Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Жаныбек ЖАНЫЗАК, 2000-ж.


l Географиялык чек ара бүтүндүгү:
Ар гектардан жүз кыргыз…
    Өткөн макалаларыбыздын биринде "Дело №…" гезити бир корейдин бир гектардан 30 центнер арпасын болжолу кыргыз тукумунан артык койгонун улам кайталап сөз кылдык эле. "Мунун кыргыздын `географиялык чек ара бүтүндүгүнө` кандай тиешеси бар эле?" - деп таңгалчу окурманыбыз сабыр кылып, адегенде айтаар оюбузга конок бере турсун: "Кыргызстанды" такай "Киргизстан" деп кирдеткенден тажабаган бу гезит 04.08.99. санында журтубузду жана бир жолу маскара жанып өтүптүр: кабарчыкыз Лейла Саралаеванын "Арман талаа, кимдин шорусуң?" деген макаласынын ар бир сабынын дубал аркасында "титульная национальность"тогуларды, а демек, сиз менен бизди текебер кожейкеси Красильникова' га жагынып жан-алы калбай сыялап таштаган экен - бу кыздын "таякелерге" жедеп үндөшкөн ичкүптүсү мени да калем кармоого аргасыз кылды.
***
Макалада кабарчыгыз Саралаева иштерман корей-Цойдун 34, 5 гектар арпа талаасын "бекер кепин табылса өлгөндөн" кайра тартпаган кыргыз тукумундагылар басып алганын аңгемелеп, алортодо "Ак-Босого" жаңыжердин "ылай чампаланган там болумуштарына" жана аердеги какшып жаткан чарбактарга жаны кейимиш болот.
Бу кызга, анын кожейкесине жана ушулар сыяктуу кыргыз журтун өз жергесинде шылдыңдоо аракетин жасагандарга карата тарых барагын бираз тырмаламыш болуп, анан колубузга калькулятор алып зсептешип көрөлү, сиз күбө болуңуз, урматтуу окурман.
***
Ириде бүгүнкү кыргызга чындап акыл керек болсо, байыркы Манас бабабыз аркылуу анча-мынча кандаш болуп калган жөөт тукумундагылардан бираз таалим алып койгонубуз дурустур, Лейла- ханум. Ошол журттун билармандары карт тарыхтын азабынан бүтүн дүйнөгө чилдей тарап кеткен жөөт тукумун XX кылымдын башында кээ бир жерден жылуу сөз менен, башка бир жерден күчкө салып отуруп, жөөттөрдүн эсеби боюнча жер каймактагандагы Авраам атасы урук чачып кеткен байыркы Палестина жергесине сүрүп жөнөйт. Айрым маалыматтарга караганда сионизмдин төбөлдөрү өз максатына жетиш үчүн атүгүл атайылап туруп жүүт болумуштар чогуу жашаган аймактарда улут аралык тополоңдорду чыгарышып, жөөттөрдү башка журттарга талап-тоноттурушкан экен. Көрсө, башкалар жөөттөрдү канчалык жериген сайын, бу калк ошончолук айласы кетип, акыры жүрүп отуруп өз кандаштарын издеп табышка мажбурланып, анан акырындап Ыйык Жерге сапар улабаска аргасы калбаптыр да, шумдугуң кургур. Мындай маалыматтарды сиз дурус эле билсеңиз керек, урматтуу ханум.
Бирок кийинчерээк, жанагы Ыйык Жерге бираз көчүк-башы бата түшкөндө, өз алдынча Азреил ( Кыргызстанды такай Киргизстан кылып келгендер Израиль мамлекетин Азреил деп фольклордук атынан атасак капа болбостур) мамлекети болуп түптөлгөндө, бу жөөтбайларың кошуна жашаган арабдардын жерлерин кошо тартып ала баштабадыбы, ага сиз менен биз күбөбүз да, ханум. Анан бүгүнкү күндө Израиль мамлекети иврит тилине кошо араб тилин да мамлекеттик дебегенде, араб жерлерин басып алган бетсиздигин кантип жабышы керек эле?! Канча палестиналыктар жер безип кетти тигилердин айынан!
