Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

"МЕН - КАТТАМАЧЫМЫН!"

- Жаке, сиз кимсиз? Журналист, машаяк, динчи, жарчы, көрпенде, инсан?..
- Мен ириде каттамачымын. Бу, демек, бар билгенимдин баарын каттап-кабаттап, жамы журтума жар салууга аракеттенем.
Кээде айрым аракеттерим оңунан чыгып калат. Ошондо мен өзүмдү инсан сезип калам.
Кокус кайсы бир аракетим коомчулукка оңуттуу жетпей калса, анда көрпендеге түшүп кетем, себеби айтайын деген оюмдун омоктуу экенин далилдей албасам инсандыгым кайсы?!
"Журналист" дегениң эми, сөздүктө "адабий-публицистикалык иштер менен жана мезгилдүү басмасөз жаатында шугулданып жүргөн адам" дегендей айтылыптыр. Бирок мага карата жазмакер деген эле сөз ылайыкпы дейм. Же, мисалы, тамгаларды ырааты менен жайгаштырып, окурман журтка пулдаган тамга-соодагер десеңер деле жараша берет.
- "Каттама" деген "жалаякты" эмне максатта ачкансыз, пул табуубу же сыр ачуубу?
- Башкаларды билбейм, бирок мен адеп баштаганда биринчи орунда моралдык кызыкчылыгым турду. Биерде "моралдык" дегенди "ыйманий" деп түшүнүп албагыла - мен адегенде өзүмдүн тээ окуучулук кездеги кыялымды - кыргызга белгилүү котормочу же жазмакер болуу тилегимди аткарсам деген ойдо болчумун. Джек Лондондун "Мартин Идени" жетектеп жүрчү да мени.. .
Анан эле "Каттама" дүң дей түшкөндө: "Ап-баракелде, Жанызак!" деп аябай мактандым! Мартин Иденден ашып түштүм да кыргыз деңгээлинде! Жалгыз өзүм чыгарган бу гезиттин ар бир саны 20 миң нуска деген оңой сан эмес болчу агезде.
"Мидиндин эшек дептери" канча миң нуска менен чыкканын билбей калдым, себеби анын колжазмасын "Ааламдын" кожоюну Чолпонбек Абыкеевге пулдап жибергем - ошо киши билет жалпы нускасы канча болгонун. Бирок кийин "Айтматовдун айымдары" деген адабий-публицистикалык романым үч бөлүк менен ар бири 30 миң нускадан - жалпы саны 90 миң нускада чыкпадыбы! Кыргыз тилинде мындай санга бир жетсе Чынгыз акем (бу кишиники бери дегенде миллион эле да.. . ) жетти, анан Байдыкемин "Ашуудан берген отчетуму" 19 миң нуска менен чыккан. Үчөөбүз тең таластыкпыз да, анан калса.. .
Рыспай Абдыкадыровдун соңку сүйүүсү тууралуу жазган "Соңку дүрмөттүн" да жалпы нускасын билбей калдым, себеби анын колжазмасын ошо кездери Жумадин Кадыровго пулдап жибердим эле.. .
Анан, албетте, философиянын "сандын сапатка айлануу мыйзамына" ылайык, жогорудагы көрсөткүчтөр пулга тегерене баштаганда ого бетер жыргадым - айтпасам болобу. Албетте, биерде кыргызымдын: "Акча таппай, акчанын көзүн тап" деген макалындагы орошон ойду бираз аткаралбай калдым, бирок буга таарыныч жок - мен өз турмушумдагы Жеке бийиктигиме жеттим. Эми башка майда-чүйдө бийиктиктерди шашпай багындыра беребиз, аманчылык болсо.
- Кыргыз журналистикасында төшөк революциясын баштадыңыз эле. Азыр ага кандай карайсыз?
- Азыр деле так ошондой карайм. Адамдын жеке турмушунда Төшөк төңкөрүш сөзсүз керек деп эсептейм. Бул информацияны мектеп партасынан эле кенен-чонон окутуш керек. Кыргыздын элдик-оозеки чыгармаларындагы эротикалык кайрыктарды, акын-жазуучуларыбыздын ушул жаатындагы албан эмгектерин ийкемдүү пайдалансак, алигиндей калп уялуу дегенди опоңой эле жеңип кетмекпиз.
Б. Шапиронун "Сергек жашоо салты" китеби боюнча "Агымдагы" селдебай-айкырыктар бери дегенде анткор жыттанат. Элге билим берүү министрибиз, окумуштуу эжейибиз урматтуу Болжурованын ошол жарымсабат айкырыктарга жетеленип, бу сабакка тыюу салганы бираз таңгалдырды. Бирок баягы-ы-ы кумтөрский циан-суу тарыхында эжейдин эри Кулубек мырза Жоомарт уулу Бөкөнбаевдин алиги циан-көлгө киринип чыккандагы айткан сөзүн эстесем, министр эжейдин "окутпайбыз!"-чечими мен үчүн жүда-ям кызык болду да!
