казына дегим келет. Буларда кылым тажрыйбасы жана кандайдыр бир купуя маалыматтар бар деп эсептейм. Бирок бир шылдыңдуу жери – эки сөзүнүн биринде "алиги" деп келме келтире беришкени таң калтырат – так ошол "алиги" мындайды караманча танаарын билишпесе керек же билишкиси келбейт окшойт. Жер-жерлерде мазарлар өрттөнүп, же болбосо биротоло жок кылынып жатканы так ушул жарыктыктарга жана жалпы эле кыргыз демине урулган сокку экенин билип турушса да мойундарына алышкысы келбейт. Жана өздөрүнүн анткорлугу менен бу шумдуктар кыргыздын кылым тажрыйбасын орунсуз алмашып, түпкүлүгүбүзгө балта чаап жатышкандыктарына кайдыгер карашат, капырай..

Janyzak
Bekush
Цитата
Саламын менен *___________* - деп оз атыбызды жазып колдонсок болобу?

Менимче, интернетте кыргыздардын арасынан бир гана Жанызак бир да жолу псевдоним колдонбосо керек smile.gif


bankir
Цитата
8. Баатырларды жактырбаганыңыздын себеби эмне? Жаштарды кантип тарбиялайбыз эрдик кылгандар мененби же жоодон, иштен качкандар мененби?

Жактырам, эмне үчүн жактырбайт экем? Бирок баатыр дегениң баатырга тете – мынакей азыр окуп жаткан «Кыргыз санжырасындагы» баатырлардын куйтулугун, арамзалыгын, бири-бирине жасаган ырайымсыздыгын элестеткенде, ошол эле Ормондун казактарга каршы туруудагы эрдиги менен амалкөйлүгү, бирок бугуларды чаап алуу аракетиндеги пастыктарын окуганда, ушуларды даңазалоо аркылуу балдарыбызды тарбиялабай эле койбойлубу дегим бар. Сизге берилген кайсы бир жоопто мен бу маселеге кененирээк токтолдум эле, кайрылбай эле койойун дедим да, бирок биз «баатыр» деп өз элине, кыргызына астейдил кызмат кылган жана башка бирөөгө залакасын тийгизбеген инсандарды көтөрсөк кантээр эле деп өзүңүзгө собол таштагым келди..

Aphrodite
Цитата
9. Жашоодогу негизги максатыныз?

Ыйса Теңирдин ырайымына жана Манас Атамын Арбагынын колдоосуна таянып, дүйнө цивилизациясынын руханий жана материалдык жаңылыктарынан артта калбай, кыргыз журтума билгенимди жана колумдан келген жакшылыгымды жеткиргим келет.
Ушуга байланыштуу Омор Султановдун төрт сабын эстейм:
Бүгүн күнгө
жыйырманчы кылым го?!
Мосье,
От бериңиз чылымга!


Бу демек, урматтуу Реми Дор, менин даражам ушул азыр сеникинен кем эмес, келе күкүрт..

Ошол эле француздардан Дени Дидронун:
Ой-максатың тайыз болсо, туу чокуга жетпейсиң..
(Не достигнешь великого, если цель ничтожна)
деген сөзүн эсимден чыгарбайм жана 1980-жылы күйгүзүп жасаган сүрөтүмө жаздырып салдым эле..
Ушуга байланыштуу, кыргыз элим түркөйлүккө алдырбай, чөлтарыхтын «сормосуна» тартылбай, алгалап умтулса дейм.


Bokonbaevskiy
Цитата
10. Калп айтасызбы??

Так кесе жооп бериш кыйын. Калптын дагы калпы бар.
Өткөн өмүрүмдө мен айткан калп үчүнчү бирөөгө зыян апкелгенин билбейт экенмин.
Жеке өзүмдүн пайдама айтса айтып койгондурмун, бирок Ыйса Теңир кечиргиси бардыр..


Azura
10. ФИО Жаныбек Нукешович Жанызак(ов)
11. Туулган жылыныз, айыныз, кунунуз – 25.12.50
12. Туулган жериниз – Таластагы Бейшеке
13. Жашаган жериниз - Бишкек
14. Билиминиз (ЖОЖ аркы берки) Ташкент чет тилдер институту, немис тили
15. Кесибиниз – чаржайыт: фотограф, журналист, котормочу, басмачы..
16. Азыркы кесибиниз (жана кандай организация, компанияда иштейсиз) жеке макоо жээн таз партиясында smile.gif. Акыркы 20 жылда эч жерде иштебейм, жеке ишкермин.
17. Канча бир туугансыз – Атам рахматы ар жылдары алты аял алыптыр – азыр ушу тушта атадан алтообуз, энеден экөөбүз..
18. Уругунуз ким (мумкун болсо бутактатып) мен, атам Нукеш (Нурмухаммед), чоңатам Жанызак, анын атасы Асан, анын атасы Карабаш, анын атасы Жоогашты, анын атасы Кенжебай (кичи уруубуздун аты), Кенжебай Төңтөртке кошулат, Төңтөрттөн кийин Тубай беле, айтор. Чоң уруубуз – Саруу.
Бирок мен өзүмдү Түпкыргыздын тукумунанмын деп эсептейм.
19. Уйблоолук акыбалыныз (бойдок, уйлонгон, ажырашкан, таарынышкан-табышкан ж.б.) - үйлөнгөм
20. Канча баланыз бар – баары чогуу 7 балам бар. Алардын бешөө – дене балдарым. Бирок бираз сыймыктанып койойун - 3-балам азыр кореяда аспирантурада. 4-сү Кытайда тил үйрөнүп жүрөт..
Соңку экөө – жанбалдарым
(денебала, жанбала тууралуу
http://newskg.narod.ru/alas/06/0202_7.htm
дарегинен кененирээк окусаңыз болот..
21. Ата-Энениздин аты жону (амандыгы) – Атам Нукеш 81 жашында, апам Кадича 76 жашында дүйнөдөн кайтышкан..
22. АДга кируунун себеби (достор аркылуу, "отупбаратыпкорупкалып", дос тапкым келди ж.б.у.с.) – мен мага пайдалуу материал тапкым келди жана мендеги материалдарды сунуш кылуу үчүн келгем. Ашкере талаштарга түшкүм келбейт, себеби мени бу жерден чыгарып салышын каалабайм.
23. АДда кимди тааныйсыз – Өңүнөн эч кимди тааныбайм.
24. Ичкиликке коз карашыныз (сыра (пиво), атыночкур (арак) вино ж.б.у.с) – Ыйса Теңирдин жардамы менен ичпегениме быйыл мына 7 жыл болду. Бирок кезинде атасын (же ал менин атамды) тааныткам..
25. Чегесизби (тамеки, "канк" (синоним), насвай ж.б.у.с) – чекпейм.
26. Жолугушууларга келесизби – жашым улуу болгон себептүү, баргым келбейт, бирок чакырылган да эмесмин. Ырас, «кыргыз-ордонун» Бишкектеги жаштары бир жолу чакырышып, алардын өз ара жылуу мамилесине менин да ичим жылыган..
27. АД болумун башка болумдорго жамандабайсызбы (окуялар болгон, ошол себептуу эскертме!!!) – менде «басмасөз эркиндиги» деген дем бар экенин билесиз го дейм. Кантсе да «кыргыз!» деп, кыргызчалап аракет кылып жатканыңыздарга жаным курман!
Айтмакчы, мен «Дело №…» гезитин «киргиз» деп жазганы үчүн сотко бергендердин биримин. Биз райсотто жеңип, бирок шаарсотто жеңилип калдык эле, кечээ жакында «Дело №…»ди карасам, «кыргыз» деп жазып калышыптыр, Манас Атабыздын Арбагына рахмат..
28. Байланыш телефондорун (колтелефон, жумуштелефон ж.б.у.с. информация) (арабызда "инфого" киргиси келбеген жарандар бар ;-) ошолор учун ) (0502) 500564
29. Баса! Болумдун эрежелери менен тааныштынызбы – эскертүү алып калбаш үчүн мезгил-мезгили менен таанышып турам. Сураныч: кокус кайсы бир пунктун бузуп алсам, так кесе өчүрө салбай, алды менен эскертип койоорсуздар деп үмүттөнөм.
30. Боюнуз, салмагыныз, чачындыздын ону – 169-97. Курсактуумун, тилекке каршы. Чачым болжолу 60%, ак аралап калды..
31. Билген чет тилдериниз кандай (англис, немис, казак, калмак ж.б.у.с) – кыргыз, орус тилдеринде сүйлөйм, жазам. Казак, өзбек тилдеринде түшүнөм, бираз сүйлөйм. Немис тилинде бираз түшүнөм, окуйм, жазам, котором. Англис тилинде деле ошондой, бирок немис тилине салыштырмалуу 70% десек болот ко.