Жөөттөрдүн ушуерин үйрөнбөш керек. Башка мамлекеттин жерине көз артпаш керек дегеним да. Бирок өз жериңе асыр болгонуң жөн, шум-кыргыз! Береги Лейла-ханумдун көржемесине калбагандай болбойсуңбу жок дегенде…

***
Кана кел эми, колуңа калькулятор ал, эсептешели. Болуптур, корей-Цой бир гектардан 30 сынтыр (50 килограммдык каптан 60 кап) арпа жыйнасын дейли. Ашып кетсе анын 10 пайызын салыкка төлөшү мүмкүн. Эсеби, алты кап берет экен да Кыргызстанга. 30 гектар жеринен 180 кап берет. Ал эми ошол жердин ар гектарына ар бирине 5 сотиктен берип, 20 кыргыздан "эксек", 600 бүлө кыргыз батмак экен. Бир бүлө бир жылда кеминде 5 эле миң сом тапса, анын 10 пайызы болгон 500 сомду салыкка берсе - ар гектардагы 20 кыргыздан 10 миң сом салык десек, өкмөт ошол 30 гектарга "эгилген" кыргыздардан жылына 300 миң сом акчалай киреше жебейт бекен?! Бу демек, корей-Цойдун бир жылда берчү180 кап арпа-салыгына салыштырып болобу, я катыгүн?!
Акчалай кирешеси го бери жагы, адамий, болгондо да кыпкыргыз (!) кирешесин имнеге теңештиргиң бар, урматтуу кыргыз өкмөтү(?!) жана Саралаева-ханум?! Мынакей, орто эсеп менен бир бүлөдө эки жылда бир кыргыз туулса, бир беш жылдыкта 30 гектар берекелүү Сары-Өзөн жергеси Кыргыз Республикасына 1500 таптаза кыргыз берип жатпайбы! Бул, эсеби, жанагы жөөт туугандардай болуп бирөөнүн жерин көтөнзордукка салбай эле, эзелтен ата-бабабыз жердеген, кийин гана ар кошкон эл жортуп келип талашка түшүп калган киндик кан тамган жерибизден алчу кыргыз-"түшүмүбүз", урматтуу мыйзам-акелер. Мейли саясий, мейли экономикалык жагынан алып кара - Чыкем айтмакчы, кыргыз жерин кыргыз тукуму гана аздектей алат. Андыктан кыргыз баласын корей-Цойдун 180 кап арпасына айырбаштаганда табарың не, кыргызбай? Ырас Сараланын бир кызы "Ак-Босогодон" бир жепирейген тамды мисал келтирсин (баса, ошол эле сүрөттө жанагы тамдын артында кош кабат үй заңкаят, аны неге айтпады десең), бирок биз жогорудагы акчалай жана адамий эсепке кошуп, өмүр мыйзамын да унут калтырбаганыбыз жөн, философияда "сандын сапаттык өзгөрүшү" деген бир мыйзамы бар: алды менен с аны көбөйсө, акыры жүрүп сапаты да өр чабат деген эле кеп. Ошол эле жепирейген кепелерден келечекте алмончоктой Таттыбүбү, опол тоодой Чыңгыз чыкпайт деп ким кепил өтөт?! Баса, Чыкем согуш мезгилинде мындай тамдан үмүтү бар беле десең...
Бул бир. Экинчиси, ошол 600 түтүн кыргыздын ичинен кийинчерээк кокус Данияр Щсөновдой бир шум-кыргыз чыга келсе, анын акчасы келечекте корей-Цойду азыркы түшүм-пүшүмү, комбайн-сомбайны менен кошо пулдап алалбайт деп айтыш да кыйын.
Демек, Лейла-ханум, корей-Цойдун арпасына теңелем деген кыргыз аракети самозахват эмес, бу демек кыргыз мыйзамчыларынын кетирген катачылыгы, айрымдардын өз кандашын талаага таштап, күнүмдүк капчыгын артык койгон акмакчылыгы. Сизге болсо ыракмат. Кыргызга жанагы сионисттердей эле кызмат кыла бериңиз. Жок дегенде мына мени ардантканга жарадыңыз. Эми менден жогорураак турган кыргыз, алиги папкечен байкебиз арданса дейм. Мага десе жерсизмин деген эле кыргызга шаар тегерегинен, же тиричилигин тыңдап кетүүгө өбөлгө түзө турган башка бир ыңгайлуу жерлерден ырасын айтканда кылым башындагы еврей боордошторубуз сыяктуу зордоп жатып, "албайм!" деген оюна койбостон жер бөлүп берүү кыймылы бери дегенде мамлекеттик саясатка айланып кетсе гана?!