Төшөк төңкөрүштүн кыргыз үчүн дагы бир эң орчундуу жери - "токол алам!" итчилигине жеткирбейт эле да бу жаатынан "таскактуу" аялдар. Мынакей, гезитиңердин өткөн эле санында жазып жатпайсыңарбы "гендердик теңсиздикти". Таңгөрү, "Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө" деп аталган мыйзамдын аталышы шумдук экен, эй! Бирок төшөк маданиятынан ныпым кабары жок ургаачы эркегинин алдына ушул мыйзамды жалаяк кылабы?! Андан көрө ошол аял алиги мен жазгандай ыкмалардан ончактысын "өздөштүрүп" алса, кийин анан эркегинин дабдаласын чыгарбайт беле: "кана, болуң эй?!" деп шаштырып?! Көрөт элек ошондо "токол алам!" деген эргулдун башка төшөк издегенин. Баса, "гендердик теңсиздиктин" түп башаты дал ошо төшөк маданиятындагы түркөйлүккө барып такалаарына дагы бир мисал - бу жаатынан алда канча "билимдүү" Бишкекте же Чүй боорунда "токол алам!" иттиги Түштүктөгүдөн кеминде жүз эсе төмөн десем кантесиз?!
Демек, төшөк маданияты ириде адам укугун, анын ичинде аял укугун коргоонун эң башкы куралы. Бирок мен, албетте, эми бу темага кайрылбайм. Түркөйлөр менен тирешкидей убактым жок азыр. >
- "Каттамачыдан" динчиге өтүп кеттиңиз? Мунун себеби.. .
- Мен бу тармактан башка бир тармакка өтүп кетейин деген деле ниетим жок болчу адегенде. Бирок анан "Каттама" улам күчөп киргенде адегенде Чыкем тараптагылар чычалады. 1994-жылы башталды да соттошуу, иш козгоо деген былгытмалар. Кыргызстанда кыргыз гезитин соттоо жөрөлгөсү "Каттамадан" башталган десем болот го. Биерде менин адашым Жаныбек ТУРСУНОВ мырза катуу киришти. А киши баягы совет доорундагы "жаагыңды жап!" мекемесинин - Главлиттин жетекчиси болчу да. Кийин жылып отуруп юстиция Министрлигинин гезиттерди каттоо бөлүмүн башкарып калды. Ошо кишинин "түркөйлүгү" түпкө жетти. Бул эми өзүнчө узун сабак аңгеме.. .
Анан эле Нуркан Турсунбаев чыкты баланча миң сомго сотко берип. Токоев деген мыкты жигит бар эле, агездери ибн Саяк аль Жумгали болуп жаңынын деми менен арабдашып чыгып, Нуркан аке менен бирдикте фонд түзүшкөн.. . Баса, азыр ибн Саяк кайра кадимки Токоев аты менен "Адабий гезитте" макалаларын жарыялап жүрөт, көп жеринен пикирибиз үндөш экен, ылайым чыгармачылыгына Теңирим кубат берсин!
(Жарашуу негизинде биердеги саптар Жанызак-топтомдон алынып салынды.. )
Эки жылдай ар түрдүү гезиттерге, асыресе Төлөн аке Жумабаевдин "Шыкак", "Далдал" гезиттерине учкаша чыгып жүрдүм. Баса, менин бул "табылгамы" кийин "Асаба" деле пайдаланды "Res pulica"га учкашып чыгып.. . - "Акмолдо" менен ымалаңыз кандай?
- Мурун деле ичип жүргөм аз-аздап, кийин алигиндей окуялардан кийин көбүрөөк бош болуп калып, "акмолдого" көбүрөөк "намаз окуй" баштадым. Ошентип далбастап жүрүп эптеп-септеп 2000-жылга жеттим.. .
- Ыйса менен кантип "таанышып" калдыңыз?
- Мен анан, чынын айтсам, байыркы гректин Бахус кудайынан өлө жадап, ылайыктуу Теңир издешке мажбур болдум, баягы чакчалекей жашоодон качып. Мендейлер "акмолдодон" акыл-эс менен кутулууга дарманы жетпейт экен, көрсө.. .
Нары калчап, бери калчап байкасам, Ыйса Машаяктан өтөөрү жок экен мен үчүн. Мындай нукура адамий, Жер дүйнөдөгү жалпы адам баласына тептегиз жан тарткан асыл сапатты мен башка бир да философиялык же диний окуулардан таппадым.
Коммунисттер, мисалы, жакшылыкка үндөгөнсүйт адамзатты, бирок аларга байлар жакпайт экен.. .
Фашисттер деле, мисалы, немистер үчүн аябай жакшы делген, бирок немистен башкаларга өлүм апкелген саясат жүргүзүштү.. .
Мусулмандар, мисалы, ыйманга чакырат элди, бирок алардын: "жүүттөр менен христиандарды дос тутпагыла!" деген, "көп кудайлууларды кууп жүрүп өлтүргүлө!" сыяктуу саптары мага анчалык жакпай калды.. .