Sho_nya
Цитата
32. Китептеринизди кооп элдер окууйбу? Кандай ойдосуз?
Мен өзүм курактуулар арасында кеңири белгилүү кишимин.
«Көп элдер окуйбу?» деген сурооңузга бир статистика:
«Айтматовдун айымдары» деген 120 беттүү роман төрт китепче болуп чыгып,
90 миң (!) нускада сатылган. Мындай көрсөткүч кыргыз тарыхында болгон эмес ко дейм. Кокус калп айтсам, оңдоп коюшсун..


Aphrodite
33. Бош убактынызда эмнелер менен алек болосуз?
Бош убактым жок. Бу жагдай жашыма байланыштуу болсо керек.
Себеби студент кезде кээде бөлмөдө бош отуруп калганда боздоп-бакырып алгың келчү, капырай. Анан эле беш-он тыйын чогултуп, пиволоп кетчүбүз..
34. Жакын досторунуз коппу? Кандай критерийлердин негизинде достук мамиле курасыз?
Менде достор жок, бирок кызыкчылыктар гана бар (АКШ). Бирок менин тарых барагымда мен үчүн кандайдыр бир курмандыкка баргандар көп эле болуптур. Ошолордун экөө менен азыр да катташып турам жана биринин баласына өкүл ата болдук..
34. Озунуздун жакшы жактарыныз жана алар кайсылар?
Менин жакшы жактарым – менин эмгектеримде. Андан башка жакшы жактарым деле жок болсо керек..
36. Кемчиликтериниз жана алар менен кандай курошосуз?
Эгоизм, албетте. Бирок мен бу кемчилигим менен күрөшпөйм деле. Себеби «эго» болмоюн, адам болушуң да кыйын. Анан калса, «эголонгон» адамдардын башкаларга анчалык деле зыяны тийбесе керек – өздөрү менен өздөрү алышат көпчүлүк учурда.
37. Азыркы жаштарга болгон сиздин жекече оюнуз?
Азыркы жаштарды «андай-мындай» деп айтуудан мурда, өз жаштыгымды эстейм – биз деле кээде аша чаап, кээде кыргыз болгонду да, улууларды урматтаганды да билчүбүз.
Азыркы жаштар деле ошо сыяктуу болсо керек, себеби той-аштарда алиги «бейбаш» делинген балдарыбыз конок тосуп, чай куюп жатышпайбы.
Эми-и, «бузулду!» деп айкырыштан мурда, проценттик катышты карап көрүш керек.
Мисалы, алиги «көпөлөктөрдү» көп сөз кылышат: «Бишкекте 30 миңден ашып кетти!» дешип. Миллионду 3кө бөлсөк, болжолу 300000, аны 30000ге бөлгөндө 10%. Чыдаса болчудай..
Бирок табият өзү тууралап койот. Бу бир жагы. Экинчи жагы – кызыктырыш керек. Мен жаздым эле, «киргиздер» бат эле кирип кетишти бизнесине да, компьютерине да, англиске да. Ал эми кЫргЫздар бираз кашаңдык кылып, натыйжада алиги 30000дин болжолу 90 пайызы ушу категориядагылар, тилекке каршы.
Кокус компьютер жаатында мен жасап жаткан аракеттер жок эле дегенде ошондой кЫргЫздардын 5-6сына жардам берсе, анда ишим акталды жана актала берет демекмин.
Кээде алиги кЫргЫз жаштарыбыз бүгүнкүдөй «революциялык ситуациялардын» кыймылдаткыч күчү болуп жатканына бираз иренжип да калмайым бар – пушечное мясо..
Бу тууралуу мына бу даректен караңыз:

Түштүк "революциясы"

анан ушул көргөндөрүңүздү бүгүнкү Алатоо аянтына салыштырыңыз..
38. Азыркы бийлик системасына сиздин жекече оюнуз?
Мен биерден бир нече мисал келтирейин:
Урматтуу Президент: «айлыкты көтөрдүк!» деп жатат. «Баланча процентке!» дейт.
Каржы министри айтып жатат: «сарптаган каржыбыз бюджеттен кеминде 30 пайыз жогору» деп.
Демек, жанагы «айлык көтөрүү» - жасалма. Баланча мөөнөттөн кийин каржы маселеси толугу менен таш кабат..
Бүгүн эле премьер-министр айтып жатат аянтта: «Кулов Талдыбулакты бекер берип салган. Мен кайтарып бердим элге» деп..
Мен азыр бир павильонду электрлештирүү боюнча далбастап жүрөм. Ошол жердеги биринен бирине «тебүү» иштери барып турган ыпластык деңгээлине жеткен. Мынакей 2 ай болду, мен жарыкты алигиче орното албайм, капырай..
Баса, троллейбус кадаларынын ар бирине ай сайын 217 сомдон төлөш керек экен. Кеминде 6 када керек. Айына баланча сом..

Мамлекеттик чиновниктер системасында «кыргыз_жик» пайда болду. Алиги жапжаш «кИргИздер» жана «киргиз» болумуш аракетиндеги «атасынын балдары» зээнди кейитет. Мен негизи жекеменчик болгондуктан, алар менен анчалык деле ишим жок, бирок ара-чолодо катталуу жагынан барып калганда, кечиресиз, от их чванливости иногда кускуң келет – бул арсыз мамлекетибиздеги мынчалык арсыз бойкөтөрмөлөр, кыргызды тоотпоочулук кайдан келди деп да ойлоп кетесиң...

Кайыпов министрдин кошкатындуулукка жан тарткан аракетин кантесиз – "бечара" дегенден башка айла жок..
Кечээ жакында Адил Турдукулов бийликтен 1000 доллардан алып, алардын талабына «сатылып» жатышы – кыргызыбыздын билимдүүсүнгөн жаштары деле анчалык өсүп кетпегенин кашкайта көрсөттү..
Албетте, сатып алып жаткандар алиги системадагылар дечи. Анан ошо "соодагер" системаны сиз кандай дейсиз?