"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дейт элибиз. Орус келгенине жүз жыл айланып кете жаздады, кудай сакта. Тагдыр экен, Теңирдин көзү түз экен - эми биротоло каптап кетээрде биздин бактыбызга кайра куруу чыгып калды, жанагылар кайра кайтты, ошо кайтканы дурус болду. Эми алардын келишин бираз кыйындатыш үчүн бекемирээк мыйзам керек. Капчыктуулары келе берсин дечи, алакандай жерибизди чойгулап, пенсия талашкандарынан кудай сакта.
Эми, менимче, жанагы корей-Цойдун ар гектарынан алынат деген 600 кап арпасынан көрө, ошол эле жердин ар гектарынан жок эле дегенде 60 кыргыз "өнүп" чыкса болочок Кыргызстан үчүн түбөлүк эсе жогору болоорун журт башылар түшүнсө болмок, капырай…

***
Жогорудагы биз айткан мисал географиялык чек ара бүтүндүгү деген темабызга ички себеп болсун. Мында го корей-Цойго бөлүнгөн жер кыргыз аймагында кала берет. Ал эми урматтуу Усубалиев "журт атасы" кезинде карачечекей журтунун Хан-Абад мисал жедеп түйүндүү жерин биротоло башка бир мамлекеттин карамагына өткөрүп жибергенин ("Асаба", 29.08.00) адам итчилигинин, же өз журтуна жасаган карөзгөйлүктүн кандай чен-өлчөмү менен түшүндүрөбүз?!
Дегинкиси, кошуна Өзбекстан менен болгон өз ара байланышта кыргыздын географиялык чек ара бүтүндүгүнө эбегейсиз доо кетирүүчү башка да бир нече жагдайлар эске түшөт:
1. У шул убакка чейин бу мамлекет кыргыз аймагындагы кен-байлыктарды, болгондо да биз өзүбүзгө жетпейт деп кан какшап келаткан мунай-газ байлыктарын эч кандай компенсациясыз пайдаланып келаткандыгы таң калдырат! Мынакей, эгемендик алганыбызга, СССРдин ураганына тогуз жыл өттү, бирок алигүнчө Кыргызстан өз аймагындагы кен-байлыктарга өз суверенитетин орното албай келет - мындай шалаакылыктан же арсыздыктан кимге пайда?
2. Кечээги "Вечерка" жазгандай (04.09.00), Кыргызстан үчүн негизги стратегиялык жол болгон Ош-Иркештам трассасынын курулушун кошуна Өзбекстан мойнуна алганы кызык: буга чейинки басмасөздө жарыяланган маалыматарга ишенсек, кошуна мамлекет бизге ошол жолдун курулушуна деп 30 млн. доллар кредит ачып, жолду өз жумушчуларына курдуруп (демек, берген акчасын кайра өздөрү алып кетип), жол курулуп бүткөндөн кийин кошуна мамлекеттин транспорту ошо жолдун кызматынан бекер пайдаланат имиш! Яа Теңири, мындай барып турган карасанатай келишимге кайсы кыргыз кол коюп бериптир, эй?! Ошол жолду айласыз пайдалана турган бирден-бир кошунабызга кыргыз жеринин бир бөлүгүн уучтатып салган ким өзү деги?! Ансыз да алып-сатканды жедеп өздөштүргөн бу кошуна кийин бу жолдон өтчү мейли Казакстандын, мейли башканын көлүгүн "меники!" деп бизге пул төлөбөй, алчусун ала берээрин кана кимибиз таналабыз? Бу жолду курчу башка мамлекет табылбадыбы же?!
3. Бул аз келсе, эми Ош-Торугарт-Кашгар темир жолу да ушул эле кошуналардын колуна берилчүдөй түрү бар. Эсеби, Суэц каналы менен Панама каналдарындай даражасы бар темир жол түйүнүн башка мамлекетке барымталап жибергенде кимдин чөнтөгүнө канча пул түшөт да, кыргыздын географиялык чек ара бүтүндүгүнө канчалык доо кетет, урматтуу окурман?