Ыйса Теңир гана кандай жашаш-коюшту толугу менен адамдын өзүнө жүктөптүр, кандай жашоо салтын тандоо укугун ар бир адамдын өз ыйманына бериптир. Мисалы, мен кадимки кыргыз катары бүгүн Ыйык Семетейди, эртең Ыйык Бакайды тандайм десем, же бүрсүгүнү Айкөл Манас Атамын арбагына тайынам десем, Ыйсакем ага капа болбойт. Ушунусу жакты мага. Мен Ыйсакемен тынчтык таптым өзүмө. Азыр эми ушул Окууну Түпкыргыздын Көкө Теңирине ылайыктап көрөйүнчү деп изденип жатам.
- "Каттаманы" жапканда "Ислам маданияты" аркылуу тобо кылгандай болдуңуз эле… Молдолор да кубанышканын жашырбай жазышкан.
- Ошо "тобо кылган" сөздөрүмдү мисалга келтирсең болмок. Бирок айта кетчү бир сөз - пикири келишпеген адамдардан Ыйса Машаяк деле тоо таянып кетип кутулуптур. Анын сыңарындай, гезитим соттолор кезде мен жалаң мечит эмес, башка да бир топ адрестерге, асыресе ошогездеги Президент алдындагы укук коргоочу Турсунбай Бакир уулуна, Ыйман комиссиясынын (атынан айлангыр, эй!) жетекчиси Казат аке Акматовго, кыргыз басма сөздөрүнө да так ошондой эле кат менен кайрылгам. Бирок биринен да жооп алганым жок. Мечит болсо жооп бермек түгүл, "Ислам маданияты" мени жанагы Дүйшөн ажы Абдылдаевдин колу менен "акмак" деп макала жазган, тилекке каршы.
- Коркутуулар болдубу? "Каттамада", "Пайшамбада", Ыйсада?
- "Пайшамбадагы" коркутууларды Мелистен сураш керек.
Ыйсага байланыштуу мени жектегендер жок эмес, албетте. Бирок Ыйсанын жүгүн ар ким эле туура түшүнө бербейт. "Каттамада" - токсонунчу жылдардын башында гезит сатып жүргөн бир баланы сабап салышкан "молдокелер". Алиги Дүйшөн ажы дегени бир-эки жолу жакалашып, судмедэкспертизадан да өтө коюп.. . айтор ташвиш. Алиги ислам институтунун мударристери деле мактанып жазышпадыбы ушуга кыйытып.. .
Эми ушул жерден баса белгилеп кетчү эки жагдай бар. Биринчиси: кечээ жакында бир кызык окуя болду. Биз Кубан Тезекбаев деген жигит экөөбүз "Агымга" "Теңирсыйын" деген макала жарыялап, анда түпкыргыз кандай сыйына турганын мисал келтирдик эле. Макалабыз Дастан аке Сарыгуловго жетип, а киши экөөбүздү тең чакыртып жибериптир азыркы "кабинетине". Бирок азыр теңирсинип жаткан так ушул киши тээ токсонунчу жылдардын башында Талас облусунда губернатор болуп турганда облус мектептерине "ыйман сабагы" деген шылтоо менен исламчылыкты күчтөп киргизүүгө аракет кылган, облуста исламчылыктын ашкере жайылышына активдүү киришкен.. . Алиги "жолугушууга" барганда ыймансынган миллионер бай акеме ушулардын баарын айтып салдым, эй.
Айтайын деген экинчи жагдайым Дастан акенин алиги "исламий шумдугуна" тикелей байланыштуу. Ошо жылдары район имамы менин таякем болуп калыптыр да. Анан ал биздин айылдык молдокеболумуштардын "намысына" тийет экен: "бир балаңарга алыңар жетпей калдыбы" деп. Исламий оолукмага биротоло эрдемсип алган уруу аксакалы келип менин балдарыма тап берет: "Таш бараңга алып өлтүрөбүз!" деп опузалап. Балам шаарга келет мени издеп.. .
.. . Бардым ошондо айылга. Кошуна айылдан айтылуу Канат молдо келип калган экен, а кишини уруу аксакалы менен кошо үйгө чакырып, атам ыракматыга куран түшүрүп, анан орой көз чарай айттым айта турган сөздөрүмдү. Азыр аксакал болуп жүргөн алиги байкеми тээ согуш жылдары темселеп калганда менин атам ыракматы бутуна тургузуп, катын алып берип адам катарына кошкон экен. Эми ошо кишинин баласынын балдарын ташбараңга алат бекенсиз?! Дегеле мусулманчылыкта "ташбараң" түшүнүгү кандай жагдайда колдонулаарын билесизби?! Канат молдону күбөгө тарттым.. . Айтор, молдокенин жардамы менен (а киши Бухараны бүтүрүп келген окумал молдо болчу) уруу башчыны "шым" кылдык. Ошол ошо болду, менин балдарыма тийишкенин коюптур кийин.. .
- Балдарыңыз азыр чоңоюп калды да? Катташып турасызбы?