Кулов булдурап жатпайбы: «Киргизча билбесе деле патриот болсо болот» деп орусча акцент коюп..
Система – базар.
Мурункусу бир кишинин базары болсо, азыркысы бир кландын базары болду деген сөз тарап жатат. Аны жокко чыгарган эч ким жок.
Увы.
Бирок ушунун баары – өзүбүздүн элибиз. «Кой аксагы менен – миң».
Мыйзам туруктуу болсо жакшы болот эле.
Мыйзамды кармансак дурус болот эле.



-=DBA=-
39. Санжырага коз карашыныз?
Дурус. Кыргыздын генеологиясын санжыра гана айтып бербесе, Бартольд айтып бермек беле..
Бирок толук ишенип кетүүдөн бираз кооптонот экенсиң.
Ошентсе да менин атам Жанызак экенин, андан ары Түпкыргыз экенин унутпасам дейм.
[attachmentid=230271]

40. Кыргыздардын тарыхына кызыгасызбы?
Кызыгам, албетте.
Мени айрыкча биздин тарых чөлтарыхтан 800 жыл улуу экендигибиз кубантат.



Bekush
Цитата
42 PHP ге же HTML ге коп конул бурасыз?

Мен тээ башында HTML'ди үйрөнүмүш болуп алыптырмын, беркинисине такыр тишим өтпөй койду.
Бир жигит кат жазды эле: "Сөздүгүңүзө движок жасап берем" деп..
Жанагы, казактардын
http://www.sozdik.kz
деген айылындай жасайын дедим эле.
Кокус билсеңиз жардам берсеңиз боло – баасын бычыңыз, байкап көрөлү.
Бир эле сапты көрсөтүп койсоңуз, калганын өзүм улантып кетет элем - менде иштөө чыдамкайлыгы ченемсиз (жашыма салыштырмалуу, албетте).


Jamiro
Цитата
41. Мактанганды жакшы коросузбу?

Мен өзүм жасаган иштерге сөзсүз мактанам, себеби ал иштер меники.

Мынакей, ушул жооптордун баарын жазууга 6 саат убакыт кетти,
көлөмү А-4 менен 7 бет болду..

Биерде мен жазган маалыматтын баары менин жеке пикирим. Бираз катачылыктар кетсе кечирим сурайм..

Ылайым Манас Атабыздын арбагы кыргыз журту менен бирге болсун, оомийин.
-=DBA=-
Janyzak
Цитата
ошол эле Ормондун казактарга каршы туруудагы эрдиги менен амалкөйлүгү, бирок бугуларды чаап алуу аракетиндеги пастыктарын окуганда,

Бурго жонундо мисалдар калбай калыппы wink.gif
Же эстетип отойунбу
-=DBA=-
Janyzak
Цитата
-=DBA=-
39. Санжырага коз карашыныз?
Дурус. Кыргыздын генеологиясын санжыра гана айтып бербесе, Бартольд айтып бермек беле..
Бирок толук ишенип кетүүдөн бираз кооптонот экенсиң.
Ошентсе да менин атам Жанызак экенин, андан ары Түпкыргыз экенин унутпасам дейм.

Озунуздун санжыранызды ортого сала кетсениз.
Janyzak
-=DBA=-
Цитата
Бурго жонундо мисалдар калбай калыппы

Жана, "тарбиялык мааниде" деп жатпайбы. Айтып көрсөңүз..
Сөзсүз тескери жагы көбүрөөк чыгып калабы дейм..
Azura
Janyzak
Рахмат smile.gif

Цитата
Жолугушууларга келесизби – жашым улуу болгон себептүү, баргым келбейт, бирок чакырылган да эмесмин


АкДосторкондо ар кайсы жаштагы адамдар отурат, улуу-кичуу карабай бир уйбулоодойбуз, жолугушууларга атайын чакыруу баракчасы жонотулбойт, жолугушуу убактысы, кайсыл жерде болгондугу боюнча тема ачылат-каалагандар оздору барып турушат
Sho_nya
Janyzak
Цитата
Мен өзүм курактуулар арасында кеңири белгилүү кишимин.
«Көп элдер окуйбу?» деген сурооңузга бир статистика:
«Айтматовдун айымдары» деген 120 беттүү роман төрт китепче болуп чыгып,
90 миң (!) нускада сатылган. Мындай көрсөткүч кыргыз тарыхында болгон эмес ко дейм. Кокус калп айтсам, оңдоп коюшсун..

Рахмат. Абдан кубанычтамын жооп бергенинизге.
Биринчиден сиздин жумушунузга, чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм.
Экинчиден биздин жолугушуларга келип турунуз.
bankir
Цитата(Janyzak @ 12.4.2007, 1:48)

Жактырам, эмне үчүн жактырбайт экем? Бирок баатыр дегениң баатырга тете – мынакей азыр окуп жаткан «Кыргыз санжырасындагы» баатырлардын куйтулугун, арамзалыгын, бири-бирине жасаган ырайымсыздыгын элестеткенде, ошол эле Ормондун казактарга каршы туруудагы эрдиги менен амалкөйлүгү, бирок бугуларды чаап алуу аракетиндеги пастыктарын окуганда, ушуларды даңазалоо аркылуу балдарыбызды тарбиялабай эле койбойлубу дегим бар. Сизге берилген кайсы бир жоопто мен бу маселеге кененирээк токтолдум эле, кайрылбай эле койойун дедим да, бирок биз «баатыр» деп өз элине, кыргызына астейдил кызмат кылган жана башка бирөөгө залакасын тийгизбеген инсандарды көтөрсөк кантээр эле деп өзүңүзгө собол таштагым келди..

Идеалдуу адам жок да. Ошол эле орустардын Суворову ногойлорду тукум курут кылган, аны орустар мифологиялаштырып атат, ага караганда кыргыздын баатырларынын таржымалдарынын тарбиялык таасири күчтүүрөк го дейм. Кордун түбү зор, зордун түбү кор, кесирликтен сактан дегенге үйрөтөт. Эл намысын эр сактайт, эр атагын эл сактайт экендигин эскертет.
bankir
Ормон тирүү кезинде эч кимди деле чапкан эмес го, ормон опузалыгы эле болбосо, же мен билбеген бирөөлөрдү чабуу барбы?
SkatKG
Janyzak
Азыркы жаштардын баардыгы адабий тилде суйлош учун кандай кучтор таасир этиши керек, же жон гана таза кыргыз тилинде суйлош учун?
Jamiro
Janyzak
Жоопторуңузга чон ыраазычылык!
Бутактуу бакты ийиш кыйын, а бутагын ийсе жеңилирээк болот го...
Бутак кезиңизден отүп БутакТУУ кезиңиз экен. Айткан менен кирбес экенине көзүм жетти!

100% флуддун арасынан 1% пайдалуу нерсе тапса болот. Так эле ошондой ыкма менен, сиздин жазган постторуңуздун арасынан өзүмө керектүү пайызын табып калдым!

Саламатта болуңуз!
*Звё3до4кА*
Janyzak
Цитата
Мынакей, ушул жооптордун баарын жазууга 6 саат убакыт кетти, к?л?м? А-4 менен 7 бет болду..