***
Кечээ жакында эки-үч басмасөз маалыматынан окуп калдым: Чүй дарыясы канчалык берилеп, Кыргызстанды улам жиреп келген сайын, Казакстандын ушул дарыя аркылуу кеткен чек арасы да ошончолук берилеп жыла берет экен! Келишим болбосоң койо кал: мындайда жаратылыш кубулуштарына терең маани берген адамды ортого салса болбойт беле? Кудайга шүгүр, азыркы заманда чек араны атамзамандагы суучек, тоочек менен өлчөбөй, географиялык узундуктар менен кеңдиктерди пайдаланып тактоого толук мүмкүнчүлүк бар эмеспи. Ошенткенде Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөөгө казак туыскандар да кызыкдар болбойт беле да, Сары-Өзөн дыйкандары алтынга тете жерлерин албуут сууга, а демек, казак туыстарга жедирмек эмес….
Так эле ушундай абал Өзбекстандын Кыргызстанга чектеш жерлериндеги суусактагычтарына да байланыштуу: биерде суу канчалык толгон сайын, чек ара да ошол суунун жээги менен кошо жыла берет имиш дегенди окуганымда айласыз алакан жайдым: мындай абалды эки мамлекет ортосундагы кошумча кандайдыр бир келишимдер менен тескесе болбойбу? Же болбосо бу жобого жараша тийиштүү аракеттерди жасаш керек. Айталы, Шахимардан суусунун төмөнкү Кыргызстан чегине плотина кура баштасак, аерден тепкен суунун жээги Кыргызстандыкы болуп жүрүп отурса…
"Кокуй, чуу чыгып кетпесин!" деп кол куушура бергенде кошунанын алкымы канчалыкка бараарын бир кудай өзү билет…

***
Эми ислам экстремисттеринен келсек, "Вечерканын" аталган санында колго түшкөн басмачы: "Исфара кыштагынан военкомат аркылуу аскерге чакырылгам. Талаа лагерлеринде машыктырышты, андан соң өзбектер менен согушасың, акыңы жакшылап төлөп беришет дешти. Тоо ашып келсек… Кыргызстанга түшүп калыптырбыз" деп интервью бериптир. "Бизде басмачылар жок!" деп жанын сабаган Тажик өкмөтү минтип расмий аскерине чакырган өз балдарын Кыргызстанга каршы жөнөтүп жатса, мындай саясатты кантип түшүндүрсөк болот?! Тээ 1992-жылдары өздөрүнүн Шаартуз районунда кыргыз жигиттерин бирден терип аттырган окуяларын эстесек, анда бу "кошунабыз" так ошондой ыкма менен Кыргыз картасынын бир "санын" өөнөп алайын деп жаткан жокпу, чагымда? Жумурай журтка кашкайып көрүнүп турган, туткундар минтип сайрап турган абалды качанга чейин эле биздикилер "булар Өзбекстанга өтөлү деп аракеттенип жатышат" деген маанайда түшүндүрө беришет?
Менимче, Баткендеги азыркы жагдайды "тикелей экспансия" деп, же бул сөз жакпаса "тажикстандык интервенция" деп алагушту атынан атоого мезгил жетти. Эгерде исламисттердин бу согушуна каршы Кыргыз өкмөтүнүн алы жетпесе, эгерде кыргыз дипломатиясы бу жагдайды жакшылыктуу жөнгө салалбаса, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши уят-сыйыт дегенди жыйыштырып: "Кыргыз элин Кызыл китепке киргизүү жана ушул элди жалпы дүйнөлүк чекте кырылып калуу коркунучунан коргоп берүү" сунушу менен Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылууга тийиш. Бу демек, Кыргызстандын географиялык чек ара бүтүндүгүн сактап калыш үчүн, бизге каршы турган күчтөр акыры жүрүп чындап биригип кетелекте колдон келген баардык аракеттерди көрүшүбүз зарыл. Керек болсо Бириккен Улуттар Уюмунун карамагындагы Кыргыз коругун (резервациясын) түзүүгө да барышыбыз абзел. Антпесек, ажобуз айтмакчы, биздин ушул таптагы шалаакылыгыбызды кыргыз журтун алмустактан бери сактап келаткан Манас атабыздын арбагы кечирбейт!
Жаныбек ЖАНЫЗАК,
жерий атуул,
Бишкек, 30.08.00