- Биерде маселе бир топ татаал. Былтыр жыл башында мен чоң балам менен сүйлөшүп олтуруп: "Материалдык жагынан ата милдетинен кутулдум.. . " - деп сөзүмдү бүтө электе: "Сен эмес, өзүбүз араң жашап жатабыз, сени бакмак белек?!" - деген сөзүн уктум. "Багылайын" деген ойдо жок элем, капырай, тек: ".. . силер мага доомат артпагыла", - дейин деп келаткан сөзүмө конок бербей, озунуп кетип оюндагысын айтып жибербедиби. Арийне, чоң баламдын жанагы сөзү түпкүлүктөн келаткан кыргыз салтынын мен "үзгөн" жемиши болдубу дейм. Себеби быйыл экинчи уулум (балдарымдын ортончусу): "Сен бизге ата мээримин төккөн жоксуң.. . " деген сөзүн айтты. Орой айтты. Бирок туурадыр, балким. Ошогездери мен үчүн балдар эмес, менин максатым биринчи кезекте болчу. Бирок кандай кылган күндө да маселе материалдык камсыздоо менен гана чечилбейт окшойт. Ата-баланын ортосунда баарлашуу жок болсо түшүнүшүү кыйын. Мен, мисалы, азыр ошо балдарымды тек гана "Дене балдарым" деп сезүүгө мажбурмун. Себеби бизде жан-байланышы дээрлик жок, тилекке каршы. "Жан-бала" сенин материалдык дараметиң менен гана чектелбей, сенин көңүлүңө, маанайыңа да карайт, сенин жандүйнөңө кызыгат. Жашыраак кезимде муну байкабаптырмын.. .
- Сиздин эки аялыңыз бар деп уктук?
- Жоок, мен мурунку аял менен мыйзам негизинде ажырашкам. Менин бир гана аялым бар жана ушул мыйзамды туура деп санайм.. .
- Анча-мынча молдолор менен мушташа кетчү элеңиз. Дале болуп жатабы же?..
- "Жашыраак кезимде" дегенде мен Ыйсага келелек учурду айтып жатам. Азыр кол-мушташтан көрө сөз-айтышка көбүрөөк маани берип, мыйзам негизинде тынчыраак жашаганды жактырам.
- Кудай менен эмнелер жөнүндө сүйлөшөсүз? Деги эле сүйлөшөсүзбү?
- Мен Теңириме дайыма Улуу Күн уясынан көтөрүлө берип, Жер-дүйнөгө нурун чача баштаганда алаканымды Көккө созуп:
Күнүң менен Айыңдын
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Асман менен Жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Түштүк менен Түндүктүн
Түнөгүнөн бүткөндөй,
Чыгыш менен Батыштын
Чырагынан бүткөндөй!
деген даңктоо сөздөрүм менен жалбарып, анан "ушул Жердеги адам баласын адамдан келчү кырсыктардан сактай гөр!" - деп жалынам. Эң жогорку тилегеним ушул.
- "Асабада" жакшы эле келаттыңыз эле, орто жолдо секирип кеткениңиздин себептерин айта кетсеңиз.
- Мен өзүм колдон келишинче мыйзам жолун сактоого аракет кылам. Жазатайып кеткеним деле бар дечи. Бирок аталган редакцияда кээде кызыктай окуялар болуп кетет экен. Мен анан ошол окуяларды билмексенге салсам өз принциптеримен тайып кетпейин деген тейде: "Мелис, мен сырттан эле жазып турайын" - десем, макул деди, мен гезиттен чыгып кеттим. Баса, алардын темпине чыдаш деле кыйын болчу. Анан жиниккен аттай болуп тынымсыз эле жаза бергидей күч жок окшойт менде. Бирок кээде жазгандарым редакциянын кызыкчылыктарына жооп бербей калып, кээде окшошуп дегендей, алигүнчө иштешип жатабыз.
Сөз кыябы келгенде айта кетейин - Мелистей журналист жана жетекчи чанда чыгат ко дейм кыргызда. Бир эле мисал - кайсы бир маселе боюнча пикирибиз келишпей калса, Мелис мырзаны башка басылмадан "шыбап" салмай адатым бар. Бирок алигиче бир да жолу кек сактагандай пастыкка барганын көрбөдүм.
- Журналистикадан башка эмне менен шугулданасыз?
- Жазам. Мисалы, компьютер боюнча жаңы китеп жазсам деген оюм бар. Анан англисче окуулук жазайын деп материал топтоп жатам.
Азыр мен кыргыз-интернет материалдарын байытууга аракеттенип жатам. Бирок бу кургуруң көп акча талап кылат экен. Ага деле карабай азыр интернетте кыргыз китепканасын түзүүгө далбастап, кыргыз гезиттерин, асыресе, силердин"Бишкек таймсты " жарыялап жатпайымбы.
- Биздин журналистикада дагы кандай революция жасаса болот?
- Бар жаңылыктын баары ошол турушунда окурманга жетип турса - мындан артык төңкөрүш болобу?!
Бирок мындайга чыдаган жетекчи же селдебай табылса кана Американын мисалын жолдогон.. .
- Чын эле Кыргызстанды өзгөртүүгө болбойбу? Сиз өзгөрткөнгө аракет кылып көрдүңүзбү?
- Мен албетте аракет кылып көрдүм. Ар бир кыргыз жараны жок дегенде менчелик аракет кылса жаман болбос эле.
Мисалы, менин алгачкы китепчем "Фото - кыйынбы же оңойбу?" деген ат менен жарык көрүп, фотография жаатындагы кыргыз тилиндеги эң алгачкы маалымат болду. Анан "Каттама" башталбадыбы.