суроолорго,убакытынызды болуп, абдан так жана кенири жооп бериптирсиз,рахмат smile.gif
Цитата
(денебала, жанбала тууралуу
http://newskg.narod.ru/alas/06/0202_7.htm
дарегинен кененирээк окуса?ыз болот..

Цитата
Алиги менин уругумдан чыккан, бирок максатымды к?зд?б?г?н, мени менен те?ата болуп, же мени сабап кетип же болбосо тоотпой, бары-жогум бирдей болсо - ал дене бала.
Менден туулса же менден туулбаса деле, менин демимди (дем-рух), менин мен экенимди таанып, жакшы жаманыма карабай кызыкчылыгымды к?зд?с?, баалай билсе - ошол менин жан балам.

атаэнени урматтап,барктап,сыйлап, бирок жолун жолдобой,мисалы ("с потолка" алганда) атаэнен мугалим, а сен доктур болсон,жан балага киресинби же дене балага?
Aphrodite
Janyzak
Рахмат

пс: башка сурактар да ушундай отсо...
Janyzak
Azura Sho_nya
Рахмат сиздерге. Руханий тосмодон өталсам сөзсүз барам.


bankir
Цитата
Идеалдуу адам жок да.

Толук макулмун. Бирок ошо каарманды бир жактуу мактабай, жакшысын жакшы деп, жаманын жаман дешке батына билиш керекпи деп калдым..
Цитата
Ормон тирүү кезинде эч кимди деле чапкан эмес го, ормон опузалыгы эле болбосо, же мен билбеген бирөөлөрдү чабуу барбы?
Ка-ап, азыр эле колумда болчу алиги "Санжыра", каякка таштаганымды билбей калдым..
Совет менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинин батыш-түштүк тарабынан түштүктү карай бираз бассаңыз, "Кыргызстан", "Мектеп" басмалары жайгашкан үч кабат имарат бар – 12 кабар имараттан кийинкиси.
Анан башкы кириштен кире бергенде сол жагыңызда китеп дүкөнү жайгашкан. Же вахтадан сурайсыз. Болжолу саат 12лерден кийин ачылып калат. Ошол жерде алиги "Санжыра" китеби бар. Баасы болжолу 5-10 сом.. Ормон тууралуу аябагандай кызыктуу материалдарды табасыз..


SkatKG
Цитата
Азыркы жаштардын баардыгы адабий тилде суйлош учун кандай кучтор таасир этиши керек, же жон гана таза кыргыз тилинде суйлош учун?

Биринчи кезекте үйбүлө, албетте. Айрыкча эне. Ошондуктан тилибиз «Энетили» деп аталат да..
Же кыргызча мыкты сүйлөгөн үйкызматчы болуш керек.
Анан балабакчадагы тарбиячы..
Анан мектептеги мугалимдер..
Анан бираз тестиер тартып калганда нукура кыргыз тилиндеги китеп-гезиттер.
Мисалы, аялымдын жандосу кайырмалык болчу (Молдовановка). Жалаң орусча сүйлөчү экен. Кийин бир фабрикада чогуу иштеп калганда, көбүнчө кыргыз кыздары менен жүрөт да. Тилин түшүнбөйт, бирок сүйлөшкүсү келет. «Келди-кетти» деп эмес, кадимкидей чын жүрөктөн ушакташкысы келиптир. Эми-и, кыргыз ургаачыларынын арасында не бир маззалуу сөздөр бар дейсиң..
Ошондо кошо жүргөн кыздардын бири Зуура Сооронбаеванын «Астра гүлү» деген китебин берген экен.. Ал китепти окуп жатып, анан биротоло сүңгүп кетет, билбеген сөздөрүн кошуна кыздарынан сурай берип, анан тээ балагезинде көмүскөдө (подсознаниеде) калган кыргыз сөздөрү акырындап козголуп..
Айтор, 10-15 күндүн ичинде окуп бүтүптүр да. Аялым: «Ошондон кийин курдашым биз менен кадимкидей ушакташа баштаган», – деп күлүп калат..

Биерден сиз Мартин Идендин (Джек Лондон) кантип англисче сүйлөп калганын кайрадан бир сыйра жадабастан окуп чыгыңыз (ал китепти интернеттен оңой эле табасыз). Ал өзү америкалык матрос да, бирок «матросчо» сүйлөчү. Кийин мартабалуу адамдардын кызы менен таанышып калып, ошо кыздын деңгээлинде сүйлөш үчүн канчалык аракеттерге барганын, анан акыры жүрүп атактуу жазуучу болуп чыкканын аталган китептен байкасаңыз болот..

Менин тилимди да так мен тил өздөштүрүүмдү арбыта турган кезде (7-8 жашымда) интернатка берилип калып, бираз башкачараак калыптантып коюшкан. Кийин кайра кыргыз арасына келгенде кыргыз дүйнөсүндөгү нукура маңыздуу сөздөргө бир эсе таңгалып да жүрбөдүмбү. Антейин десем, орусча деле сүйлөгөндү ашырып жиберген эмесмин..

Керектүү мисал:
Мен орусчаны ошогездеги бир парткызматкердин кызын сүйүп калып, анан китепканадан ошо кыз окуган китептерди алып (Золя, Бальзак, Мопассан – агездери айылдык китепканабыз аябай бай болчу..) окуй берип, айрыкча Бальзактын 24 томдугун окуп чыкканда орусчаны кадимкидей өздөштүрүп, бирок оозеки сүйлөй албасам да, жазганды катырчумун (мактанып кеттим, Жамира мырза..)

Кийин кыргыз тилине сүңгүй баштаганда, айрым ажайып сөздөрдү адегенде блокнотума жазып алчумун. Айрым акындардын, айрыкча Байдылда менен Омор Султановдун чыгармаларын зор кызыгуу менен окучу элем (азыр китеп окуганга таптакыр кол тийбейт).

Сиз мага аябай актуалдуу суроо бердиңиз, ырахмат. Мен кыргызда эң биринчи болуп интернет_китепкана ачтым эле, ушул ишке жамы АкДОСТОРкон коомчулугу да колкабыш кылса, мисалы, орустардагы Мошковдун китепканасына жер-жерлерден көркөм жана окуу китептеринин сандаштырылган (оцифровкаланган) варианттарын жиберишет экен, анан Мошков мырза аларды оңдоп-түздөп, китепканасына кошуп койот экен – маселенин ушул жагын айрыкча мамлекеттик уюмдарда мерчемдүү сканерлери бар балдарыбызга табыштасак, колго алып кетишет беле? Кокус ошондой демилгечилер табылса, китепканамды андан ары кеңейтет элем.
Негизи, мен маданият министрлигине атайын барып, Раевге сунуштадым эле, алиги басмага берилген китептерге ISBN алганда автор сөзсүз түрдө ошо китептин электрондук вариантын да тапшырсын деп. Көңүлкош карап коюшту.
Менин оюм мындай эле да:
китептин автору китеби чыкканда сөзсүз түрдө 10 нускасын китеп палатасына тапшырууга тийиш, аерден ал китептен мерчемдүү китепканаларга бөлүнөт.
Эгер окурман китепканадан барып ошо китепти бекер окуй алса, эмне үчүн ал китеп интернет жайыгына чыгарылбашы керек?! Менимче, интернет жайыгынан ашкан зор китепкананы табыш кыйын го дейм?!
Так ушул жерден кыргыз тили дагы бир утушка ээ болот эле – мекемелерде иштеген кыргыз жаштарынын ичинен сиз сыяктуу өз тилине кызыккандары эбегейсиз материалга жетет эле да..


Jamiro
Цитата
сиздин жазган постторуңуздун арасынан өзүмө керектүү пайызын табып калдым!
Жамиро мырза, рахмат сизге.
Динибиз жагынан ар башка жээкте болгонубуз менен, каныбыз жана да Түпкыргыз жаныбыз бирге болушун каалайт элем.
Байкасаңыз, менин сайтымда тикелей карама-каршы пикирдеги гезиттер чогуу бир айылда турушат, эй!
Мен үчүн ошол эки жээк бир эле дайранын – Кыргыз_дайранын чеги. Баарынан кызыгы – мен эки башка демдүү редакцияларга бирдей эле кубанычта барам жана жадырап-жайнап сүйлөшөм.
Алардын ар биринин өз тилинде сөз табууга, же кычыктуу жерлерден бираз буйтап өтүүгө аракеттенем.
Ошентип, мынакей канча жылдардан бери аларды бир даректе кармап келем.
Негизги максатым – кыргыз тилиндеги, кыргызча материалдар интернет жайыгында мүмкүн болушунча көбүрөөк болсо экен дейм.
Ылайым мындан ары да алардын бир даректе болушун Көктөгү Теңирден (экөөбүзгө тең болду го дейм..smile.gif ) тилейм..

Немистер деле католик _протестант делинип кызыл чеке болушуп, акыры түпкүлүгү бир эл экенин ХХ кылымдын экинчи жарымында барып түшүнгөндөй болушту да, азыр цивилизациялык деңгээлде бир кемеде жайдары калкып баратышат.
Болгондо, бири-бирибизге бираз кечиримдүү болсок жана бири-бирибизге колубуздан келген жардамыбызды берип, жамы журтубуздун жакырчылыктан жана түркөйлүктөн аман-эсен чыгып кетишине көмөктөшсөк – ошонусу кызык эмеспи..

*Звё3до4кА*
Цитата
атаэнени урматтап,барктап,сыйлап, бирок жолун жолдобой,мисалы ("с потолка" алганда) атаэнен мугалим, а сен доктур болсон,жан балага киресинби же дене балага?

Сонун суроо болду, урматтуу Жылдызча!
«Урматтап, сыйлап..» деген сөздүн өзү эле сиздин Жанбала экениңизди кашкайтып көрсөтүп турат!
Ыйык Китепте:
19 ата-энеңди сыйла, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй..
делинет.
(Матайдын Жакшы Кабары, 19-бөлүм, 19-аят – бу даректен табасыз:

http://mashaiak.narod.ru/kg/kg40.htm

Сиз го кесип жагын айтыпсыз, бул анчалык деле кыйын эмес. Ал эми атаэнеңиз сиз азыр карманып жаткан руханий багыттан башкачараак багытта болуп калсачы?!
Мисалы, көзкараш айырмачылыгы болуп калса кантээр элеңиз?
Ыйык Китепти гана караш керек го дейм бу жерде. Анткени Ал Китеп кантсе да кылым тажрыйбасынан сүйлөгөн окшойт («Кудай сүйлөдү» деп оозанбай туралы).
Мисалы, менин атам учурунда фашист болсо, мен сөзсүз фашист болушум шарт эмес.
Так ошондой эле, учурунда менин атам менен энем берки динде болсо, мен сөзсүз эле ошол динди карманышым шарт эмес.
Бирок көзкараш ажырымы мени менин атаэнемди сүйүү сезиминен ажыраталбайт!
Так ушундай болгондо мен «жанбала» болалам..

Бирок, мисалы, менин балдарым мени: «Сен бизге мээрим төккөн эмессиң!» деп жектеп жатышса жана мени ата ордуна көрүшпөсө, анда алар мен үчүн тек гана «дене бала» деңгээлинде. Бу демек, мен белгилүү жерге урук чачтым, аерден эмбирион жаралып, 9 айдан кийин ымыркай төрөлүп.. Айтор, дене чоңойду да..

Баса, сиздин ушул сурооңуз кыргыз тилиндеги интернет Ыйык Китепти кайра иштеп чыгып, керектүү жерлерди оңой издеп табуу ыкмасын жазуу керектигин билдирди мага, рахмат.

Саламат болгула.
Ылайым Манас Атабыздын Арбагы биз менен болсун, оомийин.

analyzer
Салам алейкум, Janyzak мырза.
Эми мен суйуу темасын да козгоп кетейин. Мындай суроо: Суйуу (махабат), оз келбетинде деги эле дуйнодо орун алганбы (барбы)? Сизин оюнуз боюнча суйуу деген эмне?
bankir
Цитата(Janyzak @ 12.4.2007, 14:17)

Бирок ошо каарманды бир жактуу мактабай, жакшысын жакшы деп, жаманын жаман дешке батына билиш керекпи деп калдым..

Менин мурунку постумду окуңуз биринчиден, ошондой деп эле жазып атам.
Экинчиден эч бир кабатыр болбоңуз, кемчилик табуу жагынан кыргыздар уста. smile.gif
*Звё3до4кА*
Janyzak
Цитата
Сонун суроо болду, урматтуу Жылдызча!
?Урматтап, сыйлап..? деген с?зд?н ?з? эле сиздин Жанбала экени?изди кашкайтып к?рс?т?п турат!

рахмат smile.gif атаэнени сыйлап,урматтабаганда анан кимди урматтайт элек smile.gif
Цитата
Баса, сиздин ушул суроо?уз кыргыз тилиндеги интернет Ыйык Китепти кайра иштеп чыгып, керект?? жерлерди о?ой издеп табуу ыкмасын жазуу керектигин билдирди мага, рахмат.

swoon.gif
Bekush
Janyzak
Сизди 90-жылдарда гезит чыгарчы эле дейт! ошо гезит туралуу айта кетсениз.
Azura
Bekush
Цитата
Сизди 90-жылдарда гезит чыгарчы эле дейт! ошо гезит туралуу айта кетсениз.

Сен 90 жылдарда канча жашта болчусун batz.gif
Desert Rose
Azura
Цитата
Сен 90 жылдарда канча жашта болчусун



озунчу озун? batz.gif
Janyzak
analyzer
Цитата
Суйуу (махабат), оз келбетинде деги эле дуйнодо орун алганбы (барбы)? Сизин оюнуз боюнча суйуу деген эмне?