Анан "Айтматовдун айымдары" жарык көрдү. Кыргыз коомчулугу мунун маанисин али жакшылыктуу сиңиралбай жатат. Мен, мисалы, аптайыркайт-маптарыйкат дегенди пендечилик деңгээлине чейин түшүрүп салдым.
Анан айтылуу "Соңку дүрмөт" жаралды. Рыспай Абдыкадыровдун акыркы сүйүүсү тууралуу. Бу да бир керемет. Кыргыздын залкар инсандары да жөнөкөй эле адамдык сезимдерге алдыра турганын баяндагам.
Анан "Мен билген компьютер" деген китебим чыкты 2000-жылы. Мунун бир кызыгы - тийише турган адам табылбады го, чиркин. Себеби бу тармак али "темный лес" да кыргызга. Тилекке каршы.
Ушулардын баары жалаң Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүү аракети деп эсептейм.
- Эмнеге көп жиниңиз келет?
- Мыйзамсыздыкка жиним келет. Анан түркөйлүккө. Ыкшоолукка да жиним келет. Мен билген гана тармактан айтайынчы: мына, мисалы, шаарда азыр кеминде 70-80% кыргыз болдук, бирок шаар боюнча компьютер оңдоочу жайларда 90 пайызы орус тектүү жарандар. Анан эле: "нан бер! суу бер!" деп айкырып чыккандар жалаң кыргыз болуп жатканы жинимди келтирет. Мисалы, айтылуу "акырдан" бирдей эле оозанып жаткан "Слово Кыргызстана" интернетке чыгып жатат да, "Кыргыз туусу" мемиреп тынч.
Информациялык жардылык жинимди келтирет. Байлардын "сасыкбайлары" жинимди келтирет - улут үчүн курмандык кылышпайт го, чиркин. Мына, кечээ жакында байларды санап өттүңөр гезитиңерде - ошолордун ичинен беш манжага жеткидейи гана кыргыз үчүн деп бираз тыбыраганы болбосо, калганы чучук-карталарды кардына шыкап кекирип жатышат, эй! Антпесе ошолордун ар бири жок эле дегенде өз айылынын, айталы, билим тармагына бираз көңүл буруп койсо жаманбы?! Мынакей, айыл-айылдарда маданият үйү, китепкана дегендер жоголду, бирок алиги байлар компьютер клубдарын уюштуруп берсе беш-алты компьютери менен - кыргызды колдобойт беле?! Жеке байлык, кара курсак деген итчиликтер жинимди келтирет.. .
- Канча дос, канча касыңыз бар?
- Менин азыр аялымдан башка бир да досум жок. Аялымдын туугандарынан башка бир да тууганым жок.
Ырас, артыма кылчайып карасам, менде деле дос күтүү жана достук сыяктуу бирдемелер болгон экен. Мисалы, бир досум 70-жылдардын этеги, 80-жылдардын башында мени далай жолу вытрезвителден (бу сөздү кыргызчалатпай эле коөлучу) алып чыкты го улуу башын кичик кылып, ак "волгасын" көлүк кылып.. .
Дагы бир досум ошол эле жылдары "сасыган Жаныбекти" алты ай бою квартирасында бекер бакты.. .
Дагы бир досум 120 сом кандидаттык жалыйнасынын 30 сомун мага берип, бир ыйлатты го мени!
Мага ишенген ошол досторум кийин менин эмгегимдин үзүрүн көрүштү бираз болсо да. Жок эле дегенде бир бөтөлкөлүк даамын татышты. Алар мени менен кошо сүйүнүштү. "Мен ушундай болот дегем!!" - деп чалагызуу даңазалашты! Мен алардын үмүтүн актадым.. .
Мен эч кимди өзүмө кас тутпайм. Кечээ мушташсам, бүгүн жарашканга даярмын. Кечээ айтышып калсам, бүгүн кол алышканга даярмын. "Сениби сени!" деген былжырак саясаттан алысмын. Мисалы, "Каттаманын" алгачкы санын өрттөөгө тикелей себепкер, кийин "Каттаманы" соттоого да шыкакчы болгон Мелис Айдаркулов менин үч көчө кийин айылдашым болот. Бирок азыр жолугуп калсак кадимки жердештердей эле бапырап сүйлөшө беребиз.. . Же журналисттердин чоңу Султанбаевдин: "Жаке, өрттөгөнгө мен да кол кабыш кылдым эле.. . " деген сөзү менде кенедей бир кастыкты пайда кылган жери жок. Баса, а да жердешим.. .
- Гезиттерге кандай карайсыз? Кайсынысы мыкты? Кайсынысы информууру?
- "Агымдан" өтөөрү жок азырынча. "Аалам" да бир топ арыштуу. Бирок азыр "Бишкек таймс" такымдап келатат аны. Тизгинди бошотуш керек ко дейм мыйзам деңгээлинде. Ошондо кызык башталат шекилди.