Мен азыр биерде залкар жазмакерлердин асман чабыттаган ойлорун айтып убара болбоюн да, өзүмдөн эле бир-эки шиңгил таштайын:
Сиз алды менен “сүйүү (махабат)” деп кош сөздү сонун пайдаланыптырсыз. Тилекке каршы, биздин тилде “махабат” деген сөздүн кыймыл-аракет (этиш) түрү жок – “махабаттандым” деп айталбайсың да..
Ырас, биерде “ашык болдум” деген сөздү колдонсо болот, бирок мында баары бир сүйүүнүн сиз айткан түрүндөгү сезим чеги камтылбай калат экен..
Поляктарда бу сезимди “кохаю” деп билдирет. “Люблю” дегени жалпы эле “сүйүү” дегенди билдирсе, “кохаю” дегени эки жандын бири бирине болгон сезиминин туу чокусун – сөзсүз түрдө секс коштолгон ажайып дүйнөнү түшүндүрөт.
“Секс” десе дароо төшөктү же дискотекадагы туалетти качырбай, бираз дем токтотуп, дене сексинен башка да руханий секс бар экенин биле жүргөн жакшы...
Мектепте кезимде, 10-класста бир кызды жакшы көрүп калдым. Аябай жакшы көрдүм. Ал бизге кийинирээк келип кошулду эле. Айылдагы партхозактивдердин биринин кызы болчу. Бираз оорукчан болуп, санаторийлерде дарыланып жүрүп, анан келип кошулду..
Ошогездеги кыргыз мектебиндеги кыргыз кыздарына салыштырып караганда, бу кыздын өңү да, жүрүш-турушу да, билими да түбөлүк эсе жогору болчу.
(Төмөнүрөөктөгү сүрөттү караңыздар..)
Кийин уктум, албетте, а кызды менден башка да толгон токой менменсинген балдар жактырып да, а балким ага жетип да жүрүшүптүр. Бирок бу жагдай мага таптакыр белгисиз болчу. Мен жогоруда бир жерде жаздым эле, мен ушул кызга жетем деген тилекте колхоздун китепканасына барып, ал окуган золяларды, бальзактарды, мопассандарды түгөлү менен орус тилинде окуп чыктым!
Муну түшүнүү үчүн, мисалы, англисче мектеп курсунда чала билген азыркы 10-класстын балдары Чарльз Диккенсти (Конан Дойль эмес, Агата Кристи эмес – так ошо чалды!) түпнускада окуганын элестетиңиз! Буга кошумча, агезде сөздүк таптакыр жок экенин эске алсак, жанагы мен окуган китептерди түшүнүү үчүн мен кандай аракеттерди гана кылбадым!..
Болжолу май айларында, экзамендерге даярданып жүргөндө жанагы кыздын тууганы, менин жакын досум менин кыйналып жүргөнүмдү көрүп, акыры бир күнү: “Жаныбек, мен сени кыз менен тааныштырайын”, деп калды.
Бүгүнкү жаштар бу жагдайга түшүнбөй калышыңар мүмкүн: “Кантип эле бир класста окуган кыз менен кайра таанышсын?!” – деп. Бирок ошогездеги мектеп этикасы (кечирип койосуздар бу сөздү) кимдир бирөө менен демейкиден жакыныраак мамиледе болуш үчүн ушундай таанышуу процессин талап кылчу эле..
Менин бир нече айлап кусалык менен күткөн тилегим акталып, эми алиги кыз менен жакындан таанышмай болдум. Досум өзүнүн тууганы болгон алиги кызга тааныштыруу оюн айтса, а кыз жок дебептир.
Биз досумдун үйүндө жолукмай болдук.
Жолуктук. Досум бири бирибизди “тааныштырып” койду да, сыртка чыгып кетти.
Мен азыр ошондогу абалымды бир шилтем менен жазалбайм го: андагыдай кубанычты кийин чанда бир жолу башымдан өткөрбөсөм, ошол мүнөттө мен жыргалдын ошондогудай бийиктигине чыдамым жетпей, сөздүн тикелей маанисинде бүткөн боюмду тер басып, аныма мен ого бетер ыңгайсызданып, сүйлөй албай мукактанып..
Ошондо алиги кыздын көздөрү жайнап, мени чексиз айоо сезими менен жылмая карап турганы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда.
“Кийин дагы жолугалы” деп, экөөбүз анда жылуу коштоштук. Биз бирге болгон ошол бир нече мүнөт мен үчүн чексиздей сезилип, бир эсе жолугушуубуз бүткөнүнө деле кубанып кеткенсидим: мен агезде анчалык сезим оордугуна даяр эмес окшодум..
Сыртка чыксак досум күлүп жатпайбы: “Бат эле сүйлөшө койдуңарбы?!” – деп..
Арадан бир нече күн өттү. Окуу бүтүп баратат. Бир күнү фотограф келди «выпускнойго тартам» деп. Баарыбыз сүрөткө түштүк. Кийин экзамендер башталаарда сүрөт келип калды. Карасам, алиги кыз экөөбүз жанаша коюлуптурбуз:
[attachmentid=231211]

Бу болсо биздин выпускной сүрөт:

[attachmentid=231213]

Анан 25-май келди, акыркы коңгуроо болду. Кечинде клубда ошол күнгө байланыштуу кече өткөрүлдү. Балдар-кыздар бийлешип жатышты. Мен бир-эки бала менен кошо алдыңкы катарга отуруп алып, бийлеп жаткандарды байкамаксан болуп жаттык..
Аңгыча эле тике маңдайыма эки киши келип туруп калганын байкадым да, башымды көтөрсөм, физика мугалими менен алиги кыз мага жылмая карап турушуптур. Агай колумдан сүйрөп калды: «Жаныбек, тур, бийлебейсиңби?» – деп. Жаш агай болчу да. Берки кыз болсо күлө карап жылмаят. Мен чоочуп кетип кетенчиктей бергенде отургучтар кулап кетти (беш орундук бириктирилген отургучтар болчу). Бирок агай болбос оюма койбой алиги кыз экөөбүздү кошуп койду..
Ошондогу жыргал ай! Колум алиги кыздын ипичке белине имерилип, кыздын деми ансыз да дүүлүгүп чыккан бүткөн боюмду биротоло чыңалтып, жүрөгүмдү таптакыр жибитип салбадыбы, капырай!..
Кече бүткөндө сыртка чыксак алиги кыз күтүп туруптур. Экөөбүз анын үйүн карай жөнөдүк..
Бир мотоцикл улам нары бир кетип, бери бир кетип, бизди жарыгына чулгап убара кылды. Бираздан соң ал да жоголду. Кийин уксам биздин класстын балдары тынчытып коюшса керек. Айтор, баарылап экөөбүздү корголоп жүрүштүбү деп да калдым..
Анын үйүнө да жеттик. Аркы-берки маанисиз сөздөрдөн сүйлөшүмүш болуп, анан кыз бираз жадай түштүбү, коштошуп калды. Ошондо мойнунан бир жыттадым. Жыты алигиче кыялымдан кетпейт, карысак да..
Бир эле жыттадым.
Ошол жыт андан бери так ушул күнгө чейинки ченемсиз төшөктөрдүн түгөл баарынан түбөлүк эсе жогору болду..

Экзамендер бүттү, шаарга кеттик, ал тарых факультетине кирди, мен инфакка өттүм. Студенттик күндөрдүн түйшүгү ар кимибизди ар жакка бөлүп кетти..
Мен чечкинсизирээк болдум окшойт.
Менин өмүрүмдө нукура сүйүү чеги так ушул бир нече айды камтыган мезгил болду.
Мен сүйүү деп, жалаң жакшы маанидеги сезим бийиктигин айтаар элем. Негизинде жаратмандыкты камтыган асыл сезимди айтаар элем..
Кээде бош убактыларымда бираз ой калчасам, так ошол бир нече ай гана менин өмүрүмдөгү эң таза, эң тунук мезгил аралыгы болгон окшойт.
Мен ал сезимдин уланбай калышына аябай деле ичим ачышкан жок. Себеби ошол ирмем өз милдетин аткардыбы дейм менин өмүрүмдө.
Мен бу турмушта тунук бирдеме бар экенин сездим да ошондо биринчи жолу.
Иштин практикалык жагын алганда, мен бир нече айдын ичинде Залкар жана Улуу Тил менен тереңинен тааныштым, эй!
Айтор, менин ошол айлардагы ошол кызга болгон терең сезимим мага руханий да, практикалык да пайда берди..
Кийин деле өмүрүмдө бир нечелеген сүйүүлөр болду. Бирок нукура дегенибиз кайталанбаса керек, тилекке каршы..

Менимче, дене сүйүүгө да, руханий сүйүүгө сөзсүз үйрөтүү керек.
Сиз менен бизге кыпкызыл чындык: балдар чогулуп алып мактана келсе айтаар сөзүнүн биринчиси арак болсо, экинчиси кыз (кыздардыкы кандай экенин алардан сураш керек..) ..
Бирок бу бечаралар алтүндө уйпаланып, кайра эртелеп туруп тан (напиток тан) ичкенин жыргал менен ийгиликтин туу чокусу деп жүрүшөт..
Бирок бу бечаралар дискотеканын туалетинен шымын шыпырганын жыргал менен ийгиликтин туу чокусу деп жүрүшөт..

Мен үчүн май айынын жылуу түнүндөгү дене балкыткан кыздын жыты о дүйнө, бу дүйнөдөгү бейиш төрү болгон жана кыялымда так ошол сезимде кала берет..

Сүйүү деген менин мисалымда так ушул болсо керек.

Ушулардын баарын жазып жатып, мен дагы бир жолу жашарып алдым.
Рахмат сурооңузга.

Саламат болгула.
Ылайым Манас Атабыздын Арбагы жана Каныкей апабыздын деми дайыма биз менен болсун, оомийин.

Janyzak
bankir
Цитата
Экинчиден эч бир кабатыр болбоңуз, кемчилик табуу жагынан кыргыздар уста.

Атайын сиз үчүн "Кыргыз санжырасы" китебинен эки барак сканерледим:

=========
байлады, бир жолку ачууңузду маган бериңиз, буларды чаап олжолойм деген ачууңузду токтотуңуз,— дейт. Ногой көпкө чейин унчукпайт. Ормонду ээрчий баргандардын чыны менен эле эстери чыгып турат. Бир кезде чоң Ногой:
— Бердим бир жолку ачуумду Ормон баатыр сага, колумду токтотоюн,— дейт.
— Кулдугум бар,— деп Ормон кайра жөнөйт. Ормонду ээрчип барган саяк, сарыбагыш, солтонун жакшылары Ормон мыктылыгынан бизди бугунун чабуулунан ажыратып калды деп ыраазы болуп, баш ийип калышат. Мунун баары Ормондун амалынан чыккан нерселер. Кийин чоң Ногой:
— Ай ошондо оңбогон Ормондон коркконум ай,— деп калуучу эле деп карыялар сөз кылганын угаар элек. Ошентип Ормон куулук кылып, ошол жыйында сарыбагыш, саяк, солтонун жүрөгүн алат да, жыйынды таратпай, эчтеме айтпай, элди кайрадан камап жата берет. Ачкалыктан аттарын союп жеп, далай киши жөө калат.
— Айтаарың болсо айтып, жыйынды тарат,— деп Ормондун алдына барып айтууга ошончолук элден бир киши чыкпайт. Камалып жата беришет. Бир күнү Ормон талаага кийиз, килем жайдырат, ал жайылган килем, кийиздерге элдин баш кишилерин, аксакалдаштырып отургузат. Орто жерине килем жайдырып анын үстүнө илбирстин терисин салат. Эл отуруп жайланышкандан кийин, Ормон келет да, орто жерге салынган илбирстин терисине барып отурат. Кыйлага чейин унчукпайт, эл карап отура берет. Эл унчукпагандан кийин:
— Кызыл тебетей бирөө эле болот,— деп Ормон өзүнүн эки санын аткып алат да:— Тарагыла,— дейт. Араң турган эл бет-бети менен тарап жоголот.
Ошентип Ормонду эч ким хан көтөргөн эмес экен, ал өзүн-өзү хан көтөргөн, андан кийин өзүн хан деп эсептеген.

ОРМОНДУН БУГУДАН ӨЛҮШҮ
Карыялар Ормон чагалдактын кунун кууйм деп бугудан өлдү деп сөз кылышат. Бул үстүртөн айтылган кеп. Ормондун чагалдактын кунун кууйм деп бугуга чабуул коюшунун түпкү себеби башка. Ормондун бугунун жерине Ысык-Көлго кызыкканы, аны ээлеп алууга көңүлү бузулганы илгертеден белгилүү. Ушул оюн ишке ашыруу үчүн ал нечен себептерди, шылтоолорду ойлогон. Ошолордун бири төмөнкүдөй. Ормон мылтык соктуруучу экен. Жасалган мылтыктарын аттырып
210
сынатканда жолдуу, кандуу болсун деп кулдарынан, күңдөрүнөн бута койдуруп аттырып көрүүчү экен.
Ошондой жолу кандуу болгон мылтыктарынын бирөө чолок кара мылтык болуптур, кийин мылтык кара чолок аталып кетет. Ал мылтыкты сен алып жүр деп Алыбек деген жигитке берет. Алыбек болсо, Ормондун айлындагы бир сарыбагыштын кызына үйлөнгөн киши экен. Алыбек жашы улуу болсо да, аны Ормон теңине алып жезде деп айтуучу эмес экен. Алыбек бир күнү куш салып жүрүп, карагайдын түбүндө бир баланы колунан жетелеп турган бир кыздын үстүнөн чыгат. Сураштыра келсе, ал кыз казактын бир байынын кызы болуп чыгат. Атасы берем деген күйөөсүнө барбай, баланы каралды кылып, үйүнөн жетелеп келиптир.
— Кыргыздын жакшы кишилеринин бирөөнө барайын деп качып чыктым эле,— дейт кыз.
— Мен да кыргыздын жаман кишилеринен эмесмиин,— дейт да кызды ээрчитип барып алып алат. Күндөрдүн биринде Алыбекти Ормон чакырып:
— Казак кызды кайдан алдың, биздин айылга келе жаткан кызды алып койгонуң кандай? — деген сөздөрдү айтып Алыбекти каардайт.— Жеткирип бер мында,— дейт.
Алыбек табар айла барбы. Алган казак кызды Ормонго жеткирип берүүгө аргасыз болот. Ормон жылыга мылтык¬тарынын кундактарын жаңыртуучу экен. Бир күнү кундак-тарын оңдоттурам деп ар кимдин мылтыктарын жыйнатат.
— Баягы карачолоктун көчүгү чириди го, алып кел, —деп Алыбекке киши жиберет. Кабарчы киши.
— Кара чолоктун көчүгү чириди го, алып кел деп, жиберди,— деп айтат. Алыбек болсо мылтыкты түбөлүк алдым деп жүргөн экен. Эми Ормонго нааразылыгы дагы артат.
— Мылтыктын кочүгү чириди дейби? — деп Алыбек келген кишиден сурайт.
— Ошондой,— деп жооп берет келген киши. Анда мурдатан ичи күйүп калган Алыбек:
— Кара чолоктун кочүгү чириди го десе, казак аялдын да көчүгү чиригендей болду окшойт, андай болсо казак аялды кайра озүмо жеткирип берсин,— дейт.
Жиберген кишиси Алыбектин жообун Ормонго айтып барат. Ошол кезде Алыбек эми мени Ормон оңдурбайт дейт да, качкан бойдон Боронбайга келет. Жайын айтат. Балаң болоюн, Ормондон коргоп кал, дейт да Боронбайдын аялынын эмчегин ээмп жиберет. Күндөр өтүп Алыбектин
211
=========

Ушундай "баатырды" даңазалап, балдарыбызды "тарбиялатпай" эле койбойлубу?
Эгер башкача ойлосоңуз, ал сиздин оюңуз.