"Информууру" дегениңди кабылдай албайм. Уурдаш керек информацияны. Бирок бекитип алыш үчүн эмес, жумурай журтка жеткириш үчүн. Мен муну "уурулук" дебес элем. Мен үчүн информацияны элге жеткирбей коюудан өткөн уурулук жок.
- Досум жок дейсиз да, досторуңузду санайсыз. Алар азыр кайда, эмне болушкан?
- "Азыр досум жок" деген тактоонун жөнү мындай: айылымда мугалим болуп иштеп жүрдүм эле агезде. Мектептин директору менин ары үч атадан барып кошулган тууганым, ары классташым, ары бир теңдүү дос болумуш Рысбек Жумагулов деген жигит болчу. Бир күнү мектептен чыгып келатсам Рысбек айылдагы бир байдын аскерден келген баласы менен сүйлөшүп жатыптыр: "Ой, Жаныбекти койчу, бир бөтөлкө менен эле кууп салабыз мектептен, сен аласың анын ордун!" - деп бапылдап. Артынан басып келип: "Эй Рысбек, эмне деп атасың?" - деп сурасам, чочуп кетти: "Ой тамашалап жатам.. . ", - деп алдастап.
Эртеси мен райОНОго барып арыз жазып, ошол эле күнү дом бытага фотограф болуп орношуп алдым.
Эки айдан кийин алиги менин ордуму алган жигит жаңы уюшулган Манас районуна инструктор болуп которулуп кетти. Мен кайра бардым райОНОго: "Балдар мугалимсиз калды, мени жумушка аласыңарбы?" деп. Алышты. Бирок анан "бирде жумушун берип, бирде ыргытып жибергидей ким элем?!" - деген каракурт жандүйнөмдү жеп жатты да. Ал ортодо үйдөгү бир чатак эбепке себеп болуп, таңэртелеп турдум да, фотоаппарат менен увеличителди гана көтөргөн бойдон шаарга баса бердим. Ошол 1986-жыл болчу.. .
Андан кийин да досторго байланыштуу бирин-экин окуя болуп кеткен соң, "дос" деген ыйык түшүнүктү мен таптакыр чийип салдым көңүлүмөн. Эми тек гана "жакшы тааныштар" деген түшүнүккө орун бердим жана "дос" түшүнүгүнө байланыштуу милдеттерден өзүмдү биротоло бошоттум. Мен бирөөгө, бирөө мага ушул чектен милдеткер эмес.. .
- Туугандарыңыз сизди тууган деп санашабы? Сиз го аларды санабайсыз.
- "Тууганды тандабайт" деп коет элибиз. Бирок мен бу түшүнүккө да өзүмө ылайыктап өзгөртүү киргизип алдым. Эгер мен кыйналып турганда мага жардамга келбесе, каери тууган?! Алымча-кошумчаң жок болсо, пикирлештериң жок болсо, сен алар деп күйбөсөң жана алар сен деп күйбөсө, каери тууган? Туугандарым, албетте, атам менен апам ыракматы оо дүйнө салганда тикесинен тик турушту. Бирок алардын бул аракети ошо атам менен апам ыракматынын тууганчылыкты бек тутканынан, алардын өз ара катышына жараша болду го дейм. Менин турмушумда жеке өзүмө байланыштуу туугандарыма таяна турган бир гана чоң окуя болду: тээ 80-жылдардын этегинде менде китеп чыгаруу идеясы пайда болуп, болжолу 500 сомдой керек эле. Мен ошондо айылга барып туугандарга кайрылып, аерде калган берки аялга кайрылып, жападан жалгыз күйөө балам бар эле - ага да кайрылып, атүгүл таякелерге да кайрылдым, бирок бири да мага ишенип алиги сомду карматкан жок. Анан кайра келдим шаарга. Аялым көрдү маанайымды. Аялым экөөбүз үйлөнгөнгө үч эле ай болгон. Ал менин бираз ичип коймоюмду да билчү. Бирок ал мага ишенди. Катып жүргөн 250 сому бар экен - ошону берди. Анан алгач "Фото: кыйынбы же оңойбу?" деген китепчени чыгарып, ал жакшы сатылды. Мен ошол акчага аялыма алтын шакек сатып бердим. Азыр ал шакек манжасын кысып калса да, аялым ошол алгачкы белегимди таберик кылып салынып жүрөт.. .
Кийин мен бираз акчалуу болуп калдым, өлкөдө инфляция күч алып, баягы жападан жалгыз күйөө балам кассага салган акчасынан айрылып, ал аз келгенсип денсоолугу кескин начарлап, бизге келди шаарга. Бир күнү эле эшикти бирөө кагат. Тешиктен карасам күйөө балам экен: "Эй, баягы 500 сом эсиңдеби?!" дедим. "Эсимде" деди. Киргиздим үйгө. Анан чайга келгенде чыныга колун созду эле: "Эй, баягы 500 сом эсиңдеби?!" дедим. "Эсимде" деди. Анан устукан келип, ага колун созгондо баягы сөз кайра кайталанды. Айтор, эсинен чыккыс болду да. Биз аны 5000 сомго дарылап, айылына жөнөттүк. Кийин катташып турдук, жакшы сыйлаштык.. .
Ошол эле мезгилде айылдан акем келип калды биерде баласы кырсыкка кабылып. Чай бердик, нан бердик, шаарда акемин ишине керектүү жерлерине жеткирип жаттым. Анан кеч кирди. "Түнкү автобус менен кетем", - деди. Мен "жатып кетиңиз" деп айткан жокмун. Түнү менен автовокзалга жеткирип койдум.. .
Мен азыр уруулаш-аталаш туугандарымды тек гана жамы кыргыз катары жакын санайм. Алар деле мени тууган эсебинен чыгарып салышты го, сыягы. Бирок ылайым алар аман болушсун, ылайым мен аман болоюн, ылайым кыргыз аман болсун. Азыр мен үчүн эң жакын тууганым жана досум ким экенин айтпадым беле баягыда - ким мени жакшы көрсө, ким мага ишенсе, мен да ошону гана жан чегинде жакшы көрөм жана ишенем. Бирок башкаларды да сыйлайм, албетте. Тил чегинде, анан мамлекет чегинде, анан Жердүйнө чегинде.. . Бирок булар башка сезим.. .
- Сизди бир кездерде жекече сыйлык уюштурган дешет. Эмне сыйлык эле? Кимдер алган?
- Чөнтөккө тыйын түшкөндө Көкө Теңирдин урматына деп, 21-мартта, Нооруз күнү бир килтейген кой союп, кыргыз басма сөз мыкчегерлерин чакырып, тамак бергем. Анан ошондо "Көкө Теңир!" деп жазган журналисттерге акчалай сыйлык берүү идеясы пайда болду. Мен өзүм көрсөттүм алгачкы лауреаттарымды. Биринчи орунга Чоюн Өмүраалы, экинчиге Кемел Белеков, үчүнчүсү Шайлообек Дүйшеев болду. Агезде жаңы кыргыз өкмөтү сыйлык берүү дегенди баштай элек. Мен берген сыйлык бөтөлкө менен эсептегенде алданемедей болчу. Бирок бу сыйлыктын бир "но.. . " су бар эле. Сыйлыкка көрсөтүлгөндөр "Мен "Каттамадан" сыйлык алууга макулмун" деп айтышы керек болчу, жок эле дегенде төрт-беш кишинин көзүнчө.
Биринчи болуп Кемел макул болду. Анын сыйлыгын ушу турган редакцияңарда жайладык ошол эле күнү.
Шакем бир аз куулук кылып кетти. Макул дегенин макул деп, кийин акчаны чөнтөгүнө салган бойдон, жуубай-этпей эле кетип калды.
Чоюндун сыйлыгы 2000 сом болчу. Бирок ал намысына бек турду - "Каттамадан" сыйлык алгысы келген жок. Себеби ага чейин экөөбүз басма сөздөн кер-мур айтышып жүрчүбүз. Анан эле бир күнү "Ала-Тоо" журналынын жанынан өтүп баратсам Шакем, Чоюн жана дагы бир-эки белдүү журналисттер машинеге китеп жүктөшүп жаткан экен. Шакем айтып калды: "Ой Жаныбек, бербейсиңби баягы сыйлыгыңды Чоюнга?!" - деп. "Берейин, бирок сурасын азыр", - дедим. Акчалар чөнтөгүмдө жүрчү да тултуюп. Берки тургандар жарданып карап калышты Чоюнду. Чоюн унчукпайт. Мен да бир аз турдум күтүп. Эми, агезде булардын журналы баа болбой, "Каттама" шуулдап турган да.. . Дагы бир аз күтүп, анан басып кеттим. Ошентип Чоюн абыроюн сактап калды "Каттаманын" акчасын жебей.. . Баса, мен ал кездерде "Даңк жана дүңк" деген медаль уюштургам. Дооронбек аке мурун алган орден-медалдарын бүт кайра тапшырып, катуу булкунуп жүргөн кези болчу. Ошо мен уюштурган кыргыздын алгачкы картон медалын оюн-чындан Абдысалам аке Абдыракмановго тапшырып, а киши өзүнүн медалдуу карикатурасын "Кыргыз рухуна" чыгаргандай болгонбуз. Экинчи "Даңк жана дүңк" Докеме берилген, анын суроосу боюнча.. .
- Сизди провакатор дептир бир ажы…
- "Кыргыз рухуна" чыгыптыр да, карабайсыңбы капырай. Илгери социализм кезинде ажылыкка туш тарабы текшерилип, быкы-чыкысы жок адамдар гана жөнөтүлсө керек - агездери "ажы" деген кишиде салыштырма пакизалык бар беле. Эми карабайсыңбы Мыктыбек ажы Арстанбектин сөздөрүн:
"Эй, Ж. Жанузак! Бир нече жыл мурда "Айланайындар, кечиргиле, менин атам мусулман болгон" деп мечиттин ичине сойлоп кирип, элдин алдында тооба кылганыңды унуттуңбу?"..
"Көптөн бери "Каттама" чыкпай, кычышкан жериң курттап жатат окшойт".. .