Ылайым Манас Атабыздын Арбагы биз менен болсун, оомийин.
Janyzak
*Звё3до4кА*
Цитата
swoon.gif

Сизге айтылган сөз эмес, тек мен үчүн гана:
шилтеме бергенде бир басканда тийиштүү сапка барыш үчүн чоң тексттеги ар бир сапка белги коюп чыгыш керек. Мен ошону унутуптурмун да. Сиздин сурооңуз менин ошол кемчилигимди мага эскертти. Рахмат дагы бир жолу.

Janyzak
Bekush
Цитата
Сизди 90-жылдарда гезит чыгарчы эле дейт! ошо гезит туралуу айта кетсениз.

Ал гезиттин аты "Каттама" болчу.
1989-1997
Сегиз жыл чыгып, акыры селдебайлардан шейит кетти.. smile.gif

Гууглдан "Каттамачымын" деп жазып, издөө салсаңыз материалдардын бирин табасыз.


bankir
Цитата(Janyzak @ 14.4.2007, 0:43)


Атайын сиз үчүн "Кыргыз санжырасы" китебинен эки барак сканерледим:

Ушундай "баатырды" даңазалап, балдарыбызды "тарбиялатпай" эле койбойлубу?
Эгер башкача ойлосоңуз, ал сиздин оюңуз.



Сиз айткан чаап алуунун мисалдары жок го, бул мисалдар элдин баары билген эле ормон опуза... smile.gif
Эми кемчилигин айткандан кийин калыс болсоңуз артыкчылыгын кошо айтыңыз, болбосо бир жактуу шыбамай болуп калды...
------------------------------------------------------------------------------
Окуя баарыныкы окшош болгон менен, ар кайсы санжырачыныкы нюанстары ар башка болот, сарыбагыштын санжырачыларын угуп көрбөйсүзбү?
CH
Атандын кору, качан кыргыздын мамлекеттуулугу бекем бутуна туруп, ан-сезимибиз бийиктеп Ормон сыяктуу тарыхый инсандарыбыз ар турлуу санжырачынын коз карашы менен ары-бери калчанбай качан тарыхтагы ролу, орду так аныкталып илимий баа берилет болду экен.
bankir
Цитата(CH @ 16.4.2007, 9:18)

Атандын кору, качан кыргыздын мамлекеттуулугу бекем бутуна туруп, ан-сезимибиз бийиктеп Ормон сыяктуу тарыхый инсандарыбыз ар турлуу санжырачынын коз карашы менен ары-бери калчанбай качан тарыхтагы ролу, орду так аныкталып илимий баа берилет болду экен.

Тарыхчылар санжырачылардан айырмаланат дейсиңби... smile.gif Айырмасы жок го... Адамдын өзүнөн да, кээ бир тарыхчылар режимге кызмат кылып келишкен, кызмат кылып атышат, кызмат кыла беришет....
Janyzak
bankir
Цитата
Сиз айткан чаап алуунун мисалдары жок го…
Эми кемчилигин айткандан кийин калыс болсоңуз артыкчылыгын кошо айтыңыз, болбосо бир жактуу шыбамай болуп калды...

Мен сарбагыш же бугу эмесмин. Мен тек гана кыргызмын. Мен шыбаганым жок, тек гана жазылган материалды сиздин назарыңызга тартуулап жатам..

«Сиз айткан..» деген сөздөр мага туура келбейт, себеби мен Ормон жөнүндө эч нерсе айтканым жок, тек гана кыргыз баатырларынан бирдеме деп мисал келтириш көпчүлүк учурда өтө опурталдуу экенин эскерте кеттим эле..

«Чаап алуу..» мисалдарын сураган экенсиз, мен жогоруда келтирген барактан кийинки барактар булар:

[attachmentid=231931]

Тарых өзү кыргыз мисалында санжырадан башталат..
Ушу санжыраны алып (мен дарегин көрсөттүм эле..) бир сыйра карап көрсөңүз болчудай..

Ылайым бизди Манас Атабыздын Арбагы колдоп, ич ара ыйкы-тыйкылардан сактасыз, оомийин.


bankir
Цитата(Janyzak @ 16.4.2007, 11:06)

Мен сарбагыш же бугу эмесмин. Мен тек гана кыргызмын. Мен шыбаганым жок, тек гана жазылган материалды сиздин назарыңызга тартуулап жатам..

«Сиз айткан..» деген сөздөр мага туура келбейт, себеби мен Ормон жөнүндө эч нерсе айтканым жок, тек гана кыргыз баатырларынан бирдеме деп мисал келтириш көпчүлүк учурда өтө опурталдуу экенин эскерте кеттим эле..


Мен деле сарыбагыш же бугу эмесмин.
Узун ээк Алыке дегендин да санжырасы бар эле, аны кошо чыгарбайсызбы, эки жакты теңдеп.
Көрсөткөн маалыматыңыз менен таанышпыз, чаап алууга жатпайт алар, баягы эле ормон опуза.
CH
Цитата(bankir @ 16.4.2007, 10:18)

Цитата(CH @ 16.4.2007, 9:18)

Атандын кору, качан кыргыздын мамлекеттуулугу бекем бутуна туруп, ан-сезимибиз бийиктеп Ормон сыяктуу тарыхый инсандарыбыз ар турлуу санжырачынын коз карашы менен ары-бери калчанбай качан тарыхтагы ролу, орду так аныкталып илимий баа берилет болду экен.

Тарыхчылар санжырачылардан айырмаланат дейсиңби... smile.gif Айырмасы жок го... Адамдын өзүнөн да, кээ бир тарыхчылар режимге кызмат кылып келишкен, кызмат кылып атышат, кызмат кыла беришет....

Санжыра бул кобунчо адабият тарапка жакын го, а тарых канткен менен илим эмеспи.
bankir
Цитата(CH @ 16.4.2007, 12:59)

Санжыра бул кобунчо адабият тарапка жакын го, а тарых канткен менен илим эмеспи.

Ар кандай көз караш менен караса болот, мен үчүн санжыра тарых, анан көптөгөн тарбия берүүчү, акыл коштоочу окуялар жыйнагы...

Үңүлө караган кишиге Библиядан жөөттөрдүн санжырасын, Курандан арабдардын санжырасын байкаса болот....
CH
[quote name='bankir' date='16.4.2007, 13:02' post='3865082']
[/quote]
анан көптөгөн тарбия берүүчү, акыл коштоочу окуялар жыйнагы...
[/quote]
Ошон учун адабиятка жакын деп жатпаймбы. Бирок тарыхый окуялар боюнча талаш тартыштар болгондо санжырага таянуу орусча айтканда несерьезно болуп калат го. Ар ким озунун вариантын бетине кармап бири бирин укпай коет да.
Для просмотра полной версии этой страницы, пожалуйста, пройдите по ссылке.