Биринчиден, мен ата-энемди алар мусулманбы же башкабы деп тандабайм - мен аларды мени жарык дүйнөгө алпкелген ыйык адамдар катары санайм. Кокус алар ууру, фашист же, мисалы, коммунист болсо да мен үчүн ата-эне бойдон калат. Бирок алардын көз карашын кабылдоо же кабылдабоо - менин конституциялык укугум. Антпесе социализм доорундагы баланча пайыз коммунист-кыргыздардын тукумун биз бүгүн: "Атаңын идеясын саттың!" - деп күнөөлөй бергенде жан калабы? Антсең: "Жок, ага чейин ата-бабабыз мусулман болчу!" - деп чыгышы мүмкүн. А мейли: ошого чейинки кыргыздар ким эле дейсиз анда? Жөнөкөй эле арифметика: "Исламга 1500 жыл болсо, кыргызга 2200 жыл болуптур - кимсиң сен?" - деген суроого эмне дейли? Мен, мисалы, түпкыргызмын.
Ушуну түшүнүшсө болор эле бу жарыктыктар.. .
"Кыргыз Руху" менен бул маселени чечишип алдым. 300 сомго жыгылышты.
Учурдан пайдаланып, силердин гезит аркылуу аталган ажыга сунуш айтып коеюн:
Эмки бешинчи күнгө чейин аталган ажы миң доллар айып тартып, кечирим сураганы жөн болор. Анын чечимин күтө турайын. Антпесе кимибиз "кычышкан", ким апакай экенин айла жок сотто териштирүүгө туура келет.
- "Аалам" менен соттошуп жаткан имишсиз…
- Мен соттошкон жокмун, мен тек гана Мелис Эшимкановдун ишенимдүү кишиси болдум биерде. Ал Турсунбек Акунду сотко берип жатат. Ушул экинчи күнү арызды Свердлов райондук сотуна өткөрдүк.
- Менталитетти, улуттук дөөлөттөрдү кандай түшүнөсүз?
- Айрымдар бирдеме боло калса жогорудагы "менталитет" дегенди түшүнүп-түшүнбөй эле көтөрө чабышат экен, эй. Мынакей, мисалы, эң оркойгон "менталитеттен" бирин-экисин карап көрөлү:
o Той-топурларда бапырата жылкы союу "менталитети" "Коломтого" жакпай калып, "колунда жок кишилер кемсинип калат" деген шылтоо менен бул адатыбызды үстөккө-босток жерип жатышпадыбы. Андай болсо: "Мен "запорожец" менен жүрсөм, тиги "мерседес" минип кемсинтип жатпайбы!" - деп бакыра берсек болот экен да?!
o Эми кош катын алуу "менталитетине" келсек, биерде мыйзам мындай аракетти "кылмыш!" деп баса көрсөтүп жазганына карабай, алиги "менталитетчилер" жедеп камчыларын кырча тиштеп көбүктөнүп жатышат.. .
Канакей эми: булардын кайсынысы "менталитет?!"
Эгерде улуттук менталитет же дөөлөт азыркы мыйзамга шайкеш келбей калса, андай менталитет менен дөөлөт деген немелер ошолорду карманган кишилерге гана буйруганы дурус. Ошондо да алигиси мыйзамга туура келеби же жокпу - муну мамлекеттик органдар кыргыз же башкалыгыңа карабай тескеп турууга тийиш. Антпесе агартуу жаатындагылар деле ошондой айкырыктардын жетегинде калып, "Сергек жашоо салты" деген китепти "Еврей жазган, кыргызга туура келбейт!" дегендердин чырагына май тамызып, натыйжада коомубуздагы айрым күчтөр берилген укугунан аша чаап кетип жаткансыйт.
- Уруксат берилсе, "Каттаманы" улантат белеңиз?
- Так ошол айкырыкчылардын ашкере кеткен аракетине жооп катары болсо да кайра чыгармакмын. Себеби менин "Каттамам" алиги менталитет болумуштардан бийигирээк, тээ жалпы адамзаттык деңгээлдеги маалыматтар менен тааныштырып турган булак болчу.
- Идея уурдаган да уурулукка жатабы? Ууру жооп бериш керек да, туурабы?
- Негизинен туура, бирок кыргыз мисалында руханий уурулукту уурулук деп санабайт. Аз сандуу элдерде дегеле "автордук укук" дегенди башкачараак айтыш керек беле дейм. Же бай өлкөлөр кыргыздын "идея уурулугуна" чыдап койсо деле болот. Мисалы, китептерди, ырларды, ойлорду, сөздөрдү тынымсыз эле уурдай бериш керек. Айталы, чет тилин үйрөткөн окуулуктарды өзүбүз жазабыз деп убара болбой, далай кылымдар бою бу жагынан такшалып калган европалык авторлордун ыкмаларын тынымсыз "уурдаш" керек. Антпесек алардын баарын өзүбүздөн ойлоп табыш, же тийиштүү акчага сатып алыш колубуздан келбейт.
- Сизди тоотпогон кишилерди сиз тоотосузбу?
- Сөзсүз тоотом. Өзүм үчүн болсо да тоотом. Чыңгыз акени кантип тоотпой коесуң?!
- Маегиңизге рахмат, Жаке!

Маектешкен Базарбай ГАПАРОВ

Википедия булагындан алынды